Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 037 (Christ raises the dead and judges the world)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
A - ЫЙСАНЫН ИЕРУСАЛИМГЕ ЭКИНЧИ ЖОЛУ КЕЛИШИ (Жакан 5:1-47) -- ТЕМА: ЫЙСА МЕНЕН ЖҮЙҮТТӨРДҮН ОРТОСУНДА КЕЛИШПЕСТИКТИН ПАЙДА БОЛУШУ

3. Машаяк өлгөндөрдү тирилтет жана дүйнөнү соттойт (Жакан 5:20-30)


Жакан 5:25-26
Чындыкты, силерге чындыкты айтып коөюн, өлгөндөр Кудайдын Уулунун үнүн угуп, тирилер убакыт келет, ал тургай келип да калды. Анткени Атанын Өзүндө өмүр бар болгон сыяктуу эле, Уулунда да Атасы берген өмүр бар.

Ыйса: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коөюн», - деп айтуу менен, Өзү чындык экендигин билдирген. Ыйса Өзүнүн келиши тууралуу пайгамбарчылыктарды Байыркы Келишимдин адамдары элестете алгандан да артык ишке ашырган. Ал өлгөндөрдү бүгүн да, эртең да тирилтет. Күнөөнүн жана бузукулуктун айынан бардык адам өлүк болуп калган. Бирок ыйык Ыйса, Кудайдын Уулу, денеде келип, ошол Өзүнүн денеси менен күнөөнү жеңди; Ал ишенимдин жашоосуна биздин да катышуубузга жол ачты. Ким бүгүн куткарылуунун жакшы кабарына маани берип, аны түшүнүп, Ыйсага жабышса, Ал Кудайдын өмүрүнө ээ болот. Тирилүү күнүнөн тартып биздин ишенимибиз ишенимдин жашоосу экенин, ал өлүмдүн жана соттун дини эмес экенин биле баштайбыз. Толук маанини түшүнө албаса дагы, Ыйсанын айткан сөздөрүнүн толуктугун түшүнүүгө аракет кылып уккандарга Ал Өзүнүн өмүрүнүн рухун берет. Мына ушундай адамдарга Ал угууну жаратат, аларга ажайыптуу сөздөр чоң таасир берет. Руху өлүк адам өзүнүн күчү менен уга албайт же тириле албайт. Качан гана Ыйса аларга өмүрдүн рухун бергенде, алар бул чындыкка маани бере башташат. Мурунку жашообуз өлүп, ал эми түбөлүк өмүр болсо бизде түбөлүктүү болот. Ыйса айткан: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн. Мага ишенген адам өлсө да тирилет. Мага ишенип жашаган адам өлбөйт».

Ата Уулун түбөлүк өмүрдүн толуктугун бергенден тартып, Уулу Ыйса бизди тирилте алат. Машаяк өмүрдүн суусу тынбай ага берген түгөнгүс булакка окшош. Андан жарыктын үстүнө жарык, сүйүүнүн үстүнө сүйүү, чындыктын үстүнө чындыкты алабыз. Андан бузукулук да, караңгылык да, жаман ойлор да чыкпайт. Ал сүйүүгө толгон, бул тууралуу Пабыл мындай деген: «Машаяк чыдамдуу, боорукер жана дос, ал көрө албастык кылбайт, мактанбайт, Ал өз пайдасын көздөбөйт, башкаларга жаман санабайт, адилетсиздикке кубанбайт, ал баарын жаап коөт, баарын көтөрөт; Анын сүйүүсү түбөлүк жашайт». Мына ушуну Ал бизге Руху аркылуу берген. Эми биз өмүрдүн булагы бололу.

Жакан 5:27-29
Атасы Ага сот жүргүзүү бийлигин да берди. Анткени Ал – Адам Уулу. Буга таң калбагыла, анткени мүрзөдө жаткандардын баары Кудай Уулунун үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат: жакшылык кылгандар өмүргө ээ болуу үчүн, жамандык кылгандар соттолуу үчүн тирилишет.

Табийгый адам күнөөнүн айынан өлүк адам болуп саналат. Кудайдын сүйүүсүнө шашылбаган адам өзүн өзү соттойт. Машаяктын сөздөрү сүйүүгө толгон, күчтүү жана таза. Аны уккан адам тирүү калат. Ошол эле убакта, Анын сөздөрү жана жетеги биздин жашообуздун алтын эрежеси. Кудай сотту Уулуна тапшырган; Ал ыйык болчу, бирок биз сыяктуу азгырыкка туш болсо дагы, күнөө кылган эмес. Кудайдын сотунун алдында бир дагы адам актана албайт. Дүйнөнү соттоого бир гана Машаяк татыктуу. Бүт адамзаттын тагдырын Ал гана чече алат. Периштелер жана бүт жаратылгандар Ага гана табынышат.

Тирилүү Ыйсанын буйругу менен болот. Анын чакырыгы бүт жер шаарын дүңгүрөтөт. Өлгөндөр кадимки үндү уга алышпайт. Бирок Уулдун үнү өлгөндөрдү да титиретет. Уктап жаткан жандар ойгонушуп, мүрзөдөн чыгышат. Негизинен эки тирилүү бар: биринчиси өмүр үчүн тирилүү, экинчиси болсо сот үчүн тирилүү. Бул саат таң каларлык күтүлбөгөн нерселерди алып келет: Биз жаркыраган жарык деп жүргөндөр караңгылыкка кетишет, ал эми биз маанисиз катары көрүп, эсепке албаган адамдар күн сыяктуу жаркырашат.

