Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 097 (The Holy Spirit reveals history's developments)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
Г - Гефсиманияга бара жаткандагы коштошуу (Жакан 15:1 - 16:33)

4. Ыйык Рух тарыхтагы өзгөчө маанилүү кырдаалды ачат (Жакан 16:4-15)


Жакан 16:12-13
12 Силерге айта турган сөзүм көп, бирок азыр силер түшүнө албайсыңар. 13 Чындык Руху келгенде, силерди чындыкка үйрөтөт. Ал Өз атынан сүйлөбөйт, эмнени укса, ошону айтат жана силерге келечекте эмне болорун түшүндүрөт.

Машайак бардыгын билет жана асман менен келечектин сырларын шакирттерине ачууну каалаган, бирок жан менен акылдын бул сырларды толугу менен түшүнүүгө мүмкүнчүлүгү жок болчу. Ошондуктан, Машайак Кудайдын оң тарабына отурганын, жана ошол эле учурда ал биздин жүрөгүбүздө жашарын Ыйык Рухтун жардамы болбосо, муну акылдын күчү менен түшүнө албайбыз. Ушул сыяктуу эле, Кудай үч инсандан тураарын да түшүнүү кыйын. Бул адамдын аң-сезимине батпайт, бирок биз алсыз болгон маалда Рух жардам берип, акылыбызды ачат. Ал бизге келечектин сырларын, жүрөктүн жашыруун ойлорун ачат, себеби, Ал Үч Бирдиктин тереңин билет.

Машайак шакирттерине чындыктын Руху келип, аларды чындыкка үйрөтөрүн алдын ала айтты. Чындык деген эмне? Ыйса дүйнөдөгү ар кандай фактыларды далилдеген көптүк түрүндөгү «чындыктарды» айткан жок, Ал «Мен Чындыкмын» деген жекелик түрдөгү чындыкты айткан. Келе турган Рух тууралуу ачып берүүнүн максаты бул ошол Рух бизди ишибиз жана кулк-мүнөзүбүз менен Машайактын толуктугуна толууга үйрөтмөк. Ыйса жөнөкөй адам болгон эмес, Анын ичинде Атасы болгон жана Ал Өзү Атасынын ичинде болгон. Демек, бардык чындыкка үйрөтөт дегендин мааниси, бул Ата тууралуу билимге ээ болуу менен, Анын сүйүүсүндө болуп, түбөлүктүүлүккө умтулуу. Жакшы Кабардагы «чындык» деген сөз бул мыйзамдын негизиндеги чындык, же логикага туура келүүчүлүк эмес. Мунун мааниси мындан да кенен, бардык жалпы жана жекече фактылардын баарын камтыйт. Ошентип, Кудай Үч Бирдик Кудай экенин билип, Анын ажайыптуу күчүн жашообуздан көрүшүбүз үчүн, Рух бизди асмандын чындыгына үйрөтөт.

Ыйык Рух көз карандысыз Инсан, Ал сүйлөгөнгө да, укканга да эркиндиги бир, бирок ошол эле маалда, Ал Атанын эрки менен болот. Өл өзгөчө ой менен келбейт, бирок Ата эмнени айтса, бизге ошону айтат. Ыйык Үч Бирдиктин ортосунда сүйүүнүн эркиндигине негизделген ич ара баш ийүүдөн арткан нерсе жок. Ата жана Уул айткан кабарды Рух ишенимдүүлүк менен жеткирет. Ошентип Ал Жыйынды, Машайактын денесин куруп, аны Машайактын, Күйөөнүн, келерине жеткилеңдүү болуусун каалайт.

Жакан 16:14-15
14 Ал Мени даңктайт, анткени Менден алганын силерге билдирет. 15 Атамда эмне болсо, ошонун баары Меники, ошондуктан Мен: «Менден алганын силерге билдирет», - деп айттым.

Ыйык Рухтун кылган кызматынын максаты бул Машайакты даңктоо. Ыйса Өзүнөн баш тартып, бардык даңкты Атасына арнаган сыяктуу эле, Ыйык Рух Өзүнүн даңкын издебейт, бирок бүт иштеринде Ыйсаны даңктайт. Мунун өзү бизди жеке ийгиликтерибиз, жеңиштерибиз жана иштерибиз тууралуу тынч болууга, алар аркылуу Ыйса Куткаруучуну даңктоого үйрөтүп жатат. Биринчи орунда биздин өзгөрүүбүз эмес, бирок Машайактын кымбат канына жуулуп, күнөөлөрүбүздөн арылуу турат. Рухтун кызматынын, бийлигинин жана максатынын көздөгөнү бул бизди Өзү үчүн өмүрү менен сатып алган Ыйсаны даңктоо. Машайактын шакирттери угуп жаткан адамга Машайактын айкаш жыгачка кадалганын, өлүп кайра тирилгендигин күбөлөндүрүп жатканда, Ыйык Рух иштеп баштайт.

Ыйык Рух Өзү каалаган ишти кылбайт. Ал Ыйса жерде баштаган иштерин жана сөздөрүн ишке ашырат. Рух шакирттерге Ыйсанын айткан сөздөрүн эсине салат, алардын ичиндеги кудайлык жашоону алып чыгат. Аларга Ыйсанын осуяттарын сактоого каалоо берип, Куткаруучусунда терең тамыр алууга жардам көрсөтөт. Үч Бирдиктин ортосундагы үзүлгүс ич-ара мамилелешүүнү көрөбүз. Бул Үч Бирдиктеги ар бир жекече Инсан Өзүнө даңкты издебейт. Тескерисинче ар бири бири-бирине урмат көрсөтөт.

Жердеги кызматынын башталышында, Ыйса момундук менен: «Атам Менден улуу», - деген, ал эми Ал шакирттери менен кош айтышып жатканда, Аны менен терең мамилелешүүдөн улам: «Асмандагы жана жердеги бийлик Мага берилген», - деп айтты. Ата балдарына, жана балдар атасына тийиштүү болгондой эле, Ата – Ыйсанын Атасы.

'Сыйынуу: Айланайын Теңир Ыйса Машайак, Сен бизди айкаш жыгачта сатып алдың, бизди күнөөнүн моюнтуругунан бошоттуң. Сенин чексиз сүйүүң үчүн ыраазыбыз. Сенин курмандыгыңды жана кайрадан тирилүүңдү даңазалашыбыз үчүн, бизди Өзүңдүн Ыйык Рухуң менен толтур. Сенин жакшылыгыңдын чындыгында жашашыбыз үчүн, бизди кайдыгер, эки жүздүү жана текебер болуудан арылта көр.

СУРООЛОР:

  1. Дүйнөнүн өнүгүүсүндө Ыйык Рух кандайча иштейт?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 09:36 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)