Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 121 (Jesus appears to the disciples)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
Б – Ыйсанын тирилүүсү жана шакирттерине көрүнүшү (Жакан 20:1 - 21:25)

2. Ыйсанын шакирттерине көрүнүшү (Жакан 20:19-23)


Жакан 20:21
21 Ыйса аларга дагы бир жолу: «Силерге тынчтык болсун! - деп айтты да, - Атам Мени жиберген сыяктуу, Мен да силерди жиберем», - деди.

Ыйса «Силерге тынчтык болсун», - деп кайталап айтканда, Ал оюнда сатып алуу жана элдештирүүнү ойлоп жаткан эле, бирок ошол эле маалда алардын ыпластыкка толгон адамзатка куткарылууну сунуш кылган тынчтыкты орнотуучулардан болууларын каалады. Кудай айкаш жыгачта бүтүндөй адамзаттын күнөөсүн кечирди. Бул жаңы чындык кылмышкерлерге кечиримди, ишенгендерге соттон бошотулууну, жана өлүмдөн эркин болуу үмүтүн убада кылат. Ыйса жолдоочуларын бул дүйнөгө Кудайдын тынчтыгын таратууга жиберди.

Кудайдын ырайымы аркылуу куткарылгандардын бары жүрөктөрүндө өзгөрүп, Кудай аларды кечиргендей эле, алар да душмандарын кечиришет. Алар адилетсиздикке чыдайт, бирок өздөрү адилетсиздик кылышпайт. Мына ушинтип, алар Ыйса: «Тынчтык орнотуучулар бактылуу, анткени алар «Кудайдын уулдары» - деп аталышат, - дегендей, тегерегине асмандын аңкыган жытын таратышат. Биз тараткан жакшы кабардын максаты бул кырдаалдарды өзгөртүү эмес, же улуттар ортосунда жогорудан келген тычтыкты орнотуу эмес; анын ордуна биз алардын ойлору өзгөрүп, таш жүрөктөр жибиши үчүн сыйынабыз. Мына ушундай өзгөрүүлөрдөн улам, саясий өзгөрүү дагы орун алат.

Ыйса: «Атам Мени жиберген сыяктуу, Мен да силерди жиберем», - деп Өз жолу менен шакирттерине да кызмат кылуу ишин тапшырды. Кудай Өз Уулун ким катары жиберди? Биринчиден, Уулу катары, экинчиден, Кудайдын Аталык табиятын жана ошондой эле сөзү, жашоосу, сыйынуусу аркылуу Анын ыйыктыгын жар салуучу караты, жана үчүнчүдөн болсо, Ыйсаны түбөлүктүү сүйүү ашып-тышып агып чыга турган Кудайдын Сөзүнүн Кожоюну катары жиберген. Жакшы кабардын маңызын жана максатын мына ушул принциптерден табабыз. Ыйык жашоодо жашап, Анын сүйүүсүнүн алдында айыпсыз болушубуз үчүн, Ыйса өлүмү аркылуу бизди Кудайдын балдары кылды.

Машайакчылар - асмандагы Атанын сүйүүсүнүн маңызын ача турган, Машайактын акталган, ыйыкталган элчилери. Алар таркаткан кабардын мааниси – Машайактын өлүмү аркылуу Атабыз адамдарды өз балдары кылып алганында. Айкаш жыгач - алардын жаңы наамынын шарты, ал эми ишеним – бизди балдары кылып кабыл алуунун жолу.

Курмандык катары өлүү максатында төрөлгөн Ыйса сыяктуу эле, Анын жолдоочулары да өздөрүн курмандык катары арнап жашашат. Алар бой көтөрбөстөн, өздөрүн баарынан жогору турган Кудайдын кызматчылары катары эсептешет. Теңири аларды өзүмчүлдүктөн бошотуп, Ыйса аларды кандай сүйсө, аларды да ошондой сүйүү менен сүйүүгө үйрөткөн.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, Сага рахмат, анткени ойубуз, сөзүбүз, ишибиз менен Сени жана Атабызды даңазалашыбыз үчүн, биздей татыксыздарды Өз балдарың катары чакырып алдың. Күнөөлөрүбүздү кечиргениңе рахмат. Башка жүрөктөр жарыкка чыгып, чыныгы жашоо менен жашашы үчүн, бизди алар үчүн тынчтыктын куруучулары кыла көр. Сен сыяктуу сүйүп, кечире билишибиз үчүн, бизди сүйүүнүн балдары кылгандыгыңа ыраазыбыз.

СУРООЛОР:

  1. Шакирттерди жиберүүдөгү таң каларлык нерсе эмне?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 10:08 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)