Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 081 (Jesus washes his disciples' feet)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
Б – Кечки тамактан кийинки болгон окуя (Жакан 13:1-38)

1. Ыйсанын шакирттеринин буттарын жуушу (Жакан 13:1–17)


Жакан 13:1-5
1 Пасах майрамынын алды эле. Ыйса Өзүнүн бул дүйнөдөн кетип, Атасына бара турган убагы келип калганын билчү. Ал бул дүйнөдөгү Өзүнүн адамдарын сүйдү, аларды акырына чейин сүйдү. 2 Кечки тамак убагы болчу. Шайтан буга чейин эле Шымон уулу Жүйүт Искариоттун жүрөгүнө Ыйсага чыккынчылык кылуу каалоосун салып койгон. 3 Ыйса Атасынын бардык нерсени Өзүнө бергендигин, Өзүнүн Кудайдан келип, Ага кайра кайтып барарын билчү. 4 Ыйса дасторкондон туруп, сырткы кийимин чечти да, белине сүлгү байлады. 5 Андан кийин чылапчынга суу куюп алып, шакирттеринин бутун жууп, белиндеги сүлгү менен арчый баштады.

Ушул бөлүмдөн баштап Жакан Жакшы Кабарынын темасын өзгөртүп, жаңы баскычка өткөн. Буга чейин Ыйса жалпы элди чакырып жаткан; Тилекке каршы, «Жарык караңгыда жаркырады, бирок караңгы аны түшүнгөн жок» деген кеп чын чыкты. Анда эмне, Ыйса жеңилип калдыбы? Жок! Жалпысынан алганда, эл Аны кабыл алган жок, бирок Ыйса күнөөсү үчүн тобо кылгандарды Өз шакирттери катары тегерегине чогултту. Бул бөлүмдөрдөн биз күйөө колуктусуна кайрылгандай, Ыйса шакирттерине кандай кайрылганын окуйбуз. Ал шакирттериники, жана шакирттери болсо Аныкы. Бул китептин негизги максаты - Кудайдын сүйүүсү. Бул сүйүү өзүмчүл сезим эмес, бул курмандыктын сүйүүсү. Ыйык Китептеги сүйүү татыксыздарга момундук менен өзүңдү арноого чакырат. Ыйса шакирттерине терең сырларды ачып берген; Ал кул катары жашоосу, өлүмү жана тирилүүсү аркылуу Өзүнүн сүйүүсүн түшүндүргөн.

Ыйса кийинки Пасах майрамы болгонго чейин эле курман болору тууралуу айтты. Ал Атасына барышы керек болчу. Бул сенин дагы жолдомоңбу? Ыйса жерде жашап жатса дагы, көздөрү дайыма Атасында болчу. Ыпластыкка баткан адамзатка чыдашы үчүн Ыйса күчтү, кубанычты, багытты Атасынан алып турган. Шайтан Анын шакирттеринин биринин кулагына жаман ойлорду шыбырап жатканда, Ал Атасы экөө тең угуп турган. Бул адам акырындык менен өзүн ач көздүккө, текебердикке жана жек көрүүгө алдыра берген. Ошентсе дагы, Ыйса Өзүн сата турган адамды жек көрбөстөн, аны акырына чейин Өзүнүн кудайлык сүйүүсү менен сүйдү.

Бул окуя өлүмгө алып бара турган болсо дагы, Ыйса чыккынчыга жөн гана жол берип койгон жок. Бул Иуданын да, Кайапанын да, Ироддун да, Пилаттын да, же жүйүт башчыларынын да чечиминен эмес болчу. Бирок бул Атанын бүтүндөй адамзат үчүн кыла турган ишине болгон Ыйсанын жан дилинен берилип, баш ийүүсүнөн улам болду. Ыйса тарыхтын белгилүү бир маалында курман болууга алдын ала даярдалган Кудайдын Козусу эле. Бардык бороон-чапкындуу окуялардын жүрүшүндө Ыйса булагынан жана максатынан кайткан жок. Ыйса - тарыхтын агымын бура турган Теңир.

