Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 112 (Christ's word to his mother; The consummation)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
А - Ыйса кармалгандан баштап көргө коюлганга чейинки болуп өткөн окуялар (Жакан 18:1 - 19:42)
4. Айкаш жыгач жана Ыйсанын өлүмү (Жакан 19:16b-42)

в) Машайактын энесине айткан сөзү (Жакан 19:25-27)


Жакан 19:24б-27
24б Аскерлер ушундай кылышты. 25 Ыйса кадалган айкаш жыгачтын жаныда Анын энеси, таежеси, Клеопанын аялы Мариям жана магдалалык Мариям карап турушкан эле. 26 Ыйса энесин жана анын жанында турган сүйүктүү шакиртин көргөндө: «Аял! Бул сенин уулуң!» - деди. 27 Андан кийин шакиртине: «Бул сенин энең болсун!» - деди. Ошол убакыттан баштап, ошол шакирти Ыйсанын энесин колуна алды.

Айкаш жыгачта Ыйса бүт дүйнөнү кечирип жаткандагы биринчи сөзүн жазган эмес. Ошондой эле ал жүйүттөрдүн дагы Ыйсаны кыйнагандарын, же Ыйсанын оң тарабындагы ууруну кечиргендигин да эскерткен эмес. Себеби Жакан бул кабарды жазып жаткан мезгилде Жыйын бул окуялар тууралуу мурда эле кабардар болчу. Башкы ыйык кызмат кылуучулар жана эл Пасах козусун курмандыкка чалуу үчүн, айкаш жыгач турган жерден Иерусалимге шашып кетишкен, жана Ыйсанын Атасынан дүйнөнү кечирүүсү тууралуу өтүнгөнүн укпай калышкан. Даярданууга убакыт тар болчу. Дин башкаруучулар да бул элдик улуу майрамды майрамдоо үчүн жөнөштү. Шаардын дубалдарынан сурнайлардын үндөрү угулуп, ийбадатканада козулар курмандыкка чалынып, кан тынбай агып жатты. Ал эми Иерусалимдин сыртында айыптын жыгачында Кудайдын ыйык Козусу жек көрүндү болуп, ташталды. Үч айкаш жыгачты римдик аскерлер кайтарып калышты.

Ошол маалда айкаш жыгачка аялдар келишип, анын маңдайында сыздап турушту. Болуп өткөн аёосуз окуя алардын ойлорун чырмап алды. Барынан Кудуреттүү алардын маңдайында адам чыдагыс ооруну башынан кечирип, онтоп жатты. Сооротууга сөз табылбай жатты, жүрөк сыйынууга даай албай жатты. Балким кимдир бирөө Забурдан сөздөрдү шыбырагандыр!

Ыйса энесинин жан кейиткен ыйын сезип, сүйүктүү шакиртинин көз жашын көрдү. Ал Өз акыбалы тууралуу ойлогондун ордуна, капысынан: «Аял! Бул сенин уулуң!» - деди.

Дүйнөнү сатып алуу үчүн тартып жаткан азабына карабай, Өз жакындары үчүн дале да болсо кам көрүп, аларды аяп жатканы Ыйсанын сүйүүсү сүйүүнүн эң жогоркусу экендигин аныктап жаткан жокпу? Шымондун Мариямга айткан «Ал эми сенин жүрөгүң тилингендей болот» (Лука 2:35) деген пайгамбарчылыгы ишке ашты.

Энесин эми камсыз кыла албастыгын билген Ыйса шикиртине төккөн сүйүүсүн энесине арнады. Жакан Ыйсанын энеси менен чогу келген (Матай 27:56), бирок ал өзүнүн жана Ыйсанын энесинин ысымын эскерткен эмес, анткени ал өз ысымын эскертүү менен өзгөчө даңктоо маалында Машайактын ысымын басынткысы келбеди. Качан Ал Жаканга кайрылып, энесин ага тапшыргандан кийин гана бул шакирт өзүн айкаш жыгачтын жарыгына киргизди. Ал Мариямды кучактап, аны өз үйүнө кабыл алды.

