Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 032 (Healing of the court official's son)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
В - Машаяктын Иерусалимге биринчи келиши (Жакан 2:13 - 4:54) -- Тема: Чыныгы табынуу деген эмне?

5. Сарай кызматчысынын уулунун айыгышы (Жакан 4:43-54)


Жакан 4:43-46
Эки күндөн кийин Ыйса ал жерден Галилеяга жөнөп кетти. Анткени Ыйса Өзү: “Пайгамбар Өз жеринде урматталбайт”, - деп күбөлөндүргөн эле. Галилеяга келгенде, ал жердин тургундары Аны кабыл алышты. Анткени алар да Иерусалимде болгон майрамга барып, Анын майрамда кылган иштеринин баарын көрүшкөн болчу.

Ыйса Самарияда шакирттери менен Жакшы Кабарды жар салып жүргөн. Алар түбөлүк өмүрдүн күчү менен жана кубаныч менен жар салып жүрүштү. Улуттарды утуп алууга али мезги келе элек болчу; Ал биринчи Өзүнүн мекениндеги шайтандын рухун жеңиши керек болчу. Назареттиктердин шылдыңына жана башка коркунучтарга карабастан, Ыйса түз эле Гагилеяга барды. Ыйса карапайым үй-бүлөдөн болгондуктан, достору жана туугандары Анын кудайлык касиетине али ишенише элек болчу. Алардын ишенбестигинен Ыйса аларга керемет көрсөткөн эмес.

Ыйса айыктыруучу катары даңкы алыска кетти. Иерусалимдеги жана Галилеядагы көрсөтүлгөн кереметтер жөнүндөгү жаңылыктар дале болсо айтылып жатты. Пасах майрамынын учурунда көптөгөн галилеялыктар Иерусалимге барышкан. Алар Ыйсанын кылгандарын, айткандарын, өзгөчө бийлик менен окуткандыгын көрүшкөн эле. Ыйса Галилея аймагынын айылдарына барганда, элдер Ыйсаны пайда көрүү үчүн Анын көңүлүн көтөрүп, керемет көрүүнү каалашты. Ыйса Каанадагы үйлөнүү той болуп өткөн үйгө кайтып келди. Ал Каанадагы биричи кереметин көргөндөргө кызматын аягына чыгаруу үчүн кайтып келген болчу.

Жакан 4:46б-54
Капернаумда падышанын сарай кызматчысынын уулу ооруп жаткан. Ал Ыйсанын Жүйүт аймагынан Галилеяга келгенин угуп, Ага келди да: “Келип, өлүм алдында жаткан баламды айыктыра көр”, - деп өтүндү. Ыйса ага: “Силер Мага керемет-жышаандарды көрмөйүнчө ишенбейсиңер!”, - деди. Сарай кызматчысы Ага: “Теңир! Балам өлүп кала электе келе көр!” – деди. Ошондо Ыйса ага: “Кете бер, балаң айыкты”, - деди. Ал Ыйсанын айткан сөзүнө ишенип, үйүнө жөнөдү. Аны кулдары тосуп чыгышып: “Балаң айыгып калды”, - дешти. Ал кулдарынан баласынын кайсы убакта жакшы болуп калганын сурады. “Кечээ, жетинчи саат чамасында ысытмасынан айыкты”, - деп жооп беришти алар. Ошондо ал Ыйсанын: “Балаң айыкты”, - деп дал ошол убакта айтканын эстеди. Ал бүт үй-бүлөсү менен Ыйсага ишенип калды. Бул Ыйсанын Жүйүт аймагынан Галилеяга келгенден кийин жасаган экинчи керемети эле.

Падышанын сарайында иштеген маанилүү кызматчы Ыйса тууралуу жана Анын күчү тууралуу угуп, Ага келет. Айылдыктар бул кишинин келгенин угушуп: “Ал Айыктыруучуну падыша менен тааныштырайын деп келсе керек”, - дешти.

Көлдүн боюнда жайгашкан Капернаум шаарында бул кишинин баласы ооруп жаткан. Атасы илгери үмүт менен бир канча айыктыруучуларды чакырат, бирок алардын эч кимиси баланы айыктыра алган жок. Эң акыркы үмүт Ыйсада болду; Ал айыктыра алабы, же айыктыра албайбы? Бул ата Ыйсаны Каананы таштап, аны менен бирге Капернаумга барып берсе, Анын ал жакта болуусу менен уулу айыгар деп үмүттөндү.

