Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 108 (The charge against Christ's royal claims)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
А - Ыйса кармалгандан баштап көргө коюлганга чейинки болуп өткөн окуялар (Жакан 18:1 - 19:42)
3. Ыйса Римдик башкаруучунун алдында (Жакан 18:28 – 19:16)

a) Машайактын падышалык наамына каршы жалаа (Жакан 18:28-38)


Жакан 18:28-32
28 Эртеси таң заардан жүйүт башчылары Ыйсаны Кайапаныкынан Пилаттын ак сарайына алып келишти, бирок өздөрү киришкен жок. Анткени алар таза эмес болуп эсептелип, Пасах тамагын жей албай калышмак. 29 Пилат чыгып, алардан: «Бул адамга кандай айып коюп жатасыңар?» - деп сурады. 30 «Эгерде жамандык кылбаса, Аны сенин алдыңа алып келмек эмеспиз» - деп жооп беришти алар. 31 Ошондо Пилат аларга: «Аны алып кеткиле да, өз мыйзамыңар боюнча соттой бергиле», - деди. Жүйүт башчылары ага: «Бирөөнү өлүм жазасына тарууга бизге тыюу салынган», - дешти. 32 Өзүнүн кандай өлүм менен өлөрүн алдын ала айткан Ыйсанын сөзү аткарылышы үчүн ушундай болду.

Жүйүттөр Ыйсаны мурда эле, качан Ал Бетездадагы майып адамды айыктырганда эле өлтүрүп салууну каалашкан болчу (5:18). Ошондой эле, качан Лазар тирлгенде, көптөгөн жүйүт башчылары Ыйсаны өлтүрүү тууралуу жашыруун чечим кабыл алышкан (11:46).

Бейшемби күнү кечинде Кеңешменин эки чогулушу болуп өткөн. Бул тууралуу Жакан жазган эмес (Матай 26:57-67 жана 27:1). Жүйүттөрдүн мындай майда-чүйдө окуялары гректер үчүн кызыксыз болсо керек. Бирок римдик башкаруучу Пилат тарабынан Ыйсага адилетсиз сот чечими чыккандыгын Жакан баса көрсөткүсү келген.

Кудайга ишенген жүйүттөр болсо бутпарастардын жайына кирсек, ыплас болуп калабыз деп, кирбей коюшту. Алар ырым-жырымдарын сактоо менен ыйык болуп, урук-туугандары менен Пасах майрамына катышууну көздөп жатышкан. Ал жактан алар Кудайдын чыныгы Козусун курмандыкка чалышты.

Ыйса колго түшүрүлгөндөн улам мына ушундай коогалаңдуу учурда, Пилаттын жашоосунда кескин өзгөрүү болду. Анын бир кызматташы, римдик генерал, көтөрүлүш уюштурууну пландаштырып жатканы билинип калып, ал бийлик ордунан четтетилген болчу. Бул генерал жүйүт элине каршы болчу. Анын планы жүйүттөр тарабынан ачыкка чыгарылган эле. Мунун кесепетинен жана Пилаттын жүйүттөрдү жек көрүп, аларга кылган катаал мамилесинен улам анын бийлиги солгундап калган. Качан жүйүттөр Ыйсаны Пилаттын алдына алып келишкенде, ал дароо сыртка чыгып, алардын койгон айыбы тууралуу сурады. Ал талкуулоого убактысын короткон жок, анткени ал жүйүттөрдүн арызынын чыныгы маңызын түшүндү. Пилаттын Ыйсага болгон мамилеси – ал Ыйсаны жетектеген аскери жок, Иерусалимге эшек минип келген, Римге.

эч зыяны жок, болбогон бир «падыша» катары элестетип, кытмырланып жылмайганынан көрүндү. Бирок Пилат жүйүттөрдүн талабына макул болуп, мунун аткарылышына жол берди. Ал эбак эле аскерлерине Ыйсаны шакирттери менен кармап келүүгө жардам берүү үчүн буйрук берген болчу. Бул максаты ишке ашты: Кылмышкер анын маңдайында, анын ырайымынын алдында турду. Ошондо дагы Пилат: «Эмне балекет кылдың эле?» - деп сурады.

