Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 034 (Healing of the paralytic)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
A - ЫЙСАНЫН ИЕРУСАЛИМГЕ ЭКИНЧИ ЖОЛУ КЕЛИШИ (Жакан 5:1-47) -- ТЕМА: ЫЙСА МЕНЕН ЖҮЙҮТТӨРДҮН ОРТОСУНДА КЕЛИШПЕСТИКТИН ПАЙДА БОЛУШУ

1. Ыйсанын Бетездадагы оорулуу адамды айыктырышы (Жакан 5:1-16)


Жакан 5:10-13
Ошондуктан жүйүттөр айыгып калган адамга: «Бүгүн ишемби күн. Төшөгүңдү көтөрүп жүргөнгө болбойт!» - дешти. Ал болсо аларга: «Мени айыктырган адам «Төшөгүңдү ал да, бас!» - деди», - деп жооп берди. «Сага: «Төшөгүңдү ал да, бас!» - деп айткан адам ким», - деп сурашты алар. Айыккан адам Анын ким экенин билген жок, анткени Ыйса ошол жердеги элдин арасына кирип кеткен эле.

Көлмөнүн жанындагы мыйзамчылдардан башкасынын баары кубанышты. Чындыкты көрө албаган сокурлар көрө албастыктын айынан кыжырданышып, айрыкча айыгуунун Ишемби күнү болгондугу үчүн ачууланышты. Ыйса бул шал оорулуу адамды айыктырып гана койбостон, ага төшөгүн көтөрүп, шаардын көчөлөрү менен басууга буйрук кылды. Муну алар Кудайга каршы күнөө деп эсептешти, себеби Ишемби күнү бардык жумуштар тототулуп, эс алыш керек деген чечим бар болчу. Бул мыйзамды бузган ар бир адам өлүм жазасына тартылышы керек болчу (Сандар 15:32-36). Жүйүттөр Ишемби күндү бүтүндөй эл бекем сактамайынча, Машаяк бул дүйнөгө келбейт деп ишенишчү.

Бул төшөгүн көтөрүп жүргөн адамды жүйүттөр ошол замат ташбараңга алышкан жок, себеби өкүм чыгарылганга чейин эскертүү берилиши керек болчу.

Каршы чыгып, ал адамды коркуталы деп ойлошкон. Айыккан адам Ыйсанын буйругун айтып, өзүн коргоду. Төшөктү көтөрүп жүрүү толук айыгууну түшүндүргөн.

Жүйүттөр кыжырданышып, адамдын айыкканына кубанышкан да жок. Айыктыруу аркылуу Ыйсанын көрсөткөн сүйүүсүнүн күчүн да көрө алышпады. Алар айыккан адам тууралуу көрө албастык жана жек көрүү менен сүйлөшүп жатышты. Ыйса шал оорулуу адмга Ишемби күнү төшөгүн көтөрүп жүргөнгө буйрук кылганга батынды. Жүйүттөрдүн ою боюнча, Ыйса мыйзамды бузгандыктан, өлүм жазасына татыктуу болчу.

Айыккан адам айыктырган адамдын ким экенин билген жок, себеби Ыйсаны таанычу эмес. Ыйса Бетездага биринчи жолу келген болчу. Ыйса айыктыргандан кийин, ал жактан кетип калды. Ал Өзүнө болгон ишенимдин кереметтерге эмес, бирок Анын сүйүүгө толгон Инсандыгына негизделишин каалаган.

Жакан 5:14-16
Кийин Ыйса ага ийбадатканадан жолугуп: «Мына, сен айыктың, абалың мурункудан да жаман болбош үчүн, мындан ары күнөө кылба», - деди. Ал барып өзүн айыктырган Ыйса экендигин айтты. Ошондо жүйүттөр Ыйсаны ишемби күнү айыктырганы үчүн өлтүрмөкчү болуп, куугунтуктай башташты.

Ыйса айыккан адамды күнөөлөрүнөн бошотуу аркылуу аны акырына чейин айыктыруу үчүн кайрадан аны издеп тапты. Ал аны Ийбадатканада Кудайды даңктап жаткан жеринен тапты. Качан ал Ыйсаны көргөндө, бир чети коркунучка батса, экинчиден кубанып кетти. Ыйсанын ага эмне деп айтканын биз билебиз: Сен айыктың. Сага келген кереметтин кеңдигин түшүн. Сен отуз сегиз жыл боюу ооруп келгенсиң. Бул адамдын эмес, Кудайдын кылган иши. Денеде келген Кудай Өзү сенин жүрөгүңдүн көздөрүн ачты.

Сен өз күнөөлөрүңдү билесиң. Кудайсыз жашоо ушул кыйынчылыктарды алып келди. Сени айыктыруум аркылуу сенин күнөөлөрүң да кечирилди. Бул адамдын ички дүйнөсүн да айыктыруу менен, Ыйса ага тил алчаак болуп, мындан ары күнөө кылбай жашоосун айтты. Кечирим алуу мурунку күнөөгө кайра кайрылып барбоо чечимин талап кылат. Машаяктын бийликтүү сөздөрүн кабыл алып өкүнүп, тобо кылгандар кудайлык күчкө толуп, жамандыкты Кудайдын жардамы менен жеңишет. Биз аткара албаган нерсени Машаяк бизден талап кылбайт, Ал бизге денелик азгырыктарды жеңе турган Рухтун күчүн берет. Чындыктын руху жамандыктан качып, ага каршы турганга үйрөтөт.

Оорулар жана кырсыктар кээде Кудай бизди сүйгөндүктөн, бизди Өзүнө кайрып келүү үчүн алар Кудайдан болот. Кээ бир учурларда болсо байлык жана жыргалчылык бул биздин жүрөктөрүбүз Кудайга катуу болгону үчүн Кудай жиберген жаза. Күнөө менен ойнобо, күнөөдөн бошонуу үчүн Машаяктан жардам сура. Күнөө менен Машаяктын ортосунда нейтралдуу абалда турба. Өзүңдөгү күнгөөгө болгон тарткылыкты талкала. Куткаруучуңа келишим менен убада кыл. Ал сени куткарат.

Кандай керемет! Ыйсадан кеңеш алгандан кийин, айыккан адам Жүйүттөргө чуркап барып, аны Назареттик Ыйса айыктыргандыгын жана ишемби күндүн мыйзамын бузганга Ал түрткү бергенин айтты. Мыйзамчыл жүйүттөр болсо бул кишиден Ыйсага чыккынчылык кылып, кармап берет деп үмүттөнүшкөндөй көрүнөт.

Качан Ыйса Ийбадаткананы тазалаганда, ыйык кызмат кылуучулардын жек көрүүсүнөн дагы Ыйсанын бул айыктыргандан кийинки фарисейлердин жек көрүүлөрү күчтүү болчу. Машаяк алардын «такыбаалыгын» жокко чыгарды жана такыбаалык мыйзамды аткаруудан келбестигин көрсөттү. Кудай боорукердикти жана сүйүүнү талап кылат. Сүйүүсүз ыйыктык бул жасалма сүйүү. Кудай ырым-жырымдарды эмес, биздин ичибизди карайт. Кудай бизди мыйзмадын миңдеген эрежелеринен бошотуп, жандын келишими катары бизге сүйүүсүн бергени үчүн ыраазыбыз.

СУРООЛОР:

  1. Эмен үчүн жүйүттөр Ыйсаны куугунтукташты?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:59 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)