Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 022 (People lean towards Jesus; Need for a new birth)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
В - Машаяктын Иерусалимге биринчи келиши (Жакан 2:13 - 4:54) -- Тема: Чыныгы табынуу деген эмне?
2. Ыйсанын Никедим менен сүйлөшүүсү (Жакан 2:23 – 3:21)

а) Элдер Ыйсага тартыла башташты (Жакан 2:23-25)


Жакан 2:23-25
Көп адамдар Ыйсанын Иерусалимде, Пасах майрамында кылган кереметтерин көрүп, Ага ишенип калышты. Алардын баарынын кандай экенин билгендиктен, Ыйса Өзүн аларга ишенип тапшырган жок. Адамдын жүрөгүндө эмне бар экендигин билгендиктен, Ал кимдир бирөөнүн адам жөнүндө күбөлөндүрүүсүнө муктаж эмес эле.

Пасах майрамына карата көптөгөн адамдар табынуунун борбору болгон Иерусалимге келишти. Алар ата-бабаларын Кудайдын сотунан сактаган Козу жөнүндө ойлонушуп, чалынган курмандыктардын эттерин жешчү.

Ыйса – Кудайдын даярдалган Козусу, Ал дагы Иерусалимге келип, Өзүнүн сүйүүсүн жана күчүн билдирүү үчүн, көптөгөн кереметтерди көрсөттү. Ошондон кийин ал көпчүлүккө таанымал болуп, эл оозуна алынды; элдер Аны: “Бул ким? Пайгамбарбы? Илияс пайгамбарбы? Балким Машаяк болуп жүрбөсүн?” - дешти. Аны көп эл ээрчип, Анын Кудайдан келгенине ишеништи.

Ыйса баарынын жүрөктөрүн билгендиктен, алардан шакирт тандаган жок. Алар Ыйсадан тамак күтпөсө дагы, баары бир дүйнөлүк нерселерди издешти. Алар ойлорунда римдиктердин эзүүсүнөн бошонууну, атак-даңкты жана оңой жашоону ойлошту. Ыйса ар бирин билген; бир дагы жүрөк Анын көздөрүнөн жашына алмак эмес. Бирөө дагы Кудайды жан-дили менен издеген жок. Эгерде алар Кудайды чын жүрөктөрү менен издешсе, анда алар Иордан дарыясында чөмүлдүрүү алышмак, күнөөлөрүн моюндарына алып, тобо кылышмак.

Машаяк сенин жүрөгүңдү, элестетүүңдү, сенин сыйынууларыңды жана күнөөлөрүңдү билет. Ал сени ойлоруңду жана алардын булактарын да билет. Ал сенин ак ниеттүүлүгүңдү жана адил жашоону кааларыңды да билет. Эми качан сенин текебердигиң ордунан козголот? Өзүңдү барктоодон качан баш тартып, качан Ыйык Рухка толосуң?


б) Жогорудан төрөлүүгө болгон муктаждык (Жакан 3:1-13)


Жакан 3:1-3
Фарисейлердин арасында жүйүт эл башчыларынын бири Никедим деген киши бар эле. Ал бир күнү түн ичинде Ыйсага келип: “Устат, Сенин Кудайдан келген Устат экениңди билебиз. Анткени Сен кылып жаткандай кереметтерди Кудайсыз эч ким кыла албайт”, - деди. Ыйса ага: “Чындыкты, сага чындыкты айтып коөюн, кимде-ким жогорудан төрлбөсө, Кудайдын Падышалыгын көрбөйт”, - деп жооп берди.

Көп адамдардын арасынан Никедим деген адам пайда болду. Ал өтө кудайчыл жана кадыр-барктуу адам болгон. Ал Синедриондогу жетимиш адамдын бири болчу. Никедим Машаяктагы Кудайдын күчүн байкады. Балким ал ушул жаңы Пайгамбар менен жүйүттөрдүн эл башчыларынын ортосуна көпүрө салууну кааласа керек. Бирок ошентсе дагы, ал ыйык кызмат кылуучулардан жана элден корккон. Ал Ыйсанын Инсандыгы тууралуу толук ишенчү эмес. Ыйсага түн ичинде жашыруун келип, Аны ээрчүүдөн мурда, Аны сынап көргүсү келди.

“Устат” деп чакыруу менен, Никедим Машаяктын Ыйык Жазууну окутуу аркылуу көптөгөн бирдиктүү жолдоочуларга ээ болгон бирөө катары көрө алган көптөрдүн ойлорун билдирди. Ал Ыйсанын Кудайдан келгендигине ажайыптарды көрүп ишенген. Никедим: “Кудай Сени менен экенине жана Сени колдоп жатканына биз ишенебиз. Сен Машаяк болуп жүрбө”, - деп айтты. Никедимдин айткан сөздөрүнүн артындагы ойлор ушундай болчу.

Ыйса Машаяктын элинин жетекчилери менен Ыйсанын ортосундагы ортомчу болгон бул адамдын суроолоруна Ыйса ишенбестик менен жооп берди. Ал Никедимдин адашкан жүрөгүн, күнөөлөрүн жана анын адилдикке болгон умтулуусун көрдү. Ыйса ага рухий сокур экендигин көрсөткөндөн кийин гана, жардам бере алмак. Никедим кудайчылдыгынын айынан Кудайды чындап тааный алган эмес. Ыйса Никедим менен чын ниеттен сүйлөшүп: “Чындыгында Кудайды бир дагы адам иши аркылуу тааный албайт, ал жогорудан, рухтан төрөлүшү керек”, - деп жооп берди.

