Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 100 (Introduction to the intercessory prayer; Prayer for the Father's glory)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
Д – Ыйсанын арачылык кылып сыйынуусу (Жакан 17:1-26)

1. Кириш сөз


Ыйса адамзатка Жакшы Кабары менен жана иштери менен кызмат кылды. Ал оорулууларды айыктырды, ачтардын курсактарын тойгузду, сокурдун көзүн ачты жана өлгөн адамды тирилтти. Анын сүйүүсү жек көрүүгө жана өлүмгө толгон дүйнө үчүн Кудайдын даңкын ачты.

Ыйсанын кызматынын башталышында көптөгөн эл Аны жолдоду. Качан Жүйүттөрдүн мыйзамчыл, эки жүздүүлүккө баткан Диний Кеңеши өздөрүнүн дининин жана мыйзамдарынын негизи алсырап калганын көрүшкөндө, алар Ыйсаны коркутушуп, шакирттерин болсо өлүм жазасына тартуу менен токтоткулары келди. Ошондон кийин көп элдин кызыгуусу кайтып, Ыйсадан кетип калышты. Ыйса жана Ага ишенимдүү шакирттери куугунтукка алынды, бирок Ыйсанын бардык адамдарга болгон сүйүүсү өчкөн жок.

Кеңешменин азыткысы акыры жүрүп, Ыйсанын он эки шакиртинин бирин алып кетти. Качан Ыйса Келишим тамагынын маалында шакирттерин элчиликке даярдап жатканда, ошол чыккынчы шакирти болсо Өзүнүн Устатына чыккынчылык кылууга даярданып жатты. Ыйса шакирттери менен коштошуп жатканда, Ал Атасы менен бир экенин айтып, келе жаткан куугунтукка карбай, Сооротуучу Рух аларды кудайлык сүйүү менен бекемдерин эскертти.

Бирок шакирттер болсо Теңиринин көздөгөн нерсесин түшүнө алышпады, себеби аларга Ыйык Рух келе элек болчу. Ошондуктан Ыйса Башкы Ыйык Кызмат Кылуучу катары Атасына түздөн-түз кайрылып, сыйынуу аркылуу Өзүн жана шакирттерин Атасынын колуна аманат кылды. Ошондой эле, Ал элчилеринин күбөлөндүрүүсүнөн улам ишенип калгандар үчүн дагы сыйынды.

17-бапта жазылган Машайактын арачы катары сыйынуусу бизге Кудайдын Уулу Атасы менен сүйлөшөөрүн жана ошондой эле, Ыйык Үч бирдиктин ортосунда сүйүүнүн күчү бар экендиги тууралуу кабарлап жатат. Бул жерде Сыйынуунун Руху бар экени ачыктан-ачык көрүнүп турат. Ушул бөлүмдү терең изилдеген адам Кудайдын Ийбадатканасына кирип, табынууга жана арачылык кылууга жүрөгү толот.


2 Атанын даңкы үчүн сыйынуу (Жакан 17:1-5)


Жакан 17:1
1 Ыйса ушул сөздөрдү айткандан кийин, асманды карап, мындай деди: «Ата! Убагы келди. Уулуңду даңкта, Уул да Сени даңктасын».

Ыйса Атасы менен бир экендигин шакирттерине айтты. Ал Атасынын ичинде, Атасы болсо Анын ичинде. Ыйсаны көргөн адам Кудайдын Өзүн көрөт. Бирок Ыйсанын шакирттери бул таң каларлык аяндын маанисин түшүнө алышпады. Качан алар денедеги Кудайды ойлошкондо, аларга коркунуч келип жатты. Ыйса алсыз, жалтак шакирттерин акылдары курчуп, Кудайдын ыйык сүйүүсүндө болушсун деп, аларды Атасынын карамагына берди.

Ыйса көздөрүн асанга буруу менен, шакирттерин таң калтырса керек. Кандайча Ал Атасы менен бир болуп туруп, бирок ошол эле маалда Ал асмандагы Атасына сыйынат? Мындай акылга сыйбаган көрүнүштү көрүшүп, шакирттеринин баштары маң болду. Бул жердеги эки кубулуш тең, башкача айтканда, Атаса менен Уулунун ортосундагы жеткилеңдүү биримдиги да, жана алардын Өз алдынча эркин экендиги да чын. Биздин акылыбызга салыштырмалуу, Кудайдын күчү алда канча зор, ошондуктан Ыйык Рух бизге ушул эки түшүнүк тең чындык экенине үйрөтөт. Ушул эки нерсени түшүнүү сен үчүн татаал болуп жатса, анда Кудайдан акылыңды ачып берсин деп суран. Ыйык Рухсуз эч бир адам Ата менен Уулду толук түшүнө албайт.

