Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 055 (Jesus the light of the world)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
1. Алачык майрамындагы Ыйсаны сөздөрү (Жакан 7:1 – 8:59)

г) Ыйса – дүйнөнүн жарыгы (Жакан 8:12-29)


Жакан 8:12
Ыйса аларга дагы мындай деп сүйлөдү: “Мен дүйнөнүн жарыгымын. Мени ээрчиген адам караңгыда жүрбөй, өмүр жарыгына ээ болот”

Ыйса - ыйык жарык. Ага жакын келген ар бир адамдын абийири ачылып, соттолот, жарыкка чыгат, айыгат жана Машаяктагы жарык болуп калат. Бир дагы башка жарык биздин жамандыкка толгон жүрөктөрүбүздү айыктыра албайт, тазарта албайт, муну бир гана Ыйса кыла алат. Бардык философияларды жана диндерди карап чыксак, алар алсыз, себеби алардын чын эмес куткарылууну жана чын эмес бейишти убада кылышат. Чындыгында алар адамдарды терең сокурдукка алып барышып, ошол жакка байлап коюшат. Ал эми Ыйсанын жарыгы болсо жанды кайрадан жандандыруучу күндүн жарыгындай болгон жарык. Жандын мындай айыгышы үчүн бир шарт бар. Бул шарт – Ыйсага ишеним аркылуу жетүү жана өзүңдөн баш тартуу менен Аны ээрчүү. Качан биз Ыйсаны туруктуулук менен ээрчигенде гана, биздеги караңгылык жарыкка өзгөрөт. Анын жарыгында биздин бара турган жерибиз болгон жарык жашоодогу Ата менен Уулдун даңкына карай жол табабыз.

Жакан 8:13-16
Ошондо фарисейлер Ага: “Сен Өзүң жөнүндө Өзүң күбөлөндүрүп жатасың. Сенин күбөлөндүрүүң чындык эмес”, - дешти. Ыйса аларга мындай деп жооп берди: “Өзүм жөнүндө Өзүм күбөлөндүрүп жатсам да, Менин күбөлөндүрүүм чындык. Анткени Мен Өзүмдүн кайдан келгенимди жана кайда барарымды билем. Силер болсо Менин кайдан келгенимди, кайда барарымды билбейсиңер. Силер сырткы көрүнүшү боюнча соттойсуңар. Мен болсо эч кимди соттобойм. Мен соттосом да, Менин сотум туура. Анткени Мен жалгыз эмесмин, Мени жиберген Атам менен биргемин”.

Жүйүттөр Ыйсанын “Мен” деген сөзү үчүн чатак чыгарышты. Себеби алар Өзүн дүйнөнүн жарыгы деп айтып, текебердик менен мактанып жатат деп ойлошту. Алар Ыйсанын күбөлөндүрүүсүн чоң ката жана жалган деп, Ал адамдардын баштарын айландырып жатат деп эсептешти.

Ыйса аларга мындай деп жооп берди: “Менин Өзүм жөнүндөгү күбөлөндүрүүм чындык. Анткени Мен Өзүм жөнүндө Өзүм күбөлөндүрбөйм, Мен жөнүндө дайыма Мени менен бирге болгон Кудайдын чындыгы күбөлөндүрөт. Менин Атамдан келгенимди жана кайрадан Ага кайтып барарымды силер түшүнбөйсүңөр. Мен Өзүмдөн сүйлөбөйм, Менин сөздөрүм Кудайдын чындыгынан келет. Менин сөздөрүм - чындык жана батанын күчүнө толгон”.

Силер үстүртөн сүйлөйсүңөр, анткени адам сырткы нерсени гана көрө алат. Силер өзүңөрдү соттоочубуз деп ишенесиңер жана адилет соттогонго күчүбүз жетет деп ойлойсуңар. Бирок силер жаңылышасыңар. Силер нерселердин булагын, натыйжаларын билбейсиңер. Муну силердин Мени билбегениңер эле далилдеп жатат. Силер Мендеги адамдыкты оңой эле соттоп коөсуңар, бирок Мен Кудай менен дайыма болом. Эгерде силер муну түшүнсөңөр, анда бул дүйнөнүн маанисин да түшүнмөксүңөр.

