Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 114 (Burial of Jesus)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
А - Ыйса кармалгандан баштап көргө коюлганга чейинки болуп өткөн окуялар (Жакан 18:1 - 19:42)
4. Айкаш жыгач жана Ыйсанын өлүмү (Жакан 19:16b-42)

е) Ыйсанын көргө коюлушу (Жакан 19:38-42)


Жакан 19:38
38 Андан кийин ариматаялык Жусуп Пилаттан Ыйсанын сөөгүн айкаш жыгачтан түшүрүп алууга уруксат сурады. Ал Ыйсанын шакирти эле, бирок жүйүттөрдөн корккондуктан, ишенгенин жашырып жүрчү. Пилат уруксат берди. Жусуп барып сөөктү түшүрүп алды.

Ыйсага каршы чыгарылган өкүмгө Кеңешменин бардык өкүлдөрү тең макул болгон эмес. Жакынкы арадагы археологиялык изилдөөлөрдүн негизинде, чыгарылган өкүмгө каршы жок дегенде эки каршылык болгондо гана, ал өкүм ишке ашмак. Бирок эгерде сот өкүлдөрүнүн баары өлүм жазасына макул болушса, анда бул ошол адамга болгон алардын жек көрүүсүн көрсөткөн жана өкүм адилетсиздик менен чыгарылгандыгын аныктаган. Ошонун негизинде сурак бир нече ирет кайталанган жана күбөлөр терең изилденген. Эгерде бул эреже Ыйсанын күндөрүндө да сакталган болсо, анда жок дегенде эки мүчө бул өкүмга каршы болгон. Алардын бирөөсү Ыйсага жашыруун ишенген ариматаялык Жусуп болчу (Матай 27:57 жана Марк 15:43). Ал Кеңешмедеги ордун жоготуп коюдан же, анын таасири аркылуу элдин багыты башка жакка бурулушу мүмкүн деп тынчсызданган. Жусуп Кайапанын адилетсиздигине жана анын Кеңешмени митайымдык менен жетектеп жүргөнүнө ачууланган. Жусуп эки ортодогу абалын таштап, Ыйсага болгон байланышын ачыкка чыгарды, бирок анын ачыкка чыгуусу кеч болсо дагы, анын күбөлөндүрүүсү Кеңешменин расмий чечиминин адилетсиздигин күбөлөндүрдү. Бирок окуя өнүгүп отуруп, Ыйсаны айкаш жыгачка керүү өкүмү ишке ашты.

Ыйса өлгөндөн кийин, Жусуп Пилатка барды. Пилат макул болуп, Ыйсанын денесин айкаш жыгачтан түшүрүп, көргө коюга уруксат берди.

Өлүм жазасына тартылган кылмышкерлердин сөөктөрүн Пилат Хинном өрөөнүндөгү таштандылардын арасына сүйрөтүп таштатчу. Ал жактан сөөктөрдү чөөлөр жулмалап жеп жок кылышчу. Ушуну кылуу менен Пилат жүйүттөрдөн дагы бир ирет өч алып алчу. Бирок Кудай Өз Уулун мындай шылдыңдан куткарды. Ал айкаш жыгачтагы Өзүнүн ишин ишке ашырды. Асмандагы Атасы Ыйсаны сыйлуу мүрзөгө койдуруу үчүн Жусупту жетектеди.

Жакан 19:39-42
39 Бир жолу Ыйсага түн жамынып келип кеткен Никедим да ушул жерге келди. Ал жыпар жыттуу смирна майы менен алой чайырынын аралашмасынан жүз фунттай ала келди. 40 Алар жүйүттөрдүн сөөк коюу салты боюнча Ыйсанын сөөгүн жыпар жыттуу май менен майлап, кепиндешти. 41 Ыйса айкаш жыгачка кадалган жерде бир бак бар эле. Ал бакта эч ким коюла элек бир мүрзө бар болчу. 42 Ал күн жүйүттөрдүн жума күнү болгондуктан, анын үстүнө, мүрзө жакын болгондуктан, алар Ыйсанын сөөгүн ошол мүрзөгө коюшту.

Айкаш жыгачтын жанына Никедим да келип калды. Кеңешменин чечимине каршы чыккан экинчи мүчө ушул Никедим болчу. Качан Кеңешме Ыйсага каршы жашыруун чечим чыгарып жатканда, буга каршы чыгып, адил чечимди талап кылган эле (Жакан 7:51). Ыйсага күбө болгон бул адам салмагы 32 киллограмм болгон баалуу май менен денени орой турган кепин алып келип, денени түшүрүп, урмат-сый көрсөтүү маанисинде сөөктү майлап, көргө коюга Жусупка жардам берди. Көргө коюу Жума күндүн кечки саат алтыга чейин бүтүшү керек болчу. Себеби саат алтыдан кийин күн Ишембиге өтүп, иштерди кылууга тыюу салынган. Убакыт аз калган эле.

Ышайа 53:9-аятында «Ал байдын мүрзөсүнө коюлду» деген сөз аткарылышы үчүн, Теңирибиз Ыйсанын Атасы бул эки адамды курман болгон Уулуна урмат көрсөтүүгө жолдоду. Таштын боорунан мындай мүрзөнү оюп жасоо кымбатка турчу. Жусуп үчүн Ыйсага шаардын сыртындагы айкаш жыгачка керилген жердин жанындагы өзүнүн мүрзөсүн берүү менен, Ага урмат көрсөттүдөн артык эч нерсе жок болчу. Алар Ыйсанын денесин Никедим алып келген май менен майлаган соң, аны кепиндешип, чоң таштын үстүнө жаткырышты.

Ошентип Ыйса курман болду; Ал отуз үч жашында эле эрте каза болду. Ал курман болуу үчүн төрөлгөн болчу. Сүйгөндөрү үчүн өз жанын бергенден артык сүйүү табылбас.

Сыйынуу: Теңир Ыйса Машайак, биз үчүн курман болгонуңа рахмат. Башка ишенгендер менен бирдикте мен да Сени сүйөм, анткени Сенин сүйүүң бизди Кудайдын каарынан куткарды жана ыйык Үч Бирдик менен биримдикке чакырды. Айкаш жыгачтагы өлүмүңө терең ыраазычылыгымды билдирүү катары, өз жашоомду Сага арнайм.

СУРООЛОР:

  1. Ыйсаны көргө коюу расмисинен биз эмнени үйрөнсөк болот?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 10:00 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)