Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 104 (Jesus intercedes for the church's unity)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
Д – Ыйсанын арачылык кылып сыйынуусу (Жакан 17:1-26)

4. Ыйсанын жыйындын биримдиги тууралуу арачылык кылуусу (Жакан 17:20-26)


Жакан 17:20-21
20 Алар үчүн гана эмес, алардын сөзү аркылуу Мага ишенип калгандар үчүн да өтүнөм. 21 Алардын бардыгы бир болушсун. Ата, Сен Менин ичимде болгондой, Мен Сенин ичиңде болгонумдай, алар биздин ичибизде бир болушсун. Мени Сен жибергендигиңе дүйнө ишенсин.

Машайак Атасынан шакирттерин Шайтандан сактоосун жана Өзү айкаш жыгачка керилерден мурда, аларды Жакшы Кабар менен ыйыктоосун өтүнүп, аларды Кудайдын сүйүүсүнө бекемдеп, Ыйык Рухтун күчүнө толтурду. Шакирттери тууралуу жана Жыйын тууралуу өтүнгөн сыйынуусун Кудай укканына ынанган соң, Ыйса келечекке карап, шакирттеринин тараткан кабарын угуп, көптөгөн адамдар ишенип жатышкандыгын алдын ала көрдү. Күнөөнү жана Шайтанды жеңгендеги Ыйсанын айкаш жыгачтагы элеси аларды өзүнө тартып жатты. Тирүү Машайакка болгон ишеним аркылуу алардын жүрөктөрүнө Рух түшүп, ыйык жашоонун ырайымына ортоктош болушмак. Алар ишеним аркылуу түбөлүктүүлүктө Ата жана Уулу менен бирге болмок.

Машайак шакирттери аркылуу ишенимге келе тургандар үчүн сыйынды. Кызыктуусу, Ыйса алар үчүн сыйынып жатканда, ал адамдар али ишене элек болчу. Анын сөздөрү шакирттери тарата турган кабардын өзү чындык экендигин айгинелеп турат. Эми Ыйсанын бизге койгон талабынын мааниси эмнеде? Ал биздин ден-соолугубуз үчүн сыйындыбы? Байышыбыз үчүн, ийгиликтүү келечегибиз үчүн сыйындыбы? Жок! Биз бардык чыныгы ишенгендер менен жан-дилибиз менен бир болушубуз үчүн, Ал Атасынан бизге момундукту жана сүйүүнү сурады. Биз өзүбүздү башкаларга салыштырмалуу жогору ойлобошубуз керек, алардын кылган иштерине кыйынсынбашыбыз керек.

Ыйсанын максаты бул ишенгендердин биримдиги. Бөлүнүп жаткан Жыйындар Анын максатына каршы чыккан болот. Бирок ошол Ыйса күткөн биримдик бул рухий тартиптен курулбайт. Бул эң биринчи, сыйынуудагы жана Рухтагы биримдиктен курулат. Кудай табиятында бир болгондой эле, Ыйса шакирттери Кудайда коопсуз болушу үчүн, Атасынан бардык ишенгендерди Ыйык Рух менен мамилелешүүгө алып келүүсүн өтүнгөн. Ыйса: «Шакирттерим Менин ичимде бир болушсун», - деп эмес, бирок «Биздин ичибизде бир болушсун», - деп сыйынды. Муну менен Ыйса Ата, Уул жана Ыйык Рухтун ортосундагы өзгөчө жеткилеңдүү биримдигин үлгү катары көрсөткүсү келген. Ыйса сени өзүнүн деңгээлине көтөргүсү келет, себеби Үч Бирдик менен мамилелешүүң жок болсо, анда сен тозокко кабыласың. Кудайдын биримдигинде бекемделүүнүн максаты бул өзүбүздүн керт башыбыз үчүн гана эмес, бирок ошондой эле, бул Кудайдан алыс жашаган башкалардын алдында Ыйсанын күбөсү болушубуз үчүн. Кудайдан алыс адамдар күнөөнүн айынан өлүк экендигин, текебердигинин айынан бузуку экендигин, жана дене каалоолорунун кулдары экендигин түшүнүшүп, тобо кылып, Куткаруучусуна кайрылышат деп үмүттөнөбүз. Атага, Уулуна жана Ыйык Рухка жабышкан адам момун жана сүйүүчү болуунун күчүн алат; рухий эркиндикте ишенгендер бирин-бири сүйүшүп, бири-бири үчүн кубанышат, чогулап Машайактын сүйүүсүнүн күбөлөндүрүүчүлөрү болушат. Биз баарыбыз тең Адам Ыйсанын Кудай экендигин күбөлөндүрүүчүлөрдөнбүз. Эгерде бардык ишенгендер чыныгы ишенген жошоо менен жашаганда, бул дүйнөдө ишенбеген адам калмак эмес. Алардын сүйүүсү жана тынчтыгы бардык адамдарды өздөрүнө тартып, жашоолору өзгөрүлмөк. Келгиле Ыйсанын талабын эске алып, биримдикте бололу!

Жакан 17:22-23
Алар биз сыяктуу бир болушу үчүн, Мага берген даңкыңды аларга бердим. 23 Алардын ортосунда толук биримдик болушу үчүн, Сен Менин ичимде болгондой, Мен алардын ичинде болоюн. Мени Сен жибергендигиңди, Мени кандай сүйсөң, аларды да ошондой сүйөрүңдү дүйнө билсин.

