Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 052 (Disparate views on Jesus)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
1. Алачык майрамындагы Ыйсаны сөздөрү (Жакан 7:1 – 8:59)

б) Ыйса тууралуу эл арасындагы жана жогорку кеңештеги ар кандай ойлор (Жакан 7:14-63)


Жакан 7:37-38
Майрамдын акыркы – эң улуу күнү Ыйса эл алдында туруп, бийик үн менен мындай деди: “Ким суусаса, Мага келсин жана ичсин. Ыйык Жазууда айтылгандай, Мага ишенген адамдын ичинен тирүү суу чыгат”.

Майрам учурунда ийбадатканадан Ыйса кайрадан элге кайрылды. Ошол маалда эл ыйык кызмат кылуучуну курмандык чалынуучу жайга суу төгөт деп күтүп жаткан болчу. Ыйык Кызмат кылуучулар бул майрамга кубаныч, шаттык менен келишип, ыраазычылык билдирүү үчүн келерки жылы Жаратуучудан күтүп жаткан баталардын белгиси болгон сууну Кудайдын алдына төгүү үчүн келишкен. Алар бул салтты Ышайанын: “Куткаруу булагынан кубаныч менен суу сузуп аласыңар”, - деген сөздөрүнө негизделген болчу.

Ыйса бардык ырым-жырымдарды жек көргөн, куткарылууну уга элек, суусаган жандарды көрдү. Ал катуу үн менен: “Мага келгиле, өмүрдүн суусунан бекер ичкиле! Суусагандарды Мага коө бергиле. Өмүрдүн булагы – Менмин!” – деди.

Ыйык жашоого суусабагандар Куткаруучуга келишпейт. Бирок ким Ыйсага келсе, Ыйса ага: “Мага ишенген жана Мени менен жекече мамиледе болгон ар бир адам башкаларга бата берүүчү булак болот. Ыйык Жазуу Мага ишенүү керек экендигин айтат жана Кудай болсо Мага келүүнү Менден өмүр жана кубаныч алууну осуят кылат”, - деп айтат. Кайраттуулук менен Ыйсага келген адам Анын сөздөрүнөн ичип, Рухуна толсо, ал адам өзгөрөт. Суусаган адам өзү булак болуп калат; бузулган өзүмчүл адам ишенимдүү кызматчы болот.

Ыйсанын мээрман кам көрүүсүн көрдүң беле? Ал сени таза суунун булагы болушуңду каалайт. Жүрөгүңдөн жаман ойлор чыгышы мүмкүн. Ал эми Ыйса болсо сенин жүрөгүңдү жана оозууңду тазалайт. Ошондо сен көптөрү үчүн батанын булагы болосуң.

Ыйсанын максаты - акылды жана жанды гана тазартуу эмес, бирок ошондой эле Кудайга тирүү курмандык болуп, адашкандарга кызмат кылуу үчүн сенин денеңди да тазартат. Мындан ары сен өзүң үчүн эмес, өз эркиң менен башкаларга кызмат кылууң үчүн Ал сени ыйыктайт. Өзүн шартсыз түрдө Ыйсага арнаган адам башкаларга бата болот.

Жакан 7:39
Ыйса бул сөз аркылуу Өзүнө ишенгендер ала турган Ыйык Рух жөнүндө айтты. Ыйса даңктала элек болгондуктан, Рух бериле элек болчу.

Ыйсага ишенген адам Ыйык Рухтун белегин алат. Рухтун адамга ушул бүгүнкү күндөрдө да келип түшүшүнүн өзү эле керемет эмеспи. Бүгүнкү күндө да рух адамдарга берилип жатат. Бул Рух периште же элес эмес, бул ыйыктыкка жана сүйүүгө толгон Кудайдын Өзү. Рух таза отко жана күчтүү агымга окшош. Ошол эле убакта Ал назик Сооротуучу. Ар бир чыныгы ишенген адам ушул Ыйык Рухтун ийбадатканасы боло алат. Бул Ыйык Рухтун Ыйса жерде жүргөндө дүйнөгө төгүлбөгөндүгүнүн себеби, адамзат менен алардын Теңиринин ортосунда күнөө турган болчу. Тоодой болгон мыйзамсыздык Рухту адамзатка келтирбей, тоскоол болгон. Качан гана Ыйса күнөөлөрүбүздү Өз мойнуна алып кеткенде жана качан Ал асманга көтөрүлүп барып, Кудайдын оң жагына отургандан кийин, Ал сүйүүсүнүн Рухун Атасы Экөө биргелешип бардык жердеги ишенгендерге төктү. Кудай Рух болгондуктан, Ал бардык убакта, бардык жерлерде боло алат. Күнөөлөргө болгон Кудайдын кечиримин Ыйсанын каны аркылуу кабыл алган адамда Ал жашай баштайт. Бир тууганым, сен Кудайдын Рухун кабыл алдың беле? Машаяктын күчү сага келди беле? Жогорудан төрөлүүнүн, айкөлдүктүн булагы болгон Ыйсага кайтып кел. Ал айтат: “Мага келген адам ачка болбойт. Мага ишенген адам суусабайт”. Ким ушуга ишенсе, Ыйык Жазууда айтылгандай: “Анын ичинен башкаларга тирүү суу дарыя болуп агып чыгат”.

