Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 036 (Christ raises the dead and judges the world)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
A - ЫЙСАНЫН ИЕРУСАЛИМГЕ ЭКИНЧИ ЖОЛУ КЕЛИШИ (Жакан 5:1-47) -- ТЕМА: ЫЙСА МЕНЕН ЖҮЙҮТТӨРДҮН ОРТОСУНДА КЕЛИШПЕСТИКТИН ПАЙДА БОЛУШУ

3. Машаяк өлгөндөрдү тирилтет жана дүйнөнү соттойт (Жакан 5:20-30)


Жакан 5:20-23
Анткени Атасы Уулун жакшы көргөндүктөн, Өзү кылгандарынын баарын Ага көрсөтөт. Ал тургай, силер таң кала турган мындан чоң иштерди көрсөтөт. Анткени Атасы өлгөндөрдү тирилтип, аларга өмүр бергендей эле, Уулу да каалаган адамына өмүр берет. Анткени Атасы эч кимди соттобойт. Ал соттун бүт бийлигин Уулуна берген. Ал аны Өзүн урматташкандай эле, Уулун да баары урматташ үчүн берген. Уулун урматтабаган адам Аны жиберген Атасын да урматтабайт.

Адам аткара албаган чоң иштерди Ыйса аткара алат. Бул иштерди аткаруу үчүн Атасы Уулуна тапшырган. Мындан биз Машаяк тууралуу айтылган пайгамбарчылыктын эки түрдүү сапатын байкайбыз. Негизинен жүйүттөр өлгөндөрдү тирилткен жана чыныгы соттоочу адамды күтүп жатышкан. Бул эки нерсе чогу жүрөт жана Ыйса аларды Өзүнө тийиштүү кылып айткан. Душмандары Ыйсаны келесоо жана Кудайды шылдыңдоочу катары көрүп жатышса дагы, алардын көзүнчө Өзүн өмүрдүн Теңири экендигин алдын ала айткан. Ошентип жүйүттөр Ыйсаны өлтүрүүнү чечишти. Өзү тууралуу күбөлөндүрүүнүн негизинде Ыйса аларды өзгөртүп, туура ойлонууга жана чын жүрөктөн тобо кылууга жетелеген.

Биздин Кудайыбыз кыргыч эмес, Ал - өмүр берүүчү. Ал күнөөкөрлөрдүн өлүмүн каалабайт; адамды өжөрлүктөн өмүргө бурат. Кудайдан кеткен адамдын руху, жаны жана денеси бара-бара өлөт. Ал эми Машаякка келген адам тирилип, түбөлүк өмүргө ээ болот. Куткаруучу сенин тирилүүңдү жана акылыңдын ойгонушун каалайт. Анын үнүн уккуң келеби? Же күнөөнүн жана айыптын жашоосу менен жашай бересиңби?

Дүйнө жүзү чындыктын үстүнө курулган. Адамдар Теңирин унутуп, бирин бири өлтүрүп, алдап жатса дагы, бул чындык өзгөрүлбөйт. Сот күнү – бул отчет берүүчү улуу күн. Бардык жамандык кылгандардан, өзгөчө жесирлердин жана алсыздардын убалына калгандардан Кудай өч алат. Бардык сотту Кудай Ыйсага берген. Ал бүт элдерди, улуттарды жана диндерди соттойт. Ыйса Өзү күнөөсүз адам болгон, Ал биздин адамдык абалыбызды түшүнөт жана алсыздыгыбызды билет. Анын соту адилеттүү. Качан Ыйса даңкы менен келгенде, жер бетиндеги бардык уруулар Соттоочуну кабыл албай, жек көргөндүгү үчүн боздоп ыйлашат. Элестетип жатасыңбы?