Кудайдын алдындагы жакшы адамдар жаман адамдан артык эмес болчу. Бирок биринчи тирилүүдөгү адамдар Ыйса Машаяктын кечиримин алышып, ыраазычылык менен жооп беришти. Алар Анын Жакшы Кабарынын негизинде жашашты. Алардын жашоолору Ыйык Рухтун жемиштерин көрсөттү. Ыйса кымбат баалуу каны менен алардагы уятты жууп кетти. Бул ырайым аларга ишеним аркылуу келди.

Кудайдын алдында кылган иштерим жетиштүү деп ойлогон адам бул сөздөрдү угат: «Сен, өзүмчүл адам, эмне үчүн сен өзүңдүн гана куткарылууң жөнүндө кам көрдүң? Эмне үчүн душмандарыңды сүйгөн жоксуң? Эмне үчүн сен айкаш жыгачта Керилгендин сени менен Кудай экөөңдүн ортоңордогу элдештирүүсүн толук кабыл алган жоксуң? Сендеги Анын түбөлүк өмүрүн кантип четке кактың? Текебердигиң сени өлүмдү тандаганга мажбурлады, эми болсо сага сунуш кылынган ырайымсыз кала бер!» Күнөөдө өлгөн адамдар катаал сотко келүү үчүн тирилишет жана өздөрүнүн ойлору, сөздөрү, иштери тууралуу ийнесинен жибине чейин жооп беришет. Ал эми ишеним менен Машаяктын даңкына ээ болгон адамга Машаяктын сүйүүсү төгүлөт. Бул сүйүү ал адамды боорукердик иштерди кылууга түрткү берет. Бул болсо бүгүнкү күндөгү түбөлүктүү өмүрдүн табияты.

Жакан 5:30
Мен Өз алдымча эч нерсе кыла албайм. Атам Мага кандай айтса, ошондой соттойм. Менин сотум адилет, анткени Мен Өз каалоомду эмес, Мени жиберген Атамдын каалоосун аткарам.

Баарынан чоң тапшырманы Ыйса аткарат; Ал - түбөлүктүү Сот. Машаяк Өзүнө берилген бийликти билет. Ошентсе да, Ал момун болду. «Мен Өз алдымча эч нерсе кыла албайм», - деп айтуу аркылуу Ал адамзаттын эң төмөнкү деңгээлине түшкөн. Мунун мааниси Мен Өз алдымча соттой албайм, ойлоно албайм, сүйө албайм, дем ала албайм дегенди түшүндүрөт. Ошентип Ал бардык даңты Атага берген.

Бардык убактарда Ыйса Атасына милдеттү болгон. Экөөнүн ортосундагы байланыш эч убакта үзүлбөйт. Кудайдын үнү Ага адамдын руху жөнүндө кабарлады. Кудайдын Руху дүйнөнү сынагандай эле, сенин жүрөгүңдү да сынайт, сенин ойлоруңду жана башкалардан жашырган нерселериңдин баарын ачат. Машаяктагы бул рух сени туура соттойт. Эгерде сен Кудайдын алдында күнөөлөрүңдү мойнуңа алып, айкаш жыгачка Керилгенден кечирим алсаң, анда сен бактылуусуң. Анда сенин ысымың өмүр китебине жазылат. Ошондо Ал адилеттүүлөргө: «Менин Атамдын ырахаттуулары, келгиле! Дүйнө жаратылгандан тартып силер үчүн даярдалган Падышалыкты мурастагыла!» - дейт.

Машаяк – чындык, Ал жалган айтпайт; Ал адамдын көкүрөгүндө эмне бар экенин билет. Ал биздин ата-бабаларыбыздан бери келген кулк-мүнөздөрүбүздү билет, ошондуктан Ал бизди соттоого ашыкпайт. Күнөөкөрлөрдүн тобо кылуусун чыдамкайлык менен күтөт. Анын ыйык табияты Өзүнүн боорукердиги аркылуу боорукер болуп өзгөргөндөрдү Өзүнүн Рухун кабыл албай, таш боор жүрөк бойдон калгандардан бөлөт.

Машаяк Өзүн басынтып, момундугун көрсөттү. Ал жасагысы келген бардык иштерде Атасынын эркин сураган. Ошентип Машаяк сөзүндө да, иштеринде да, ал тургай, айкаш жыгачта дагы Атасынын эркин аткарган. Чечүүчү саатта Ал: «Ата Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун!» - деп сыйынган. Муну менен Ал Атасынын сотуна толук эркиндик берди.

Жакшы кабарчылардын бул Атасы менен Уулунун ортосундагы мамилеси тууралуу жазышкандыгынын максаты бизди ушул Үч Бирдиктин биримдигине болгон ишенимге негиз алышыбыз болчу. Адамдарды өлгөндөн тирилтүү бийлиги Атасына да, Уулуна да бирдей тийиштүү. Атасы Уулуна бүт иштеринин баарын көргөзгөн жана Уулунан эч нерсе жашырган эмес. Машаяктын үнү өлгөндөрдү тирилтет; өлүмдүн жана тозоктун ачкычы Анда. Биздин жупуну түшүнүгүбүз үчүн ишеним сырдуу нерсе.

СУРООЛОР:

  1. Ыйса бизге берген түшүндүрүүсүнүн негизинде Ата менен Уулдун ортосунда кандай мамиле бар?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:01 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)