Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 029 (Jesus leads the adulteress to repentance)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
В - Машаяктын Иерусалимге биринчи келиши (Жакан 2:13 - 4:54) -- Тема: Чыныгы табынуу деген эмне?
4. Ыйса Самарияда (Жакан 4:1–42)

а) Ыйса ойноштук кылган аялга тобо кылууга жардам берет (Жакан 4:1-26)


Жакан 4:16-24
“Барып күйөөңдү бул жерге чакырып кел”, - деди Ыйса. “Менин күйөөм жок”, - деп жооп берди аял. Ошондо Ыйса ага: “Күйөөм жок”, - деп чындыкты айттың. Сен беш жолу күйөөгө чыккансың, бирок азыркысы күйөөң эмес. Муну сен туура айттың”, - деди. Аял Ага: “Мырза, Сенин пайгамбар экениңди билдим. Биздин ата-бабаларыбыз мына бул тоодо Кудайга табынышчу экен, силер болсо Кудайга табынуучу жай Иерусалимде болуш керек дейсиңер”, - деди. Ыйса ага мындай деди: “Мага ишен, бул тоонун үстүндө да, Иерусалимде да Атага табынбай турган убак келет. Силер эмнеге табынып жүргөнүңөрдү билбейсиңер, биз болсо билебиз. Анткени куткарылуу жүйүттөрдөн келет. Чыныгы табынуучу Атага рух менен чындык аркылуу табына турган убакыт келет, ал тургай келип да калды. Анткени Ата да Өзүнө ошондой табынуучуларды издейт. Кудай – Рух. Ага табынуучулар да рух менен чындык аркылуу табынуулары керек”.

Ыйса аялдын ичинде тирүү сууга болгон суусоону ойготкондон кийин жана Кудайдын белегин ала тургандыгына ишендиргенден кийин, бул белектерди алууга тоскоолдук бар экендигин, бул анын күнөөлөрү экендигин аялга көрсөттү. Ыйса аялга оройлук менен: “Сен ойноштук кылып жүргөнсүң!” – дебестен, ага сылыктык менен күйөөсүн чакыруусун сурады. Бул сураныч аялдын жүрөгүнүн оорулуу кылдарына тийди. Бардык аял сыяктуу эле, бул аял дагы күйөөнүн коргоосун жана кам көрүүсүн изеп жүргөн. Ал жалгыз жана жек көрүндү болуп жүргөн жана мындай уятты аял Ыйсага ачып берүүнү каалабады. Ошентип аял: “Менин күйөөм жок”, - деп айтып, өзүн коргоду.

Ыйса Өзүн чындык экендигин жана ал баардык жашыруун сырлардын бардыгын билүүчү экендигин көрсөттү. Ал аялды таштап кетишкендигин, ал сүйүүнү кумардан издөө менен бир күнөөдөн экинчи күнөөгө батып жүргөнүн билди.

Ар бир ойноштук иш талкалоочу күчкө ээ. Ал абийирди жемелетип, ички сезимдерди сезгентет. Айрыкча бул аял менен ушундай болгон. Аял ажырашып кетсе дагы, ал күйөөгө зар болот, кайрадан элдешүү жөнүндө ойлонуп, кайгырып, түшүнүүнү издейт.

Аял эми Ыйсаны жөнөкөй адам эмес экендигин түшүндү; Анда пайгамбардык көрөгөчтүк бар эле. Аял жүрөгүнүн тереңинде ага бир гана Кудай жардам бере аларын билген. Бирок ал Кудайды кайдан табат эле? Кантип табат эле? Сыйынуу жана ырым-жырымдар ал үчүн бөтөн болчу. Ал көп жылдан бери диний чогулуштарга катышпай калган, бирок ошентсе дагы, ал баары бир эркиндикке жана Кудай менен болгон тынчтыкка суусап келген.

Ыйса аялдагы тазаланууга болгон каалоону ойготкондон кийин, андан ары аялга табына турган жер маанилүү эмес, бирок Кимге табынуу керек экендиги маанилүү экендигин түшүндүрдү. Ал Кудайды асмандагы Ата деп айтты. Кудайды таанытуу аркылуу Ыйса аялга Өзүнүн куткаруусун белек кылып берип жаткан. Ыйса: “Ата” деген сөздү үч жолу айтты. Кудай жөнүндөгү билимди жөндөмдүүлүк же динчилдик бербейт, бул бир гана Ыйсага болгон ишеним аркылуу келет.

Бардык эле кудайлар Ата деген наамга татыктуу эмес. Самариялыктар ар кандай кудайларга табынышчу. Жүйүттөр болсо Теңирдин ким экенин, Ал тарыхта Өзүн ачып бергендигин жана Куткаруучу Дөөттүн үйүнөн келет деген убаданы билишчү.