Ыйса шакирттерин Атасы менен болгон бактылуу мамилеге алып келмейинче, Атасына кайтып баргысы келген жок. Ал кудайлык сүйүүнү иш аркылуу көрсөтүүнүн негизинде момундукту үйрөттү. Ыйса жөнөкөй кызматчы болду; Ал суу алып келип, шакирттеринин алдында чөгөлөп, буттарын жууп, сүлгү менен арчыды. Кудай Өзү адамзатка кызмат кылганын жүрөгү жөнөкөй шакирттери түшүнүшү үчүн, Ыйса Өзүн эң акыркы кылып койду. Ыйса муну муздактык менен үстүртөн эле кылып койгон жок, бирок шакирттерин Өзүнүн назиктиги менен өзгөртүү үчүн, Ал чөгөлөп, буттарын жууду.

Ыйса биз үчүн үлгүлөрдүн үлгүсү. Качан биз Анын алдына чөгөлөп, Ага табынабыз? Качан биз оюбузду өзгөртүп, бүгүлбөс белибизди бүгөбүз?

Бир тууганым, эгерде сен сынбасаң, бир тууганыңа кызмат кылбасаң, душманыңды сүйбөсөң, жараат алгандардын жараатын таңбасаң, анда сен чыныгы Машайакчы эмессиң. Сен кызматчысыңбы же кожоюнсуңбу? Ыйса ийилип, сага кызмат кылганын унутпа. Ал бүт адамзатка кызмат кылды. Ушул кызматты кабыл аласыңбы же Кудайдын кызматына муктаж эмесмин деп кекирейесиңби?

Жакан 13:6-11
6 Шымон Петирдин жанына келгенде, ал Ага мындай деди: «Теңир, Сен менин бутумду жууйсуңбу?» 7 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Менин эмне кылып жатканымды сен азыр түшүнбөйсүң, кийин түшүнөсүң». 8 Петир Ага: «Мен бутумду Сага эч качан жуудуртпайм!» - деди. «Эгерде Мен сенин бутуңду жуубасам, анда сен Мени менен үлүштөш болбойсуң», - деп жооп берди Ыйса. 9 Ошондо Шымон петир Ага: «Теңир, андай болсо, бутумду гана эмес, колумду да, башымды да жуу!» - деди. 10 Ыйса ага: «Жуулган адам бутун гана жууш керек, анткени ал таза. Силер да тазасыңар, бирок баарыңар эмес», - деди. 11 Анткени Ыйса кимдин чыккынчылык кыларын билген, ошондуктан: «Баарыңар эмес» - деди.

Ыйса буттарын жууп жатканда шакирттери уялганынан тартынып турушту. Кечки тамактан кийин Устат буттарын жууйрун билгенде, алар мурдатан эле өздөрү жууп алышмак. Теңир Кудай менен аларын ортосуна Жаңы Келишим гана бербестен, Ал ошол Келишимдин мааниси эмнеде экенин көрсөттү: иш аркылуу сүйүү көрсөткөндөн артык нерсе жок.

Шакирттердин ичинен Петир мактанчаак жана кызганчаак болчу; ошондуктан ал Теңирдин айткан сөздөрүнө көңүл бурбай, бутун жууганга каршы болду. Ошондо Ыйса бут жуугандын сырын түшүндүрдү. «Тазаланмайынча Асман Падышачылыктын бөлүгү боло албайсыңар, жана күнөөңөр кечирилмейинче, Мени менен бирге боло албайсыңар», - деп бизге дагы тийиштүү кылып айткан. Биз бир отоло канга жуулганбыз, ал эми тазалануу болсо созула турган процесс. Сени Кудай Уулу менен болгон мамиледе, ырайымда дайыма кармап турган жана сени сактап жүргөн бул Кудай.

