Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 031 (Jesus leads his disciples to see the ready harvest; Evangelism in Samaria)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
В - Машаяктын Иерусалимге биринчи келиши (Жакан 2:13 - 4:54) -- Тема: Чыныгы табынуу деген эмне?
4. Ыйса Самарияда (Жакан 4:1–42)

б) Ыйса шакирттерине бышып калган эгин талаасын көрсөтөт (Жакан 4:27-38)


Жакан 4:31-38
Ошол арада шакирттери Ыйсадан: “Устат, тамактанып ал”, - деп өтүнүштү. Бирок Ыйса аларга: “Менде силер билбеген тамак бар”, - деди. Шакирттери бири-бирине: “Ага бирөө тамак алып келип бергенби?” – дешти. Ыйса аларга мындай деди: “Менин тамагым – Мени жиберген Кудайдын каалоосун аткаруу жана Анын ишин бүтүрүү. Силер: “Төрт айдан кийин орок маалы башталат”, - дейсиңер. Бирок Мен силерге айтып коөюн: талаага көз чаптырып, эгинди карагылачы, ал орууга даяр болуп бышып калды. Орокчу азыртадан эле эмгек акысын алып, түбөлүк өмүр үчүн түшүм жыйнап жатат. Ошентип, себүүчү да, орокчу да кубанат. Анткени ушул учурга “Бирөө себет бирөө орот” деген сөз туура келет. Мен силерди өзүңөр эмгектенбегенди орушуңар үчүн жибергем. Башкалар эмгектенди, силер болсо түшүмүн жыйнап жатасыңар”. Ыйса күнөөкөр аялдын жанын куткарып, түбөлүк өмүргө ээ кылгандан кийин, Ал шакирттерине бурулуп, мына ушундай кызмат кылууларын айтты. Шакирттери дүйнөдөгү материалдык нерселерди ойлошту. Күнөөкөр аялдын жүрөгүндө кылган Кудайдын иштерине шакирттер кубанышкан жок. Албетте, тамак жана суусундук дене үчүн керек, бирок тамактан жана суудан да артык маанилүү нерсе бар, ал суудан да артык суусунду кандырат. Шакирттери мына ушуну түшүнүүлөрү керек болчу. Алардын Ыйсаны ээрчигендиги гана болбосо, алар бул аялдан да кыйын эмес болчу.

Ыйса шакирттерине асмандын, башкача айтканда рухий тамакты түшүндүрүп берди. Бул тамак физикалык сууга караганда, жанды толук канагаттандырат. Ыйса бата берүү менен жана Атасынын эркин аткаруу менен өзгөчө канагаттанган эле.

Ыйса Кудайдын Элчиси болгон. Ал эркин Уул болчу, бирок ошентсе дагы, Ал Атасына баш ийген, Анын эркин кубаныч менен аткарат. Себеби Кудай – Сүйүү. Ким сүйүүдө жашаса, ал Кудайдын ичинде жашайт. Машаяктын баш ийүүсүн карап, Аны Атасынан төмөн деп түшүнүүгө болбойт. Баш ийүү аркылуу Ал Атасына болгон сүйүүсүнүн тереңдигин көрсөткүсү келет. Дүйнөнү куткаруу ишин Ыйса Өзү көтөрсө дагы, Ал куткаруу бул Кудайдын иши деп айткан. Атасы Уулуна мурда эле бардыгын бергендиктен, Уулу Атасын даңктады. Асмандагы жана жердеги бардык бийликти Уулуна берүү менен Уулун даңктады жана Аны Өзүнүн оң жагына отургузду.

Кудуктун жанында Кудайдын максаты бул жек көрүндү болгон аялды куткаруу болчу. Куткаруучуга жалгыз гана жүйүт эли чакырылган эмес, бирок бүт адамзат чакырылган. Баары тең күнөө кылгандыктан, Кудайга муктаж. Ыйса бул аялдан анын ички дүйнөсү кечиримге суусап, Кудайга өтө муктаж экендигин көрдү. Жүйүттөргө караганда бул аял Кудайдын кечиримин кабыл алганга даяр болчу. Ошондо Ыйсанын көз алдына Ыйык Рухтун жетегиндеги адамзат орууга даяр, бышып жетилген эгин талаасы сыяктуу тартылды.

