Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 126 (Miraculous catch of fishes)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
Б – Ыйсанын тирилүүсү жана шакирттерине көрүнүшү (Жакан 20:1 - 21:25)
5. Ыйсанын көлдүн жанында көрүнүшү (Жакан 21:1-25)

а) Балык кармагандагы болгон керемет (Жакан 21:1-14)


Жакан 21:1-3
1 Андан кийин Ыйса Тиберия көлүнүн жээгинде шакирттерине дагы бир жолу көрүндү. Бул мындайча болду: 2 Шымон Петир, Томас-Эгиз, Галилеянын Каана шаарынан болгон Натанаел, Зебедейдин уулдары жана дагы эки шакирт чогу жүрүшкөн эле. 3 Шымон Петир аларга: «Мен балык кармаганы барам», - деди. Алар ага: «Биз да сени менен барабыз», - дешти да, барып, кайыкка түшүштү. Бирок ал түнү алар эч нерсе кармай алышкан жок.

Тирилгенден кийин Ыйса шакирттерине өздөрүнүн туулуп өскөн аймагы болгон Галилеяга барууга буйрук кылды. Ал жер Тиберия көлү менен чектешкен эле. Жакшы Кайтаруучу катары Ыйса аларды ошол жактан тосуп алмак. Бирок Анын сүйүүсүнөн улам, аларга эртерээк эле Иерусалимде жолугуп, коркуп жаткан шакирттерин тынчтандырды. Бул Пасах майрамынан кийин, Жекшемби күнү кечинде Ыйса аларга улуу Тынчтык жолдоп келип, аларды бүт дүйнөгө жакшы кабар турутууга жиберген күн болчу (Марк 16:7; Матай 28:10).

Эми шакирттери Ыйсанын адам кармоо буйругун аткара башташтыбы? Ыйсадагы түбөлүк өмүрдү жар салуу үчүн, Тирилүү керемети алардын ойлорун өзгөртө алдыбы? Жок, тилекке каршы андай болгон жок. Алар мурунку иштерине кайтып келишти, бөлүндү болушту, кээ бирлери өздөрүнчө кетишти, кее бирлери балыкчыларга кошулушту.

Бир күнү кечинде Петир досторуна: «Мен балык кармаганы барам», - деди. Ал башкаларды ээрчир-ээрчибесин өздөрү чечсин деди. Алар Петирге кошулуп, кайыкка отурушуп, колдүн ортосуна сүзүп барышты. Торду көп жолу сууга ыргытышты, түнү боюу чарчашты, бирок бир дагы балык кармай алышпады. Алар Ыйсанын: «Менсиз эч нерсе кыла албайсыңар», - дегенин унутуп калышты.

Жакан 21:4-6
4 Таң атып калганда, Ыйса жээкте турган эле. Шакирттери болсо Анын Ыйса экенин билишкен жок. 5 Ыйса аларга: «Балдар, балыгыңар барбы?» - деп сурады. Алар Ага: «Жок», - деп жооп беришти. 6 Ыйса аларга: «Торду кайыктын оң жагына салгыла, ошондо кармайсыңар», - деди. Алар торун салышты да, түшкөн балыктын көптүгүнөн торду кайра чыгара албай калышты.

Ыйса шакирттерин таштап кеткен жок, тескерисинче шакирттери ар башка жолдор менен кетишти. Ал болсо жээкте шакирттеринин кайтып келишин күтүп жатты. Алардын торуна балык таштап коюга Ыйсанын толук кудурети жетмек, бирок Ал Өзүнүн улуу жеңишинин шары менен шакирттери эч нерсе кыла албай тургандыктарын, же күнүмдүк көр оокатка батпоолору керек экендигин үйрөткүсү келди. Алар Ыйса менен келишим түзүшкөн эле; Ыйса алар менен кызматта бир болмок, бирок шакирттери күнүмдүк көр оокаттын айынан улам, Аны унутушуп, Ыйса алардын жашоолорунда жоктой, алардан алыс болгондой жашай беришти.

Ал шакирттерине элчилер катары эмес, бирок балдар, же жаш балдар катары кайрылды. Шакирттери Ыйсанын айткандарынын көбүн унутуп калышты, Анын насааттарын колдонушкан жок. Мындай жоопкерчиликсиз жүрүм-турумга карабай, Ыйса аларды ашкерелөөнү каалабады, бирок алардан тамак сурады. Ошондо алар эч нерсе кармабагандарын айтышты, бул Кудайдын алар менен бирге эмес экендигин билдирди. Кыскача айтканда, алар каталарын моюндарына алышты.

Таң атып калганда, Ыйса аларга келди; бул шакирттерге жаңы үмүттүн таңы атып келе жаткандай болду. Ыйса аларга: «Катачылык кылсаңар, кайгырбагыла», же «Дагы аракет кылып көрсөңөр, кармап калгыңар бардыр», - деген жок. Ал падышалык бийлиги менен: «Торду кайыктын оң жагына салгыла, ошондо кармайсыңар», - деди. Алар жээктен алыс эмес болгондуктан, ал жакта негизинен чоң балыктар аз болот, бирок ошентсе дагы, алар сунушту кабыл алышып, торду кайыктын оң жагына салышты.

Бүгүнкү күндө Ыйса Өзүн көксөп издегендер кайдан табыларын билгендей эле, ошондо да Ал балыктардын кайда экенин көргөн эле. Ал сени Өзүнө суусагандарга жиберет. Ал: «Торуңар менен баарын кармагыла», - деген жок, бирок Ал: «Жакшы Кабардын торун Мен каалаган жерге таштагыла, ошондо Менин Сөздөрүмдүн иштерин көрөсүңөр», - деген.

Шакирттери бул таң калыштуу буйрукка баш ийишти, бирок ошондо дагы жөнөкөй адам катары көрүнгөн Ыйсаны таанышкан жок. Ыйса жөнөкөй саламдашууну колдонсо дагы, Ал муну салмактуу түрдө айткан эле. Ошондо шакирттери кайрадан аракеттенип, торду сууга ташташты. Ошондо тор балыкка толуп калганын көрүштү. Балык кармоочуларга кайдан кармоо керек экендигин көрсөтүү үчүн Ыйса Рухий жетегин жиберет, Анын жетегин ээрчигендердин торлору балыкка толот. Балык ушунча көп болгондуктан, өздөрү тартып чыгара албай калышат. Ошондо аларга сүйүүсү менен жан дилинен жардам бергиси келген адамдар керек болот.

Сыйынуу: Теңир Ыйса Машайак, башкаларды Сага утуп алуунун ордуна, күнүмдүк көр оокатка батканыбыз үчүн бизди кечир. Биздин жолдон адашканыбызга карабай, бизге келгениңе рахмат. Катачылыктарыбызды мойнубузга алаганга жардам бер. Сенин Сөзүңө баш ийгенге үйрөт, жана Сени издеп жүргөндөргө бизди алып бар. Алар түбөлүккө Сеники болуп калуусу үчүн, биз аларды Сенин Жакшы Кабарыңа жолдойлу.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн торго түшкөн көп балык шакирттерди уяткарды?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 10:13 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)