Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 040 (Feeding the five thousand)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
Б - Ыйса өмүрдүн наны (Жакан 6:1-71)

1. Беш миң адамды тойгузуу (Жакан 6:1-13)


Ыйса Иерусалимде ишемби күнү оорулуу адамды айыктыруу аркылуу жана Кудайдын сүйүүсү менен мыйзамчылдардын куру ой жүгүртүүлөрүнүн ортосундагы түпсүздүктү көрсөтүү менен, Өзүнүн Кудай экендигин ачып көрсөттү. Алар Ыйсаны жек көрүшкөндүктөн, Андан алыс болууну каалашты. Ыйык Рух Ыйсаны түндүктү карай, Галилеяга жетектеди. Антпесе Ыйса менен душмандарынын ортосундагы кастык мамиле күч ала бермек. Түндүктөгү көп сандаган эл Ыйса кайда барса, ошол жакка ээрчип жүрдү.

Жакан 6:1-4
Андан кийин Ыйса Галилея көлүнүн аркы өйүзүнө кетти. Аны көп эл ээрчип алды, анткени алар Анын ооруларды айыктырганын көрүшкөн эле. Ыйса шакирттери менен тоого барды. Жүйүттөрдүн Пасах майрамы жакындап калган эле.

Ыйса Иерусалимден мыйзам окутуучуларды ашкерелегенден тартып, алар Ыйсага каршы сүйлөшүүлөрдү уюштуруп, Аны аңдый башташты. Бирок Анын убагы келе элек болчу. Ал Синедриондун сотунан чыгып, Галилеяга кайтып барды. Эгерде биз биринчи үч Жакшы Кабарды окуп көрсөк, Ыйса бул жерден көп кереметтрди кылган. Ыйсанын келиши тууралуу кабарды угушуп, көп эл чогулду, бирок Ыйса алар мене болгон жок. Себеби борбор шаардагы келишпестиктен улам жашыруун кек сактап жүргөндөр айылга да келиши мүмкүн эле жана бул жакта дагы Анын тынчын аларын Ыйса билген. Ошондуктан Ал шакирттери менен Иордандын чыгышындагы Галон деген жерге кетип калат. Бирок ачка болгон эл кереметтерди көрүү үчүн артынан барды. Ошол жылы Ыйса Пасах майрамына карата Иерусалимге барган эмес, себеби өлө турган мезгил келе элек болчу. Ал майрамдын тегерегиндеги көп эл менен майрамдады. Пасахта курмандыкка берилген козунун ордун алмаштыруучу Ыйса Өзү болчу. Элди тойгузуу менен, Куткаруучу Өзүнүн ыйыктары менен улуу кубанычты, асмандагы майрамды көрсөткөн.

Жакан 6:5-13
Ыйса Өзүн көздөй келе жаткан көп элди көрүп, Филипке: “Элди тойгузуу үчүн нанды кайдан сатып алабыз?” – деди. Ал бул сөздү Филипти сыноо үчүн айтты. Өзү болсо эмне кылуу керектигин билген. Филип Ага: “Ар бирине бир аздан бергенде да, аларга эки жүз динарийге келе турган нан жетпейт”, - деп жооп берди. Ошондо шакирттеринин бири Шымон Петирдин иниси Андрей Ыйсага мындай деди: “Ушул жердеги бир балада беш арпа нан жана эки кичинекей балык бар. Бирок ал ушунча көп кишиге эмне болмок эле?” Ыйса аларга: “Элди жерге отургузгула”, - деди. Ошол жер шиберлүү эле. Аялдар менен балдарды эсептебегенде, ал жерге беш миңге жакын киши отурду. Ыйса нандарды алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, шакирттерине берди. Алар отургандарга таратышты. Балыктан да алардын каалашынча беришти. Эл тойгондон кийин, Ал шакирттерине: “Ысырап болбош үчүн, арткан нанды жыйнап алгыла”, - деди. Алар эл жеген беш арпа нандын артканын жыйнашканда, он эки себет болду.

Качан Ыйса көп элдин Аны көздөй келе жатканын көргөндө, Ал асмандагы Атасына жүзүн көтөрүп, урматтап, даңктап жатты. Бул ачка эл үчүн кам көрүүсүн өтүндү. Ушуну менен керемет башталды. Атасы Уулуна жүрөктөрдү ача тураган тапшырма берген.

Ыйса Филиптен нанды кайдан алуу керектиги жөнүндө сураганда, биринчиден Ал шакирттерин сынап, алардын ишенимдери өсүп жатабы же дагы да болсо материалдык нерселерге байланып, дүйнөлүк нерселер жөнүндө ойлонуп жаткандарын билгиси келди. Алардын ордуна биз болсок, анда наабайчы жөнүндө ойлонмокпуз. А Ыйса болсо Атасы жөнүндө ойлонду. Биз акча тууралуу, жашоонун кымбаттыгы тууралуу ойлонобуз. Ыйса жардам берүүчү Кудай жөнүндө ойлонот. Филип ишеним жөнүндө ойлонгондун ордуна, нан канча тураарынан бери эсептеп жиберди. Акчага таянган адам Кудайдын мүмкүнчүлүктөрүн көрө албайт. Бир чети шакирттердин эсептөөсү деле эп болгон: ал жакта нан бышыруучу жер, тегирмен жок болчу. Нанды бышырганга да убакыт жок болчу. Ал эми эл болсо күнү боюу сөз угуп, ачка болгон эле.

