Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 064 (The Jews interrogate the healed man)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
2. Тубаса сокур адамдын айыгуусу (Жакан 9:1-41)

б) Жүйүттөрдүн айыккан адамды суракка алышы (Жакан 9:13–34)


Жакан 9:24-25
24 Ошондо фарисейлер мурун сокур болгон кишини экинчи ирет чакыртышты да: «Кудай алдында чыныңды айт, биз ал Адамдын күнөөкөр экенин билебиз», - дешти. 25 Ал мындай жооп берди: «Анын күнөөкөр же күнөөкөр эмес экенин билбейм. Бир гана нерсени билем: мен сокур болчумун, азыр көзүм көрүп калды».

Жүйүттөр Ыйсаны айыптоо үчүн Анын алсыз жерин издеп жатышкан. Ыйсаны айыптоо үчүн алар айыккан адамды өздөрүнүн алдына кайра алдырышып, аны Ыйсага каршы сөз айттырууну күтүп жатышты. Алар өздөрүн мыйзамды кыйын билгендер катары эсептешкендиктен, Ыйсаны күнөөкөр деп ойлошчу жана аларга күбө керек болчу. Ыйсаны айыптоо үчүн жүйүттөр жигитке алардын ойюна кошулууга басым жасашып, анын айыгуусу Назареттик Ыйсага эч тийешеси жок деп айтышын каалашты. Бирок ал: «Бир Кудай Өзү билбесе, Мен Анын күнөөкөр же күнөөкөр эмес экендигин билбейм. Бир нерсени билем: мен мурда сокур болчумун, азыр болсо көрүп калдым», - деп акылдуу жооп берди. Бул чындыкты эч ким жокко чыгара албайт. Мунун өзү кереметти, Кудайдын күчүн жана ырайым менен келген кечиримди көрсөтүп жатат. Жаш жигиттин күбөлөндүрүүсүндөй күбөлөндүрүүнү миңдеген ишенгендер айтышат. Алар бейиштин жана тозоктун сырларын түшүнүшпөсө дагы, жогорудан төрөлүүгө ээ болушат. Ишенген ар бир адам: «Мен сокур болчумун, азыр көрүп жатам», - деп жарыя кыла алат.

Жакан 9:26-27
26 «Ал сага эмне кылды? Көзүңдү кантип ачты?» - деп, алар дагы сурашты. 27 «Айтып эле жатпаймбы, өзүңөр укпай жатасыңар го. Дагы эмнени уккуңар келет? Же силер да Анын шакирти болгуңар келип жатабы?» - деп жооп берди ал.

Жаш жигиттин жообуна кыжырланган жүйүттөр сөзүнөн кармоо үчүн аны кантип айыккандыгы тууралуу кайрадан айтып берүүсүн талап кылышты. Жигит ачууланып: «Биринчи жолу айтканымды түшүнгөн жоксуңарбы? Анын шакирттери болушуңар үчүн окуяны дагы уккуңар келип жатабы?» - деп жооп берди.

Жакан 9:28-34
28 «Анын шакирти сенсиң, биз болсо Мусанын шакирттерибиз», - деп фарисейлер аны жекиришти да: 29 Кудайдын Мусага сүйлөгөнүн билебиз, ал эми Жанагынын кайдан келгенин билбейбиз», - дешти. 30 Ошондо көзү көрүп калган адам аларга мындай деп жооп берди: «Анын кайдан келгенин билбегениңер кызык экен. Ал менин көзүмдү ачпадыбы. 31 Кудайдын күнөөкөрлөрдү укпай тургандыгын билебиз. Бирок ким Кудайдан коркуп, Анын эркин аткарса, Кудай аны угат. 32 Бирөө тубаса сокурдун көзүн ачты дегенди эч ким эч качан уккан эмес. Эгерде Ал Адам Кудайдан болбосо, мындай ишти кыла алмак эмес». 33 Ошондо алар: «Күнөөкөр болуп төрөлгөн сен бизди окуткуң барбы?» - деп аны ийбадатканадан кууп чыгышты.