Ыйса бул чоң кызматтагы адамдын келишине эч кандай оңтойсузданган жок. Бул кызматкер адамдын ишениминин жетишпегендиги үчүн Ыйса капаланды. Адам Ыйсанын кайталангыс Инсандыгына ишенмейинче, Ыйса ага жардам бере албайт. Көп адамдар шектенип жатса дагы материалдык муктаждыктар үчүн сыйынышат, ишенишет. Бирок Теңирге чыныгы ишенген адам Анын сөзүнө шартсыз түрдө таяна алат жана жардам келе электе эле аларына ишенет.

Сарай кызматчысы Ыйсанын нааразы болгондугуна карабай, “Мырзам” же ”Теңир” деп кайрылуу менен (грек тилинде бул өзүн Машаяктын кызматчысы катары эсептөө) Ага баш ийди. Анын уулуна болгон сүйүүсү жана Ыйсага болгон урматтоосу кайрадан Ыйсаны Капернаумга барып, уулунун өмүрүн сактап калуусун суранууга алып барды.

Ошондон кийин Ыйса бул сарай кызматчысынын Ыйсанын Теңир экенине ишенүүгө болгон каалоосун көрүп: “Кете бер, балаң айыкты”, - деди. Ыйса сарай кызматчысы менен Капернаумга бармак, бирок бул адамдын сүйүүсүн сыноо үчүн жана ишенимин бекемдөө үчүн ал жакка барбады. Алар менен оорулуу баланын ортосундагы алыстыкка карабай, Ыйсанын айыктыра турган күчүнө бул адам ишендиби?

Сүйлөшүп жаткан маалда, кызматчы Ыйсанын мүнөзүн жана сүйүүсүн түшүндү. Ал Ыйсанын алдабастыгына жана шылдыңдабастыгына көзү жетти. Уулун Ыйса Өз көзү менен көрбөсө дагы, уулунун айыгарына ал эми ишенди. Ыйсанын айтканын угуп, ал кайра Капернаумга кайтты. Анын тил алчаактык менен Капернаумга кайтуусу Ыйсага болгон урматтоосун жана айыгууга болгон ишенимин көрсөттү. Эгерде Ыйса менин өлүм алдында жаткан баламды айыктырса, анда Ал баарынан улуу турбайбы. Айыктыруу Анын күчүн жана кудайлык касиетин аныктап жатат. Кайтып бараткандагы жол анын ишениминин өсүшүнө жардам берди.

Ыйса сарай кызматчысынын кулдарында да иштеп, кожоюнун тосуп чыгышып, уулунун айыгышы тууралуу кабарлоого шаштырды. Муну уккан атанын тынчсыздануусу тарап, Теңирди даңктады. Уулунун ысыгандыгы кайсы маалда тараганын сураганда, кулдары бул түш ченде болгондугун айтышты. Дал ошол маалда Ыйса айыгуу буйругун жана убадасын айткан маал болчу.

Чексиз ыраазы болуу менен сарай кызматчысы үйүндөгүлөргө Машаяктын күчү жана сүйүүсү тууралуу күбөлөндүрүп жатты.

Бул кереметтү окуя Жакан жазган кереметтердин экинчиси болчу. Ошентип Машаяктын таасири падышанын сарайына да тийди. Элдер келечекте боло турган окуяларды кызыгуу менен күтүп жатышты. Машаякка болгон ишеним бул Кудайга жага турган табынуу экендигин Кудай кереметтер жана улуу иштер аркылуу далилдеди.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, келе жатканың үчүн рахмат. Сенин денең Капернаумдан алыс жерде турса дагы, өлүм алдында жаткан баланы айыктырдың. Баланын атасынын Өзүңө болгон ишенимин бекемдедиң. Сенин күчүңө жана сүйүүңө ишенгенге бизди үйрөт. Күнөөнүн жана мыйзамды бузуунун айынан рухий өлүк адамдардын куткарылуусу үчүн сыйынабыз жана биздин сыйынууларыбызга жооп берериңе ишенебиз.

СУРООЛОР:

  1. Сарай кызматчысынын ишениминин өсүшү кандай баскычтарды басып өттү?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:57 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)