Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 027 (The Baptist testifies to Jesus)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
В - Машаяктын Иерусалимге биринчи келиши (Жакан 2:13 - 4:54) -- Тема: Чыныгы табынуу деген эмне?

3. Чөмүлдүрүүчү Жакандын Ыйсаны Күйөө катары күбөлөндүрүшү (Жакан 3:22–36)


Машаякчылардын кыйымылынын өсүшүнө кубанып, момундукту күбөлөндүргөндөн кийин, Жакан Машаяктын улуулугун жана эч нерсеге тең келбеген кабарын мындайча күбөлөндүргөн:

Жакан 3:31
Жогорудан Келген баарынан жогору. Бул дүйнөдөн келген бул дүйнөгө таандык, ошондуктан дүйнөдөгүнү сүйлөйт. Асмандан келген баарынан жогору.

Ар бир адам бул дүйнөдөн, ошондуктан алар жогорудан төрөлүүгө тийиш. Жалгыз гана Ыйса Асмандан келген жана биздин жаныбызга жакын келип, бизди сатып алуу үчүн адам болду. Асман жерден кандай бийик болсо, Назареттик Ыйса дагы бүт пайгамбарлардан, философтордон жана жеткечилерден ошондой бийик турду. Уул – жарык, өмүр жана жашообуздун маңызы. Башка нерселерди Аны менен салыштыруу мүмкүн эмес. Ал бүт жаратылыш аттуулардан жеткилең жана улуу.

Жакан 3:32-35
Ал асмандан көргөн укканы жөнүндө күбөлөндүрөт. Бирок Анын күбөлөндүрүүсүн эч ким кабыл албайт. Ал эми Анын күбөлөндүрүүсүн кабыл алган адам Кудайдын чындык экендигин далилдеди. Кудай жиберген адам Кудайдын сөзүн сүйлөйт. Анткени Кудай Рухту ченемсиз берет. Атасы Уулун сүйөт, ошондуктан бардыгын Анын колуна берди.

Адам Ыйса асмандын чындыгын Өз көзү менен көргөн. Ал Атаны көргөн жана Анын сөзөдөрүн уккан. Ал Атасынын ойлорун жана пландарын билет. Ал Атанын көкүрөгүнөн чыккан сөз. Анын аяны жеткилең. Пайгамбарлар аркылуу айтылган аяндар толук эмес болчу. Ал эми Ыйса болсо, Кудайдын эркин акырына чейин толук ачып берди. Ал ушул күбөлөндүрүү үчүн азап тарткан ишенимдүү Күбө. Ал Атаны даңктады, бирок тилекке каршы, көп адамдар Анын күбөлөндүрүүсүн кабыл алышкан жок. Алар жакын турган Кудайды каалашкан жок. Алар Уулду кабыл албастыгы менен Кудай Атадан да баш тартышты.

Эч кимди жек көрбөгөн Кудайга жана Анын Рухуна даңк. Атаны Уулу аркылуу көрүшкөн жана жеткилеңдүү курмандыгын кабыл алган тандалгандар да бар. Анын аяндарына, сатып алгандыгына ишенгендер Кудайды кастарлашат. Кудай жалган айтпайт; Уул Өзү – чындык. Кудай Ата ойлорунун маңызын конституция же китеп аркылуу ачкан жок. Ал муну Ыйсанын инсандыгында ачты. Анын Рухунун сөзүнө ишенген ар бир адам жаңыланат. Машаяк сени чындыкты сүйлөө үчүн гана чакырган жок. Ал сени чындыкта жашоого жана анда калууга да чакырган. Ошондо гана Анын Жакшы Кабары сенин денеңе орнойт.

Ыйса кыялдануулар жөнүндө, же анык эмес нерселер жөнүндө, же каалоолор жөнүндө сүйлөгөн эмес; Анын сөздөрү жаратуучу, кудуреттүү жана түшүнүүгө оңой. Уулу аркылуу Кудай Өзү сүйлөгөн. Атасы Уулуна бардык даанышмандыкты жана бийликти берген.

