Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 099 (Christ's peace in us defeats the world's afflictions)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
Г - Гефсиманияга бара жаткандагы коштошуу (Жакан 15:1 - 16:33)

6. Машайактын тынчтыгы биздеги дүйнөлүк азапты жеңди (Жакан 16:25-33)


Жакан 16:25-26а
25 Ушул убакка чейин Мен силерге үлгү-насаат аңгеме менен сүйлөдүм. Атам жөнүндө үлгү насаат аңгемелер менен эмес, ачык айта турган убак келет. 26а Ошол күнү Атамдан Менин ысымым урматына сурайсыңар.

Ыйса асман тууралуу түшүнүктөрдү сүрөттөмөлөр менен берген. Бул сырлар дүйнөнүн адамдарынан жашырылганы менен, адилдикке суусаган адамдарга ачылып берилген. Өзү тууралуу шакирттеринин толук түшүнүүсүн Ыйса каалаган эле, жана келечекте Ал тирилген күн келерине, асманга көтөрүлүп барып, Атасынын оң тарабына отурарына, жана Кудайдын Рухун шакирттерине жиберерине үмүттөнгөн. Ал куткаруунун ушул иштеринин баары бир күндө болчудай айткан. Ыйык Рух Ыйсанын жолдоочуларынын жүрөктөрүнө келип киргенден тартып, үлгүл-насаат аңгемелердин, кыйыр айтылган сөздөрдүн күчү кетип, Машайактын Руху ишенгендердин жүрөктөрүн жарыктандыргандыктан, кыйыр айтылган сөздөрдүн заманы артта калды.Кудай Ал Ата, ал эми Ыйса болсо Анын Уулу. Ыйык Рух болбосо, эч ким Кудайды тааный албайт. Бир гана Уулунун Руху бизди Кудайдын үй-бүлөсүнө тартат. Сенин жердеги атаң барбы? Аны менен маектешесиңби? Ал сен үчүм кам көрөбү? Бул суроолор сезимдин суроолору. Ыйсанын сөздөрү жана Ыйык Рухтун сооротуусу Кудайдын кудуреттүү жана ыйык экенин, бизди сүйгөн жалгыз Кудай экенин далилдейт. Биз Анын сүйүктүү балдарыбыз. Биздин күнөөкөр экенибизге карабай, Машайактын каны аркылуу Кудайдын алдында ыйыкталдык. Ыйык Рух бизди чыныгы сыйынууга далалат кылдырат, анткени бул Машайактын Руху. Рух менен сыйынып жатканда, Машайак биз аркылуу сыйынат. Атабыздын ишенимдүүлүгүнө таян, Рухтун сыйынуусу менен сыйын. Сенин сыйынууң сенин ичиңдеги Рух менен, Уулу менен бирдикте болгон асмандагы Атабыздын ортосундагы сүйлөшүү.

Жакан 16: 26б-28
26 Ошондо Мен силерге: «Атамдан силер үчүн өтүнүп сурайм», - деп айтпайм. 27 Анткени Атам Өзү силерди сүйөт. Себеби силер Мени сүйөсүңөр жана Кудайдан келгениме ишендиңер.

Балдарын сүйбөгөн ата ата эмес. Кудайдын ысымын ачып берүү менен, Ыйса Кудайдын сүйүүсүн жөнөкөй жол менен түшүнүүгө жол ачты. Атанын ысымын даңазалоо - Машайактын максатынын өзөгү эле. Атаны билген адам Кудайды да билет. Ал адам Кудайын баласы болуп, Анын терең сүйүүсүндө жашайт. Мына ушул ысымдан биз Жакшы Кабарды, үмүттүү жана түбөлүктүү жашоону табабыз. Эми мындан ары, сага арачынын кереги жок экенидигин Ыйса айтат, себеби Атабыз Өзү сени сүйөт. Ал сүйүүгө жана ырайымга мол Кудай. Машайак айкаш жыгачта курман болгондон баштап, Кудай менен биздин ортобузда эч кандай тоскоолдук жок болуп калды. Уулуна, Кудайдын Козусуна, болгон ишенимден улам, Машайакты сүйгөндөрдү Кудай да өзгөчө сүйөт. Машайактын Кудай экенин, Анын Атадан келгенин, жана Ал Атасынын ичинде жашайрын түшүнгөн адам, Ыйык Үч Бирдиктин Өзүн баамдаган болот. Ал адам Кудайдын жашоосу менен жашап, Атабыздын ырайымына толуп, Рухта кубанып жашайт.