Жакан 7:40-43
Бул сөздөрдү уккан кээ бирөөлөр: “Чын эле, бул - Пайгамбар”, - дешсе, кээ бирөөлөр: “Бул - Машаяк”, - дешти. Дагы бирөөлөр: “Жок! Машаяк Галилеядан келмек беле? Ыйык Жазууда: “Машаяк Дөөттүн тукумунан, Дөөттүн шаарчасы Бейт-Лехемден келет”, - деп айтылган жок беле?” – дешти. Ошондо эл арасында Ыйса тууралуу талаш-тартыш чыкты.

Угуп жаткандардын кээ бирлери Ыйсанын сөздөрүндөгү чындыктын күчүн сезишип, ошол күчкө баш ийип жатышты. Алар башкалардын көзүнчө Ыйсаны Кудайдын эркин билген Пайгамбар экенин жана адамдын жүрөгүндөгү жашыруун сырлардын баарын билерин ачык күбөлөндүрүштү. Кудай менен бирдикте Байыркы Келишимдеги элдерди жеңиштен жеңишке жетектеген Мусага убадаланган, келе турган Пайгамбар - Ал эле. Ушуну ойлошуп, кээ бирөөлөр бул Назареттик Адамды чыныгы убадаланган Машаяк деп таанып жатышты.

Ошондо Ыйык Жазуудагы логика буга каршы чыгып: “Жок! Бул Назареттен чыккан. Куткаруучу Дөөттүн шаарынан, Дөөттүн тукумунан келет”, - дешти. Ыйык Жазуу боюнча бул туура. Эми эмне үчүн Ыйса Бейт-Лехемде төрөлгөндүгү жөнүндө аларга айткан жок? Буга бир нече себептер болгон: Биринчиден: Ироддун үй-бүлөсү өзүнүн династиясынан тышкаркы жаңы падышанын болушун каалаган эмес. Алар бийликте калуу үчүн миңдеген адамдардын жандарын кыюга даяр болчу. Экинчиден: Ыйса тарыхый далилдер менен адамдарды тобо кылдыргысы келген эмес. Ыйса сүйүү аркылуу жана Анын эч кимге жана эч нерсеге көз каранды эмес экендигин түшүнүү аркылуу алардын ишенимдерин кургусу келген. Ыйса көрбөй туруп ишенгендерди издеген.

Эл ичинде карама-каршылыктар күч алып, эл топ-топ болуп бөлүнө башташты. Кээ бирлери Аны Машаяк деп тааныса, башкалары муну жокко чыгарып жатышты. Ийбадаткананын кызматчылары Ыйсаны кармоо үчүн ошол жерде турушту. Бирок Ыйсанын эч кимден коркпогон кайраттуулук менен айтылган сөздөрүнөн кроккондуктан, Ага даап келе алышкан жок.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, биз Сенин сүйүүңдүн жана улуулугуңдун алдында табынабыз. Сен өмүрдүн булагысың. Ишеним аркылуу бизди Сен Өзүңө бириктирдиң. Өз Рухуңду биздин үстүбүзгө төктүң. Сенин кудайлык касиеттериң ишеним аркылуу биздики да болуп калды. Түбөлүк жашашыбыз үчүн бизди Өз каның менен тазаладың.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн Ыйсанын: “Ким суусаса, Мага келсин жана ичсин”, - деп айтканга укугу бар?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:13 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)