Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 082 (The traitor exposed and disconcerted)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
Б – Кечки тамактан кийинки болгон окуя (Жакан 13:1-38)

2. Чыккынчынын бетинин ачылышы (Жакан 13:18-32)


Жакан 13:18-19
18 Баарыңар жөнүндө айтып жаткан жокмун, Мен Өзүм тандап алган адамдарымды билем. Бирок Ыйык Жазуудагы «Мени менен бир дасторкондо отурган адам Мага согончогун көтөрдү» деген сөз аткарылышы керек. 19 Мен бул сөздү силерге аткарыла электе эле айтып жатам, аткарылгандан кийин, Ошол Мен экениме ишенип каласыңар.

Жүйүт момундукту жана кызмат кылууну сүйбөгөндүктөн, бактысыз жашоо менен жашачу. Ал зомбулукту, башкарууну жана алдамчылыкты тандап алды. Ал Ыйсаны алдап, өзү каалаган нерселеринин кожоюну болууну эңсечү. Керек болсо, ал Ыйсанын колунан бийликти тартып алууну да каалаганга дагы дити барса керек. Ал жүрөгүндө каршы болгодуктан, Ыйсаны тебелегиси келип, Анын кызматына каршы чыккынчылык кылды. Ал сүйүү деген эмне экенин түшүнгөн жок. Канчалык Ыйса момун болгон сайын, ал ошончолук текебердене берди. Канчалык Ыйса момун жана назик кызматчы болгон сайын, ошончолук Жүйүт менменсинген, бийликти көксөгөн, зомбулукту максат койгон адам боло берди.

Шакирттери Ыйсанын Теңири экенине күмөн санабашы үчүн, Ыйса алдын ала аларды чыккынчылык боло турган мезгилге даярдап жатты. «Ошол Мен» деп атоо менен, Теңир жекече Өзүнүн алсыздык сааты тууралуу алдын ала айтты. Кудай Мусага Өзүн күйүп жаткан бадалда ачкан сыяктуу, Ал Өзүнүн кудайлык табияты тууралуу ачып берип, шакирттеринин ишенимдерин бекемдегиси келди. Себеби алар күмөн саноо болуп, ар кандай азгырыктар келгенде, ишенимден тайышы мүмкүн эле.

Жакан 13:20
20 «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, ким Мен жиберген адамды кабыл алса, ал Мени кабыл алган болот. Ал эми Мени кабыл алган адам Мени жиберген Кудайды кабыл алган болот».

Ыйса жүйүт башчыларынын колуна салынып берилүүсүнүн жана өлүмүнүн маанисин түшүндүрүп, шакирттерин коркунучтан бошотту. Анын осуяты жана коргоосу шакирттерин коопсуз кылмак. Ыйса шакирттерин дүйнөгө жиберет жана ошол эле маалда Өзү алар менен бирге барат. Анын кызматчылары өз атынан барышпайт, бирок Теңиринин атынан барышат. Аларды кабыл алган адам Ыйык Үч Бирдикти да кабыл алат. Шакирттердин сөздөрүнө ишенген адам Кудайдын баласы болуп калат. Бул татаал тапшырма: бул өздөн баш тартууну, душманыңды сүйүүдө, жокчулукта жана жек көрүүдө бекем болууну талап кылат. Ушундай кыйынчылыкка карабай, Кудай алардын ичинде экенин билишет. Кайда гана барышпасын, Кудай да алар менен кошо барат жана Кудай алардын кайсы жерде кызмат кылуусун кааласа, Кудайдын тапшырмасы ишке ашуусу үчүн Рух аларды ошол жакка жетектейт.

Сыйынуу: Теңир Ыйса Машайак, Сенин кызматчың болмоюнча мен Сени менен боло албастыгымды түшүнгөнгө жардам берчи. Жөнөкөйлүк менен башкаларга кызмат кылуум үчүн, менин жашоомдо болушуңду каалар элем. Жүрөгүмдө шайтанга жол бербегенге жардам берчи. Башкаларга сөзүм менен гана эмес, бирок Сенин күчүң менен, акылың менен иш аркылуу кызмат кылганга мага жардам берериңди суранам.

СУРООЛОР:

  1. Машайактын мисалы аркылуу эмнени үйрөнсөк болот?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 01:07 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)