Башкача айтканда, булар аркылуу, куткарылуунун ажайыптуулугун Ыйса шакирттерине айтып берип жатат. Ыйса Өзүнүн жогорку наамын калтырып, жерге келип, эл аралады, кастыкка жана ыпластыкка туш болду, бирок качан Ал айкаш жыгачта адамзат үчүн адилеттүүлүктүн жолун ишке ашыргандан кийин, бул дүйнөдөн кетип, өмүрдүн булагы болгон Атасына кетти.

Жакан 16:29-30
29 Ошондо шакирттери: «Мына азыр үлгү-насаат аңгемесиз, ачык айттың. 30 Биз азыр Сенин баарын билгениңди билдик. Сага суроо берүүнүн деле кереги жок экен, анткени Сен биз сурай электе эмнени сурарыбызды билесиң, ошондуктан Кудайдан келгениңе ишенебиз», - дешти.

Шакирттер Кудайдын сүйүүсүнүн чексиздигин жана Ыйсанын түбөлүктүү экендигин түшүнүп калышты. Ыйса бардыгын билген, ыйык жана түбөлүктүү Кудай. Бирок алар Ыйса денеде келген сүйүүнүн өзү экенин түшүнө алышкан жок жана Ыйса бул чындык тууралуу үч ирээт айтса дагы, алар Кудайды Ата деп атай алышпады. Алар бул чындыктын нукура маңызын түшүнбөй жатышты.

Жакан 16:31-32
31 Ошондо Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Азыр ишенип жатасыңарбы? 32 Мына, ар кимиңер ар кайсы жакка чачырап кете турган убак келе жатат, атүгүл келип да калды. Силер Мени жалгыз таштап кетесиңер. Бирок Мен жалгыз эмесмин, анткени Атам Мени менен».

Ыйса ууртунан жылмайып: «Силер өз акылыңар менен Мени толук түшүнөбүз деп ойлоп жатасыңарбы? Өз билимиңер менен чыныгы ишенимди дагы түшүнгүңөр келип жатабы? Сыноо мезгили келип калды, жана ушул сыноо силердин ишенимиңерде сүйүүнүн күчү жок экендигин көрсөтөт. Силер Кудайды түшүнө албадыңар, себеби Анын аталык табиятына ишенген жоксуңар. Баарыңар тең Мени жалгыз таштап, качып кетесиңер. Ошондо силердин ишенимиңер бекем эмес экендиги билинет».

«Мен өлүмгө барсам да жалгыз эмесмин, себеби Атам дайыма Мени менен». Бул кеп Ыйсанын айкаш жыгачтагы «Ата, Мени эмнеге жалгыз калтырдың?» - деп кыйкырганына карама-каршы келип жатабы? Жок, анткени ыйык Кудай Өз жүзүн Ыйсадан жашырды, бирок ошентсе дагы, Ыйса Атасынын жанында экенине ишенген. Ыйсанын: «Мен Сени көрбөсөм дагы, Сенден кетпейм. Жанымды Сенин колуңа берем » деп айтуу менен, Кудайдын өзгөрүлгүс экенин көрсөтүп жатат. Кудайдын Аталык табиятына болгон Ыйсанын ишеними биздин айыбыздан мойнуна түшкөн сотту жеңип чыкты. Уулунун Атасына болгон сүйүүсү дүйнөнүн күнөөсүнө бурулган Кудайдын каарына от жандырды. Анын арыбас үмүтү бизге Атабызды көргөнгө жол ачты. Ыйсанын өлүмү аркылуу биз да: «Мен жалгыз эмесмин, анткени Атам мени менен» деп айта алабыз.

Жакан 16:33
33 Мен муну силерге Менин тынчтыгым силерде болсун деп айттым. Бул дүйнөдө азап тартасыңар, бирок кайраттуу болгула, анткени Мен бул дүйнөнү жеңдим.