Жүйүт аксакалдары эч тайманбастан туруп: Ал тууралуу сага айткандарыбызды билесиң. Бул киши көтөрүлүш козгой турган саясий кылмышкер. Биз муну күчөп кете электе басышыбыз керек. Биз жүйүт элин тааныштыруу үчүн расмий жолугууга келген жерибиз жок. Биз элдин башы айланып кала электе, муну өлүм жазасына тартуу чечимин талап кылганы келдик.

Пилат жүйүттөрдүн кекчилдигин, алардын ырым-жырымын билчү, жана ошондой эле алар кылмышкерди өз Мыйзамдарынын негизинде жазалоону, алардын кудуреттүү Машайагынын келерин күтүп жаткандары тууралуу баарын билчү. Рим мыйзамы боюнча Ыйса айыптуу эч нерсе кылган эмес. Ошондуктан ал Ыйсаны кайрадан жүйүттөрдүн колуна салып берип, Аны өздөрүнүн мыйзамынын чегинде соттоолорун айтты.

Ошол убактарда, жүйүттөрдө Мыйзамды бузгандарды таш бараңга алууга укуктары жок болчу. Алар Ыйсанын көпчүлүктүн алдында, айрыкча таза эмес деп эсептелинген римдиктердин астында жоопко тартылып, уятка калышын көздөшкөн эле. Кулдарга жана кылмышкерлерге берилчү жазанын эң оор түрү Ыйсанын мойнуна түштү. Бул «каргыштуу жыгачка» керилүү болчу. Мунун өзү Ыйсанын Кудайдын Уулу эмес экендигин, Ал Кудуреттүү жана Адилеттүү эмес экендигин тастыктап, Анын алсыз, байкуш, Кудайды мазактоочу катары көрсөтмөк. Кайапа Ыйсанын айкаш жыгачта, римдиктердин колунан өлүшү аркылуу, Анын Машайак эмес экендигин, тескерисинче Ал баскынчы жана алдамчы экендигин айткысы келген.

Жакан 18:33-36
33 Пилат ак сарайга кайра кирип, Ыйсаны чакыртып алды да: «Сен жүйүттөрдүн Падышасысыңбы?» - деп сурады. 34 Ыйса ага: «Муну сен өзүң айтып жатасыңбы же Мен жөнүндө сага бирөө айттыбы?» - деди. 35 Пилат Ага: «Мен эмне, жүйүт белем! Сени мага Өз элиң жана башкы ыйык кызмат кылуучулар алып келишти. Эмне кылдың эле?» - деди. 36 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Менин Падышачылыгым бул дүйнөдөн эмес. Эгерде Менин Падышачылыгым бул дүйнөдөн болсо, анда кызматчыларым Мени жүйүттөрдүн колуна түшүрбөө үчүн күрөшүшмөк. Менин Падышачылыгым бул дүйнөдөн эмес».

Жоокерлер Ыйсаны казарманын ичине алып келишти. Пилат жүйүттөрдүн койгон айыбын уккандан кийин, бул тууралуу Ыйсанын Өз оозунан уккусу келди. Пилат жүйүттөрдүн сөздөрүнө ишенген эмес, бирок ал мыйзамдын негизинде Ыйсага: «Сен жүйүттөрдүн Падышасысыңбы? Мен дагы башка Машайактарды көргөм. Алар тиштерине чейин куралданган, кара сакалчан, көздөрү тик караган адамдар болчу. Сен болсо согушчул көрүнбөйсүң, баскынчы да эмессиң. Сен бир жоош, момун байкушсуң. Ушул кейпиң менен кантип Сен Падышачылыкка жетесиң? Падыша болуу бийликти, күчтү жана зөөкүрлүктү талап кылат!» - деди.

