Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 092 (Abiding in the Father's fellowship appears in mutual love)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
Г - Гефсиманияга бара жаткандагы коштошуу (Жакан 15:1 - 16:33)

2. Атанын ичинде болуу бул ич ара сүйүүдөн келип чыгат (Жакан 15:9-17)


Жакан 15:9
9 Атам Мени кандай сүйсө, Мен силерди ошондой сүйөм. Силерде Менин сүйүүм болсун.

Ыйса Иорданда чөмүлүү алып жаткан маалында, Ата Уулуна болгон чексиз сүйүүсү менен асманды бөлдү. Ыйык Рух көгүчкөндүн келбетинде келип Ыйсага түшүп: «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын», - деген үн угулду. Чөмүлдүрүү белгиси аркылуу бүт дүйнөнүн күнөөсүн Өз мойнуна алып жаткандагы Ыйык Үч Бирдиктин мындай жарыясы Кудайдын Козусу үчүн курмандык жолунун башталышы экенин көрсөттү. Бизди куткаруу үчүн, Өзүн бардык атак-даңктан ажыратып, Уулу Атасынын эркин ишке ашырды. Ошол улуу сүйүү Ата менен Уулдун ортосунда гана калган жок. Бирок алар бузуку дүйнө үчүн, улуу куткаруу иши үчүн Алардын сүйүүлөрү ширешти.

Ыйса бизди Атабыздай чексиз сүйүү менен сүйөт. Ал Атасына баш ийгендей, биз баш ийе албайбыз. Кудайдын Уулу биздей күнөөкөрлөрдү тандап алып, тазалады. Ал бизге Руху аркылуу экинчи төрөлүүнү ыйгарды, бизди ыйыктады. Каалаган жагына ыргытып жибергендей биз Кудайдын алдында оюнчук эмес экенбиз. Ал күнү бою биз жөнүндө ойлонуп, кудайлык мээрими менен биз үчүн кам көрөт. Ал биз үчүн арачылык кылат, бизге болгон сүйүүсүнөн улам жакшы кабары аркылуу бизге кат жазган. Ал бизди ишенимге, сүйүүгө жана үмүткө үндөйт. Эгерде бүт дүйнө жүзүндөгү ата-энелердин бардык замандагы төгүлгөн мээримин кошсок да, муну Ыйсанын бизге болгон сүйүүсүнө салыштыруу деги эле мүмкүн эмес.

Жакан 15:10
10 «Мен Атамдын осуяттарын аткаргандыктан, Менде Анын сүйүүсү бар. Ошол сыяктуу эле Менин осуяттарымды аткарсаңар, силерде Менин сүйүүм болот».

«Менин сүйүүмдөн бөлүнүп кетпегиле. Мен силерди сүйөм жана силердин да Мага болгон сүйүүңөр артса экен деп күтүп келем. Силердин сыйынууңар кайда? Сыйынууңар асман менен байланыштырган телефон байланышындайбы? Менин куткаруумду кабыл алган жакырларга болгон жардамыңар кайда? Силерди жакшылык кылууга, сүйүүгө, жароокерликке жана ыйыктыкка чакырып жатам. Менин сүйүүмдө жашагыла. Кудай ар дайым жакшылык кылгандай, Ыйык Рух силерди да жакшылык кылууга үндөйт», - деп эскерткен.

Кудай сүйгөндөй сүйө албасак, анда биз күнөө кылып жатабыз. Машайак бизди Кудайдын боорукердик деңгээлине чейин өстүрүп жеткирүүнү каалайт. Ал айткан: «Боорукер болгула, анткени Атам экөөбүз боорукербиз». Бул мүмкүн эмес деп ойлоп жатасыңбы? Туура, эгерде муну адамдын акылынын чегинде ойлонсок, анда бул мүмкүн эмес. Бирок Машайак сенден эмнени кааларын, сенден эмнени чыгагарын билбейсиң. Ал сени сүйгөндөй сүйүшүң үчүн, Ыйса сага Рухун берген. Пабыл рухта мынтип айткан: «Мага күч берген Машайак аркылуу мен бардыгын кыла алам».

