Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 120 (Jesus appears to the disciples)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
Б – Ыйсанын тирилүүсү жана шакирттерине көрүнүшү (Жакан 20:1 - 21:25)

2. Ыйсанын шакирттерине көрүнүшү (Жакан 20:19-23)


Жакан 20:20
20 Ушинтип айткандан кийин, Ыйса аларга Өзүнүн колдорун, буттарын жана кабыргаларын көрсөттү. Шакирттер Теңирди көрүп кубанышты.

Машайак тирилтүүчү Кудай менен элдештирүү иши ишке ашканынын далилдеди. Кудай Өз Уулун мүрзөгө таштап салган жок, же мойнуна көтөргөн биздин күнөөлөрүбүз үчүн Аны жок кылып салган жок. Ал эч кандай кынтыгы жок курмандыкты кабыл алды, Ал мүрзөдөн Жеңүүчүнү тирилтти жана Ал Атасы менен жеткилеңдүү биримдикте жашады. Баарынан маанилүүсү, Ыйса айкаш жыгачты кабыл алды, Атасы каалаган нерседен башка эч нерсе жасабады. Анын дүйнөгө келүүсүнүн максаты бул айкаш жыгач болчу, ушул аркылуу гана Ал дүйнөнү сатып алмак. Кээ бир адамдар Ыйсаны айкаш жыгачта өлгөн жок деп кантип айтышат?

Ыйса Өзүн арбак же жашыруун рух эмес экенин далилдеди. Ал шакирттерине алаканындагы мыктын тешкен жерин көрсөттү. Капталындагы найза сайылган жердеги такты көрсөттү. Шакирттер мыктан калган тешикти көрүп, Анын бир бейтааныш бирөө эмес, бирок айкаш жыгачка кадалган Ыйса экенине ишеништи. Кудайдын Козусу Жеңүүчү болду. Өлүмгө учурагандын Өзү өлүмдү жеңип чыкты.

Шакирттер арбак да эмес, көлөкө да эмес, бирок аларга кадимки эле адам келгенине акырындан ишене башташты. Анын жаңыча денеде келиши шакирттеринин кубанычынын булагы болду. Ыйса өлүп, кайра тирилген тирүү Теңир экенине ишенүү жана түшүнүү бул өзүбүздүн жакшылыгыбыз үчүн. Биз таштап кеткен жетим балдардай эмеспиз. Бүтүндөй ааламды Атасы жана Ыйык Рух менен биргелешип башкаргандын Өзү - биздин Бир Тууганыбыз.

Машайактын өлүмдү жеңип чыгуусу шакирттерине кубаныч алып келди. Мына ошондон тартып, Ал түбөлүк өлүмгө бара жаткан биз үчүн арыбас чыныгы үмүт болуп калды. Өмүрүбүздүн аягы бул мүрзө эмес, бирок Анын өмүрү. Даңкка татыктуу Ыйса: «Мен Тирилүүмүн жана Өмүрмүн. Мага ишенген адам өлсө да, тирилет. Мага ишенип жашаган адам өлбөйт» - деп айтат.

Качан Ыйса биздин күнөөлөрүбүздү кечиргендигин түшүнгөндө, шакирттери андан бетер кубанышты. Ал бизди күнөөбүздөн сатып алгандыгын ынандырып жатат. Ошентип, Ыйсанын жарааттары аркылуу биз Кудай менен тынчтыкка ээ болдук.

Пасах майрамында шакирттер туш болгон чоң кубанычка сен дагы ортоктош болгуң келеби? Кайрадан Тирилген азыр дагы бар экендигине, сага үмүт берип, күнөөлөрүңдү чын эле кечиргендигин далилдеп жаткан Ыйсанын алдына келип табынгың келеби? Ыйса тирүү жана ошол үчүн биз шаттыкка бөлөнөбүз. Мына ошол себептен, элчи Пабыл: «Ар дайым Теңир менен кубангыла, дагы да айтам: кубангыла. Силердин момундугуңар бардык адамдарга маалым болсун. Теңир жакын», - деп айткан.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, биз Сени даңазалайбыз, ыраазыбыз Сага, анткени биздин үмүтүбүз болдуң, жашообуздун маңызын ачтың. Сенин жарааттарың бизди актайт; Сенин Табиятың бизге өмүр берет. Падышачылыгың келсин; көптөгөн адамдар күнөөнүн өлүмүнөн тирилишип, Сенин Тирилүүңдү даңкташы үчүн Жеңишиңди түшүнүп калышса экен.

СУРООЛОР:

  1. Шакирттер эмнеге кубанышты?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 10:08 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)