Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 054 (Legalists bring an adulteress to Jesus)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
1. Алачык майрамындагы Ыйсаны сөздөрү (Жакан 7:1 – 8:59)

в) Мыйзамчылдар ойноштук кылган аялды Ыйсага алып келишет (Жакан 8:1-11)


Жакан 8:1-6
Ыйса болсо Зайтун тоосуна кетти. Эртең менен кайра ийбадатканага келди. Бүт эл Анын жанына чогулду. Ыйса отуруп алып аларды окутту. Ошол учурда мыйзам окутуучулар менен фарисейлер ойноштук кылып кармалган бир аялды Ыйсага алып келип, ортого тургузушту да, мындай дешти: “Устат, бул аял ойноштук кылып жаткан жеринен кармалды? Тооратта Муса бизге мындайларды таш бараңга алууну осуят кылган. Ал эми Сен эмне дейсиң?” Ыйсаны айыптоого шылтоо табыш үчүн муну алар сынап сурашты. Бирок Ыйса аларга көңүл бөлбөстөн, эңкейип, жерге сөөмөйү менен бир нерсени жаза баштады.

Кеңешменин мүчөлөрү ачууланаган бойдон үйлөрүнө тарап кетишти, себеби алар Ыйсаны колдорунан чыгарып жиберишкен эле. Эл болсо Ыйсанын ийбадатканага келип эркин сүйлөшүнө өздөрүнүн башчылары эркиндик беришти деп ишенип жаткан. Бирок бул башчылар Ыйсага эркиндик бермек тургай, Аны кармоо үчүн катуу аңдый башташты. Кечинде Ыйса шаардын сыртына чыгып, Кидрон өрөөнүнө кетип калды.

Кийинки күнү Ыйса шаардын борборуна кайтып келип, көп эл жыйылган ийбадатканага кирди. Алачык майрамы аяктап калганда, Ыйса борбор шаардан качпастан, тескерисинче, душмандарынын тегерегинде жүрдү. Фарисейлер майрамдын акыркы шаан-шөкөттүү маалында моралдык тартипти сактоочү күчтөрдү колдонушту. Алар ойноштук кылган аялды кармап алышты. Алар муну Ыйсаны сынаш үчүн кылышкан эле. Ыйса тараптан болгон кичинекей эле жумшактык Кудай үчүн да, адмдар үчүн да элдин салтын бузуучулук катары эсептелинмек. Бирок ошол эле учурда Ыйсанын аялга мыйзамдуу түрдө жаза берүүсү Анын каардуулугун далилдеп, атак-даңкын жоготуп алмак. Ыйсанын бул аялга берген жазасы башка бардык моралдык тартип бузуулар үчүн да жаза болмок. Ошентип эл Анын сотун чоочулоо менен күтүп жатты.

Жакан 8:7-9а
Алар кайра-кайра сурай беришкендиктен, башын көтөрүп: “Араңарда ким күнөөсүз болсо, ошол адам аялга биринчи болуп таш ыргытсын”, - деди да, кайра эңкейип жазганын улантты. Муну укканда, аларды абийири ашкерелеп, адегенде башчылары, андан кийин калгандары биринин артынан бири кете башташты.

Качан фарисейлер ойншотук кылган аялды Ыйсанын алдында айыптап жатышканда, Ыйса ылдый отуруп, жерге сөөмөйү менен жаза баштады. Биз Анын эмне деп жазганын билбейбиз, балким Ал СҮЙҮҮ деген сөз менен жаңы осуят жазса керек.

Ыйса ордунан туруп, аларды жалооруй карады; Анын көздөрү кудайлык көз карашка толо эле жана сөздөрү чындыктан баш тарткан жок. Ал жазасын: “Араңарда ким күнөөсүз болсо, ошол адам аялга биринчи болуп таш ыргытсын”, - деп жарыялады. Ыйса мыйзамдын бир дагы сүйлөмүн өзгөрткөн жок, тескерисинче Ал мыйзамды ишке ашырды. Ойноштук кылган аял өлүмгө татыктуу болчу; Ыйса муну жокко чыгарган эмес.