Атасынын эрки менен болгон тынчтыктын, гармониянын чегин Ыйса эч убакта кесип өткөн эмес, тескерисинче, Ал ар дайым Кудайдын сүйүүсүндө болгондугун күбөлөндүргөн. Машайак бизге Кудайдын тынчтыгын, Рухтун сыйынуусун жана сүйүүдөн келген кызматын алып келген.

Жакан 15:11
11 Силерде менин кубанычым болсун деп, силерде толук кубаныч болсун деп, Мен силерге ушул сөздөрдү айттым.

Кудайдан алыс болгондуктан, адамдын жүрөгү сыздап турат. Атасынын сүйүүсүндө болгон Ыйса ар дайым кубанычка, бакытка бөлөнгөн. Анын ички жан-дүйнөсү чексиз даңктоого, шаттанууга толгон. Өзүнүн куткаруусу менен бирге, Ыйса бизге деңиздей чалкыган сүйүүнү ыроологусу келет. Кудай - бакыттын Кудайы.

Рухтун жемиштеринин ичинен сүйүү кубанычтан кийинки экинчи жемиш. Күнөөнүн мизи майтарылганда, жүрөккө кубаныч толот. Башкаларга бата болуп төгүлүшүбүз үчүн, Машайак биздеги куткарылуунун кубанычына толтургусу келет. Кубанычка баткан адам кубанычын койнуна ката албай, Кудайга ишенип, кечиримдин бакытына батып, башкаларды куткарууну каалап калат. Качан көп адам куткарылууга келгенде, биз ушунчалык зор кубанычка бөлөнөбүз. Ыйсанын элчиси айткандай: «Кудай бардык адамзаттын куткарылышын жана чындыкка келишин каалайт». Жакшы Кабар бул азап-кайгынын, уруш-талаштын чордонуна үмүт алып келе турган кубаныч.

Жакан 15:12-13
12 Менин осуятым бул: бири-бириңерди Мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө. 13 Достору үчүн өз жанын берип коюдан өткөн сүйүү жок.

Ыйса бизди сүйөт; Ал атыбызы да, кулк-мүнөзүбүздү жана өткөн жашообузду да билет. Ошондой эле Ал биздин азап-кайгыбызды, көйгөйлөрүбүздү да билет. Анын биз үчүн көздөгөн максаты бар. Ыйса бизди келечекте да колдойт. Ал биз менен сүйлөшүүгө, күнөөлөрүбүздү кечирүүгө жана бизди чындыктагы жана тазалыктагы ыйык жашоого алып барууга дайыма жан-дили менен даяр.

Ыйса бизди сүйгөндөй, биздин дагы бири-бирибизди сүйүшүбүздү каалайт. Туугандарыбызга, досторубузга көбүрөөк жакындыкты сезип, алардын акыбалын, азаптарын, максаттарын, жана мүнөздөрүн түшүнө баштайбыз. Алардын көйгөйлөрүнүн чечилиш жолдорун көргөндө, биз аларга жардам берип, алар менен бирге убакыт өткөрөбүз. Ката кетиришсе, кечиребиз, каталары үчүн жана алсыздыктары үчүн аларды жемелебей, кыйынчылыгында тирек болобуз.

