Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 013 (The Sanhedrin questions the Baptist)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
Б - МАШАЯК ШАКИРТТЕРИН ТОБО КЫЛУУ ЖЕРИНЕН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮНУН КУБАНЫЧЫНА АЛЫП БАРДЫ (Жакан 1:19 - 2:12)

1. Синедриондун мүчөлөрү чөмүлдүрүүчү Жаканды суракка алышты (Жакан 1:19-28)


Жакан 1:25-28
Алар Жакандан: «Эгерде Сен Машаяк да, Илияс да, Пайгамбар да эмес болсоң, анда эмне үчүн сууга чөмүлдүрүп жатасың?» - деп сурашты. Жакан аларга : «Мен сууга чөмүлдүрүп жатам. Бирок араңарды силер тааныбаган Бирөө турат. Ал менден кийин келип, менин алдыма турду. Мен Анын бут кийиминин боосун чечүүгө да татыксызмын», - деп жооп берди. Бул Иордан дарыясынын чыгыш тарабындагы Битабара айылында, Жакан сууга чөмүлдүрүп жаткан жерде болду.

Жүйүттөр тазалануу, жуунуу жана чөмүлдүрүү тууралуу Тоорат китебинен билишчү. Жуунуу бул моралдык ыпластыктан тазаруу жөнүндө болсо, ал эми чөмүлдүрүү жүйүт эмес элдерди тазартуу белгиси болчу. Ошол убактарда башка элдер таза эмес катары эсептелген. Чөмүлдүрүү бул момундуктун жана Кудайдын элине кошулуунун белгиси болчу.

Бул Иерусалимден келген ыйык кызмат кылуучулардын ачууланышкандыгынын себебин түшүндүрөт. «Эмне үчүн сен сүннөткө отургузулган жана келишимдеги ишенгендерди кайра тобо кылууга чакырып жатасың? Сен эмне элдин жооптуу башчылар болгон бизди ыйыктык жетишпеген, Кудайдын каарына баткан немелер деп ойлоп жатасыңбы?»

Жакандын чөмүлдүрүүсү «кудайчыл» элге чалынуучу таш болду. Бул элди эки түргө бөлгөн: биринчи түрү - бул чөмүлүү аркылуу тазалангандар. Алар Машаяктын келишин күтүп, тандалып алынган топ катары өздөрүнүн Теңири менен жолугууга даяр адамдар. Экинчи түрү - бул тобо кылууну, чөмүлүүнү кабыл албаган, бирок Машаяктын келишине өздөрүн даяр сезген адамдар. Алар Машаяктын келиши саясаттын же мыйзамдын чегинде болот деп ишенишкен.

Балким бул расмий жолугушууда жакшы кабарчы Жакан өзү да катышышы мүмкүн. Алардын сүйлөшүүсү, айрыкча ыйык кызмат кылуучулардын суроолоруна чөмүлдүрүүчү Жакан Машаяк да эмес, Илияс да, пайгамбар да эмес экнедигин айтканы ага чоң таасир берди. Мындай жооптон кийин фарисейлер Жакандын эч ким эмес экендигин айтышып, шылдыңдашты.

Чөмүлдүрүүчү эмне болуп жатканын түшүндү. Ал өзүн кемсинтүү менен аларга карап жылмайып: «Ооба, силер туура айтасыңар, Мен маанисиз эле бирөөмүн. Мен эч керемети жок эле, эч бийлиги жок жөнөкөй эле суу менен гана чөмүлдүрөмүн. Мен жасап жаткан нерселердин бардыгы келе жаткан Бирөөгө багыттоочу белгилер», - деп жооп берди.

Төөнүн жүнүнөн жасалган кийим кийген Жакан ордунан туруп, катуу үн менен келген ыйык кызмат кылуучуларга жана топтошкон элге: «Силер сокурсуңар! Силердин араңарда болуп жаткан тарыхый окуяны байкабай жатасыңар. Силер маанилүү эмес болгон мени сынап жатасыңар. Биро карагыла, Машаяк келип калды. Ал бул жерде, тобо кылгандардын арасында. Мен, чөмүлдүрүүчү Жакан, бир нерсе кылганга эч бийлигим жок. Мен аткара турган бир гана кызмат бар. Мен үнмүн жана Ыйык Рух мага азыр келе жаткан Теңир жөнүндө айтты. Ал бул жерде. Бүгүн куткарылуу күнү. Тезирээк тобо кылгыла, себеби акыркы убакыт өтүп бара жатат», - деди.