Машаяк – дүйнөнүн Соттоочусу. Ошол эле убакта Ал чындыкты чагылдырат. Ал бизди айыпташ үчүн жана талкалаш үчүн келген эмес. Ал куткаруу үчүн келген. Ал шүмшүктү да, кылмышкерди да, жек көрүндүнү да четке какпайт, тескерисинче, аларды куткарып, сүйүүсүнө бөлөйт. Эч кимди жектебе, тескерисинче, андагы Ыйса өзгөрткүсү келген образды көрө бил.

Жакан 8:17-18
Силердин мыйзамдарыңарда да: “Эки адамдын күбөлөндүрүүсү чындык”, - деп жазылып турат. Өзүм жөнүндө Өзүм күбөлөндүрөм, Мен жөнүндө Мени жиберген Атам да күбөлөндүрөт.

Биздин алсыздыктарыбызды билип туруп, Ыйса мыйзамдын деңгээлине чейин түштү. Ал муну силердин мыйзамыңар, силердин системаңар күнөөкөр деп сүрөттөгөн. Мыйзам боюнча чындыкты далилдегиси келген адамдын бардыгын так айтып бере ала турган эки күбөсү болуш керек болчу. Сот ушунун негизинде жүргүзүлчү (Мыйзамды кайталоо 17:6; 19:15). Ыйса бул талапка каршы чыккан жок. Ыйса Өзүн биринчи күбө катары, ал эми жеткилеңдүү мамилелешүүнү далилдеген Атасын болсо чындыкты далилдөөчү экинчи күбө катары эсептеген. Ушундай жеткилеңдүү мамилелешүү болбогондо, Уулу эч нерсе кыла алмак эмес. Бул ыйык Үч Бирдиктин сыры. Ыйса Атасын күбөлөндүргөндөй эле, Атасы да Ыйсаны күбөлөндүрөт.

Жакан 8:19-20
Ошондо алар Андан: “Сенин Атаң кайда?” – деп сурашты. Ыйса: “Силер Мени да, Атамды да билбейсиңер. Эгерде Мени билсеңер, анда Атамды да билмексиңер”, - деп жооп берди. Ыйса бул сөздөрдү ийбадатканада окутуп жатканда, курмандыктар салына турган кутунун жанында туруп сүйлөдү. Бирок Аны эч ким кармап кеткен жок, анткени Анын убагы келе элек болчу.

Жүйүттөр Ыйсаны түшүнүшкөн жок, түшүнүүнү да каалашкан жок. Тескерисинче алар: “Атам деп сен кимди айтып жатасың?” – деп суроо аркылуу Аны сөзүнөн жаңылтууну каалап турушту. Жусуп бир нече убакыт мурда каза болгон болчу. Жүйүттөр болсо “Менин Атам” деп айтуу менен Ыйсанын оюнда эмнени айтып жаткандыгын билишкен эле. Ошентсе дагы алар Ыйсанын Кудайды ачыктан ачык “Ата” деп атоосун күтүштү.

Ыйса болсо аларга түздөн-түз жооп берген жок, себеби Кудайды таануу жана Ыйсаны таануу экөө эки башка нерсе эмес. Уулу Атасынын ичинде жана Атасы Уулунун ичинде. Уулун кабыл албаган адам кантип Кудайды чындап биле алат? Уулуна ишенип, Аны сүйгөн адамга Кудай Өзүн ачып берет; Уулун көргөн Атасын да көрөт.

Бул сөздөр ийбадатканадагы курмандыктар салынуучу жерде айтылган эле. Албетте ал жакта сакчылар да турушкан. Бул жоокерлердин бири дагы Ыйсаны кармоо үчүн жакындап бара алышпады. Себеби Кудайдын колдору Аны курчап турган эле. Кудайдан белгиленген чыккынчылык сааты али келе элек болчу. Сенин тагдырыңды бир гана асмандагы Атаң чечет.

Сыйынуу: Ыйса Машаяк, Сени даңктайбыз жана сүйөбүз. Биз жазага татыктуу болсок дагы, Сен бизди жазалаган жоксуң, тескерисинче бизди куткарып алдың. Сен дүйнөнүн жарыгысың, Өзүңө келгендерди жарыкка алып чыгасың. Сүйүүңдүн нурлары менен бизди өзгөрт жана Сени терең билүүбүз үчүн биздеги катуу жүрөктү жумшарт.

СУРООЛОР:

  1. Ыйсанын Өзү дүйнөнүн жарыгы экендиги тууралуу күбөлөндүрүүсү кандайча асмандагы Атаны билүүгө байланыштуу болот?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:16 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)