Капысынан Андрейде Ыйык Рух иштеп, ал беш нан, эки балыгы бар баланы байкап калат. Ал баланы чакырып алып: “Болгон балыгыңды жана наныңды берчи?” – деп сурайт. Андрей бул аз тамак ушунча көп элге жетпейт деп күнөм санап жатты. Ыйса шакирттеринин мындай сыноодон өтпөй калышына жол берди. Себеби алар эмне кылуу керектигин, Кудайдын эркин жана Ыйса ким экендигин билишчү эмес.

Ыйса шакирттерине элди жайгаштырып, нан менен балыкты таратууну буюрду.

Жерге жайылган жашыл чөп ушул элдеги жаңыдан баш алып келе жаткан ишенимдеринин белгиси. Беш миң эркек, андан тышкары аялдар жана балдар бул өтө чоң сан эмеспи. Алардын көбү мурда Ыйсаны жана Анын иштерин көрүшкөн эмес. Ыйсанын сөзүн угушуп, алар жерге отурушту.

Ыйса нанды колуна алып, Өзүнүн жаратуучу кудуретин көрсөтүүнү каалады. Ал беш нанды Атасынын алдына коюп, бул аз нерсе үчүн ыраазычылык айтты. Ал Атасынын бата берип, кичинекей ашты ашып калганга чейин көбөйтөрүнө ишенген. Аз нерсе үчүн ыраазычылык айтуу жана Атасын урматтоо ушул кереметтин сыры эле. Кудай сага берген аз нерсени кубаныч менен кабыл аласыңбы же нааразы болосуңбу? Ыйса өзүмчүл эмес болчу: Анда Кудайдын сүйүүсү бар. Ал Атасын урматтады жана Кудайдын батасын баарына таратып берди.

Төрт Жакшы Кабарда тең бул керемет жөнөкөй жазылган. Башка бирөө эмес, бирок Ыйсанын жанында отургандар бул керемет жөнүндө күбөлөндүрүп жаткандай көрүнөт. Ал нанды канчалык сындырган сайын, нан ошончолук көбөйүп жатканын байкашты; алар үчүн аш түгөнбөчүдөй сезилди. Нанды таратуу үчүн шакирттер ары-бери чуркап жүрүштү. Ар бир адам каалашынча алды. Мындай молчулук ырайымдын белгиси эле. Кудай кечиримди жана Рухту өлчөөсүз берет. Ала турганыңды ал; ишене алышыңча ишен. Батаны башкаларга да бер. Эмне бата алсаң, ошону башкаларга да бата кылып бер. Мына ушинтип башкалар үчүн сен да бата болосуң.

Каанада Ыйса сууну шарапка айландырды, ал эми Голанда болсо беш нанды беш миң адамга жете тургандай кылып көбөйттү. Таң калычтуусу, башындагыга караганда аягында артып калган тамак алда канча көп болуп калды! Ашып калган тамак салынган себеттердин саны он экиге жетти. Ысырап болбош үчүн, Ыйса калган тамак-ашты жыйноону буюрду. Бүгүнкү күндө миңдеген адамдар ачкалыктан өлүп жатышса дагы, ашып калган тамак-ашты таштандыга таштоо адам үчүн өтө уят. Өзүң катышпасаң дагы, сага келген батанын ысырап болушуна жол бербе. Тескерисинче ырайымдын күкүмдөрүн чогулт. Ошондо Кудайдын сага болгон айкөлдүгүнөн да көпкө ээ болосуң. Ыйса жаш баланын колунан беш нанды алып, аларды көбөйтүп жатканын көрүп жаткан бул баланы элестетип көрсөң. Анын көздөрү алайып, таң калып жатты. Бала бул кереметти эч убакта унутпайт эле.

Сыйынуу: Ыйса Теңир, Сенин чыдамкайлыгыңа жана сүйүүңө ыраазыбыз. Биздин ишенимибиздин алсыздыгы үчүн кечир. Кыйынчылыктарда өз күчүбөзгө таянбай, Сага таянганга бизди үйрөтө көр. Бизге берген рухий байлыктарың үчүн жана аз болсо дагы, колдо болгон нерселер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Биздеги момундукту күн өткөн сайын баталап жана биз болсо ушул белектерди ысырап кылбаганга жардам бер.

СУРООЛОР:

  1. Беш миң адамды тойгузуунун сыры эмнеде болгон?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:04 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)