Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 035 (God works with His Son)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
A - ЫЙСАНЫН ИЕРУСАЛИМГЕ ЭКИНЧИ ЖОЛУ КЕЛИШИ (Жакан 5:1-47) -- ТЕМА: ЫЙСА МЕНЕН ЖҮЙҮТТӨРДҮН ОРТОСУНДА КЕЛИШПЕСТИКТИН ПАЙДА БОЛУШУ

2. Кудай Уулу менен иштейт (Жакан 5:17-20)


Жакан 5:17-18
Ыйса болсо аларга: «Атам ушул күнгө чейин иш кылып жатат, ошондуктан Мен да иш кылып жатам», - деди. «Ал ишемби күнүн гана бузбастан, Кудайды «Атам» деп, Өзүн Кудайга теңеди»,- деп жүйүттөр Ыйсаны өлтүрүү үчүн, мурдагыдан да көбүрөөк аракет кыла башташты.

Бетездадагы айыктырууга чейин Ыйсага болгон каршылык азыраак болчу. Бул окуядан кийин каршылык күч ала баштады. Душмандары Аны өлтүрүүнү чечишти. Ошентип жүйүттөр менен болгон мамиледе кереметтер бурулуу чекити болуп калды. Ошондон баштап Ыйса куугунтуктала баштады. Окуялардын мындай бурулушуна эмне себепкер болду?

Машаяктын сүйүүсү менен Мыйзамдын бийлигинин ортосунда кагылышуу пайда болду. Байыркы Келишимдин маалында адамдар түрмөдөгүдөй жашашкан. Мыйзамды өтө так аткарууга элди мажбурлагандан улам көптөгөн сот иштери жүргүзүлчү; такыбаалык – жакшы иштердин натыйжасы. Эл осуяттарды ийнесинен жибине чейин бузбай аткарып, Кудайга жагуу аракетин кылышчу. Мыйзамчылдык өзүмчүл жана сүйүүнүн жоктугуна алып келди. Жүйүт эли Кудай менен келишимдин негизинде жашаган жана өздөрүн бир адам катары эсептешкендиктен, мыйзамчылдар ар бир адамга өздөрүнүн көп сандаган эрежелерин таңуулаганга аракет кылышкан. Эң маанилүүсү ишемби күндү сактоо болчу. Кудай жетинчи күнү эс алган сыяктуу эле, адамдар дагы бул табынуу күнү ар кандай иш кылууга тыюу салынган. Ишемби күндү сактабаган адам өлүм жазасына тартылган.

Ошентип ишемби күн Кудай менен жүйүттөрдүн ортосундагы келишимдин белгиси болуп калган жана эгерде алар күнөө кылышып, ортодогу тынчтык бузулуп эле калбаса, бул келишим алардагы Кудайдын катышуусу бар экендигин көрсөткөн.

Ишемби күндү сактабагандыгы үчүн каршы чыккан фарисейлерге Ыйса чечкиндүүлүк менен: «Атам ушул күнгө чейин иш кылып жатат», - деп жөнөкөй жооп берди. Кудайдын сүйүү иштерин жарыялоо алардын мерес мыйзамчылдыгына карата Ыйсанын жообу болчу. Кантип Кудай жаратуу ишинен кийин ушул убакка чейин эс алат, бирок Ал азыр да ишин улантып жатат да? Бул дүйнөгө күнөө кирип, өлүм бүтүндөй жаратылышты талкалап, бүт дүйнө жүзү өзүнүн булагынан ажырагандан тартып, Кудай адашкандарды куткарып, каршы чыккандарды Өзү менен мамилелешүүгө алып келүү үчүн бардык күчүн жумшап жатат.

Биздин ыйык болуубуз жана Анын сүйүүсүн таза жүрөк менен түшүнүүбүз бул Кудайдын максаты.

Ишемби күндөгү айыктыруу Кудайдын ишинин маңызын чагылдырат. Кылган иштери мыйзамга каршы келип жатса дагы, Ыйса ырайымды жарыялап, сүйүүнүн иштерин кыла берген. Сүйүү – мыйзамдын ишке ашуусу. Ишемби күндөгү айыктыруу сүйүүдөн ажыраган жалган ыйыктыкка бетме-бет таймашууга чыккан.

Ошондо жүйүттөр: «Ыйса ишемби күндү бузуп жатат! Жардамга! Келишимди таянычтары талкаланып жатат! Бул мыйзамдын душманы Кудайды шылдыңдап жатат. Ал Өзүн жаңы мыйзам берүүчү кылып алды. Ал бүтүндөй элге коркунуч алып келип жатат», - деп кыйкырышты.

Алардын бири дагы Машаяктын мусапыр адамга көрсөткөн сүйүүсүн, дагы, Анын дүйнөнү жеңгендигин көрүшпөдү. Алар ашыкча динчилдиги менен сокур бойдон кала беришти. Эгерде бүгүнкү күндө дагы адамдар Ыйсаны Куткаруучу катары көрө алышпаса, аларга таң калба, себеби алардын да көздөрү сокур.

Жүйүттөрдүн кыжырдануусунун дагы бир себеби: алардын ою боюнча Ал Кудайды «Менин Атам» деп атап, Кудайды шылдыңдап жатат деп ойлошту. Алар муну ээн баштык дешти. Ошондо алар: «Кудай – бирөө; Анын баласы жок!», - деп кыйкырышты. Ыйса кандайча Кудайды Ата деди?