Бул сыйынууда Ыйса Кудайды Ата деп чакырды. Кудай ыйык Теңир гана эмес, Ал ошондой эле каардуу Сот дагы. Бирок Анын боорукер сүйүүсү Анын бардык башка сапаттарын ашып өтөт. Кудай Өзү- ыйык Сүйүү жана мээрман Чындык. Качан Ыйса Ыйык Рух аркылуу Кудайдын Уулу болуп төрөлгөндө, Кудайдын ушул Аталык сүйүүчү сапаты жаңыдан ачыкка чыкты. Ыйса Атасы менен түбөлүктүү жашачу, бирок биз Кудайдын балдары болушубуз үчүн, бизди сатып алуу максатында Ал жерге адамдын денесинде келди. Кудайдын Ата деген наамынын жар салынышы Ыйсанын дүйнөгө жарыялаган кабарынын маңызы болуп калды. Ушул чындык аркылуу Ыйса бизди соттун коркунучунан бошотту. Анткени Сот бул биздин Атабыз жана кепилибиз болсо бул карызыбызды төлөгөн биздин Бир Тууганыбыздын Өзү болуп калды. Эгерде сен Ыйсанын жар салган Ата деген ысымын өзүңдүн жаныңа сиңирип алган болсоң, жана ошол билимдин негизинде жашап жатсаң, демек сен Жакшы Кабардын маңызын түшүнгөнсүң.

Машайак Атасынын алдында дүйнөдөгү эң чечүүчү маал, башкача айтканда, Кудай менен Адамзат элдеше турган кез келип калгандыгын айтты. Бүт адамзат, периштелер, диндер жана философиялар ушул саатты күтүп келишкен. Мына эми, ошол саат келип жетти! Машайак Кудайдын Козусу катары дүйнөнүн күнөөсүн көтөрдү. Ал Кудайдын каарынын жалынында жалгыз курман болууга даяр болду. Мына ушул маалда чыккынчы ийбадаткананын сакчылары менен бирге момун жана кайраттуу Адамды, өлүмгө даяр, эч калканычы жок Кудайдын Уулун кармоо үчүн жолдо келе жаткан болчу.

Жакан 17:2
2 Сен Ага ар бир адамдын үстүнөн бийлик бердиң. Өзүң Ага кимдерди берсең, ошолордун баарына Ал түбөлүк өмүр берет.

Көп адамдар «даңк» деген сөздү жаркыраган жарык деп ойлошот. Ыйса Өзүнүн даңкынын жана кудайлык табиятынын маңызы Анын курмандык сүйүүсүндө экенин көрсөттү. Ал айкаш жыгачка керилген маалда, азаптын жана коркунучтун күчөгөн маалында кудайлык сүйүүсүнүн шооласы Өзүндө жаркырап жансын үчүн, Атасынан ушул курмандык сүйүүсүндө сактоосун суранды. Дүйнө Уулдун өлүмү менен акталышы үчүн, Ал козголоңчул, өлүмгө татыктуулар үчүн Өзүн жан дили менен курмандыкка берген. Уулунун даңкынын өзөгү мына ушунда.

Ыйса Өзү үчүн эмес, бирок Атасынын даңкы үчүн курмандыкка барды, жана башка бир да бирөө мойнуна ала албаган ишти Ыйса мойнуна алды. Ал айкаш жыгачта Атасын даңтап, адамзаттын Кудай менен элдешүү ишин аткарды. Качан күнөө кечирилгенде, Кудайдын сүйүүсү жанат, ошондуктан бардык адамдар Кудайга бала болууга чакырылган. Ыйыктыкта жашоо менен балдары асмандагы Атасын даңктоо үчүн, Ыйык Рух ишенгендерге Машайак аркылуу төгүлдү. Ошондуктан, мындан ары Рухтан жана чындыктан төрөлгөн адамда куткарылуунун сүйүүсү жанып, ошону менен Атабызды даңктоону Ыйса тиледи.

Ыйсага Өзүнүн кудайлык даңкы кайтып келди жана Атасы Ага бардык адамзаттын үстүнө бийлик берди. Машайак Ал тирүү Кудай, Жаратуучу жана сатып Алуучу. Ал - Теңир, Падыша жана Сот. Эми биз Ыйсаныкыбыз, Ал болсо биздин үзүлбөс үмүтүбүз. Ыйса Өзүнө берилген бийликти соттоо же талкалоо үчүн алган жок, бирок Ал бийликти куткаруу жана колдоо үчүн алды. Машайактын келишинин максаты бул Ага ишенгендердин түбөлүк өмүрдү алуусу. Мындан ары өлүм ишенгендерге үстөмдүк кыла албайт. Ыйса айкаш жыгачта адамзаттын күнөөсүн кечирди. Куткарылуунун белегин аз гана адам кабыл алса дагы, ишенгендер Ата, Уул жана Ыйык Рухка ишенген, тандалып алынган эл болуп саналат жана алар Машайактын куткаруу ишинин даңкын тарата беришмекчи. Ишенгендердин ичинде Кудайдын Руху жашайт. Алардын жаңы жашоосу бул доордогу Кудайды даңазалоочу керемет.