Ошондо баары тең Уулдун алдына чөгөлөп жыгылышат. Жердеги жашоосунда Машаякка аяр мамиле кылбагандар Аны коркуу менен урматтап, титирешет. Машаяк бийликке жана байлыкка, даанышмандыкка жана кудуретке ээ болууга, урматталууга, даңкталууга татыктуу (Аян 5:12). Ыйса дүйнөнү Кудай менен элдештирди. Ал момундук менен биз үчүн курмандыкка Өзүн берген Козу болчу. Ата жана Уул сүйүү иштери жана кудуреттери менен гана окшош эмес. Алар урматка жана сүйүүгө татыктуулугу менен да окшош. Ошондуктан Ыйса жерде жүргөндө эч кимдин табынуусун четке каккан эмес. Биз Атаны урматтагандай эле, Уулду да урматташыбыз керек. Асмандагы Атабызга сыйынган сыяктуу, Уулуна да түздөн-түз сыйына алабыз.

Машаякты кабыл албай, басынткан адам Атанын Өзүн да кабыл албайт. ТүбөлүктүүУулдун тандоодо да эрки бар. Машаяктын Уулдугун кабыл албагандыктын негизги себеби бул алардын акылынын караңгылыгында. Алар Уулду билүүнү каалашпайт, ошондуктан Кудайдын ким экенин билбей калышат.

Жакан 5:24
Чындыкты, силерге чындыкты айтып коөюн, Менин сөзүмдү угуп, Мени жиберген Кудайга ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ, ал соттолбойт, анткени өлүмдөн өмүргө өттү.

Машаяктын Жакшы Кабарын кубаныч менен угуп, Анын Уулдугуна жана сатып алгандыгына ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ болот. Ал өмүр өлүмдөн кийин башталбайт, бирок ал ушул жерде Ыйык Рух аркылуу башталат. Сен Атага жана Уулуна ишенгендигиң үчүн бул Рух сага келип түштү. Машаяктын сөздөрүн укса дагы, ал тургай миң ирет угуп, окуп жана анын маанисин талдашса дагы, маңызын баары эле түшүнө бербейт. Алар Уулдун ырайымы тууралуу кеп козгошпойт, Рух менен жашашпайт. Чыныгы ишеним бул Машаякка шектенбей ишенүү жана Ага өзүн арноо. Ыйса менен байланышка киргенде, сен акталган болсоң, соттон кутуласың, себеби сени иштериң эмес, бирок ишенимиң куткарат. Айкаш жыгачка баш калкалагандарды Ыйса сүйүүсү менен толтуруп, күнөөлөрүн жууп, абийирлерин тазартат. Бул бизге Кудайга жакындаганга шыктандырат. Биз кайрадан жаңы төрөлгөнүбүздө, түбөлүктүү Кудай биздин Атабыз болуп калды. Жогорудан төрөлүү биздин акталышыбыздын натыйжасы.

Кудайдын улуу убадасын көрүп жатасыңбы? Сен өлүмдөн жана анын коркунучтарынан куткарылдың. Эми сага кудайдын каары төгүлбөйт.

Сенин Машаякка болгон ишенимиң сени өзгөртөт. Эми ыйык, түбөлүктүү өмүр сеники. Биздин Ыйса менен байланышыбыз билим жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө дагы. Бул байланыш тирүү жана чын. Машаяктан башка жакта куткарылуу жок. 24-аятты жүрөгүңө катып ал жана жашооңду ушул аятка негизде, ошондо биз түбөлүктүүлүк менен бетме-бет кездешебиз.

Сыйынуу: Ата, Уул жана Ыйык Рух, биз Сага табынабыз, себеби күнөөлөрүбүздү кечирип, бизди актадың. Эми биз сотко барбайбыз, себеби Сенин каарың биздин үстүбүздөн өтүп кетти. Биз Сени сүйөбүз, анткени Сенин өмүрүң үстүбүзгө төгүлүп, өлүм бизден алыстады. Биз Сен үчүн түбөлүктүү жашайбыз. Сенде бекем болгонго жана Сенин ысымыңды жогору көтөргөнгө жардам бер.

СУРООЛОР:

  1. Атасы Уулуна тапшырган маанилүү кызматтар кайсылар?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:01 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)