Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 119 (Jesus appears to the disciples)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
Б – Ыйсанын тирилүүсү жана шакирттерине көрүнүшү (Жакан 20:1 - 21:25)

2. Ыйсанын шакирттерине көрүнүшү (Жакан 20:19-23)


Жакан 20:19
19 Ошол эле күнү кечинде, жуманын биринчи күнү, Ыйсанын шакирттери бир үйгө чогулуп, жүйүттөрдөн корккондуктан, эшиктерин бекитип алып отурушкан эле. Ошол учурда Ыйса келип алардын ортосуна турду да: «Силерге тынчтык болсун!» - деди.

Шакирттери эшикти бекитип алышып, ишемби күндө болуп өткөн жан кейитерлик окуялар тууралуу сүйлөшүп жатышкан эле. Алар Петир менен Жакандан мүрзөнүн бош калганын угушту. Аялдар болсо периштелердин Ыйсанын тирилгендигин айткандыгы тууралуу айтып келишти. Бир аздан сой магдалалык Мариям Ыйсаны көргөнүн айтты. Бул жаңылыктардын баары Ыйсанын жолдоочуларын айраң-таң калтырып, өлгөн адам тирилип, бирок ишеничтүү адамдарына деле келбей жатканы таң каларлык болду. Бирок качан Ыйсаны колго түшүрүп, алып кетип жатканда, алар үргүлөп, уйкусурап жатышпады беле; Петир болсо Андан баш тартып кетти, Теңирди кыйноого салып жатканда, Анын жанында эч кимиси жок болчу, айкаш жагычтын жанына Жакан менен аялдардан башка бирөөсү да келип койгон жок. Жада калса, Аны айкаш жыгачтан түшүрүп, майлашкан да жок. Майрам бүткөндөн кийин, Жүйүттөр аларды да куугунтуктап башташат деп коркуп жатышкан. Ошондуктан алар эшикти бекитип, ички бөлмөдө көп дабыш чыгарбай отурушкан болчу.

Аялдардын айтып келген кабарлары куру кыял катары кабыл алышып, бири-бирине: «Биз Ыйсаны ээрчидик, Аны жеңишке жетет деп күттүк, Ага кызматчы болдук. Эми мына мынтип отурабыз; эми жүйүттөр биздин түбүбүзгө жетпесе эле болду».

Мына ушундай үмүтсүздүк абалда болуп турушканда, алардын ишениминин аздыгына жана ызалануусуна карабай, Ыйса келип, алардын маңдайына турду. Ыйса алардын үмүтү, сүйүүсү жана муктаждыктары үчүн келген жок. Ал туруксуздарга боорукердик кылып, ишенимсиздерге ырайым көрсөтүү үчүн келди.

Ыйсанын байкалбай келип, алардын ортосуна пайда болуусунун өзү эле керемет болчу. Өлгөн адам тирилип келип, көрүнүп жатат; Андан баш тартышкан эле, эми Ал эркин болду. Тандалгандарына келиши үчүн Аны мүрзөнүн ташы да, темир дарбаза да токтото албады. Ал кадимки эле денеси менен келди, көрүндү, Агы угушту жана Аны кармап көрүүгө да болор эле. Ошол эле маалда ал дубал жана эшик аркылуу өтө алган рух да болчу. Анын жаңы денеси, эгерде биз Анда жашасак, анда биздин келечекте кандай болорубузду көрсөтөт. Анын тирилген денеси биздин үмүтүбүз.

Кандай керемет! Өлүп тирилген Ыйса шакирттерин алсыздыгы үчүн ашкерелегенден көрө, тирилгенден кийинки жалпы шакирттерине: «Силерге тынчтык болсун!» - деп, эң алгачкы алкыштуу сөздөрүн жолдоп келди. Бул учурашуунун өзү Анын айкаш жыгач аркылуу дүйнөнү Кудай менен элдештиргендигин түшүндүрүп жатат. Асмандан жерге тынчтык тарай баштады, жаңы заман башталды. Муну бизге Ыйса Машайак сунуш кылат жана муну кабыл алуу же албоо ар бир адамдын өз эрки. Адам өз куткарылуусуна өзү жоопкерчиликтүү. Тобо кылып, Ыйсага ишенген адам Анын баталарына ээ болот. Тынчтыктын Төрөсүнүн элине кошулган адам Пабыл: «Ошентип, биз ишеним аркылуу акталып, Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу Кудай менен тынчтыкка ээбиз», - деп айткандай, Анын кайталангыс курмандыгы аркылуу акталат.

Сыйынуу: Өлүп, кайра тирилген Теңир Ыйса Машайак, Тынчтыктын Төрөсү! Кубаныч жана ыраазычылык менен Сага табынабыз, анткени Сен бизге сот жана жазаң менен келбей, бирок ырайымыңды төгүп, бизди үмүтсүздүктөн жана ишенбестиктен куткаруу үчүн келдиң, бизге тынчтыкты тартуулоо үчүн, Кудай менен бизди элдештирүү үчүн келдиң. Сенин куткарууң биздин кылган жакшы иштерибизден эмес, бирок бул - ырайымдын белеги. Биздин досторубузга жана душмандарыбызга ырайымыңдын максатын түшүнгөнгө жардам бере көр; алар Ыйык Кудайга каршы боло бербей, Сени кабыл алышса экен.

СУРООЛОР:

  1. Тирилгенден кийинки Ыйсанын шакирттерине айткан эң биринчи сөздөрүнүн мааниси эмнеде?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 10:07 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)