Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 076 (Jesus anointed in Bethany)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
А – Ыйык Жумага даярдануу (Жакан 11:55 - 12:50)

1. Бетанияда Ыйсанын майланышы (Жакан 11:55 – 12:8)


Жакан 11:55-57
55 Жүйүттөрдүн Пасах майрамы жакындап калгандыктан, өлкөнүн туш тарабынан көптөгөн адамдар майрам алдында тазалануу үчүн Иерусалимге келишти. 56 Алар Ыйсаны издешти. Ийбадатканада туруп алышып, «Кандай деп ойлойсуңар, Ал майрамга келет болду бекен?» - деп өз ара сүйлөшүп жатышты. 57 Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер болсо Ыйсаны кармаш үчүн, «Ыйсанын кайда экенин ким билсе, кабарлап койсун!» деген буйрук беришти.

Пасах майрамы Байыркы Келишимдеги негизги майрамдардын бири болчу. Бул жүйүт элинин Кудайдын каарынан куткарылгандыгы тууралуу майрам эле. Ошондон тартып жүйүт эли алар үчүн даярдалган Кудайдын Козусунун коргоосу алдында жашап келишкен. Алар өлүмгө татыктуу болгон, бирок ишеними аркылуу аман калышты.

Жыл сайын жүйүттөр Иерусалимге Кудайга аларды сактап жүргөндүгү үчүн ыраазычылык билдиргени келишчү. Элдер көп сандаган козуларды курмандыкка чалышып, этин жешкен. Кудайдын Козусунун алдында таза болуу үчүн көптөгөн элдер Иерусалимге эрте барышып, күнөөлөрүнөн тазаланып даярданышчу.Эгерде кимде ким өлүккө тийсе, анда ал жети күн бою тазалануу расмисинен өтүп, Кудайдын Ийбадатканасына киргенге татыктуу болуу үчүн даярданчу (Сандар 19:11).

Ошол маалда жүйүттөр Назареттик Ыйса жөнүндө, «Ал келет болду бекен, деги Аны көрөт болдук бекен?» дешип сурамжылап жатышты. Диний Кеңешме жашыруун түрдө Ыйсаны өлтүрүүнү чечкендигин эл билчү. Себеби Кеңешме элге Ыйсаны көрсө, Аны кармап келүү үчүн аларга кабарлоону буюрган эле. Ошентип, өлүмдүн оозу Ыйсаны жутуу үчүн ачылды.

Жакан12:1-3
1 Пасах майрамына алты күн калганда, Ыйса Бетанияга келди. Бул жерде Ал тирилткен Лазар жашачу. 2 Ошол жерде Ага кечки тамак даярдашты. Марта кызмат кылып жүрдү. Лазар болсо Аны менен бирге бир дасторкондо отурду. 3 Мариям нард деген өсүмдүктөн жасалган жыпар жыттуу, таза майдан бир фунт алып келип, Ыйсанын бутуна куйду, анан Анын буттарын чачы менен сүрттү. Үйдүн ичи жыпар жыттуу май жыттанып калды.

Ыйса душмандарынын амалкөйлүгүнөн корккон жок, тескерисинче Ал Атасынын эрки боюнча Иерусалимге барды. Ал Иерусалимге майрам башталарга бир жума калганда келди. Ал борбор шаардан үч километр алыстыкта жайгашкан Бетания деген шаар аркылуу келди. Ыйса кудуреттүү күчүн көрсөтүү менен Атасына даңк алып келген үйгө келди. Лазар кадимкисиндей эле жашап, тамак жеп, эл аралап жашап жүрдү. Элдер аны көргөндө, арбакты көргөндөй таң калып да, коркуп да жатты.

Марта, Мариям жана Лазар Кеңешменин коркутканына карабай, Кудайдын даңкын күбөлөндүрүп жүрүштү. Лазар Ыйсаны шакирттери менен кошо үйүнө чакырып, кубанычтуу той өткөрдү. Лазар Ыйсанын досу болчу. Ал өзүн тирилткен Ыйсанын жанында отурду. Мунун өзү бизге бейишти сүрөттөп жаткандай эмеспи? Кудай бизден алыс болбойт, биз аны менен бирге даңкка толобуз.

Марта берекелүү аял заты болгондуктан, берээрге ашып таппай, колунда болгондун баарын чачып, Ыйсанын чынгы Машайак экенин, өлүмдүн жеңүүчүсү экенин билип, кош колдоп тосуп алды.

Мариям болсо сырдуу аял. Ал Ыйсаны өзүнүн өзгөчө жолу менен тосуп алды. Ал наркы бир жылдык эмгек акынын баасына туура келген атыр жытту май алып келди. Ал өзүнө эң кымбат болгон нерсени Ыйсага арнагысы келди. Мариям Ыйсанын башын майлоого өзүн татыксыз сезди; ал Ыйсанын бутун өзүнүн өмүрүндөгү кымбат кенчи менен майлады. Сүйүү бул өзүмчүлдүк эмес, ал ашыгы менен курмандыкка берет. Анан ал бутун чачы менен арчыды. Сүйүүнүн бул чыныгы жана ыйык иши бөлмөнү аңкыган сонун жытка толтурду. Бөлмөдө отургандын баары Мариямдын курмандыгынын жытына толушту.