Ошондо Петир жарыкты көргөндөн кийин, жамандык кылган колдорун карап, анан Кудайдын жолдорун жай түшүнгөнүн ойлоду. Ошондо ал уялып, бүт табияты тазаланышы үчүн дагы ашыкча жуунууну сурады. Ыйса аны тынчтандырып: «Мага келген ар бир адам ишениминин негизинде тазаланат», - деди. Мына ушул себептен, биз өзгөчө тазалануунун же кошумча ыйыкталуунун кереги жок экенин түшүндүк, себеби Ыйсанын каны бизди бардык күнөөлөрдөн тазалайт. Анын каны аркылуу күнөөдөн кечирим алгандан кийинки ээ болгон ыйыктыктан артык ыйыктын жок. Күнүмдүк жашоодо ары-бери басып жүрүп, бутуңа чаң чогулткандай, «Биздин күнөөлөрүбүздү кечир» деп ар дайым сыйынабыз. Эгерде Кудайдын балдарына күнүмдүк гана тазалануу керек болсо, дүйнөнүн адамдары жалпы тазаланууга муктаж.

Ыйса шакирттерине карап: «Силер тазасыңар» - деди. Ал шакирттерин Кудай менен болгон Келишимге чакырды. Кудайлык мамилелешүүгө татыктуу кылуу үчүн, Козу шакирттери үчүн курман болду. Бир гана Машайактын каны бизди бүт күнөөдөн арылтат, бир дагы адам өзү тазалана албайт.

Тилекке каршы, бүгүнкү күндөгүдөй эле, Ыйсанын шакирттеринин баары таза болуп чыккан жок. Кээ бир адамдар жалпы тазаланууга ооз учунан гана айтып, мамиле кылышат, өздөрүн Машайакка ишенгендей алып жүрүшөт, да Ыйык Рухка толо алышпайт. Алардын ичиндеги шайтандын руху жек көрүүгө, көрө албастыкка, текебердикке жана ойноштук кылууга түртөт. Ошондуктан көптөгөн кудайчыл адамдарда жаман рухтар жана акчаны сүйүүчүлүк бар. Ыйса күн сайын сенин бутуңду жууп, ар кандай күнөөлөрдөн бошотуп, Кудай менен мамилелешүүң үчүн, эч кир калтырбай тазалайт. Өзүңдү текшерип көрсөң, сен кызматчысыңбы же кожоюнсуңбу?

Сыйынуу: Теңир Ыйса, Өз атак-даңкыңды калтырып, биздей таза эместерди куткаруу үчүн ылдый жерге түшүп келгениң үчүн рахмат. Шакирттериңдин буттарын жууш үчүн Сен чөгөлөп, жүрөктөрүбүздү күнөөлөрдөн тазаладың. Сага табынабыз! Ийменип, Сенин кызматчыларың болушубуз үчүн, бизди бардык текебер ойлордон бошот. Үй-бүлөмдө жана жыйында кызмат кылуум үчүн, өтө жөнөкөй болгонго мага жардам бер.

СУРООЛОР:

  1. Ыйса шакирттеринин буттарын жуу аркылуу эмнени айткысы келди?

Жакан 13:12-17
12 Ыйса шакирттеринин бутун жууп бүтүп, сырткы кийимин кийип, дасторконго кайра отургандан кийин, мындай деди: «Силерге эмне кылганымды түшүндүңөрбү? 13 Мени «Устат», «Теңир» - дейсиңер. Мунуңар туура, анткени Мен чынында эле Ошолмун. 14 Мен Теңир жана Устат болуп туруп, бутуңарды жуудум. Демек, силер да бири-бириңердин бутуңарды жуушуңар керек. 15 Анткени Мен силерге үлгү көрсөттүм, Мен силерге эмне кылсам, силер да ошону кылгыла». 16 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, кул өз кожоюнунан жогору эмес, жиберилген адам жибергенден жогору эмес. 17 Эгерде ушул билгениңерди аткарсаңар, анда бактылуусуңар.

Ыйса кечирим темасын жөн гана сөз менен айтып койгон жок. Негизинен, мындай айтылган сөз иш менен көрсөтүлмөйүнчө, анча пайда алып келбейт. Ал шакирттеринен: «Көздөрүңөрдү ачкыла, көргүлө, Мен өз кишиңердей силер мененмин. Менин алдымда кулдай жөргөлөшүңөр үчүн Мен силерден жогору такка отурган жокмун. Жок! Мен силердей болушум үчүн атак-даңкымды таштадым, Ал гана эмес, кызмат кылуу үчүн Мен Устаттык наамымды таштадым. Кудайдык сүйүүнүн багыты кайда багытталышы керек экендигин эми түшүндүңөрбү? Текебер адам өзү менен мактанат, ал эми момундукту сүйгөн адам баарына чыдайт, өзүнөн баш тартат жана башкаларга кызмат кылат».