Жаш жигит окутуучуларды уят кылгандан кийин, ага кыйкырышып: «Биз эмес, сен ошол адашкан неменин шакиртисиң. Биз болсо Кудай менен сүйлөшкөн Мусанын жолдоочуларыбыз», - деп жигитти кемсинтишти. Андан бир аз эле убакыт мурда Ыйса жүйүттөргө эгер алар Муса жөнүндө туура түшүнүшсө, анда алар Анын сөздөрүн угуп, туура кабыл алышмак деп эскерткен болчу. Бирок алар өздөрүн актоо үчүн Мусанын сөздөрүн өздөрүнө таандык кылып алгандыктары үчүн, алар Ыйсаны дагы, Ал аркылуу сүйлөп жаткан Рухту дагы тааный алышкан жок.

Ошондо айыккан жигит: «Тубаса сокур болуп төрөлгөн адамдын көзүн ачкан Адамда жаратуучу күч бар. Ал кудуреттүү жана бардыгын кыла алат. Ал мээримдүү болгондуктан, мени эч нерсе менен айыптаган жок; Ал менден акча да сураган жок, тескерисинче сүйүү менен көрсөткөн кызматын мага бекер арнады. Атүгүл ал менден ыраазычык сөздү да күткөн жок. Мен андан эч кандай ката, эч кандай айып көргөн жокмун», - деп жооп берди.

Анан жаш жигит: «Текеберлерге Кудайдын жооп бербестигин Байыркы келишимдеги ар бир адам билет. Адамдын күнөөсү Кудайдан келе турган батаны токтотот. Бирок Ыйык Кудайдын алдында жүрөгү жөнөкөй, күнөөсүн мойнуна алган, ишенимди жана сүйүүнү ыраазычылык билдирүү менен издеген адам менен Кудай сүйлөшөт», - деп сөз узатты.

«Силердин бирөөңөр дагы менин көзүмдү ача алган жоксуңар, муну бир да адам кыла албайт, анткени Ыйсадан башкасынын баары күнөөкөр. Ыйса мени айыктыруу менен, Ал Өзүнүн күнөөкөр эмес экендигин аныктады. Анын ичинде Кудай жашайт». Суракка алынып жатканда, жаш жигит Ыйса тууралуу терең ойлонууга мажбур болгон. Ошондо ал Ыйсанын күнөөсүз жана Анда кудайлык касиет бар экендигине ынанды.

Ошондо өздөрүн адил эсептеген жүйүттөр жигитти каргашып: «Сенден өткөн бузуку адам жок, сенин ата-энең да ошондой. Сенин ыпластыгың сокурдугуңдан келип жатат», - дешти. Бул динчил жүйүттөр тиги байкуш жигитке караганда көбүрөөк сокур экендигине өздөрүнүн да акылдары жеткен жок. Ыйса бул жигитти жүйүттөр үчүн элчи кылып пайдаланып жаткан. Ал жүйүттөрдү дагы ушул жигиттей кылып өзгөртө аларын айткысы келген. Бирок алар айыккан кабарчы аркылуу келген Машайактын окутуусун жокко чыгарышты. Ошентип алар жаш жигитти күч менен ийбадатканадан кууп чыгышты. Алгач бул куугунтук Кеңешмеде болду, андан кийин аны Ыйсанын жолдоочусу деп элдин арасынан кубалашты. Бул жаш жигит ошол күнү айыгууга ээ болду, жана ошол эле күнү өз эли аркылуу куугунтукка алынды. Бул алардын руху Машайактын Рухуна туура келбестигинин белгиси эле.

СУРООЛОР:

  1. ''Эмне үчүн жаш жигит сурак маалында Ыйсанын ким экендигин түшүнө баштады?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 12:45 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)