Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 057 (Jesus the light of the world)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
1. Алачык майрамындагы Ыйсаны сөздөрү (Жакан 7:1 – 8:59)

г) Ыйса – дүйнөнүн жарыгы (Жакан 8:12-29)


Жакан 8:25-27
Ошондо алар Андан: “Сен кимсиң?” – деп сурашты. Ыйса аларга: “Силерге башынан бери айтып келе жатканымдай, Мен Ошолмун. Силер жөнүндө айтып, айыптай турган себептерим бар. Бирок Мени Жиберген – чындык. Мен дүйнөгө Андан укканымды айтып жатам”, - деп жооп берди. Алар Ыйсанын Атасы жөнүндө айтып жатканын түшүнүшкөн жок.

Ыйса Өзүнүн Кудай экендигин айтып жатса дагы, жүйүттөр Андан “Сен кимсиң? Бизге далилдеп бер; биз түшүнө алгыдай кылып айт!” - деп талап кыла беришти. Ыйса болсо алар бул суроону бере электен мурда эле болушунча түшүнүктүү кылып айткан болчу.

Ыйса аларга: “Биринчиден, Мен чыныгы Кудаймын; ошентсе дагы, силер Менин сөздөрүмдү түшүнбөй жатасыңар. Менин Рухум силердин жүрөгүңөрдөн орун таба албады. Менин ысымым жана табиятым тууралуу аяндарымдан силерге эч пайда болгон жок. Мен Кудайдын денедеги сөзүмүн. Бирок силер Мени укпадыңар, түшүнбөдүңөр, анткени силер ылдыйкы дүйнөдөнсүңөр, Кудайдын дүйнөсүнөн эмессиңер. Ошондуктан Менин рухума ичиңерге жаңы маани берүүнү жаратууга жол берген жоксуңар. Менин силерге кайра-кайра айтканым да пайда алып келген жок, себеби силердин жүрөктөрүңөр катуу. Ошол себептен Мен силерди сүйүп, Өзүмдү силерге ачып берсем дагы, Менин сөздөрүм силерди айыптайт. Менин улуулугумду араңардан бир же экөөңөр түшүнө баштаган чыгарсыңар. Мен силерди куткарууну жана тирилтүүнү каалар элем. Мен сыяктуу эле Кудай дагы чындык. Мына ошол чындык силерди талкалайт, анткени силер жүрөгүңөргө жогору жактан келген Рухту кабыл албадыңар”. Дале болсо жүйүттөр Ыйсанын аяндарнын жашыруун маанисин жана Атасы менен болгон биримдигинин маанилүүлүгүн түшүнүшпөдү. Алар Ыйсанын сөздөрүн угуп жатышса дагы, маанисин түшүнүшкөн жок, анткени алар Ага ишенишчү эмес. Ага болгон жөнөкөй эле ишеним акылыбызга Анын чындыгын ачып берет.

Жакан 8:28-29
Ошондуктан Ыйса мындай деди: “Адам Уулун жогору көтөргөнүңөрдө, Менин ким экендигимди, Өз атымдан эч нерсе кылбастыгымды, Атам кандай үйрөтсө, ошондой сүйлөй тургандыгымды билесиңер. Мени жиберген Мени менен бирге, Атам Мени жалгыз калтырган жок. Анткени Мен ар дайым Ага жакканды кылам”.

Ыйса Өзү жөнүндөгү чындыкты душмандары тургай шакирттери да түшүнбөй жаткандарын билген. Себеби ал убакта Ыйык Рух бериле элек болчу. Ыйса болсо айкаш жыгачта жогору көтөрүлүү менен дүйнөнүн күнөөсүн жууп кетерине толук ишенген. Качан Ал Атасына көтөрүлүп барганда гана, Ыйык Рух жерге жиберилмек. Ошентип, Анын ким экендиги тууралуу кабар жүйүттөрдүн да, бутпарастардын да акылдарына чагылган сыяктуу соккон. Машаяктын кудайлык табияты Ыйык Рухтун кызматысыз ачылмак эмес. Бул жерде логиканын пайдасы жок. Машаяктын сүйүүсүнө болгон ишеним жогорудан төрөлүүнү алып келе турган болсо, жогорудан төрөлүү ишенимди жаратат.

Ыйса Өзүн көз каранды эмес толук кудай катары жарыялабастан, Ал Атасы менен жан бирге экендигин жана Атасысыз эч нерсе кылбастыгын айтты. Ал Өзүнө гана ылайыкту нерсени кылбайт. Анын ичинде Кудай иштейт. Анын “Кудайдын Элчиси” деген ысымды кабыл алгандыгы Анын момун жана жөнөкөй экендигин айгинелейт жана ошол эле убакта бул сүйлөмдө Ал Өзүн тарыхтын Теңири катары ачкан.

Ыйык Рухтун жардамы менен биздин Атабызды билүү, таануу анчалык деле оор эмес. Жакандын жазганы аркылуу биз Ыйсанын Атасы менен бирге ширешкен биримдикте экендигин билип жатабыз. Андан ары Ал: “Атам дайыма Мени менен, Ал азыр дагы Мени менен. Ал Мени көз ирмем убакытка да жалгыз калтырган эмес. Ал эми Уулун болсо эч убакта асмандагы Атасын калтырган эмес жана эч качан Ага каршы чыккан эмес. Ал Атасынын мээрман эркине баш ийди. Ыйса Атасынын эрки боюнча жерге келип, адам болду”. “Мен ар дайым Ага жакканды кылам”, - деген кандай сонун сөздөр. Бул сөздөрдү Атасынын эркине ылайыктуу жашаган Ыйсадан башка эч ким айта албайт. Мыйзамды Ыйса ишке ашырган. Тактап айттканда, Ал Жаңы Келишимдеги жеткилеңдүү мыйзамдын өзү болгон. Жалгыз гана Ыйсанын мыйзамды аткарганына карабастан, жүйүттөр Аны Кудайды шылдыңдоочу, мыйзамдын душманы жана элди адыштыруучу катары санашкан.

Ыйсанын Өзү жөнүндөгү жарыясында Рухтун үнүн угуп жатасыңбы? Анын улуулугун жана жөнөкөйлүгүн, эркиндигин жана моюн сунуусун сезип жатасыңбы? Ал сени моюн сунуучу сүйүүнүн жана эркиндиктин мамилелешүүсүнө карай жетелегиси келет. Ал Сени Өзүнүн катышуусу аркылуу кызмат кылууга жетектейт. Ал Сенин Устатың болот жана сен эч нерсени Андан бөлүнүп кылбай каласың. Дайыма Ага жаккан нерсени кыласың.

Сыйынуу: Кагылайын Теңир Ыйса, Мен өзүмдүн өжөрлүгүм үчүн, алдамчы жана айыбым үчүн уят болдум. Менин күнөөлөрүмдү кечир. Сенин Ыйык Рухуңдун толук жетегинде болушум үчүн мени ыйыкта. Менин жетекчим жана Устатым бол, Өзүңдүн түбөлүк сүйүүңө менин жүрөгүмдү жана акылымды ач.

СУРООЛОР:

  1. Ыйса дайыма Ыйык Рухта экендигин кандайча жарыялады?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:17 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)