Жакан 17:3
3 Ал түбөлүк өмүр – жалгыз чыныгы Кудай Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машайакты таануу.

Машайактын Кудай жөнүндө айткандарын Ыйык Рух бекемдейт. Кудай Машайактын жана биздин Атабыз. Анын кудайлык сырларына ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ. Машайактан башка эч кимде Кудайды билүүнүн ачкычы жок. Уулу аркылуу Кудайдын Аталык сапатын көргөн жана ишенген адам ыйыкталып, Кудайдын баласы болуп калат. Машайактын айтып жаткан сөзү жөнөкөй илим эмес, бул рухий табияттын өзү. Кудай ар бир ишенген адамда кайрадан Өзүнүн келбетин тургузат. Бул кудайлык келбеттин мааниси эмне? Бул Ыйык Рух Кудайдын балдарынан өстүрүп чыгарган сүйүү, чындык жана чынчылдык. Бул ошондой эле Кудайдын күчү көрүнгөн жерде Атабыздын ысымын даңктоо.

Рухтан төрөлүп, айкаш жыгачка керилип, кайрадан тирилген Машайак аркылуу дүйнө Кудайдан алыс жашап келгендигин түшүндүрүү үчүн, Кудайды таануу үчүн Атабыз Машайакты жиберген. Уул сүйүүсү, ыйыктыгы менен Өзүнө бардык бийликти топтогон ыйык Элчи. Эгерде чыныгы Кудайды билгиң келсе, Рух менен майланган Ыйсанын жашоосун изилдеп бил. Машайак катары Ал ошондой эле Падышалардын Падышасы, Башкы Ыйык Кызмат Кылуучу, жеткилең Пайгамбар жана Кудайдын денеде келген Сөзү.

Жакан 17:4-5
4 Мага тапшырган ишиңди аткарып, Мен Сени жер үстүндө даңктадым. 5 Эми Мени Сен Өз ичиңде даңкта, Ата! Мени дүйнө жаратыла электен мурун эле Сенин ичиңде ээ болгон даңкыма бөлө.

Ыйса жерде жашап жүргөндө, дайыма Атасы менен жакын болуп, Атасын күбөлөндүрүп, Анын иштерин аткарды. Ал Атасын даңктоо үчүн Өзүнөн баш тартты. Ал Атасынан уккандарынын баарын бизге айтып берди. Ыйсанын бүтүндөй жашоосу Атасын даңктады жана анын сыйынууларына жооп болоруна ишенди. Ыйса айкаш жыгачта сатып алуу ишин аткарды. Бирок Атасы берген ишти аткарганы үчүн Өзүн кыйын сезген жок. Ал ушул иштин баарын Атасы ишке ашыргандыгын айтат. Ыйса Өзүнүн атак-даңкын таштап, Өз кызыкчылыгын көздөгөн жок, бирок Ал түбөлүктүүлүктүн даңкы Аны колдоп кеткенге татыктуу болчу. Муну менен Ыйса Өзүн түбөлүктүүлүктөн тартып даңктуу экендигин далилдеди. Кудайдан чыккан Кудай, жарыктан чыккан жарык, жаратылган эмес, бирок төрөлгөн. Максатын ишке ашыргандан кийин, Ыйса Атасына кайрылып барууну көксөдү. Качан Ал асманга кайтып барганда, периштелер жана башка макулуктар: «Күчтү, молдукту, акылды, бийликти, урмат-сыйды, атак-даңкты жана батаны кабыл алган Козуга даңк», - деп даңазалашат.

Сыйынуу: Асмандагы Ата, Сенин ысымың даңкталсын. Уулуң жашоосу, сыйынуусу жана курмандыгы менен Сени даңазалады. Биз керек болсо, жүзүбүздү жогору көтөрүп, Сени караганга дагы татыксызбыз. Биз үчүн курман болгон Машайак аркылуу күнөөлөрүбүздү кечиргениңе, бизди Өзүңө бала кылып алганыңа миң мертебе ыраазыбыз. Жүрөгүбүзгө Ыйык Рухуңду кую менен, бизди түбөлүк өмүргө өткөргөнүңө жаныбыз ыраазы. Түбөлүккө Сени даңктаганга, элдер биздеги жакшылыктан Сенин Аталык мээримиңди көрүп, Сени даңкташы үчүн Уулуңдун осуятына моюн сунуп, бири-бирибизди сүйгөнгө бизге жардам бер.

СУРООЛОР:

  1. Ыйсанын сыйынуусунун биринчи бөлүгүндөгү негизги ой эмнеде?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 09:39 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)