Коштошуунун соңунда Ыйса бардык ишенгендерди кайратка толтуруу үчүн, «Мен силер менен бир канча убак жашадым, жүрөгүңөрдү кудайлык сүйүүгө толтуруу жөнүндө үйрөттүм. Мага ишенбегендердин жүрөктөрүндө тынчтык жок. Мен, Кудайдын Уулу, силердин жүрөктөрүңөрдөгү күнөөлөрдү кечирдим, силердин ички дүйнөңөрдү тазарттым. Мен силердин ичиңерге тынчтыгымдын Рухун саламын. Силер болсо Менин сөзүм менен жашагыла. Силерди коргоочу Менмин. Менден башка силерди коргой турган эч ким жок. Кудай менен элдешүүңөр ошол тынчтыктын булагы. Менин каным аркылуу күнөөлөрүңөр кечирилмейинче, абийириңердин айыптоосунан бошоно албайсыңар. Мен силерди куткардым жана Менин Рухум дайыма силер менен. Менин силерге берген тынчтыгым бул элесте гана боло турган нерсе эмес, бул чыныгы тынчтык. Мен силерге тынчтыгымды тартуулоо үчүн келдим; тынчтыгымды кабыл алгыла, Мага ишенгиле».

Менин бир тууганым, бул дүйнөдө сени тынчтык күтүп турат деп ойлобо. Жок! Дүйнөдө көп коркунучтар: куугунтук, оору, алдамчылык, көз-жаш жана өлүм жашырылган. Динчилдер сени четке кагышат, акылы тайкылар сени мазакташат. Миңдеген жалганчылыктар жана философиялар сенин ишенимиңди сынактан өткөрөт. Текебердик жаныңда дайыма сени тегеректеп жүрөт. Акчаны сүйбө; байлык сени коопсуз кыла албайт.

Менин сүйүүмдө терең бол жана момундукта Мени жолдо, Мен сыяктуу курмандык жашоо менен жаша, өзүңдөн баш тарт. Мен дүйнөнү жеңип чыктым. Бирок Мен Өзүмө эч нерсе сураган жокмун. Мен Ыйык Кудайдын табиятындамын. Кудайдын «Ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын» деген осуяты Менде орундалды. Сүйүүнүн жеткилеңдиги Менде. Менден силер Атамды көрөсүңөр.

Ыйсанын айткан сөздөрүнүн маанисин түшүнүп жатасыңбы? Сенин жүрөгүңдө сүйүүсү жаңырып турушу үчүн, Ыйса Атасы экөөңөрдүн ортоңорго мамилелешүүнү курду. Тынчтык бул ишенгендердин жашоосунун эң маанилүү бөлүгү. Дүйнө жамандыкта кала берет жана сенин тынчыңды алат. Бирок өлүм менен Шайтанды жеңип чыккан Жеңишке болгон сенин ишенимиң сени Кудайдын каарынан жана түбөлүктүү азаптан куткарат. Машайакка ишенген адамга Кудай ырайым кылат. Ыйсанын ушул чындыктары жүрөгүңө толдубу? Ыйык Рух сага: «Кудай - менин Атам, Уулу болсо менин Куткаруучум, ичимде болсо Ыйык Рух жашайт. Биздин ичибизде бир Кудай бар. Мен Анын ырайымында жашайм», - деп сүйүнүп айтканга жардам берип жатабы?

Сыйынуу: Теңир Ыйса Машайак, Сен Менин жүрөгүмдү ээлеп алдың, мени Өзүңө сатып алдың. Сен мени шайтандын капканынан алып чыгып, жалгандыктын түрмөсүнөн бошоттуң. Мага түбөлүк өмүрдү тартууладың. Эми мен өлүмдөн коркпойм, Сенин келишиңди күтөм. Ар дайым Сенин эркиңде болоюн; жана бардык ишенгендер менен Сени даңктап, Атабызга табынгандай кылып, мени Рухуң менен толтурчу. Бир туугандарымды сүйгөнгө, башкаларды кечиргенге жана Сен жетектеген тынчтыктын адамы болуума жардам бер. Сага таянам; Сен Жеңүүчүсүң.

СУРООЛОР:

  1. Атабыз бизди эмне үчүн жана кантип сүйөт?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 09:38 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)