Пилаттын Ыйсанын падышачылыкка аракет кылып жатат деп шектенип жатканын Ыйса түшүнүп: «Менин шакирттерим жоокерлериң менен согушту деп айтыштыбы, же сага сөз ташыгандар Менин саясий сөздөрдү сүйлөгөнүмдү угушуптурбу, же сенен сурооң жүйүттөрдүн алдамчылыгынан келип жатабы? Башкаруучу жалган нерсени укпашы керек да», - дегендей кылды.

Пилат ачуусу келип: «Мен эмне, жүйүт бекем? Мен ошол көзү сокур динчил, күнү-түнү дин тууралуу талашып-тартышкан жүйүттөргө теңелет бекем?» - деди.

Ошондо Пилат Ыйсаны карматкан ал эмес, бирок жүйүттөр, алардын башчылары экенин айтты. Анан ал кыскача: «Эмне кылдың эле? Сага жалаа жаап жаткандарга каршы чыгышым үчүн мен Сенин жообуңду угушум керек. Сүйлө, болбосо сабандыга каласың; чындыкты толугу менен айтып бер», -деди.

Ошондо Ыйса шакирттерине сейрек айтып берген чындыктын болгонун болгондой айтып берди. Ал: «Кудайдын Падышачылыгы - Менин Падышачылыгым. Ал Падышачылык салыктан, же куралдан, же башкаларды мажбурлап иштетүүдөн курулган эмес», - деди. Машайактын Падышачылыгы башкалардыкы сыяктуу колдон колго өтпөйт. Ыйса шакирттерине башкаларга кылыч шилтебөөнү, ок атпоону үйрөтөт. Анын Падышачылыгы дүйнөдөгү бардык падышачылыктардан айырмаланып турат.

Жакан 18:37-38
37 Ошондо Пилат Ага: «Демек, Сен Падыша экенсиң да?» - деди. Ыйса ага: «Өзүң айтып жатасың. Мен Падышамын. Мен чындык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн төрөлгөм жана ошол үчүн бул дүйнөгө келгем. Ким чындык тарапта болсо, ал Менин үнүмдү угат», - деди. 38 Пилат Андан: «Чындык деген эмне?» - деп сурады да, кайра чыгып, элге мындай деди: «Мен Андан эч кандай айып тапкан жокмун».

Пилат Ыйсанын падышалыгы, анын чыныгы мааниси тууралуу түшүнгөн жок, бирок ал Ыйсанын Падыша экени айкын экенин ачык айтканын түшүндү. Ыйса ага: «Сен менин сырымды билдиң, Менин сөздөрүмдү түшүндүң. Падыша өз падышачылыгынын кожоюну; Менин Падышачылыгым алдамчылыкка, кара мүртөздүккө толгон бул дүйнөдөн эмес, себеби Мен Чындыктын Падышасымын».

Анан Ыйса Өзүнүн башталышы Кыз Мариямдан гана башталбагандыгын,бирок бул дүйнөгө Жогорудан келгендигин күбөлөндүрдү. Ал кылым жарала электе эле Атасынан төрөлгөн. Ал Кудайдын чындыгын билет. Ыйса Кудайдын Чындыгын күбөлөндүрөт. Ал түбөлүктүү жаралганы үчүн, ишенимдүү күбө. Бирок Пилат каткырып күлүп: «Чындык деген эмне?», - деп сурады. Себеби ал өтө көп эки жүздүүлүктү жана чыккынчылыкты башынан өткөргөндүгү үчүн, чындыктын бар экенине ишенбей калган. Бирок жогорудагы чындыктын чыныгы Күбөсү чындыкка бекем турду жана бизге Атасынын ысымын ачып берди.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, Сен менин Падышамсың. Мен Сага таандыкмын. Мени Өзүңдүн назиктигиңдин идиши кылып жаса; мени Өз чындыгыңда бекем сакта.

СУРООЛОР:

  1. Ыйса кандайча Падыша болуп саналат?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 09:51 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)