Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 049 (Disparate views on Jesus)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
1. Алачык майрамындагы Ыйсаны сөздөрү (Жакан 7:1 – 8:59)

б) Ыйса тууралуу эл арасындагы жана жогорку кеңештеги ар кандай ойлор (Жакан 7:14-63)


Жакан 7:14-18
Майрамдын ортосунда Ыйса ийбадатканага келип, элди окута баштады. “Бул окубаса деле, Ыйык Жазууну кайдан билет?” – деп, жүйүттөр таң калышты. Ыйса аларга мындай деп жооп берди: “Менин окутуум Меники эмес, Мени жиберген Кудайдыкы. Кудайдын каалоосун аткаргысы келген адам бул окутуу Кудайданбы же Мен Өз атымдан сүйлөп жатамбы, билип алат. Өз атынан сүйлөгөн өзүнүн даңкталышын каалайт. Ал эми Ким Өзүн Жибергендин даңкталышын кааласа, Ал – чындык, Анда адилетсиздик жок”.

Ыйса өлүмдөн да, душмандарынын жамандыктарынан да корккон эмес. Ал Атасынын эрки менен бирдикте майрамдын маалында андан ары билинбей Иерусалимге барды. Ал жактан Ыйса жашынбастан түз ийбадатканага барып, дайындалган окутуучу сыяктуу Жакшы Кабарды кайраттуулук менен окутту. Кудай түздөн-түз аларга сүйлөп жатканын эл сезди. Ошондо алар бири-биринен: Бул жаш адам мындай терең рухий ойлорду кайдан билет. Ал Ыйык Жазууну окутуучу эч бир Устаттан таалим алган эмес. Кандайча бул билими жок уста бизди Кудайдын чындыгы менен толук тааныштырып жатат дешти.

Ыйса аларга мындай жооп берди: “Менде чыныгы окутуу бар жана Мен ошол чындыкты окутуучумун. Эң маанилүүсү, Мен Кудайдын Сөзүмүн. Кудайдын ар бир ою жана каалоосу Менде жашайт. Менин окутуум Меники эмес, Мен Кудайдын үнүмүн. Ал Менин ичимде жашайт, Мени окуткан – Менин Атам. Мен Анын ойлорун, пландарын, максаттарын жана бийлигин толук билем. Мен Өз ойлорум менен келген эмесмин, чындык бир гана Кудайдын ойлорунда. Аян түшүнүксүз болгон жерде Мен аянды ишке ашырам”.

Ал Атасын ушундайча даңктап, Ага моюн сунду; Өзүн Кудайдын Элчиси кылды. Ал Өз макулдугу менен Өзүн жиберген жок, бирок кудайлык бийликке толгон Атасынын атынан келди. Ошондуктан Ыйса бир эле убакта Кудайдын Уулу жана Элчи болуп калды. Атасы сыяктуу Ал биздин маани беришибизге, ишенимибизге жана табынуубузга татыктуу болуп калды.

Өзүнө болгон жүйүттөрдүн ишенимдерин бекемдөө үчүн Анын окутуусу Кудайдын эркине баш ийе тургандыгын аларга түшүндүрдү. Эми Ыйсанын окутуусун жана Инсандыгын далилдей турган далил кайсы? Ал айтат: “Менин Жакшы Кабарыма таянып иш кылганга умтулгула, ошондо анын улуулугун көрөсүңөр. Аят сайын жазылган Машаяктын сөздөрүн аткаргыла, ошондо Анын сөздөрү жөнөкөй адамдык эмес, Кудайын сөздөрү экенин билесиңер”.

Машаяктын окутуусун аткарууга болгон аракет сенден эң биринчи чечимди талап кылат. Ыйса каалаганды сен да каалайсыңбы? Сенин эркиң менен Кудайдын эркинин ортосунда гармония болмоюнча, Теңирдин чындыгын биле албайсың. Сенин эркиң Машаяктын эркине арналганда гана, сен Анын чындыгынын жогорку жаңы баскычтарына көтөрүлүп, Кудай кандай болсо Аны ошондой көрө баштайсың.

Ыйса бизди үйрөткөндөй, Атанын каалоосун аткарып көнгөндөр Жакшы Кабар менен Мыйзамдын ортосундагы түпсүздүктү көрө алат. Теңирибиз биздин башыбызга оор жүктү жүктөп тим болбостон, ошол эле убакта ушул жүктү көтөргөнгө да күч берет. Ошондо сен Анын эркин кубаныч менен көтөрөсүң. Машаяктын осуятына баш ийген адамга Анын сүйүүсүндө жашаганга Ал күч берет. Анын окутуусу Мусанын мыйзамдары сыяктуу адамды айыптуу кылбайт. Ыйсанын окутуусу Кудайдын ырайымынын толуктугундагы жашоону берет. Машаяктын окутуусундагы ачылган Кудайдын эркин билгиси келген адам Кудай менен жекече мамиледе болуп, Машаякты адам окутуучу катары эмес, денедеги Кудайдын Сөзү катары түшүнөт. Машаяк курулай философия менен келген эмес. Ал күнөөгө кечирим алып келген жанан Кудайдын өмүрүнүн күчүн берет.

Жакан 7:19
Муса силерге мыйзам берген, бирок бириңер да аны аткарбайсыңар. Мени эмне үчүн өлтүргөнү жатасыңар?

Машаяктын ыйык жашоосу жүйүттөргө: “Силер мыйзамды алдыңар, бирок эч кимиңер аны туура аткарган жоксуңар!” – деп айтканга укук берди. Байыркы Келишимдин бир дагы адамы эч убакта Мыйзамдын талаптарын аткара албастыгын баса белгилөө менен, бул сөздөр жүйүт элинин так жүрөгүнө сайылды. Бир эле мыйзамды бузган ар бир адам айыптуу болуп эсептелинет. Кудайдын каары анын үстүндө. Муну айтуу менен Ыйса жүйүттөрдүн өздөрүн адил адам катары ойлогондорун жокко чыгарып, алардын мыйзамга болгон кызгануулары жана иштери аркылуу өздөрүн өздөрү алдап жаткандарын көрсөттү.

Жетекчилер Өзүн өлтүрүүнү каалап жатышкандарын айтты. Ыйсадан бир нерсени жашыруу мүмкүн эмес. Муну менен Ыйса угуучуларына чала ишенимге каршы экендигин жана Аны ээрчүүнүн баасы бар экендигин баса белгиледи.

Анан Ал: “Мени эмне үчүн өлтүргүңөр келип жатат?” – деп сурады.

Машаяктын буз сөздөрүн уккан эл артка кетенчиктей түштү. Алардын коопсуздангандыгынын себеби, Ыйса алардын бири дагы адил адам эмес экендигин айткандан улам болду. Алар арам ойлорун жашырышып: “Жок, жок, Сени ким өлтүрөм деп жатат? Андайдан Кудай сактасын!” – деп жооп беришти. Ал тургай кимдир бирөө Ыйсанын ичине жаман рух кирип алгандыгын айтты. Алар жек көрүүлөрүнүн айынан сокур болушуп, Ыйык Рухту Шайтандын рухунан айырмалай алышкан жок. Алар Кудайдын сүйүүсүн сезишкен жок.

СУРООЛОР:

  1. Жакшы Кабар Кудайдан келгендигин кантип далилдесе болот?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:11 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)