Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 011 (The Sanhedrin questions the Baptist)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
Б - МАШАЯК ШАКИРТТЕРИН ТОБО КЫЛУУ ЖЕРИНЕН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮНУН КУБАНЫЧЫНА АЛЫП БАРДЫ (Жакан 1:19 - 2:12)

1. Синедриондун мүчөлөрү чөмүлдүрүүчү Жаканды суракка алышты (Жакан 1:19-28)


Жакан 1:19-21
Жүйүттөр Иерусалимден ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерди жиберип, «Сен кимсиң?» - деп суратышканда, Жакан аларга: «Мен Машаяк эмесмин», - деп күбөлөндүрдү. Ал жооп берүүдөн баш тарткан жок, ачык эле айтты. Ошондо алар: «Анда сен кимсиң, Илияссыңбы?» - деп сурашты. «Жок», - деди ал: «Пайгамбарсыңбы?» - деп сурашканда, ал: «Жок», - деп жооп берди.

Чөмүлдүрүүчү Жакан Иордан дарыясынын боюнда чөмүлдүрүп жаткан эле. Миңдеген адамдар тоолорду аралап, коктулардагы ээн жолдор менен келүүдөн коркушкан жок. Алар чөмүлдүрүүчүгө жаңы пайгамбардын үнүн угуу үчүн, чөмүлдүрүлүп, күнөөлөрдөн кечирим алыш үчүн келип жатышты. Текебер адам ойлогондой, эл караңгы эмес. Эл Кудайдын жетегин көксөп келген. Алар бул адамдын ичиндеги күчтү жана бийликти айырмалай алышты. Эл ырым-жырым жана эрежелердеп чарчашкан эле. Алар Кудай менен болгон жолугушууну эңсешти.

Жүйүттөрдүн Жогорку Диний Соту болуп эсептелинген Синедриондун мүчөлөрү да бул жогорудан төрөлүү тууралуу кабардар болушкан. Алар ыйык кызмат кылуучулар менен чогу курмандыкка чалына турган малдарды союшкан жардамчыларын кошуп жиберишкен болчу. Алар чөмүлдүрүүчү Жакан менен сүйлөшкөнү келишти. Эгерде Жакан чөмүлдүрүүчү Кудайды шылдыңдаган иштерди кылып жаткан болсо, анын мындай иштерине тыюу салуу максатында келишкен эле.

Ошентип чөмүлдүрүүчү Жакан менен Синедриондун мүчөлөрүнүн ортосундагы жолугушуу расмий мүнөздө, коркунучтуу болуп өттү. Жакшы кабарчы Жакан бул келген адамдарды Иерусалимден келген Жүйүттөр деп атаган. Бул ат аркылуу ал Жакшы Кабарынын дагы бир темасын ачты. Ошол убактагы жүйүттөр Мыйзамды бекем сакташкан. Алар мыйзамчылдыкка жана көрө албастыкка толгон адамдар болчу. Ошентип, Иерусалим өзү баш болуп Ыйсанын Рухуна каршы чыкты. Байыркы Келишимдеги гана адамдар эмес, бирок ошондой эле ыйык кызмат кылуучулардын тобу, айрыкча фарисейлер өздөрүнүн пландарына жана башкаруусуна туура келбеген бардык диний кыймылдарга каршы өтө сак болушкан. Мына ушул себептен алар чөмүлдүрүүчү Жаканды суракка алышып, аны сөзүнөн кармоону чечишти.

Топтошкон эл кулак салып, эмне болуп кетери экен деп кунт коюп, Жаканды угуп турушту. Ыйык кызмат кылуучулар Жаканга: «Сен кимсиң?» - деп биринчи суроону узатышты. «Сага сүйлөгөнгө ким укук берди? Сен Мыйзамды жана Теологияны окудуң беле? Сен өзүңдү Кудай аркылуу даярдалганмын деп ойлойсуңбу? А балким өзүңдү Машаякмын деп жүрбө?» Чөмүлдүрүүчү Жакан бул суроолордун аркасында жашырылган амалкөйлүктү көрүп турду. Ал калп айткан жок. Эгерде ал: «Мен Машаякмын», - десе, анда алар Жаканды айыптап, таш бараңга алышмак; Эгерде ал: «Мен Машаяк эмесмин», - десе, анда ага келген элдер кетип калышмак жана мындан ары маанилүү адам катары саналбай калмак.

Ыбрайымдын урпактары ошол мезгилдерде римдиктердин эзүүсү алдында азап тартышып, кемсинген жашоодо жашап жатышкан. Алар ушул Римдин эзүүсүнөн куткара турган Куткаруучуну көксөп күтүп жатышкан эле.

Чөмүлдүрүүчү Машаяк да эмес, Кудайдын Уулу да эмес экендигин ачык айтты. Ал Ыйык Рухтун жетегине каршы чыккан наамды кабыл алган жок. Убагы келгенде, Кудай ал жарыялаган кабарды ишке ашыраарына ишенүү менен, Жакан чакырылган кызматына момун жана ишенимдүү болуу менен кала берди.

Биринчи соккудан кийин ыйык кызмат кылуучулар: «Анда сен кимсиң, Илияссыңбы?» - деп сурашты. Бул ысым тууралуу Малахиянын китебинде 4:5-аятта айтылат. Ал жакта Машаяк келгенге чейин душмандарына асмандан от түшүргөн жана Кудайдын күчү менен өлгөн адамды тирилткен атактуу Илияс пайгамбардын руху жана күчү менен бир пайгамбар келери жазылган. Ар бир адам бул атактуу адамды эл башчысы катары эсептеген. Ал эми Жакан убадаланган пайгамбар болсо дагы, ал жөнөкөй болду. Матайдын Жакшы Кабарынын 11:14-аятында бул тууралуу Ыйсанын күбөлөндүрүүсү жазылган.

Анан ыйык кызмат кылуучулар андан Муса мурда алдын ала айткан, өзү сыяктуу жаңы жана улуу осуят бере турган (Мыйзамды кайталоо 18:15) пайгамбарсыңбы деп сурашты. Бул суроону берүү менен алар аны пайгамбар катары сүйлөгөнгө ким жибергенин билгилери келишти. Ошентип алар Жакандын ким экендигин, кандай бийлиги бар экенин жана ал аян аркылуу сүйлөйбү же өзүнөн чыккан нерселерди сүйлөйбү деген суроолорду сурай беришти.

Чөмүлдүрүүчү Мусанын ролунда болуп, өзүн ага теңөөдөн баш тартты. Ал Кудайдан ушул ишти аткарууга дайындалбагандан кийин, Кудай менен жаңы келишимди түзүүнү каалаган жок. Жакан өз элин аскердик жеңишке жетектегиси келген жок. Азгырык маалында ал текебер болбостон, ишенимдүү болду. Ошол эле мезгилде ал душмандарынын алдында акылмандуулук менен керектүү гана сөздөр менен жооп берди. Ал ашык сөз сүйлөгөн жок. Биз дагы жашообузда ушул принциптерди пайдалануубуз маанилүү.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, биздин дүйнөгө момун адам чөмүлдүрүүчү Жаканды жибергениңе рахмат. Өзүбүздү башкаларга караганда маанилүү жана кыйын эсептеген ойлорубуз үчүн бизди кечир. Биз жөнөкөй кызматчы экендигибизди жана бир гана Сен улуу экендигиңди түшүнүүбүзгө жардам бер.

СУРООЛОР:

  1. Жүйүттөрдүн жогорку сотунун атынан келген өкүлдөрдүн берген суроолорунун максаты эмне болгон?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:42 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)