Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 048 (Jesus and his brothers)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
1. Алачык майрамындагы Ыйсаны сөздөрү (Жакан 7:1 – 8:59)

а) Ыйса жана Анын бир туугандары (Жакан 7:1-13)


Жакан 7:1-5
Андан кийин Ыйса Галилея аймагын аралап жүрдү. Ал Жүйүт аймагында жүргүсү келген жок, себеби жүйүттөр аны өлтүрмөкчү болуп жатышкан эле. Жүйүттөрдүн “Алачык майрамы” жакындап калган. Ошондо бир туугандары Ыйсага: “Бул жерден чыгып, Жүйүт аймагына бар, кылып жаткан иштериңди шакирттериң да көрүшсүн. Анткени белгилүү болгусу келген адам иштерин жашырбайт. Ушундай иштерди кылып жаткандан кийин, Өзүңдү дүйнөгө көрсөт”, - дешти. Анткени бир туугандары да Ага ишенишчү эмес.

Ыйсанын Өзүнүн даңкы тууралуу күбөлөндүрүүсүнө эл таң калды. Аны Галилеядагы көптөгөн ээрчиген адамдар таштап кетсе дагы, кээ бир достору Аны коштоп, Иерусалимге барышты. Галилеялыктар Ыйсанын денесин жеп, канын ичүү маанилүү дегенге жийиркенишсе, борбор шаардын өжөр эли бул жаш адам өлгөндөрдү тирилтип, дүйнөнү соттооруна ишене беришкен жок. Алар мунун Теңирдин кечки тамагына чагылдырма экендигин түшүнүшкөн жок.

Иерусалимде Жогорку Кеңешменин кээ бир мүчөлөрү Ыйсаны өлтүрүүнү чечишти. Алар Ыйсаны кармап келгенге буйрук беришип, Ыйсаны ээрчүүнү уланткан жүйүүттөрдү синагогадан чыгарылат жана Кудайдын батасынан айрылышат деп коркутушту. Кеңешмеден бир нече аңдыган адамдар Галилеяны кыдырышып, Ыйса жөнүндө сурамжылап, изилдеп жүрүштү. Элдин Ыйсадан алыстаганы таң калычтуу деле эмес, себеби аларда эл башчыларынын куугунтугунан кутулуу же Ыйсадагы түбөлүктүү куткарылуу тандоосу болгон эле. Алар Кудайдын белегинен да жеке коопсуздуктарын жогору коюшуп, келечекти эмес, азыркыны тандашты.

Ыйсанын бир туугандары өз элининен кубаланылып каларын ойлошуп, корко башташты. Ошондуктан алар жүйүт ийбадатканаларынын тыюу салууларына илинбеш үчүн, элдин көзүнчө Ыйсадан бөлүнүп кетишкен (Марк 6:3). Бир туугандары Ыйсадан Галилеядан кетүүсүн суранышат. Бир катар жылдар боюу Ыйса менен бирге жашашса дагы, Анын сүйүүсүн жана мээрмандыгын кадимки эле нерсе катары эсептешкендиктен, Анын Кудай экендигине ишенишкен эмес. Өкүнүчтүүсү, көп ишенгендер Ыйсанын сүйүүсүнө ыраазы болушса дагы, Анын табиятын түшүнбөгөн бойдон кала беришет.

Ыйсанын кереметтерин бир туугандары дагы көрүшкөн. Ошентсе дагы, алар Ыйсаны бардык элдер чөгөлөп табына турган Машаяк экендигине ишенишкен эмес. Алар Ыйсанын кыймылынын алсырап жаткандыгын көрүшүп, чоочулап, алыстай башташкан. Андан мурда чөлдө Шайтан Ыйсага табынуучуларынын алдында улуулугун көрсөтүүнү сунуш кылган сыяктуу эле, Анын бир туугандары дагы ошол улуулугун көрсөтүүнү сунуш кылышты. Ыйса болсо улуулукту сүйгөн эмес. Ал адамдын табиятындагы алсыздыгын жан момундугун тандап алды. Ал жаңы тобо кылуучуларды ажайыптуу белгилер менен утуп алгысы келген жок.

Жакан 7:6-9
Ыйса аларга мындай деди: “Менин убагым келе элек. Ал эми силер үчүн бардык учурда боло берет. Бул дүйнө силерди жек көрө албайт, ал эми Мени жек көрөт. Анткени Мен анын иштеринин жаман экендигин күбөлөндүрүп жатам. Силер майрамга бара бергиле! Мен азырынча бул майрамга барбайм, анткени Менин убагым келе элек”. Ал ушуну айтып, Галилеяда калып калды.