Ыйсанын даңкы эмнеде? Бул Анын улуулугунун жаркыраган даңкыбы? Жок! Анын даңкы Анын момундугунун, чындамдуулугунун жана назиктигинин артында жашырылган болчу. Рухтун ар бир жөндөмдүүлүктөрүнүн табияты Ыйсанын даңкынын бир саамы. Өз көзү менен көргөн Жакан: «Биз Анын даңкын көрдүк», - деп күбөлөндүргөн. Муну менен ал Ыйсанын жүзүнүн кубулушу же тирилүүсү тууралуу гана эмес, бирок ал Ыйса төрөлгөндө жаткырылган акырды, жана каар тарткан айкаш жыгачты да Анын даңкы катары айткан. Ыйсанын даңкы мына ушул жерлерде ачык көрүнгөн. Бул жерден Кудай Уулу Өз даңкын таштап, адамдын денесинде Өзүнүн улуулугунун маанисин ачкан. Мына ушул даңкын Ыйса бизге арнады. Атанын жана Уулдун Руху бизге келип түштү.

Бизге берилген бул артыкчылыктын максаты өзүбүздү көрсөтүү, өз атыбызды чыгаруу эмес, бирок биримдикте баш ийүү менен, бири-бирибизге кызмат кылып, бири-бирибизди жана башкаларды урматтоо. Ыйсанын Атасынан ушул рухий принциптерди сурашынын себеби, Ал Ыйык Үч Бирдикке мүнөздүү болгон биримдик жана терең мамилелешүү сапаттары бизде дагы терең болуусун каалаган. Жыйынды сынай турган нерсе бул Кудайдын сүйүүсү. Бизди Өзүнүн түбөлүктүү табиятына толтурган бул Кудай Өзү.

Кудай Өз толуктугу менен Жыйында жашайт (Эфестиктер 1:23; Колостуктар 2:9). Ушул эле аяттарда жазылган «Машайактагы Кудайдын толуктугу денеде жашайт, жана биз Анын ичинде толукпуз» деген сөздөрдү айтканга батына албай жатасыңбы? Ыйсанын шакиртинин ушул күбөлөндүрүүсүнөн улам, Ыйсанын өлүм алдындагы сыйынуусуна жооп алгандыгын аныктап жатат. Биз Теңирибизге табынабыз, Аны дайктайбыз, себеби ал биздей күнөөкөр, айыптууларды жек көрбөстөн, тескерисинче бизди тазалап, ыйыктады жана Өзүнүн ыйык жашоосу менен жашашыбыз үчүн, Өзүн бизге бириктирди.

Биздин сүйүүдө жана момундукта жеткилеңдүү болорубузга Ыйса алдын ала эле ишенген. Келгиле, бири-бирибизди сүйөлү, бири-бирибизди урматтайлы. Ыйса биздин байлыкта, мүмкүнчүлүктө, акылмандуулукта эмес, бирок ырайымда, сүйүүдө жана боорукердикте жеткилеңдүү болушубузду каалайт. «Асмандагы Атаңар жеткилеңдүү болгондой, силер дагы жеткилеңдүү болгула», - деп айтып, Ыйса боорукердикти жана чыдамдуулукту максат кылып көрсөткөн. Бул осуяттын өзү Анын душмандарына болгон сүйүү мамилесин ачып жатат. Бирок бул арачылык сыйынууда Ыйса жеткилеңдүүлүктүн жогорку деңгээлин, жыйындын ичиндеги рухий биримдик, жана ошондой эле Кудай менен болгон биримдикти көздөдү. Рух жыйындын жеке өзү үчүн жашаганга, же обочолонууга жол бербейт, тескерисинче ыйыктар бири-бири менен терең мамиледе болууга жетектейт. Үч Бирдиктеги биримдик биз үчүн үлгү. Биз барыбыз бир болмоюнча, дүйнөгө Кудайды тааныта албайбыз. Адам Кудайдын келбетин алып жүргөн сыяктуу эле, Жыйын да мүчөлөрү менен бирге Ыйык Үч Бирдиктин жүзүн чагылдырышы керек.

Жыйындын ичиндеги гармония дүйнөгө биз Кудайдан экенибизди таанытат. Ошондо алар Кудай – сүйүү экендигин биле башташат. Алардын жүрөктөрүндө ишенимди жарата турган бул сөздөр, же түшүнүктөр эмес, бирок ишенимди жарата турган бул Кудайдын балдары чогулган жердеги зор кубаныч. Иерусалимдеги баштапкы Жыйынды Ыйык Рух чыныгы рухий биримдикке бириктирген.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, Сендеги бизге болгон ишенимиңе татыксыз болсок дагы, Сен бизди жетектеп жатканыңа рахмат. Өз сүйүүң менен бизди шакирттериң кылып алдың. Биз сага табынабыз, себеби Сен бизди тазаладың, Рухий денеңдин мүчөлөрү болушубуз үчүн машыктырдың, Ыйык Үч бирдиктин сүйүүсүнө бизди тамырлаттың. Биз Сени даңазалайбыз, мактайбыз, жана жыйыныбызды тирүү биримдик менен жашаганга күч берсең деп өтүнөбүз.

СУРООЛОР:

  1. Ыйса биздин жакшылыгыбыз үчүн Атасынан эмнени сурады?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 09:42 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)