Ошондо дагы шакирттери оруп-жыюга даяр болгон дүйнөнү түшүндүргөн талааны көрө алышпады. Ыйса Самарияга кыш мезгилинде келген жана түшүм жыюу үчүн дагы бир нече ай күтүш керек эле. Ыйса мынтип айтып жаткандай көрүнөт: “Силер көзгө көрүнүп турган нерсени карайсыңар. Адамдын рухунун өзөгүндөгү чындыкты карагылачы; анда маанилүү суроолор, ашып-ташыган өмүрдү көксөө, Кудайды издөө. Түшүм жыйноо маалы бүгүн”. Көптөрү Кудайдын Уулун Куткаруучу катары кабыл алуу тууралуу оңтойсуз сезишет, ошондуктан куткарылуу жөнүндөгү Жакшы Кабар акылмандуулук жана сүйүү менен айтылса.

Өзүңдүн тегерегиңдеги адамдар сен үчүн өжөр, мыйзамчыл жана сокур сезилсе керек. Шакирттер дагы ушул сыяктуу сезишкен; алар үстүртөн ойлонушту. Бирок Ыйса жүрөктү айырмалай билет. Башында Ыйсага чоочун адам катары мамиле кылгандыгы үчүн Ал күнөөкөр аялды жектеген жок. Аял рухий мааниде сүйлөшө албаса дагы, Ыйса буга ачууланбай, аялга жөнөкөй жана түшүнүктүү кылып айтып берди. Ыйса аялга Рухтун жетектөөсү менен жардам берди жана аялга табынуу, Машаяктын улуулугу жөнүндөгү билгендерин эсине түшүрүп, акыры аялды жакшы кабарчы болгонго чейин жетектеди. Кандай чоң өзгөрүү! Кудайчыл Никедимге караганда, бул аял Рухтун таасирине жакыныраак болчу. Теңирге кызмат кылган ар бир адам өзү жашаган жердеги Кудайдын адилетине суусаган адамдарды көрүү үчүн, ага Ыйсанын сүйүүгө толгон көрөгөчтүгү керек болот. Алардын кайдыгерлиги үчүн кам санаба. Кудай аларды сүйөт; Ыйса аларды да чакырат. Аларды акылдары акырындык менен ырайымдын күчү менен жарыктана баштайт. Кудайды көптөрү издеп жаткан дүйнөдө качанкыга чейин сен унчукпай жүрө бересиң?

Качан адам Ыйсага кайтып келгенде, ал түбөлүк өмүргө ээ болот; көптөгөн жүрөктөр кубанычка толот. Бир эле күнөөкөр тобо кылса, бул үчүн асмандагы периштелер да кубанышат. Кудай бүт адамзат куткарылып, чындыкты билүүсүн каалайт. Өзүн кудайдын эркине арнап, Анын эркин башкаларга момундук менен жакшы кабар таратуу аркылуу ишке ашырган адам өз жанын канагаттандырып, кубанычка толот. Ыйса Өзү тууралуу: “Менин тамагым – Мени жиберген Кудайдын калоосун аткаруу жана Анын ишин бүтүрүү”, – деди.