Мен силерге үлгү болгондой силер да Менин шакирттерим болгуңар келет, Мен сөз менен эле айткан жокмун, бирок Өз сөздөрүмдү иш менен далилдедим. Мени карагыла: Мен кызматчымын.Эгерде Мени ээрчигиңер келсе, анда ийменчээктик менен бири-бириңерге кызмат кылгыла. Силердин араңарда биринчиликти каалаган адам алсыз адам. Ал эми момундук менен кызмат кылып, өзүн төмөн эсептеген адам баарынан улуу.

«Жыйынды ыйыктардын жыйындысы катары элестетпе. Алардын баары ыйык болууга үйрөнүп жатышат. Мен аларды тазалагам жана алар чындыктын негизинде ыйыктар болуп саналат. Бирок ошентсе дагы, ар бир мүчө чыдамдуулукка жана рухий өсүүгө муктаж. Ар бир адам ката кетирет, жыгылат. Бул тууралуу Менин осуятым бул: «Бири-бириңердин каталарыңарды жана күнөөлөрүңөрдү кечиргиле. Бири-бириңерди соттобогула, тескерисинче кечиргиле. Башкалардын баштарын эмес, буттарын жуугула. Бирөөңөр да өзүңөрдү башкалардан жогору эсептебегиле, анткени силер баарыңар бир туугансыңар. Эгерде силер ушуларды кылсаңар, азыр Мен силерге айткан нерсени түшүндүңөр: Мен Өзүмө кызмат кылдырыш үчүн келген жокмун, Мен силерге кызмат кылуу үчүн келдим. Менин жашоом - кызмат, курмандык жана башкаларга жол берүү.

«Мен дүйнө жүзүнө сүйүүнүн элчилерин жиберип жатам. Жиберилип жаткандар жиберип жаткан Адамдай улуу. Силердин биринчи тапшырмаңар - Мага окшош кызматчы болуу. Эгерде ушул чындыкты түшүнсөңөр, анда Машайакчылыктын маңызын, анык өзөгүн түшүнгөн болосуңар».

«Менин экинчи тапшырмам: Билгениңерди иш жүзүндө кылсаңар, анда силер берекелүүсүңөр. Мен сүйүүнү сөз менен гана айткан жокмун; Мен муну иш жүзүндө көрсөттүм». Кызмат кылуу бул сөз эмес, сыйынуу гана эмес, сезим эмес, бул иш жана курмандык. Жан-дилден кызмат көрсөтүү мүнөзү бул чыныгы ишенген адамдын табияты. Мына ушул өзөктөн ар кандай сүйүүнүн иштери ташкындап чыгат. Кызмат көрсөтпөгөн адам чала ишенүүчү. Ишсиз сыйынуу бул эки жүздүүлүк. Адам жакшы иштеринин негизинде куткарыла албайт; Куткаруучу бул Менин каным. Бирок эгерде силер ач-жылаңачтарга, адашкандарга ийилип кызмат кылуу менен аларга ар дайым урмат-сый көрсөтсөңөр, анда Кудайдын кереметтүү кубанычына толосуңар. Ошондо Кудай Машайактын кызматчыларына ыраазы болот.

Бир тууганым, сен устат же окутуучу болгуң келеби? Анда Ыйсаны кара. Ал өтө жеткилең Окутуучу. Ал сенин алдыңа сага кызмат кылуучу катары турат. Анын окутуусун үйрөнгүң келеби? Анда бүгүнкү күндөн баштап кызмат кыл. Сыйынуу аркылуу кайда, качан, кантип жана кимге кызмат кылууңду кааларын Кудайдан сура. Эгерде сен муну иш жүзүндө кылсаң, анда сен бактылуусуң.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 01:06 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)