Бул каршылык алардын кайдыгерлигин көрсөттү. Алар Рухтун шыктандыруусу менен жашаган эмес жана Ыйык Жазууну терең изилдешкен эмес. Кудай алардын Атасы экендиги тууралуу пайгамбарчылыктар да айтылган болчу. Кудай келишимдин элин «Менин уулум» деп атаган (Мисирден чыгуу 4:22; Ошуя 11:1), ошондой эле бул эл Кудайды «Ата» деп чакырган (Мыйзамды кайталоо 32:6; Забур 102:13; Ышайа 63:16; Жеремия 3:4,19 жана 31:9). Кудай Өзүнө ишенген падышаны «Менин уулум» деген (2 Шемуел7:14). Бирок келишимдин элинин жекече мүчөсү Кудайды «Ата» деп чакыра алчу эмес. Жүйүттөрдүн ою боюнча бул мүмкүн эмес нерсе болчу жана мындай нерсени өзгөчө текебердик катары эсептешчү. Жүйүттөр түбөлүк өмүр алып келүүчү, кудайлык касиети менен келе турган Ыйса Машаяктын келе тургандыгы тууралуу билишчү. Алардын Машаякты жек көрүүсү Машаякка ишенбестигин көрсөтүп жатат.

Ыйсанын сөздөрүнөн коркуп жаткан жүйүттөргө Ыйса Атасы сыяктуу Ал дагы акылмандуулук жана сүйүү менен иш кыларын ачык айтып, жооп берип жатат. Ыйса бардык иштерди кыла аларын жана Кудай менен бирдей экенин бекемдеди. Жүйүттөр мындай айтылган ойго каарданып, жек көрүү менен карашты. Өзүн өзү көтөрүп, Кудайга теңеген адам өлүмгө татыктуу болчу. Жүйүттөр Ыйсаны Кудайды шылдыңдоочу катары өлүм жазасына татыктуу деп жек көрүшкөн.

Жакан 5:19-20
Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коөюн, Атасынын кылганын көрбөсө, Уулу Өз алдынча эч нерсе кыла албайт. Анткени Уулу Атасы кылганды кылат. Анткени Атасы Уулун жакшы көргөндүктөн, Өзү кылгандарынын баарын Ага көрсөтөт. Ал тургай, силер таңкала турган мындан да чоң иштерди көрсөтөт».

Ыйса жүйүттөрдүн өжөрлүгүнө сүйүү менен жооп берди жана Кудайдын сүйүү иштерин көрсөтүү менен, алардын жек көрүүсүнө каршы турду. Ооба, Атасы эмне кылса, Уулу да ошону кылат. Ыйса Өз алдынча эч нерсе жасабайт. Ыйсанын Кудай менен болгон биримдиги уулу атасына жакын келип, атасынын кылып жаткан ишин карап тургандай, Ыйса дагы Атасынын колдорун карап турат жана дал Атасыныкындай кылып жасайт. Ошнетип Ал Атасына баш ийет жана даңкты Атасына ыйгарат. Ыйса Атасын урматтайт. Ыйса сыяктуу биз дагы Атабыздын ысымын даңазалашыбыз үчүн чакырылган, олжого ээ болбогон кызматчылар экенибизди түшүнүшүбүз керек.

Өзүнөн баш тартуу жана момундук аркылуу Ыйса Атасынын тапшырмасын аткаруучу даражага жетти. Атасынын белгилери, ысымдары, иштери Ыйсага да тийиштүү. Ал түбөлүктүү, бардыгын кыла алган даңкка ээ болгон чыныгы Кудай. Анын Атасы менен болгон биримдиги түбөлүктүү.

Кудай Ата Машаякты Өзүнөн баш тартып, Атасынын эч нерсе жашырбагандыгы үчүн сүйөт. Ал Уулуна пландары, максаттары жана иштери тууралуу айтып бөлүшөт. Бул сөздөрдөн сүйүүнүн иштеринде бирдиктүү болуу менен Үч Бирдиктүү Кудай биримдиктин үлгүсү экендегин көрүп жатабыз. Атасы, Уулу жана Ыйык Рух бардык иштерде биргелешип иштешкендиктен, бул Ыйык Үч Бирдик түбөлүккө бирге иштешүү менен бул дүйнөдөгү бардык согуштарды, жек көрүүнү жана жалганды акырына чейин жок кыларын билип, бул үчүн кубанабыз. Сүйүү иштеринин биримдиги менен мыйзамчылдыктын куру иштеринин ортосунда кандай чоң айырмачылык бар!

Сыйынуу: Асмандагы Ата, бизге Өз Уулуңду жибергениң үчүн рахмат. Бул аркылуу эмне кыларыңды жана Өзүңдүн ким экендигиңди бизге көрсөттүң. Сүйүүнүн иштерин тандоо үчүн бизди бардык мыйзамчыл иштерден бошот. Мыйзамчыл болгондугубуз үчүн тобо кылабыз жана Сенин сүйүүңдөгү эркиндикти көрүп, момундук менен өздөрүн Сага арнаш үчүн рухий сокур болуп жүргөндөр үчүн өтүнүп сыйынабыз.

СУРООЛОР:

  1. Кантип жана эмне үчүн Атасы Өз Уулу менен бирге иштейт?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:00 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)