Атасы Уулун сүйгөндүктөн, Уулуна баарын берди. Кудайдын сүйүүсү - бул белек жана Уулу да Атасын урматтайт. Эми Алардын Кимиси улуу, Уулубу же Атасыбы деген суроо туура эмес. Мындай суроолор Шайтандан келет. Үч Бирдиктеги ар бир Инсан бири-бирин урматтайт. Ким бул принциптерди кабыл албаса, ал Теңирди да кабыл албайт. Атасы уулунан улуулукту тартып алат деп коркпойт, себеби Атасы Уулунун момундугун, тил алчаактыгын жана толук баш ийгендигин билет. Ыйса Өзү: “Асмандагы жана жердеги бардык бийлик Мага берилген”, - деп айткандай, Ал баарын башкарат.

Жакан 3:36
Кудайдын Уулуна ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ, ал эми Ага ишенбеген адам өмүргө ээ болбойт, Кудайдын каары анын үстүндө болот.

Жакшы кабарчы Жакан куткарылуунун формуласын аныктап жатат: Уулуна ишенген ар бир адам түбөлүк өмүргө ээ болот. Бул кыска сүйлөм Жакшы Кабардын өзү камтылган. Атасы менен Уулунда көрсөтүлгөн сүйүүнүн биримдигине жакындаган адам айкаш жыгачта ачылган Кудайдын сүйүүсүнө жакындайт. Биздин күнөөлөрүбүздү Козу жок кылгандыгын билген адам ошол Кудайдын Козусуна таянат. Машаяк менен мына ушундай мамиледе болуу аркылуу биз түбөлүктүү сүйүүсүндөгү Анын агып жаткан боорукердигин да түшүнө алабыз. Айкаш жыгачтагы Уулга болгон ошол ишеним биздин ичибизде Анын чындык өмүрүн курат. Түбөлүк өмүр өлүмдөн кийин башталбайт, ал азыр башталат. Ыйык Рух ишенгендерге Уулу аркылуу келет. Машаяктын сөздөрүн кабыл албагандар, Анын Уул экендигин жана Анын айкаш жыгачын кабыл албагандар Ыйык Рухту капаландырышат. Кудайдын сүйүүсүн кабыл албагандар Анын каарын тандаган болот.

Пабыл дагы Жакан айткан чындыкты далилдеген: Кудайдын каары бардык кудайсыздыкка жана ыпластыкка каршы төгүлөт. Баары тең күнөө кылышты жана мыйзамсыздыктары менен чындыкка каршы чыгышты. Ошол Кудайдын талкалай турган каарынын адамзаттын үстүнө төгүлүп жатканын элестетип көрсөң.

Чөлдөгү көтөрлүгөн жылан сыяктуу, айкаш жыгачка кадалган Ыйса Кудайдын каарынан сактай турган белги болуп калды. Уулу ырайымдын берилишине жол ачты. Анын айкаш жыгач аркылуу келген ырайымына атайылап кайрылып келбегендер сотко кабылышат. Шайтан аларды пайдаланат. Уулуна ишенип, куткарылып калышы үчүн, качан сен башкалар үчүн сыйынасың? Сенин күбөлөндүрүүң аркылуу Кудайдын өмүрүнө ээ болуп калуусу үчүн, качан сен досторуңа кайраттуулук менен айтып бересиң?

Сыйынуу: Теңир Ыйса, биз Сенин сүйүүң жана чыдамдуулугуң үчүн рахмат айтабыз. Сага табынабыз жана бизге баш ийген жүрөк бер деп суранабыз. Сен жана Кудай Ата бир экендигиңерди терең ишенүү менен жарыялайбыз. Сени кабыл албай жаткандарга ырайым кыла көр. Аларга Өзүңдүн Сөздөрүңдү жибер. Сен бизди кимдерге жиберсең, ошолорду таап, аларга Сен жөнүндө айтып бергенге жардам бер.

СУРООЛОР:

  1. Биз кантип түбөлүк өмүргө ээ болобуз?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:54 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)