Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 087 (The Holy Trinity descends on believers)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
В – Шакирттери менен коштошуу (Жакан 14:1-31)

2. Ыйык Үч Бирдиктин ишенгендерге Сооротуучу аркылуу келиши (Жакан 14:12–25)


Жакан 14:15
15 Эгерде Мени сүйсөңөр, осуяттарымды аткаргыла.

Голгофа үчүн ыраазычылык Жакшы Кабарда жаңырып турат. Жакшы Кабар таратпаган адам Машайактагы эркиндикти билбейт. Эгерде сен сыйынууларыңа жооп албай жатсаң, анда Ыйсанын сүйүүсүндө жашап жатасыңбы, күнөөлөрүң баталарды токтотуп жатабы, мына ушуларды билиш үчүн жашооңду текшерип көр. Башкаларга агып жаткан батанын агымы үзүлүп калбашы үчүн, алсыздыктарың үчүн Ыйсанын алдында кечирим сура. Теңир бизге бир канча осуяттарды берген. Алар: душманыңды сүй, азгырыкка кирбешиң үчүн сыйын, ыйык бол, анткени асмандагы Атаң ыйык, бардык түйшүк тарткандар жана азап чеккендер, Мага келгиле, Мен силерди тынчтандырам. Ушул убадалардын баары биригип келип, «Мен силерди сүйгөнүмдөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө» деген алтын осуятты жаратты. Ыйсанын осуяттары татаал эмес, ал жашоого, ишенимге жана сүйүүгө көпүрө болуп берет.

Ыйсанын сатып алуу жолун түшүнгөн адам өзү үчүн жашай албай калат, ал Куткаруучу Машайактын кызматчысы болот.

Жакан14:16-17
16 Мен Атамдан өтүнүп сурайм, Атам силерге башка Сооротуучуну, чындык Рухун берет: Ал түбөлүк силер менен болот, 17 бул дүйнө Аны кабыл ала албайт, анткени Аны көрө да, биле да албайт. Ал эми силер билесиңер, анткени Ал силер менен, силердин ичиңерде болот.

Ыйсанын буйруктарын өз күчү менен аткарууга аракет кылган адам жыгылат, үмүтсүздүккө туш болот. Ошондуктан Ыйса арачылык кылып, Сооротуучуну, Ыйык Рухту жиберүүнү Атасынан суранган. Рухтун бир нече кызматы бар: ал биздеги күнөөнүн тереңдигин көрсөтөт жана айкаш жыгачка керилген Ыйсаны ачып берип, күнөөлөрүбүздү кечире турган Кудайдын Уулу экенине ишенүүгө шыктандырат. Ал биздин Кудайдын ырайымынын негизинде адил кылат. Экинчи төрөлүүнү бизге ушул Рух берет. Кудайды Ата деп чакырууга бизге Рух түрткү берет. Ошондой эле, биз чындап эле Кудайдын балдары экенибизге Рух бизге ынануу берет. Рух биздин коргоочу Адвокатыбыз. Ал биздин алдыбызда туруп, шайтандын шыбыраган сөздөрүнө каршы турганга, куткарылуу толук ишке ашканына бекем ишенимде болгонго көмөк көрсөтөт. Ыйса жиберген Сооротуучу аркылуу биз кубанычта да, кайгыда да жолдон адашпайбыз.

Бир дагы адам, гений дагы, акын дагы, пайгамбар дагы, табиятында Рухка ээ боло албайт. Бул Рух табияттан тышкары. Ал Машайактын канына ишенгендерге гана келет. Ыйсаны сүйбөгөн жана кабыл албаган адамдын ичинде Ыйык Рух жашабайт. Ал эми Ыйсаны сүйүп, куткарылуусун кабыл алган адам иштеринде зор кубанычка батат. Алсыз болуп, күчтөн тайган маалда, жүрөктөгү Ыйык Рух аркылуу Кудайдын күчүн көрөбүз. Сооротуучу түбөлүктүү болгондуктан, Ал бизди өлүм маалында да, сот маалында да калтырбастыгын Ыйса күбөлөндүргөн.