Машаяктын бул жарыясы диний окутууларга жана логикага негиз алган диний түшүнүктөргө каршы сот болуп эсептелинет. Кудайды таануу билимдүү лекциялардан келбейт, бул жогоруудан төрөлгөндө гана келет. Үналгынын баскычтарын каалаганыңдай баскыласаң болот, бирок сыналгыдагыдай сүрөттөрдү андан көрө албайсың. Сүрөттөр үналгыныкына окшошпогон башкача түзүлүштөрдү талап кылат. Ушул сыяктуу эле, табийгый адам дагы өзүнүн динчилдиги менен жана жакшы иштери менен Кудайды тааный албайт.

Бул рухий түшүнүк жогорудан төрөлүүнү, ойдун өзгөрүшүн жана жаңы адамды талап кылат.

Жакан 3:4-5
Никедим Андан: “Карыган адам кайра кантип төрөлмөк эле? Эмне, ал энесинин курсагына экинчи жолу кирип, кайра төрөлөбү?” - деп сурады. Ыйса ага мындай деп жооп берди: “Чындыкты, сага чындыкты айтып коөюн, кимде-ким суудан жана Рухтан төрөлбөсө, Кудайдын Падышачылыгына кире албайт”.

Никедимдин Кудайды этибарга албастыгына карата берген Ыйсанын жообу Никедимдин башын маң кылды. Ал жогорудан төрөлүү жөнүндө уккан эмес. Муну укканда ал түшүнбөй, карыган адам кантип кайрадан энесинин жатынына кирмек эле деп таң калды. Мындай таң калуусу анын алысты көрө албастыгын аныктап жатат. Ал Кудай Атанын балдарын Ыйык Рух аркылуу төрөп аларын түшүнгөн жок.

Ыйса Никедимди сүйгөн. Кудайдын Падышачылыгына алып баруучу жолду билбегендигине Никедимге мойнуна алганга жардам бергенден кийин, Ыйса Өзү чындык экендигин баса белгиледи. Бир гана нерсе, башкача айтканда, жогорудан төрөлмөйүнчө, биз Падышачылыкка кире албастыгыбызга ишенишибиз керек.

Жогорудан төрөлүү деген эмне? Бул төрөлүү жөн гана түшүнүк эмес; бул адамдын гана аракетинен болбойт, себеби эч ким өзүнөн-өзү төрөлө албайт. Өмүрдүн Атасы жана Берүүчүсү бул Кудай. Рухий төрөлүү - бул ырайым, бул мүнөздүн өзгөрүүсү гана эмес, же коомдогу тартиптүү жүрүм-турум гана эмес. Ар бир адам жашоосунун башталышында эле бузулган, жана аны оңдоого эч үмүт жок болчу. Ал эми рухий төрөлүү бул адамзатка Кудайдын өмүрүнүн кириши катары түшүнсө болот.

Бул кандайча болот? Ыйса Никедимге бул суу жана Рух аркылуу болорун айтты. Суу бул Жакандын чөмүлдүрүүсү жана үйлөнүү тоюндагы тазалануу идиши. Байыркы Келишимдин адамдары бул жуунууа колдонулган сууну күнөөдөн жууй турган белги катары түшүнүшчү. Башкача айтканда, Ыйса: “Чөмүлдүрүүчүгө барып, күнөөлөрүңдөн кечирим алып, чөмүлдүрүлбөйсүңбү”, - деген. Дагы бир жерде Ыйса: “Ким Мени ээрчигиси келсе, ал өзүнөн баш тартып, айкаш жыгачын көтөрүп, Мени ээрчисин”, - деген. Бир тууганым, күнөөңдү мойнуңа алып, сенин күнөөңдүн үстүндөгү Кудайдын сотун кабыл ал. Сен бузулгансың жана өлүмгө бара жатасың.

Ыйса суу менен гана чөмүлдүрүүгө ыраазы болгон эмес. Ошондуктан тобо кылгандардын жүрөктөрүнө жаңы өмүрдү жаратуу үчүн, аларды Ыйык Рухка дагы чөмүлдүргөн. Айкаш жыгачка кадалгандан кийин, Ыйса биздин абийирибизди Өзүнүн каны менен тазалайрын билдик. Бул тазалоо Ыйык Рух аркылуу ишке ашат. Качан адам Ыйык Рухка чөмүлгөндө, ал түбөлүк өмүргө жана Рухтун жемиштерине толот; ал адам Ыйсанын жетегинде болгон жакшы адам болуп калат. Мындай өзгөрүүгө убакыт талап кылынат. Бул жатында түйүлдүк өсүп, төрөлгөндөй, ишенген адамда экинчи төрөлүү да ушул сыяктуу.

Жогорудан төрөлүүнү Ыйса Жакшы Кабарынын максаты, Кудайдын Падышалыгынын темасы кылды. Падышалык деген эмне? Бул саясий кыймыл эмес, экономикалык теория эмес, бул кайрадан төрөлгөн бала менен Ата, Уул жана Ыйык Рухтун ортосундагы мамилелешүү. Качан адам өзүн Машаякка бергенде жана Ага Падышасы катары баш ийгенде, бул баталуу Рух алардын үстүнө келет.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, бир гана ырайымдын негизинде болгон мендеги жогорудан төрөлүү үчүн рахмат. Сен менин рухий көздөрүмдү ачтың. Сенин сүйүүңө жабышканга жардам бер. Чын ниети менен издеп жүргөндөрдүн көздөрүн ач. Алар күнөөлөрүн сезип, тобо кылышсын, Ыйык Рухтун күчү менен жаңыланышсын, Сенин төгүлгөн каныңдын тынчтыгына бөлөнүшүп, Сени менен түбөлүктүү мамилелешүүгө киришсин.

СУРООЛОР:

  1. Никедимдин кудайчылдыгы менен Ыйсанын максаттарынын ортосунда эмне айырмачылык бар?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:50 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)