Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 043 (Jesus offers people the choice)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
Б - Ыйса өмүрдүн наны (Жакан 6:1-71)

4. Ыйса элге: “Кабыл алуу же баш тартуу” деген тандоону сунуш кылат (Жакан 6:22-59)


Жакан 6:34-35
Ошондо алар Ага: «Мырза, бизге дайыма ошондой нан берип турчу!» - дешти. Ыйса аларга мындай деди: «Мен өмүр берүүчү нанмын. Мага келген адам ачка болбойт, Мага ишенген адам эч качан суусабайт».

Ыйса угуучуларынын Кудайдын нанына болгон ачкалыгын арттырды жана аларды өзгөчө иштерди кылуунун чынжырынан бошотту. Аларда куткарылуу тууралуу тынчсызданууну пайда кылып, Кудайдын белегин кабыл алганга даярдады; Ыйса Өзүнүн Инсандыгына болгон ишенимдин маанилүү экенин түшүндүрдү.

Ошондо угуучулар Ыйсанын айткандарын чала түшүнүшүп: «Сен, керемет нан Берүүчү, бизди оор эмгектен куткаруу үчүн бизге ошол кайталангыс белектен ар дайым берип тур. Биз Сага таянабыз, бизди түбөлүк өмүргө толтур, Өзүңдүн күчүңдөн бер!» Бирок алар дагы эле жердин наны тууралуу ойлоп жатышса дагы, эң башкысы Кудайдын белеги кайталангыс, өзгөчө экенин түшүнүштү.

Ыйса Өзүнө жакындагандарды эч качан кабыл албай койбойт. Нан берүүчү эмес, бирок Ал Өзү Кудайдын бүт дүйнө үчүн берген Наны экендигин түшүндүрдү. Түбөлүк өмүрдүн негизин Ал Өз Инсандыгы менен негиздеди. Ал айтат: Менсиз силер түбөлүк өмүрдү таппайсыңар. Мен Кудайдын силерге берген белегимин; Менсиз силер өлүмдө жашайсыңар.

«Нан ичиңерге кирип, денеңерге күч берген сыяктуу, Рухта жашашыңар үчүн Мен да силердин ичиңерге кирип, акылыңарды, абийириңерди жаңырткым келет. Менсиз эч нерсе кыла албайсыңар. Күн сайын Мен силерге керекмин. Мен Өзүмдү силерге бекер берем. Бул үчүн эч нерсе төлөбөйсүңөр. Жүрөгүңөргө киргенге эле жол бергилечи». Бир тууганым, сен Ыйсага муктажсың. Анын сөздөрүн окуу же ойлорун түшүнүү жетиштүү эмес. Сен бир гана Ыйсага муктажсың. Күнүмдүк жашоодо нан менен суу кандай маанилүү болсо, Ал дагы сен үчүн ошончолук маанилүү. Ыйсаны кабыл алууну тандайсыңбы же өлүмдү тандайсыңбы, бул сенин чечимиң.

Балким сен Ал менин жашоомдун өзөгүнө кантип кирет деп сурап жатсаң керек? Анда Ыйса мындай деп жооп берет: «Сенин жүрөгүңдүн Мага суусашына жол бер, Мага жакын кел, ыраазы болуу менен Мени кабыл ал жана Мага ишен». Ыйсанын жүрөгүбүзгө келип кириши ишеним аркылуу ишке ашат. Өзүңдү Ага өз эркиң менен арнооң аркылуу жана кубаныч менен даңктооң аркылуу Ыйсаны Кудайдын сага берген белеги болгону үчүн ыраазычылык айт, себеби Ал сени менен бирге болууга даяр. Эч шектенбестен сурансаң, Ал сага келет. Ыйсаны сенин ичиңден түбөлүктүү болуусун өтүн. Ошондо Ыйса: «Сен Мени кабыл алгандыгың үчүн Мен сенин ичиңде болом жана өмүргө болгон суусунуңду кандырам. Мындан ары дүйнөнүн диндерин жана анын философияларын туура деген сыяктуу маектешпе. Суу ичиш үчүн башка саздарга чуркап жөнөбө. Мен сени күч, тынчтык жана маңыз менен камсыз кылам».

Жакан 6:36-40
Бирок Мен силерге айтканымдай эле, Мени көрсөңөр да, ишенбей жатасыңар. Атам бергендердин баары Мага келет. Мага келген адамды Мен кубалабайм. Анткени Мен Өз каалоомду эмес, Мени жиберген Атамдын каалоосун аткарыш үчүн асмандан түштүм. Мени жиберген Атамдын каалоосу мындай: Ал бергендердин эч кимисин жоготпой, баарын тең акыркы күнү тирилтүүм керек. Атамдын каалоосу – Уулун көргөн, Уулуна ишенген ар бир адамдын түбөлүк өмүргө ээ болуусу. Мен аны акыркы күнү тирилтем.

