Waters of LifeBiblical Studies in Multiple Languages |
|
Home Bible Treasures Afrikaans |
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba
Previous Lesson -- Next Lesson ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
А - Ыйса кармалгандан баштап көргө коюлганга чейинки болуп өткөн окуялар (Жакан 18:1 - 19:42)
4. Айкаш жыгач жана Ыйсанын өлүмү (Жакан 19:16b-42)
е) Ыйсанын көргө коюлушу (Жакан 19:38-42)Жакан 19:38 Ыйсага каршы чыгарылган өкүмгө Кеңешменин бардык өкүлдөрү тең макул болгон эмес. Жакынкы арадагы археологиялык изилдөөлөрдүн негизинде, чыгарылган өкүмгө каршы жок дегенде эки каршылык болгондо гана, ал өкүм ишке ашмак. Бирок эгерде сот өкүлдөрүнүн баары өлүм жазасына макул болушса, анда бул ошол адамга болгон алардын жек көрүүсүн көрсөткөн жана өкүм адилетсиздик менен чыгарылгандыгын аныктаган. Ошонун негизинде сурак бир нече ирет кайталанган жана күбөлөр терең изилденген. Эгерде бул эреже Ыйсанын күндөрүндө да сакталган болсо, анда жок дегенде эки мүчө бул өкүмга каршы болгон. Алардын бирөөсү Ыйсага жашыруун ишенген ариматаялык Жусуп болчу (Матай 27:57 жана Марк 15:43). Ал Кеңешмедеги ордун жоготуп коюдан же, анын таасири аркылуу элдин багыты башка жакка бурулушу мүмкүн деп тынчсызданган. Жусуп Кайапанын адилетсиздигине жана анын Кеңешмени митайымдык менен жетектеп жүргөнүнө ачууланган. Жусуп эки ортодогу абалын таштап, Ыйсага болгон байланышын ачыкка чыгарды, бирок анын ачыкка чыгуусу кеч болсо дагы, анын күбөлөндүрүүсү Кеңешменин расмий чечиминин адилетсиздигин күбөлөндүрдү. Бирок окуя өнүгүп отуруп, Ыйсаны айкаш жыгачка керүү өкүмү ишке ашты. Ыйса өлгөндөн кийин, Жусуп Пилатка барды. Пилат макул болуп, Ыйсанын денесин айкаш жыгачтан түшүрүп, көргө коюга уруксат берди. Өлүм жазасына тартылган кылмышкерлердин сөөктөрүн Пилат Хинном өрөөнүндөгү таштандылардын арасына сүйрөтүп таштатчу. Ал жактан сөөктөрдү чөөлөр жулмалап жеп жок кылышчу. Ушуну кылуу менен Пилат жүйүттөрдөн дагы бир ирет өч алып алчу. Бирок Кудай Өз Уулун мындай шылдыңдан куткарды. Ал айкаш жыгачтагы Өзүнүн ишин ишке ашырды. Асмандагы Атасы Ыйсаны сыйлуу мүрзөгө койдуруу үчүн Жусупту жетектеди. Жакан 19:39-42 Айкаш жыгачтын жанына Никедим да келип калды. Кеңешменин чечимине каршы чыккан экинчи мүчө ушул Никедим болчу. Качан Кеңешме Ыйсага каршы жашыруун чечим чыгарып жатканда, буга каршы чыгып, адил чечимди талап кылган эле (Жакан 7:51). Ыйсага күбө болгон бул адам салмагы 32 киллограмм болгон баалуу май менен денени орой турган кепин алып келип, денени түшүрүп, урмат-сый көрсөтүү маанисинде сөөктү майлап, көргө коюга Жусупка жардам берди. Көргө коюу Жума күндүн кечки саат алтыга чейин бүтүшү керек болчу. Себеби саат алтыдан кийин күн Ишембиге өтүп, иштерди кылууга тыюу салынган. Убакыт аз калган эле. Ышайа 53:9-аятында «Ал байдын мүрзөсүнө коюлду» деген сөз аткарылышы үчүн, Теңирибиз Ыйсанын Атасы бул эки адамды курман болгон Уулуна урмат көрсөтүүгө жолдоду. Таштын боорунан мындай мүрзөнү оюп жасоо кымбатка турчу. Жусуп үчүн Ыйсага шаардын сыртындагы айкаш жыгачка керилген жердин жанындагы өзүнүн мүрзөсүн берүү менен, Ага урмат көрсөттүдөн артык эч нерсе жок болчу. Алар Ыйсанын денесин Никедим алып келген май менен майлаган соң, аны кепиндешип, чоң таштын үстүнө жаткырышты. Ошентип Ыйса курман болду; Ал отуз үч жашында эле эрте каза болду. Ал курман болуу үчүн төрөлгөн болчу. Сүйгөндөрү үчүн өз жанын бергенден артык сүйүү табылбас. Сыйынуу: Теңир Ыйса Машайак, биз үчүн курман болгонуңа рахмат. Башка ишенгендер менен бирдикте мен да Сени сүйөм, анткени Сенин сүйүүң бизди Кудайдын каарынан куткарды жана ыйык Үч Бирдик менен биримдикке чакырды. Айкаш жыгачтагы өлүмүңө терең ыраазычылыгымды билдирүү катары, өз жашоомду Сага арнайм. СУРООЛОР:
|