Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 064 (Jesus reveals himself to the healed one)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
2. Тубаса сокур адамдын айыгуусу (Жакан 9:1-41)

в) Айыккан жигитке Ыйса Өзүн Кудайдын Уулу экендигин ачты (Жакан 9:35–41)


Жакан 9:35-38
35 Аны ийбадатканадан кууп чыгышканын Ыйса укканда, аны таап: «Сен Кудайдын Уулуна ишенесиңби?» - деп сурады. 36 Ал Ага: «Мырза, Ал Ким? Мен Ага ишенейин», - деди. Ыйса ага: «Сен Аны көрдүң. Ал азыр сени менен сүйлөшүп жатат», - деди. Ошондо ал: «Ишенем, Теңир!» - деп, Ага таазим кылды.

Бул окуя жан соорото турган окуя. Качан Ыйса айыккан адамдын куулуп чыкканын укканда, анын кыйналып жатканын билип, аны издеп тапты. Бул окуя Ыйсанын ысымы үчүн үй-бүлөсүнөн, дүсторунан ажырагандарга сооронуу берүүчү окуя. Эгерде сен ушундай кырдаалда болсоң, Ыйса сенин зар-муңуңду угуп, Өзү жеке сага келет, сени таштабайт. Адамдарды караба, алар сенин жүрөгүңдү оорутушат. Бир гана Ыйсаны кара. Асманда да, жерде да Андан башка эч ким жок. Ал сени сүйөт.

Ошондо Ыйса жаш жигитке эң маанилүү суроо берди, «Адам Уулу болуп келген Кудайдын Уулуна ишенесиңби?» Ыйса бул жаш жигиттин Байыркы Келишимде, Даниел 7:13-14-аяттарда айтылган Адам Уулу дүйнөнүн Соттоочусу жана Кудайдын Уулу деген сөздөр менен кабардар экендигин билген. Ыйса мынтип суроо аркылуу жигиттин артка кайтпай, Кудайдын Уулуна жүрөгүн түбөлүккө ачары бекен деген ойдо сурады. Ыйсанын жөнөкөй адам эмес экендигин түшүнгөн жигит Ага «Теңири» катары кайрылды. Ал жөнөкөй адамга табынып, бутка табынуучулук кылбаш үчүн, Кудайдын Уулу ким экенин билгиси келди.

Ошондо Ыйса ага: «Сен аны көзүң менен көрөрдөн мурда, ишенимиң менен көргөнсүң. Ал Менмин; Кудай Уулу сени менен сүйлөшүп жатат», - деп укмуштуудай жооп кайтарды. Ыйсага өзүн толугу менен арноого эч нерсе бул жаш жигитке тоскоол кыла алган жок. Ал таазим этип: «Теңир, мен сеникимин, Сен менин Падышамсың, менин Устатым жана Теңиримсиң. Сен денеде келген сүйүүсүң; мен кубаныч менен өзүмдү Сага арнайм; мындан ары Сенин кызматчың болом», - деп жооп берди. Бир тууганым, адам катары келген Кудай Уулу Ыйсаны тааный алдыңбы? Ишенүүчү катары, сен Ага өзүңдү арнадың беле? Сен Ага кызматчысы катары табынасыңбы?

Жакан 9:39-41
39 Анан Ыйса: «Мен бул дүйнөгө көзү көрбөгөндөр көрсүн, көрбөгөндөр сокур болсун деп өкүм чыгаруу үчүн келгем», - деди. 40 Анын жанында кээ бир фарисейлер муну укканда: «Эмне, биз да сокурбузбу?» -дешти. 41 Ыйса аларга мындай деди: «Эгерде сокур болсоңор, анда мойнуңарда күнөө жок болмок. Бирок көзүбүз көрөт деп жатканыңар үчүн, күнөөңөр мойнуңарда калат».

Жаш жигит Ыйсага таазим этти. Ал таазим кылбай койо алган жок, себеби Ыйса таазим этүүгө татырлык. Ошондо Ыйса өзүнүн бул дүйнөгө келиши текеберлерге, өздөрүн өзгөчө эсептешкен динчилдерге сот алып келерин айтты. Сокурлар жана күнөөкөрлөр муну түшүнүшүп, тобо кылышты, адашкандар ыйыкталышты. Ыйса тобо кылбагандарды соттогон жок; алар Ыйса берген куткарылууну кабыл алышпагандыгы үчүн, өздөрүн өздөрү соттоп жатышат. Алар өтүп кеткен пайгамбарлардан жана Байыркы Келишимдеги окуялардан канчалык бир деңгээлде жарык алышкан. Бирок эгерде алар Ыйсанын окутуусуна атайылап каршы чыгышса, анда алар үчүн берилген жарыктан куру кол калышат. Ошондо алар сокур, таш боор, кежир жана кара мүртөз киши өлтүргүч болуп калышат. Машайактын жерге келишинин жана Анын окутуусунун эки натыйжасы бар: Куткарылуу же жок болуу, бата же каргыш. Сенин жүрөгүң кайсынысына ээ болду?

Ыйсаны угуп жаткан элдин арасында фарисейлер да бар болчу. Ыйса сөзүн аларга тийиштүү кылып айтып жатканын сезишип, алар: «Эмне, биз да сокурбузбу?» - деп сурашты. Ошондо Ыйса: «Эгерде силер чындап эле өзүңөрдүн сокурдугуңарды көрүп, рухий акыбалыңар үчүн кайгырсаңар, анда күнөөлөрүңөр үчүн Чөмүлдүрүүчү Жакандын алдында тобо кылмаксыңар; күнөөлөрүңөрдү таштамаксыңар; кечиримге жана батага ээ болмоксуңар». Бирок силер өзүңөрдү өзүңөр адаштырып жатасыңар, өзүңөрдү бардык нерсени түшүнгөн адил адамдар катары эсептейсиңер. Бирок ошентип маашырланууңар менен, өзүңөрдүн сокур экениңерди, катаал экениңерди көрсөтүп жатасыңар. Ошондуктан дүйнөнүн Жарыгынын бир тарам нуруна да ээ болбойсуңар», - деп алардын эки жүздүүлүгүн баса айтты.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, Сен адам денесинде келген Кудайдын уулусуң. Өмүр боюу биз Сага табынабыз жана өзүбүздү сага арнайбыз. Бардык күчүбүздү, колубуздан болгон нерсенин баарын Сага тартуу кылабыз. Күнөө бизди Сенден кенедей дагы ажыратпашы үчүн, биздин күнөөлөрүбүздү кечир, жүрөктөрүбүздү ыйыкта деп өтүнөбүз.

СУРООЛОР:

  1. Ыйсанын алдында таазим этүү эмне маанини түшүндүрөт?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 12:46 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)