Ыйса галилеялыктарга ырайымдын нанын бекер берген болчу. Алар Ыйсанын жаркыраган бийлигин көрүштү. Бул иш аларды ишендире албады, ишенимди кабыл алуу үчүн өзгөрүү алып келген жок. Алар дале болсо шек санап жатышты. Алар Ыйсаны нан берүүчү Теңир экенин ачык көрүп жатышса да, Анын Инсандыгына шектене беришти. Алар Ыйсаны ыраазы болуу менен кабыл алышкан жок.

Иерусалимдегидей Ыйса алардын Өзүнөн бөлүнгөндүгүн өздөрүнө көрсөттү. Эмне үчүн элдин көбү Ыйсага ишенген жок? Таң калычтуусу, Ыйса: «Буга өзүңөр күнөөлүүсүңөр», - деп одоно сүйлөгөн эмес, бирок аларга Атасын көрсөтүү менен Ага болгон ишеним кереметтүү иштерди кураарын көрсөткөн.

Ыйса сыйкырдуулук менен, же сөз талашуу менен жеңишке жеткиси келген эмес; Кудай күнөөкөрлөр тууралуу чындыкты жана алардын тобо кылып өзгөрүлүүгө болгон даярдыктарынын деңгээлин билип туруп, күнөөкөрлөрдү Ал Ыйсага берет. Рухтун жетегинде болгондор гана Ыйсага жакындай алышат. Жалганчылар, ойноштук кылгандар жана уурулар тобо кылып келишкенде, Ыйса алардан жийиркенбейт. Өзүнө жакын келген бир да бирөөнү, ал тургай душмандарын да Ыйса кубалаган эмес. Ал боорукердик менен кылмышкерлерге куткарылууну сунуш кылат. Ыйса Өзү үчүн жашаган эмес, же Ал Өз каалоосу менен жашоосун пландаштырган эмес. Ал Атасынын эркин аткаруу үчүн, куткарылууну эңсегендердин баарын куткаруу үчүн жана Аны менен бирге болууну издегендерди сактоо үчүн, Ал Атасынын сүйүүсү менен гармонияда болот. Анын айкөлдүгү жана куткаруучу күчү өтө зор. Ага ишенгендерди Анын колунан өлүм дагы, Шайтан дагы, күнөө дагы жулуп кете албайт. Ал боорукердиги менен Өзүн ээрчигендерди сот күнүндө түбөлүк өмүр үчүн тирилтет.

Сен Кудайдын эркин билесиңби? Ал сенден Өзүнүн Уулун карап, Аны билип, Ага ишенишиңди каалайт. Ал рухта ырайымга жана чындыкка толуп төрөлгөн. Анан Ал сенден Куткаруучу менен жана түбөлүктүү келишимдин эли менен бирге болушуңду каалайт; Кудайды сен үчүн болгон планы мына ушинтип ишке ашат. Ыйык Рух адамдын оорулуу денесине кирер замат, ал адам түбөлүк өмүрдү алат. Сенин Ыйсага болгон ишенимиң сендеги түбөлүк өмүрдүн бар экендигин далилдейт. Бул түбөлүк өмүр сүйүү, кубаныч, момундук аркылуу чагылдырылат. Сенин ичиңдеги Кудайдын өмүрүнүн акыры жок. Кудайдын эркиндеги акыркы баскычы бул Ыйса сени өлгөндөрдөн тирилткени. Бул болсо ишенгендердин үмүтү. Андан кийин Уулу аркылуу сага берилген өмүрдүн эң жогорку чеги – Анын Уулунун даңкы жана Анын сүйүүсүнүн жарыгы түбөлүккө жаркырайт.

Сыйынуу: Ата, Уул, Ыйык Рух, биз Сага табынабыз. Сен бизден алыс эмессиң. Качан көпчүлүк кабыл албаганда, Сен бизге келдиң. Сени чыныгы нан катары көрүп, кабыл алышыбыз үчүн бизди жарыктандырдың. Бизди кабыл алгандыгың үчүн рахмат. Сен биздин ачка жандарыбызды тойгуздуң жана бизди түбөлүк ыракатка жана түбөлүктүү кубанычка тирилттиң.

СУРООЛОР:

  1. «Өмүрдүн наны» деген эмне?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:06 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)