Ыйса шакирттерине: “Мен силерди оруш үчүн жиберем”, - деп айтып, сөзүн аяктады. Чөмүлдүрүүчү Жакан тобо кылууга чакыруу менен кургак жерди жумшартты, ал эми Ыйса Өзү даярдалган жерге Кудайдын сепкен үрөнү. Бүгүн биз Ыйсанын айкаш жыгачтагы өлүмүнүн жемишин оруп жатабыз. Иш Ыйсаныкы. Машаяктын күчү Рухтун жемишинде бышып жетилет. Эгерде Ыйса бизди ыйык кызматына Өзү чакырбаса, мейли ал жер айдоо болобу, же себүү иши болобу, же орууда болобу, өз алдыбызча кылган кызматыбыз жемишсиз болот. Өзүмдү Кудайдын биринчи кызматчысы эмес экенимди эстен чыгарбашым абзел. Себеби бизге чейин көптөгөн адамдар көз жашын төгүп, үзүрлүү эмгектенишкен; алардын эмгектери асманда жазылган. Кудайдын башка кызматчыларынан сен өзгөчө куралданган эмессиң, же алардан өзгөчө эмессиң. Жашооңдун ар бир көз ирмемин Кудайдын кечиримдүү ырайымы менен жашап жатасың. Рухка баш ийүү менен кызмат кылууну үйрөн. Түшүм жыйноо маалында Кудайды даңктап, ыраазычылык айтып, жана: “Сенин Падышалыгың келсин, урмат-сый, күч жана даңк Сага тийиштүү. Оомийин!”, - деп айтып жаткан башка орокчулар үчүн асмандагы Атаңды даңкта.


в) Самарияда Жакшы Кабардын таралышы (Жакан 4:39-42)


Жакан 4:39-42
Ошол шаардагы самариялыктардын көпчүлүгү: “Ал мага кылганымдын баарын айтып берди”, - деп күбөлөндүргөн аялдын сөзү аркылуу Ыйсага ишенип калышты. Ошондуктан алар Ага келип, Андан өздөрү менен калуусун өтүнүштү. Ыйса ал жерде эки күн болду. Анын сөзүн угуп, Ага дагы көп киши ишенип калды. Алар аялга: “Биз эми Ага сенин сөзүң боюнча эле ишенип калган жокпуз. Анткени Анын сөзүн өзүбүз да угуп, Анын чын эле дүйнөнүн Куткаруучусу, Машаяк экендигин билдик”, - дешти.

Аялдын айтканынан улам көптөгөн шаардыктар Ыйсаны көздөй шашып жөнөштү. Ыйса алардан орууга муктаж болго ак талааны көрдү. Аларга ишеним жана түбөлүк өмүр жөнүндө айтып, Ыйса ал жакта эки күн болду. Анын шакирттери үйлөрдү кыдырып, жакшы кабар таратып жүрүштү. Машаяктын инсандыгы жана сөздөрү элге терең таасир калтырды. Ал жактагы элдер Кудайдын Машаяк аркылуу күнөөкөрлөрдү куткаруу үчүн биздин кайгылуу дүйнөгө келгенин түшүнүштү. Бул самариялыктар Ыйсага “Дүйнөнүн Куткаруучусу” деп биринчилерден болуп наам берүү менен, Ыйса Өзүнүн элин гана эмес, бирок бүт адамзаттын күнөөсүн көтөргөндүгүн түшүндүрүшкөн. Ыйсанын сүйүүсүнүн күчүндө чек жок. Ал гана эмес, бүгүнкү күндө дагы Анын сүйүүсү Шайтандын күнөөлүү чынжырынан бошотуп, бошонгондорду коргоого алат. Ыйса – дүйнөнүн чыныгы Соттоочусу. Римдеги Цезарда “Дүйнөнүн Куткаруучусу жана Коргоочусу” деген наамы бар болгон. Самариялыктар болсо Ыйсаны Цезардан улуу экенин түшүнүштү; Ал элине түбөлүк тынчтык берет.

Сыйынуу: Ыйса Теңир, Сага рахмат. Сен бул күнөөкөр аялдын жашоосун кайрадан куруп чыктың жана табынууга караганда, Рухка баш ийүү артык экенин көрсөттүң. Сенин эркиңди кубаныч менен тез аткарышыбыз үчүн жана Сенин куткарууңду ишеним менен түбөлүк өмүргө ээ болушу үчүн издеп жүргөндөргө айтууга бизди эртеңкиге калтыруу адаттарыбыздан сакта.

СУРООЛОР:

  1. Канткенде биз Ыйсанын ишенимдүү орокчулары боло алабыз?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:57 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)