Жакан 14:18-20
18 «Силерди жетимсиретпейм, силерге кайра келем. 19 Бир аз убакыттан кийин бул дүйнө Мени көрбөй калат, ал эми силер Мени көрөсүңөр. Мен жашап жаткандыктан, силер да жашайсыңар. 20 Мен Атамдын ичинде экендигимди, силер Менин ичимде экендигиңерди, Мен силердин ичиңерде экендигимди ошол күнү түшүнөсүңөр».

Жүйүт Искариот кеткенден кийин, Ыйса шакирттерине бир аздан соң аларды таштап кетерин, Ал бара турган жакка шакирттери бара албастыгын айтты. Бирок Ал шакирттерине кайра кайрылып келерин да айтты. Ыйса шакирттеринин алсыздыктарын билгендиктен, Ал сөздөрүн эки мааниде айткан: Биринчи, Ыйык Рухтун келиши. Экинчиси, дүйнөнүн акырында Ал Өзүнүн даңкы менен келиши. Мына ушул эки себептен Ыйса аларды таштап, Атасына барышы керек болчу. Эгерде бул коштошуу болбосо, анда Ыйык Рух бизге келмек эмес.

Жүрөгүбүздү, көзүбүздү ачкан мына ушул Ыйык Рух. Башкаларга окшоп, Ыйса мүрзөдө калып калган жок, Ал азыр тирүү, Ал Атасынын жанында. Бүтүндөй ааламдын жана биздин куткарылуубуздун негизи бул Ыйса Өзү. Биз ишеним менен өлүмдү жеңип чыгып, Машайактын адилдиги менен жашашыбыз үчүн, Ал өлүмдү жеңди жана бизге өмүр берди. Биздеги ишенимдин жашоосу үмүткө мол.

Уул Атанын ичинде, Ата Уулдун ичинде деген жеткилең байланышты бизге күбөлөндүргөн, биздин ичибизде жашаган чыныгы Рух бул Кудайдын Руху. Ыйык Рух тууралуу билим бул математиканы окуп үйрөнгөндөй эмес, бул биз Ыйса менен кандай байланышта болсок, Кудайдын Өзү менен да дал ошондой байланышка жеткирген, ишенгендердин ичине келип кубулган көрүнүш. Рухтун ушундай сырдуу иштерин түшүнүүгө адамдын акылы жетпейт.

Ыйса: «Сени менен бирге өзүнчө жашайм», - деген эмес, Ал: «Мен силердин барыңардын ичиңерде жашайм», - деген. Жалгыз Машайакчы Рухтун ийбадатканасы боло албайт; ар бир ишенген адам Кудайдын сепилинин дубалында коюлган таштай. Ишенгендердин баары ушул рухий сепилде бирге жашашат. «Силер Менин ичимдесиңер жана Мен силердин ичиңердемин», - деп ал баарыбызга убада берген. Ыйыктардын мамилелешүүсү Ыйса ачылган жерде гана болот. Ыйса бул убадасын «Мен силерди кандай сүйсөм, силер да бири-бириңерди ошондой сүйгүлө», - деген шарт аркылуу жолдогонун байкадыңбы? Машайакка мен өзүм гана тамырлаган жокмун, биз баарыбыз тең Кудайдын толуктугуна бирге толобуз.

Сыйынуу: Кудайдын Ыйык Козусу, биз Сенин алдыңда табынабыз; Сенин өлүмүң аркылуу биз өмүргө ээ болдук. Сен экөөбүздүн ортобузда эч тоскоолдук болбошу үчүн, биздин алсыз ишенимибизди, кайдыгерлигибизди кечир. Бардык азап-кайгыда Сени көрө билгенге жардам бер жана текебер болуудан бизди сакта. Бизди түбөлүктүүлүккө бириктирген чындыктын Рухун, Сооротуучуну жибергениң үчүн рахмат.

СУРООЛОР:

  1. Ыйса Ыйык Рухка кандай мүнөздөмө берди?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 01:13 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)