Ыйык жазуудагы ишеним бүт дүйнөгө таралышы керек. Ошондон баштап Кудайга табынуу ийбадатканадан чыгып, эркин болот. Ишенгендер өздөрү Кудайдын ийбадатканасы болуп, Ыйык Рух алардын ичинде жашамак; алардын бүт жашоосу Кудайдын даңкына табынган жашоо болмок. Алар Машаяк берген куткаруу менен айырмаланышып, Анын чексиз сүйүүсүнө киришет. Алар Ыйсанын күчү менен оңдолгон, чынчыл жана таза жашоону тандашат. Асмандагы Атасы аларды жаңыртты. Алардын жүрөктөрү даңктоого толгон. Кудайдын балдары Кудайга өз каалоолору менен ыраазычылык айтып, Ага: “Биздин асмандагы Атабыз!” – деп кайрылгандары Ага жагат.

Кудай – Рух. Ал идол эмес, же арбак эмес. Ал биздин Атабыз жана биз Аны билебиз. Ал биздин алсыздыктарыбызды жана ага өзүбүз келе албастыгыбызды билет. Ошондуктан Ал бизге Уулу аркылуу келди, Өзүнүн курмандыгынын Рухун кабыл алуу менен бизди тазалады. Кудай балдарынын көп болуусун каалайт; Анын гана балдары рухта жана чындыкта табына алышат. Биздин жашообуз Анын сүйүүсүнө жооп болсун үчүн, Атага бизди Өзүнүн Рухуна, чындыгына жана ырайымына толтурсун деп сыйынабыз.

Бир дагы адам Кудайга жаккандай сыйына албайт, ошондуктан Ыйса бизге рухтун касиеттерин берген. Рухта биз ишенимдүү, кубанычка толгон, эр жүрөк кызматчылар жана күбөлөндүрүүчүлөр болобуз. Ошондо жашообуз Машаяктын айкаш жыгачынан агып чыгып жаткан Рухтун күчү аркылуу сүйүктүү Атабызга табынган жашоого айланат.

Чыныгы табынууну орнотуу үчүн, Ыйса ийбадаткананы тазалаган. Бул күнөөкөр аялга Кудай Машаяк аркылуу ачылды. Күнөөлөрүн мойнуна алган жана тирүү сууга чаңкаган аялга Ыйса ырайым кылды.

Сыйынуу: Кагылайын Асмандагы Ата, биз ыраазыбыз, себеби бизден Өзүңдү жүрөгүбүз менен урматтоону, жашообуздун ыйыкталышын, ырайымыңды даңкташыбызды каалайсың. Биздин табынууларыбызды тазала. Бизден Уулуңду ээрчиген, Сени дайыма даңктаган кызматчыларды чыгар. Жакшы Кабардан агып чыгып жаткан Сенин Сөздөрүңө ар убак жооп берүү үчүн, бизди сыйынуунун рухуна толтур.

СУРООЛОР:

  1. Чыныгы табынууга эмне тоскоолдук кылат жана чыныгы табынууга эмне шыктандырат?

Жакан 4:25-26
Аял Ыйсага: “Машаяк келерин билем. Ал келгенде, бизге баарын айтып берет”, - деди. Ошондо Ыйса ага: “Сен дал ошонун Өзү менен сүйлөшүп турасың”, - деди.

Ыйсанын сүйүүгө толгон сөздөрүнөн аял чындыктын күчүн сезди. Аял Ыйса айтып жаткан пайгамбарчылыктардын аткарылышын көрүүнү эңседи. Аял Машаяктын келе тургандыгы жакындап калгандыгы тууралуу пайгамбарчылыкты эстеди. Ал ошол келе тургандын ысымына үмүттөнүп, Кудайга чыныгы табынууну Ошол гана үйрөтөөрүнө ишенип жүргөн.

Ыйса келиши керек болгондун Өзү экенин, Кудайдан жиберилгенин жана Ыйык Рухка толо экендигин айтты. “Кудайдын адамга берген белеги Менмин; Кудайдын Сөзү денеге айланып, бардыгы үчүн Куткарылуу даярдалды”.

Аял болсо Машаякты падышалардын Падышасы, пайгамбарлардын улуусу, башкы ыйык кызмат кылуучу келерин айтып жатат деп туура эмес түшүнгөн. Балким бул аял Куткаруучунун келиши өлгөндөрдүн тирилишине жана дүйнөгө тынчтыктын орношуна байланыштуу болот деп укса керек. Ошондой эле аял Анын ысымына байланышкан жүйүттөрдүн саясий кыялданууларын да угушу мүмкүн. Бирок анын баарынан да каалаганы – Куткаруучу анын күнөөлөрүн кечирет деген нерсе болчу. Машаяктын муну кыла аларына аял толук ишенген.

Ошондуктан Ыйса аялга: “Сен дал ошонун Өзү менен сүйлөшүп турасың”, - деди. Асмандын планы менен пайгамбарлардын убадалары “Ошонун Өзү” деген сөздөрдө кездешип жатат. Жөнөкөй адам тайманбай туруп, өзүн Машаякмын деп айта алмак эмес. Антихрист келип, өзүн жалган жарыя кылмак. Бирок Машаяк – сүйүү, Ал бир дагы алсыз күнөөкөрдү жек көрбөйт, бирок ага ырайым кылат, ал гана эмес, чет өлкөлүк, самариялык аялга дагы ырайымын төгөт. Ал сот эмес, Ал – ырайым.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:55 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)