Жакан 12:4-6
4 Ыйсанын шакирттеринин бири, кийин Ага чыккынчылык кылган Шымон уулу Жүйүт Искариот мындай деди: 5 «Бул майды үч жүз динарийге сатып, түшкөн акчаны жакырларга таратып берсе болот эле да». 6 Ал муну жакырлар үчүн кам көргөндүктөн эмес, ууру болгондуктан айтты. Акча салынуучу куту анда болгондуктан, ал ага салынган акчадан уурдап алчу.

Жүйүт Ыйсага караганда акчаны сүйчү. Ал чыныгы ишенимге караганда, көзгө көрүнгөн материалдык нерсени артык көрдү. Жүйүт рухий батаны барк албай, акчалай курмандыкты каалады. Ал Мариямдын Машайакты кастарлагандыгын, ыраазычылыгын, берешендигин түшүнгөн да жок. Акчаны сүйгөн адам шайтандыкы. Эң таң калычтуусу, ал кедейлерге жакшылык кылуу менен, Ыйсаны жек көргөндүгүн жашырды. Чындыгында жүйүт кедейлерди деле ойлогон жок, аларга эч нерсе бергиси да келген эмес. Тескерисинче, ал кантип өзүнө акча алыш керектигин ойлоп жатты. Кедейлерге жакшылык кылуу ал үчүн уурулугун жаба турган эле көшөгө болчу. Ал элге бергенден да көбүн өзүнө кытып алчу: ал кичинекей иште ишенимдүү болбой, ишин жана ойлору менен ууру болду.

Ыйса бул акча салуучу кутуну кармаган адамдан эч кандай эсеп-кысап талап кылган эмес, тескерисинче Ал анын ууру жана иштери арам болсо дагы, аны менен акырына чейин болду. Жүйүт өзүн гана сүйгөн, байлыкка азгырылган ууру жана митайым эле. Бир тууганым, сен бир эле маалда Кудайга да, акчага да кызмат кыла албайсың. Сен бирөөсүн сүйүп, бирөөсүн жек көрөсүң. Өзүңдү алдоого бербе. Сенин максатың Кудайбы же байлыкпы?

Жакан 12:7-8
7 Ошондо Ыйса мындай деди: «Мариямды жайына койгула! Ал муну Менин көргө коюлар күнүмө сактап жүргөн» 8 Анткени Мен силердин жаныңарда дайыма эле боло бербейм, жакырлар болсо дайыма жаныңарда болот.

Кудай бизден бири-бирибиздин буттарыбызга атыр төгүшүбүздү каалабайт. Ал тегерегибиздеги кедей, муктаж адамдарга көздөрүбүздү ачкысы келет. Машайактын кедейлер дайыма биз менен болот деген сөзүн бир дагы саясатчыл кыймыл, дин жана идеология жок кыла албайт. Биздин өзүмчүлдүгүбүз өтө күчтүү, ал эми сүйүүбүз болсо алсыз. Кой үстүнө торгой жумурткалаган заман жок; байлык, бийлик адамдардын баарына бирдей берилбейт. Биринде бар болсо, биринде жок. Түндүккө, Түштүккө, кайда гана барбайлы, кара мүртөздөр менен мусапырлар четтен табылат. Шаарга барсаң да, айылга барсаң, да жардыларды табасың, бирок ошол жардылардын жүздөрүнөн Ыйсанын сүйүүсүн көрө аласың.

Адамдардын жүрөктөрү таштай катуу экенин Ыйса билет. Ал жалындуу сүйүүсү менен ошол күнөөкөрлөр үчүн курман болуу үчүн келген. Мариямды Ыйсанын бутун майлап көргө коюлганына даярдаш үчүн, Ыйык Рух аны жетектеп жатканын Ыйса билген. Качан Кудайлык сүйүү адамдын ичине киргенде, Ыйык Рух күтүлбөгөн нерселерди кылып, адамдарды айраң-таң калтырат. Мариямдын максаты Кудай Конокту даңктоо болчу, ошондуктан Рух Аны алдын ала даярдоо үчүн, бутун майлоого жолдоду. Ошентип бузулган дүйнөнү Ыйса жакшылыгы жана ырайымы менен элдештирүү ишин баштады.

Сыйынуу: Ыйса Теңир, Лазарды өлгөндөн тирилткениң үчүн Сени даңазалайбыз. Караңгы мүрзөдөн Сен эч коркпойсуң. Жан-дилибиз менен, болгон байлыгыбыз менен Сага кызмат кылганга бизди үйрөт. Бизди кара мүртөздүктөн, эки жүздүүлүктөн, уурулуктан жана жек көрүүдөн куткар. Жүрөктөрүбүздү сүйүүңө толтур жана ыраазычылык менен бардыгын Сага арноо жолуна бизди сал.

СУРООЛОР:

  1. Кандайча Ыйса Мариямдын майлоосун кабыл алды.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 12:59 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)