Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 123 (Jesus appears to the disciples with Thomas)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
Б – Ыйсанын тирилүүсү жана шакирттерине көрүнүшү (Жакан 20:1 - 21:25)

3. Ыйса шакирттер менен чогу турган Томаска да көрүндү (Жакан 20:24-29)


Жакан 20:24-25
24 Он эки шакирттин бири, Эгиз деген да ысымы бар Томас Ыйса келген учурда алардын арасында жок эле. 25 Шакирттер ага: «Биз Теңирди көрдүк», - дешти. Бирок ал: «Мен Анын колдорундагы мыктын тагын көрмөйүнчө, мыктын тагы калган жерине, жана кабыргаларына колумду тийгизип көрмөйүнчө ишенбейм», - деди.

Бардык эле сындоолор Ыйык Рухка каршы боло бербейт; жана сенин күбөлөндүрүүңдү кабыл албай койгон ар бир эле адамды туруксуз, же өлүмгө учурды деп айтууга болбойт. Бул жерден Жакан Ыйсанын асманга көтөрүлүп кеткенге чейинки кырк күндүн ичинде болуп өткөн көптөгөн окуялардын ичинен бирөөсү өзгөчө экендигин көрсөткөн. Бул адамдын көкүрөгүнө ырайым кандайча ишенимди жаратарын, бул иш же логика аркылуу эмес, бирок бир гана ырайым жана боорукердик аркылуу болорун ачып жатат.

Болуп өткөн окуянын караңгы тарабын гана көргөн Томас ишенбей койду. Чын экендигине көзү жетиш үчүн ал дагы изилдөө жүргүзгүсү келди (Жакан 11:16; 14:5). Ал көйгөйдү акылы менен чечүүчү ойчул адам эле. Томас Машайактын өлүмүндөгү жашоонун маңызын көрө албады. Ал шакирттер менен байланышпай калгандыктан, биринчи Жекшембиде жолдоочуларына келген Ыйсаны көрбөй калган эле.

Томас балким бул көрүнүштү Машайактын келбетинде шайтан келип, аларды алдап жатсачы деп талашса керек. Анда анын Ыйса денеде кайтып келгенине далилди талап кылганы жөндүү болмок. Ал мыктан калган тешикти кармап көрмөйүнчө ишенмек эмес. Мына ушинтип, ишенүүдөн мурда аны көрүүнү каалоо менен, ал ишенүү үчүн Кудай менен талашты.

Ошентип, Машайактын кайтып келүүсүнө жетине албай, сүйүнүчкө батып жаткан шакирттерине Томас да келип кошулуп калды. Бирок ал капалуу эле, анткени ал Ыйсанын тирилгенине ишене албай жаткан болчу.

Жакан 20:26-28
26 Сегиз күндөн кийин Ыйсанын шакирттери ошол үйгө дагы чогулушту, алардын арасында Томас да бар эле. Эшик бекилүү болчу, бирок Ыйса келип, алардын ортосуна турду да: «»Силерге тынчтык болсун!» - деди. 27 Андан кийин Томаска кайрылып: «Менин колдорум менен кабыргаларыма колдоруңду тийгизип көр да, ишенбеген адам болбой, ишенген адам бол!» - деди. 27 Томас Ага: «Теңирим менин! Кудайым менин!» - деп жооп берди.

Бир жума өткөндөн кийин Ыйса кайрадан шакирттерине көрүндү. Корккондуктан шакирттери бул жолу да эшикти бекитип алышкан эле. Ыйсанын тирилген денеси ичке эч дабыш чыгарбастан кирди. Шакирттеринин алсыздыгын түшүнгөн Ыйса аларга тынчтыкты бата катары жолдоп келди.

Ыйсаны өз көзү менен көрүп, үнүн укканда, Томас аң-таң болуп, көздөрү алайып калды. Ыйса шакирттеринин баарын карап чыгып, ишенбес Томаска кудайлык жүзү менен тигиле карады. Магдалалык Мариямга «Мага колуңду тийгизбесең» десе, ишенимден тайыган Томаска Ыйса Өзүн кармап көрүүсүн сунуштады. «Мени кармап көр, сезип көр, Мен силердин араңарда турган кадимки эле адаммын». Ыйса Өзүндөгү жарааттардын тактарын көрүп гана тим болбостон, «жакын келип, колуң менен тырыктарга тийип көрүүсүн да буюрду».

Ыйса ишенимден тайып жаткан шакирттерине шектенүүнү жеңип чыгууга үндөдү. Ыйса бизден толук ишенүүнү күтөт, анткени биздин жакшылыгыбыз, бейкуттугубуз үчүн, Ал Өзүнүн айкаш жыгачын, тирилүүсүн, асманда Кудай менен боло турган убактысын жана экинчи жолку келүүсүн жарыя кылган. Мына ушул чындыктарды кабыл албаган адам Аны жалганчы катары көрсөткөн болот.

Теңирдин Томаска болгон сүйүү мамилеси Томастын жүрөгүн элжиретти. Ошондо ал Ыйсага адамзат кылып көрбөгөн өзгөчө улуу тобо кылууну шыбырап: «ТЕҢИРИМ МЕНИН! КУДАЙЫМ МЕНИН!» - деп жалбарып жиберди. Кайгыдан муңканган Томас чындыкты издеп жүрүп, ал акыры Ыйса Өз Атасына көз карандысыз Кудайдын Уулу эмес экендигин, бирок Ал Өзү толук кудайлык касиети бар Теңир экенин эми түшүндү. Кудай эки Кудай эмес, бирок Ал бир Кудай. Томас Ыйсаны Кудайым деп атады, жана ишенбестиги үчүн Ыйык Кудай аны соттобостон, тескеринсинче ага ырайым менен Теңирин өз көзү менен көргөнгө шарт түзүп берди. Ошондой эле, Томас Ыйсаны Теңирим деп атап, андан мурда Ыйса алар менен коштошуп жаткандагы сөздөрүнө ишенүү менен, өзүнүн кечөөкү жана эртеңки жашоосун толугу менен Куткаруучусунун колуна берди. Бир тууганым, сен эмне дейсиң? Томастын тобо кылуусуна сен да ортоктош болгуң келеби? Өлүп кайра тирилген Ыйса сага келгенинде, сен Анын улуулугуна таңыркап, Аны касатарлоо менен өз ишенбестигиңди, тоң моюндугуңду жокко чыгара алдыңбы? Өз боюңду Анын мээримине ташта, «Теңирим менин! Кудайым менин!» - деп анын алдында тобо кыл.

Сыйынуу: Теңирибиз Ыйса Машайак, биз Сага ыраазыбыз, анткени Сен ишенбес Томасты четке кагып салбастан, ага Өзүңдү ачык көрсөттүң. Биздин жашоолорубузду Өзүңдүкүндөй кылып кабыл ал жана тилибиздеги жалгандыктарды тазалап алып сал.

СУРООЛОР:

  1. Томастын тобо кылуусу эмнени түшүндүрүп жатат?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 10:10 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)