Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 053 (Disparate views on Jesus)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
1. Алачык майрамындагы Ыйсаны сөздөрү (Жакан 7:1 – 8:59)

б) Ыйса тууралуу эл арасындагы жана жогорку кеңештеги ар кандай ойлор (Жакан 7:14-63)


Жакан 7:45-49
Кайтып келишкен кызматчылардан башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер: “Эмне үчүн Аны алып келген жоксуңар?” – деп сурашты. Кызматчылар болсо: “Эч ким эч качан бул Адамдай сүйлөгөн эмес”, - деп жооп беришти. Ошондо фарисейлер аларга мындай дешти: “Эмне, силер да алданып калдыңарбы? Башкаруучулардан же фарисейлерден Ага ким ишенди?! Мыйзамды билбеген бул караңгы эл каргышка калсын”.

Качан Ыйса ийбадатканада элге таалим берип жатканда, кызматчылар Ыйсаны колго түшүрүп, алып келишет деген ой менен фарисейлер чогулуп күтүп жатышкан эле. Бул жакта башкы ыйык кызмат кылуучулар көптүк түрүндө айтылган. Чындыгында башкы ыйык кызмат кылуучу Жогорку Кеңешмени башкарчу. Римдик башкаруучулар бул башкы ыйык кызмат кылуучу адамдардын санын бара-бара кыскарткан болчу. Бул жерде болсо ошол Рим башкаруучаларынын айынан кызматынан бошотулган бир нече башкы ыйык кызмат кылуучулар чогулган; алар ыйык кызмат кылуучулардын үй-бүлөсүнөн чыгышкан. Алар Саддукейлер деп аталган жана алар эркин ойлонууну жактап, фарисейлердин мыйзамчылдыгын жактырышчу эмес.

Кеңешмеде фарисейлер ыйык кызмат кылуучулар менен катарлаш отурушту. Мыйзамчыл адамдар катары алар герктердин ой жүгүртүүсүн кабыл алышчу эмес жана ишенимдерине жана өздөрүнүн партиясына негиз кылып ар кандай мыйзамдарды чыгарып алышкан. Алар таш боор болушкан жана Кудайды каардуу деп элестетишчү жана муну башкаларга дагы таңуулашчу.

Ыйсана кармап келишпегендиги үчүн фарисейлер да, саддукейлер да ачууланышты. Ыйсаны шакирттери да, эл да коргогон жок. Бир гана Анын сөздөрү баарын таң калтыргандыктан, кызматчылар Аны кармоого батына алышпады. Себеби алар Ыйсадан Кудайдын күчү чыгып жатканын сезишкен болчу.

“Эмне, Аны ээрчигендерге силер да кошулуп калдыңарбы? Кеңешменин бир дагы мүчөсү Ага ишенген жок. Бул Галилеялык Немени келесоолор эле ээрчийт”, - деп фарисейлер айтышкан болчу.

Көптөрү Ыйсаны сүйүшкөн. Бирок алар карапайым, жек көрүндү болгон, бузулган, күнөөгө баткан жөнөкөй эл болчу. Ыйса ушул элдин жанына отуруп, алар менен чогу болуу менен аларды урматтагандыгын далилдеген. Ал эми кудайчылдар болсо элге кыжырданышып, аларды каргашты. Алар элди мыйзамдын көз айнеги аркылуу карашты. Чындыгында эле, Ыйсаны ээрчигендер жек көрүндү болушкан. Ошондуктан, кээ бирлери Жакан чөмүлдүрүүчүнүн алдына келип тобо кылышкан. Ошентитп башкаруучулар өзүлөрү менен бир тилде сүйлөшкөн, бирдей адат-салтты кармаган элди жек көрүп башташты. Ар кайсы катмардагы элдин ортосунда кандай гана кагылышуу болбосун, кандай гана бөлүнүү болбосун, бардык эл баары бир эле акыры бир биримдикти жаратат.

Жакан 7:50-51
Алардын бири, мурун Ыйсага түн жамынып келип кеткен Никедим аларга мындай деди: “Эмне кылганын адамдын өз оозунан угуп териштирбей туруп, биздин мыйзам боюнча өкүм чыгарууга болобу?”

Ошол мезгилде ал жактагы ыйык кызмат кылуучулардын бирөөсү Кеңешменин мындай жек көрүүсүн көрүп, коркуп кетти. Бул Ыйсага түн жамынап, жашыруун келген Никедим болчу. Ыйса болсо ага жогорудан төрөлүшү керек экенидигин айткан болчу. Бул адам дагы да болсо Ыйсадан терең таасир алып жүргөн эле жана ал Ыйсаны жакшы көрүп жүргөндүгүн эч кимге билгизбей туруп, Ыйса үчүн ортомчу болду. Никедим далили жок чечим чыгарууга тыюу салган сот мыйзамын колдонду.

Соттоочулар болсо бул абийирдүү адамды шылдыңдап башташты. Адам айыпсыз болсо дагы, сот өкүлдөрү жалган жалаа жабуу менен соттошсо, тилекке каршы бул расмий түрдө ишке ашат. Ыйсага каршы чыгып жаткандар Ыйсанын Галилеядан болгондуктан, Аны чындап эле жалган пайгамбар катары көрүшкөн. Бул Галилея аймагын жүйүттөр мыйзамсыздар катары жаман көрүшчү. Фарисейлер Ыйсаны жалган пайгамбар деп ишенишчү, ошондуктан алардын алдына Ыйсаны алып келип, мурда Ыйса аны кандай ишендирсе, ынандыруучу сөздөрү менен аларды да ишендирет деп ойлоп жаткан Никедимди шылдыңдашты.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн ыйык кызмат кылуучулар жана фарисейлер Ыйсаны жек көршкөн?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:14 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)