Бул жарыяны уккан эл ыйык коркунучка батты. Алар Машаякты тосуп алуу максатында чогулушкан. Ыйса келди, эл болсо Анын келишин байкабай да, көрбөй да калышты. Эл тынчсызданып, таң калып бири-бирин карап жатышты.

Анан чөмүлдүрүүчү Жакан Машаяк тууралуу белгилүү аныктаманы айтты. Бул аныктама 15-аятта жазылган «Менден кийин Келе Жаткан менин алдыма чыкты» деген аныктамадан да тагыраак. Муну менен Чөмүлдүрүүчү Машаяктын түбөлүктүү экенин жана ошол эле убакта Анын адамдардын арасында экендигин айткан.

Чөмүлдүрүүчү Жакан Машаяктын сырткы көрүнүшү кадимки эле адам экендигин, алардын арасында байкалбаган, таажысыз, жөнөкөй кийинген кадимки эле адам экендигин түшүндүргүсү келген. Ал башкаларга окшош, эч нерсеси менен айырмаланбайт. Бирок Анын чыныгы табияты баарынан айырмаланып турат: Ал бардык мезгилдерде болуп келген, асмандык жана кудайлык табияты менен алардын арасында эң жөнөкөй болуп турат.

Чөмүлдүрүүчү Жакан өзүн Машаяктын кызматчысы болууга татыксыз деп сезген. Ал жактагы салт боюнча, үйгө келген меймандын бутун ошол үйдүн кызматчысы суу менен жуучу. Ыйсанын топтошкон элге келип кошулганын көргөн Чөмүлдүрүүчү өзүн Ыйсанын бутун жууганга, бут кийиминин боосун да чечүүгө татыксыз деп санаган. Бул сөздөр угуп жаткан элдин башын маң кылды. Алар бири-бирин карашып: «Бул бейтааныш адам ким? Теңир кантип эле ушундай жөнөкөй болмок эле? Анда эмне үчүн Жакан чөмүлдүрүүчү Анын бут кийиминин боосун чечкенге татыксызмын деп жатат?» - деп күбүр-шыбыр болуп жатышты. Иерусалимден келген өкүлдөр Чөмүлдүрүүчүнү «ары жок алдамчы», - дешип, шылдыңдап кетип калышты. Чөмүлдүрүүчү Жакандын кээ бир жолдоочулары балким Машаякты жөнөкөй адам катары чөлгө келбейт, Ал борбор шаар Иерусалимге жаркырап, атак-даңкы менен келиши керек болчу деген ой менен тиги фарисейлердин артынан жөнөшсө керек. Ошентип алар Кудайдын Уулу менен болгон кайталангыс жолугушуунун күбөлөрү болбой калышты.

Бул окуя Иордан дарыясынын чыгыш тарабында, Синедриондун бийлигине тийиштүү эмес, бирок Ирод Антипанын бийлиги астындагы аймакта болуп өткөн. Ошол себептен фарисейлер Чөмүлдүрүүчүнү кармап, Иерусалимге сотко алып кете алышкан жок.

Сыйынуу: Теңир Ыйса Машаяк, чыныгы Адам жана түбөлүктүү Кудай болуп бизге келгендигиңе рахмат. Биздин арабызга келгендигиң үчүн Сага табынабыз жана даңктайбыз. Эң жөнөкөй денеде келгендигиң үчүн Сени Чөмүлдүрүүчүдөн башка эч ким тааныган жок. Сенин жүрөгүң жөнөкөй жана назик. Бизди Өзүңдөй жөнөкөй болгонго, Ыйык Рухуңдун жетегинде болгонго үйрөт.

СУРООЛОР:

  1. Синедриондун өкүлдөрүнө Чөмүлдүрүүчүнүн Ыйса жөнүндөгү күбөлөндүрүүсүнүн эң маанилүү жери кайсы?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:44 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)