Чыныгы сүйүүнү Ыйса бизге жашоосу аркылуу көрсөткөн. Ал куру сөз менен сүйлөбөстөн, иши менен Өзүн күнөөкөрлөр үчүн курмандыкка берди. Ал биз үчүн жашап эле тим болбостон, бирок биздин айыбыздан курман болду. Айкаш жыгач Кудайдын бизге болгон сүйүүсүн түшүндүрүүчү сүйүүнүн таажысы. Ал бизден куткарылуунун кабарын таркатууну, убактыбызды, каражаттарыбызды курмандык кылууну күтөт. Эгерде Ал бизди башкаларга жакшы кабар таркатууга жана Ыйса бизге кылгандарын биз элдерге да тартуулоого чакырган болсо, анда Ал өзүбүздү, мүлкүбүздү жана күчүбүздү дагы ушуга арноону бизден күтөт. Ал Өзүнө жамандык кылгандар үчүн сыйынат, аларга досу катары мамиле кылат. Ал душмандары үчүн: «Ата, аларды кечире көр, алар эмне кылып жаткандарын түшүнбөй жатышат», - деп сыйынган. Ыйса аларды бир туугандарым, же Кудайдын балдары деп атап гана койбостон, аларды жаны менен сүйүп алды. Сүйүүсүнө татыксыздарды сатып алуу үчүн Ал курман болду.

Жакан 15:14-15
14 Эгерде силер Менин айткан сөздөрүмдү аткарсаңар, Менин досторумсуңар. 15 Мындан ары силерди кул дебейм, анткени кул өзүнүн кожоюнунун эмне кылып жатканын билбейт. Мен силерди досторум дедим, анткени силерге Атамдан уккандарымдын баарын айтып бердим.

Кудай бизди «сүйүктүүлөрүм» деп атайт. Ал ушул сөздү ар бирибизге айтат. Балким сага көңүл бурган эч ким жок, жалгыз калсаң, анда жүзүңдү сен үчүн курман болуп, сен үчүн жашап жаткан Ыйсага бур. Ал сага жардам берүүгө дайыма жан-дили менен даяр болгон сенин өзгөчө жакын Досуң. Ал сенин ойлоруңду билет жана меймандостук менен сенден жооп күтөт. Аны менен досчулук мамиледе жашоонун талабы - бул Ыйса башкаларды кандай сүйсө, биз дагы аларды ошондой сүйүү менен сүйүү. Ыйсанын достугу бизден бири-бирибизди сүйүшүбүздү талап кылат. Ал бизди «сүйүктүүлөрүм» деп атаган. Биз Ага тийиштүүбүз, себеби Ал бизди жараткан. Ал бизди жараткандыктан бизге кул катары мамиле кылганга укугу бар болчу. Ал бизди кулчулуктан бошотуп, жогору көтөрдү. Ал бизге кудайлык иштери тууралуу айтып берет. Ал бизди көз жаздымга калтырбайт, тескерисинче Атанын атын таанытып, айкаш жыгачтын күчүн көрсөтүп, Ыйык Рухтун сүйүүсүнө үйрөтөт. Ыйык Үч Бирдиктин сырларын ачып берүү аркылуу түбөлүктүүлүктүн жашыруун сырларын ачат. Мына ушул иштердин баарын ачып берүү үчүн, Ата бул жоопкерчиликти Уулунун колуна берген болчу. Анын досчулук мамилеси ушунчалык кенен болгондуктан, Өзүнүн иштерине, атак-даңкына, бийлигине жана өмүрүнө бизди да ортоктош кылды.

Жакан 15:16-17
16 Силер Мени тандаган жоксуңар, Мен силерди тандап алдым. Барып жемиш берсин деп, жемишиңер туруктуу болсун деп, силерди дайындадым. Ошондо Атамдан Менин ысымым урматына эмне сурасаңар да, Ал силерге берет. 17 Силерге бере турган осуятым бул: бири-бириңерди сүйгүлө.