Адамдар текебер, себеби аларды шайтандын руху бузган. Текебердик бул оорукчан жандын сиптому. Бул психикалык оорунун белгиси. Чындыгында ар бир адам Кудайга салыштырмалуу кичинекей, алсыз жана өлүмгө дуушар болот. Адам өзүнүн алсыздыгын укмуштуудай кооз жасалгалар менен жабууга аракет кылат. Текебер адам өзү каалаган нерсенин баарын кыла алган кичинекей кудай катары элестетет. Ал Кудайды жокко чыгаруу менен өз күнүн, өз жолдорун пландаштырат. Табиятында ал жаратуучусуна каршы көтөрүлүшчүл болуп калат. Адам Кудайды эмес, өзүн сүйөт; ал асмандагы Атасынын ысымын даңазалабай, өз ысымын мактайт. Ойлору менен максаттары гана эмес, бирок алардын бүт иштери бузулган. Ким Теңирсиз жашаса, ал Ага каршы жашаган болот. Илимдин көпчүлүк ойлоп тапкан нерселери, ачылыштары, саясий принциптер жана философиялык системалар күнөөнүн сферасына байланышкан. Өлүмдүн үрөндөрү мына ушулардан чыгат.

Дүйнө Машаякты жек көрөт. Бул тууралуу Ал Өзү айткан. Ыйса Өзүнө жаккан нерсени кылуу үчүн келген эмес. Ал Атасы менен бирге жана Аны менен чогу иштешет. Ал эң кудайчылдар үчүн дагы чалынчу таш болгон, себеби Анын осуят кылган сүйүүсү мыйзачыл эмес, тескерисинче кудайлык сүйүү толгон. Ыйсаны жек көрүүлөрүнүн себеби, Анын катышуусу алардын өз иштери менен адил болууга кылган аракеттерин жаратпай салган.

Машаяктын бир туугандары Ыйык Рухту кабыл алышкан эмес, себеби алар дүйнөнүн рухуна толуп, фарисейлердин принциптерине макул болушкан. Алардын ишенимдеринин жетишсиздиги Кудайдын сүйүүсүнүн руху алардын ичтеринде жок экендигин далилдеген, алар тескерисинче өздөрүн көтөрүшкөн, Кудайга каршы чыккан башка рухтун жетегинде болушкан. Алар жакшы иштеринин баалуу деп ишенүү менен өздөрүн алдашкан.

Жакан 7:10-13
Бир туугандары кеткенден кийин, Ыйса да майрамга жашыруун жөнөдү. Жүйүттөр болсо: “Ал кайда?” – деп, майрам убагында Ыйсаны издей башташты. Элдин арасында Ал жөнүндө ар кандай сөз жүрүп жатты. Бирөөлөр Аны: “Жакшы”, - дешсе, бирөөлөр: “Жок, Ал элди адаштырып жатат”, - деп жатышты. Бирок жүйүттөрдөн коркушкандыктан, Ал тууралуу ачык айта алышкан жок.

Жыл сайын жүйүттөр “Алачык майрамын” зор кубанычта майрамдашчу. Алар бак-дарактын чырпыктарынан алачык жасашып, үйдүн үстүнө же жолдун боюна тигишкен. Элдер бири-бириникине барып, даамдуу тамак ичишчү. Бул мол түшүм бергендиги үчүн Кудайга ыраазычылык билдирүү майрамы болчу. Бул алачыктар аларга чөлдөгү басып өткөн жашоолорун эстеткен: алардын жерде жашай турган шаары жок.

Ыйса кубанычтуу майрам болуп жаткан жерде көпкө кармалган жок, себеби Ал шакирттери менен бирге куугунтукта болчу. Ал бир туугандарына бөлүнүп кетүүгө жол берди. Ыйса жердеги мекени болгон Галилея жери менен коштошуп, бир аздан кийин Иерусалимге барды. Чечүүчү мезгил жакындап калды. Тарыхтын туу чокусу болгон Кудайдын каарынан куткаруу үчүн өлө турган убактысы келип калды.

Жүйүттөр Ыйса тууралуу ар кандай ойлошту. Кээ бирлери Аны Кудайдан келген, бардыгын ордуна келтире турган жакшы адам деп эсептешти. Башкалары болсо Аны элди адаштырып жаткандыгы үчүн өлүмгө татыктуу; Анын эл арасында жүрүүсү аларга Кудайдын каарын алып келет, майрамды бузат дешти. Ыйсаны ээрчигендерди коркутуу максатында синедрион буйрук чыгарып, аны эл арасына жарыялап жатты. Ошондон кийин эч ким Ыйса жөнүндө ачык сүйлөбөй калды.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, Өзүңдүн момундугуң үчүн жана Кудайга моюн сунгандыгың үчүн рахмат. Сенин Рухуңа толушубуз үчүн бизди дүйнөлүк жүрүм-турумдардан бошот. Сага кызмат кылышыбыз үчүн бизди күнөөлүү жолдордон сакта жана биздин ички дүйнөбүздү айыктыр. Себеби Сага кызмат кылганга Сен татыктуусуң.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн дүйнө Ыйсаны жек көрөт?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:10 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)