Башка аялдар да буларга күбө болуп турду. Алардын бирөөсүн Теңир жети жинден бошоткон болчу. Бул магдалалык Мариям болчу. Ал Ыйсанын жеңиштүү күчүн жаны менен сезип турду. Ал Куткаруучусун сүйчү жана Аны дайыма ээрчип жүрчү эле.


г) Аткарылды (Жакан 19:28-30)


Жакан 19:28-29
28 Ошондон кийин Ыйса баары аткарылганын билип: «Суусадым», - деди. Ыйык Жазуудагы сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду. 29 Ошол жерде ачуу ичимдик турган бир идиш турган эле. Аскерлер ага соргучту малып, аны иссоп бутагына байлап, Ыйсанын оозуна такашты.

Ыйса ачуу ичимдикти татып көргөндөн кийин: «Аткарылды!» - деген жеңиштүү сөздү жарыялады. Бул жеңиштүү жар салуудан мурунку күнү эле Ыйса Атасынан Анын айкаш жыгачта дүйнөнү сатып алганы үчүн даңкталуусун, жана ал аркылуу Атасы да даңкка ээ болуусун суранган эле. Уулу бул сыйынуусу ишке ашарына, Атасы Ага тапшырган иш толук аткарыларына ишенген болчу (Жакан 17:1,4).

Айкаш жыгачтагы Ыйсанын ыйыктыгын карачы! Анын оозунан жек көрүү сөздөрү чыккан жок, байкуш болуп, үмүтсүздүк менен кыйкырган жок, бирок тескерисинче Кудайдын сүйүүсүнө кармануу менен душмандарын кечирди. Куткаруу ишин аткаргандыгын Ыйса билген. Биздин куткарылышыбыз үчүн Кудай жеткилеңдүү Козуну азапка салды. Ыйык Үч Бирдиктин сүйүүсүнүн тереңдигин, бийиктигин эч ким акырына чейин түшүнө албайт. Бул сүйүү – Уулу Атасына түбөлүктүү Руху менен, эч кемтиксиз, тирүү курмандык катары Өзүн берди (Эврейлер 9:14).

Айкаш жыгачтагы Машайактын акыркы сөзүнөн кийин, мындан дагы жеткилеңдүү болууга умтулуунун кажети жок болуп калды. Биздин жашообузга адилдикти жана ыйыктыкты эч бир жакшы иш, сыйынуулар, ыйыкталуу алып келе албайт. Себеби мунун баарын биз үчүн биротоло Кудайдын Уулу аткарып койгон. Анын өлүмү аркылуу жаңы доордун таңы атып, тынчтык келди, анткени, Кудайдын Козусу Өз курмандыгы менен бизди Асмандагы Атабыз менен элдештирди. Буга ишенген ар бир адам акталат. Ыйсанын акыркы айткан «Аткарылды!» деген сөзүнүн түшүндүрмөсүн мына ушул Жакшы Кабар тууралуу китептер чечмелеп берет.

Акыры, Ыйса урмат-сый жана улуулугу менен таазим кылды. Чексиз сүйгөн Атасынын колуна Ал жанын берди. Бул сүйүү Ал бүгүнкү күндө Атасынын оң жагында отурган, ырайымдын тактысына алып келди.

Сыйынуу: Дүйнөнүн күнөөсүн көтөргөн Ыйык Козу, Сен күчкө, байлыкка, акылмандыкка, урмат-сыйга, даңкка, батага жана менин жашоомду дагы Сага арнаганга татыктуусуң. Айкаш жыгачка Кадалган Ыйса, башымды жогору көтөрүп, Сени караганга жардам бер, бардык айыбым үчүн Сенден кечирим сурайм, Сага ишенем, Сен гана Өз ырайымың жана каның менен мени ыйык кыла аласың.

СУРООЛОР:

  1. Ыйсанын айткан акыркы сөзү кайсы?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 09:58 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)