Ыйса менен болгон мамилең сенин эркиңден, каалооңдон же тажрыйбаңдан келген эмес, бул Анын сүйүүсүнө, тандоосуна жана сага болгон чакырыгына негизделген. Күнөөлөрүңдүн, Шайтандын чеңгелинин жана өлүмдүн алдында сен кул болчусуң. Сен ушул түрмөдөн бошонуп чыкканга эч мүмкүнчүлүгүң жок болчу, бирок Ыйса сени түбөлүктүүлүктө эле тандап алган жана Өзүнүн баа жеткис кымбат каны менен сени сатып алды. Ал сени Өзүнө дос кылып алды, жана Кудайдын уулу деген укукка ээ кылды. Аны тандоо же тандабоо бул сенин өз чечимиң. Ыйса айкаш жыгачта сени күнөөлөрүңдөн сатып алганда, Ал бүтүндөй адамзатты тандаган. Бирок Анын чакырыгын баары тең эле кабыл ала бербейт, алар күнөөнүн сазында калууну артык көрүшөт. Алар Кудайдын балдарына берилген чындыкты билишпейт. Машайак сени күнөөдөн бошотуп, Өзү менен ыйык мамиледе жашоого чакырат. Өзүңдү сүйүүдө машыктыр. Сендеги эркиндиктин бирден-бир максаты бул Теңириңе жана бүтүндөй адамзатка өз ыктыярың менен кызмат кылуу. Бул жерде кул сыяктуу мажбурлоо жок. Ыйса сүйүү үчүн Өз ыктыяры менен кызмат кылган. Ал Өзүнөн баш тартып, сүйүктүүлөрү үчүн курман болду. Ал биз үчүн үлгү.

Ошондуктан койчу койлорун сактагандай эле, Ал сенден да досторуң үчүн кам көрүүңдү каалайт. Биздин күчүбүз чектелүү болгондуктан, биз башкаларды күнөөнүн кулчулугунан бошото албайбыз, ошондуктан Ыйса бизди Анын ысымы аркылуу сыйынуубуз керектигин айткан. Эгерде биз Ыйсадан күнөөнүн кулчулугунан жаңы бошотулгандарды жетектеп, моралдык жана рухий бекемдешин сурансак, Ал жакшылыктын булагы болгондуктан, ушунун баарын кылып берет. Сыйынууга жооп алуунун сыры бул сүйүү. Эгерде досторуң үчүн ушундай рухта сыйынсаң, Ыйса сенин күнөөлөрүңдү көрсөтүп, сени акыл калчап жашаган, таасирдүү жашоого, чыныгы сыйынууга, момундукка, жүрөктүн марттыгына алып барат. Качан Теңириңден досторуңду утуп алуу үчүн куткарылууну жана ыйыктыкты сурсаң, Ал сага сөзсүз жооп берет. Сыйынууда туруктуу болуу өтө маанилүү. Ыйса сага жок болуп кете турган натыйжаны эмес, бирок түбөлүккө кала турган жемишти убада кылат. Сенин сыйынууң жана күбөлөндүрүүң аркылуу ишенип калгандар, өлүмдөн өмүргө өтүп, түбөлүктүү өмүр сүрүшөт.

Ишеним, сыйынуу жана күбөлөндүрүүдөн тышкары, досторуңду чын жүрөктөн чыккан таза сүйүү менен сүйүшүңдү Ыйса буйрук кылат. Алардын катаал мүнөздөрүнө карабай, чыдамдуу бол. Кудай сага кандай назик болсо, сен дагы аларга назиктик менен аяр мамиле жаса. Ыпластыкка баткан, ырайы суук дүйнөгө Кудайдын сүйүүсүнүн жарыгын жандыр. Өзүңдү кызматка, курмандыкка, угууга жана жооп берүүгө машыктыр. Мына ушинтип, Машайактын шамы сен аркылуу жанып турсун.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, Сага чексиз ыраазыбыз, себеби Сен бизди күнөөнүн туткунунан бошотуп, бизди Өзүңдүн сүйүктүүлөрүң кылып алдың. Сен бизди кандай сүйсөң, биз да бири-бирибизди ошондой сүйөлү. Сенин алдыңда табынуу менен өзүбүздү Сага арнайбыз, бизди ал, жана пайдалан. Сүйүүдө мол түшүмдүү болуу үчүн, бизди тил алчаактыкка үйрөт.

СУРООЛОР:

  1. Кантип Ыйса күнөөнүн туткунунда жүргөндөрдү Өзүнүн сүйүктүүлөрү кылып койду?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 09:32 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)