Ыйса “кудайчылдарды” ойноштук кылган аял менен бирдей айыптады. Ыйса аларды биринчи болуп таш ыргытуу аркылуу өздөрүнүн айыпсыз экендигин далилдөөгө чакырды. Бул алардын жүздөрүндөгү кудайчыл масканы алып ыргытты. Күнөөсү жок бир да адам болбойт. Биз баарыбыз тең алсызбыз, азгырылабыз жана жыгылабыз. Кудайдын алдында кудайчыл эки жүздүү адам менен күнөөкөр адам экөөнүн айырмасы жок. Баары тең адашышкан жана бузулган. Кимде ким бир эле осуятты бузса, ал бардык мыйзамды бузганга барабар, ошондуктан ал түбөлүк азапка татыктуу.

Ак сакалдар жана мыйзамчылдар ийбадатканада күнөөлөрүн жууш үчүн жаныбарларды курмандыкка чалышчу. Муну менен алар өздөрүнүн күнөөкөр экендигин далилдешкен. Машаяктын сөздөрү алардын абийирлерине барып сайылды. Алар Назареттик Ыйсаны кармоону көксөштү, ал эми Ыйса болсо алардын күнөөкөр экендигин ачып, алары соттоду. Ошол эле убакта Ыйса мыйзамды сактады. Айыптоочулар баштарын жерге салышып, Кудайдын Уулунун катышуусу алдындагы Анын ыйыктыгынан коркуп, титиреп турушту.

Ак сакалдар жана алардын жан-жөөкөрлөрүнүн баары кетишти. Ал жер бош калды. Ары жакта Ыйса жалгыз турду.

Жакан 8:9б-11
Ыйсанын жанында ортодо турган аял гана калды. Ошондо Ыйса башын көтөрүп, аялдан башка эч ким жок экенин көрдү да: “Аял, сени айыптагандар кайда? Эч ким сени айыптаган жокпу?” – деди. Аял Ага: “Эч ким, Теңир”, - деп жооп берди. “Мен да сени айыптабайм. Бара бер, мындан ары күнөө кылба”, - деди Ыйса.

Аял коркконунан калтырап жатты. Ыйса ага адилеттүүлүк менен жалооруй карап: “Сени айыптагандар кайда? Эч ким сени айыптаган жокпу?” – деп сурады. Аял өзүн Ыйык Ыйса айыптайт, себеби бир гана Анда айыптоочу укугу бар деп ойлоп жатты.

Ыйса күнөөкөрлөрдү сүйөт; Ал адашкандарды издеп табуу үчүн келген. Соттон бошотушу үчүн Анын сүйүүсүнө ишен. Башкаларды соттобошуң үчүн, Анын кечириминин Рухун кабыл ал. Башкалардан артык эмес экениңди жана сен өзүң да күнөөкөр экендигиңди унутпа. Башкалар ойноштук кылышса, сен андай кылбайсыңбы? Эгерде ал уурдаса, сен чынчылсыңбы? Соттолбошуң үчүн сен да башкаларды соттобо. Башкаларды кандай соттосоң, сен да так эле ошондой соттолосуң. Эмне үчүн өзүңдүн башыңдагы төөнү көрбөй, бир тууганыңдын башындагы чөптү көрөсүң?

Ыйса аялды мындан ары күнөө кылбаганга чакырды. Кудай таза болууну осуят кылган жана бул кайрадан бошоңдобошу керек. Ыйса бул аялды сүйүүгө чаңкап, Кудайга кайтып келип, күнөөлөрүн мойнуна алышына жетеледи. Ошондо гана бул аял Козунун каны аркылуу Ыйык Рухту алат. Ыйса аял үчүн мүмкүн болбогон нерсени талап кылды, бирок ошол эле убакта жараланган жүрөктү күч менен камсыз кылды; Ал муну ыйыктыкта жашаш үчүн кылды. Ушул сыяктуу эле Ал сенден дагы күнөө кылбашыңды сурайт; Ал сенин жүрөгүңдүн өкүнүп тобо кылуусун угууга даяр турат.

Сыйынуу: Теңирибиз Ыйса, Сенин катышууңда болуум мен үчүн уят, анткени мен бул ойноштук кылган аялдан эч айырмам жок. Башкаларды соттоп, алардын жүрөктөрүн ооруткандыгым үчүн кечир. Мени адилетсиздиктен бошот. Мени кечиргендигиң үчүн рахмат. Чыдамкайлыгың жана мээримдүүлүгүң үчүн Сени даңктайм. Мындан ары күнөө кылбаганга жардам бер. Тазалыкта чечкиндүү жана бекем болушум үчүн мага күч бер. Мени ыйык жашоого жетеле.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн ойноштук кылган аялды айыптоочулар Ыйса турган жерден кетишти?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:15 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)