Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 012 (The Sanhedrin questions the Baptist)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
Б - МАШАЯК ШАКИРТТЕРИН ТОБО КЫЛУУ ЖЕРИНЕН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮНУН КУБАНЫЧЫНА АЛЫП БАРДЫ (Жакан 1:19 - 2:12)

1. Синедриондун мүчөлөрү чөмүлдүрүүчү Жаканды суракка алышты (Жакан 1:19-28)


Жакан 1:22-24
«Деги сен кимсиң? Бизди жибергендерге жооп бергидей бололу: өзүң жөнүндө эмне дейсиң?» – дешти алар. Ошондо Жакан мындай деди: «Ышайа пайгамбар: «Теңирге жолду түздөгүлө», - деп ээн талаада бир үн жар салат», - деп айткан. Ошол үн менмин. Жиберилген адамдар фарисейлерден эле.

Жиберилген адамдар Жаканга суроолорун оттуу жебелер сыяктуу берип жатышты. Чыныгы Машаяктын келишине чейин пайда боло турган ерестерге ушул сыяктуу суроолорду беришчү. Бирок качан Жакан өзүн Машаяк да эмес, Илияс да эмес жана Муса алдын ала айткан пайгамбар да эмес экендигин айткандан кийин, кызматчылардын көз алдында Жакандын маанилүүлүгү азайып, коркунуч жоголо баштады. Ошнетсе дагы, ыйык кызмат кылуучулар Жакан тууралуу толук маалымат менен Синедрионго кайтып баруу үчүн анын ким экендигин жана бул кабарды жарыялоону ага ким тапшырганын билүү үчүн суроолорду бере беришти.

Ышайанын пайгамбарчылыгына (Ышайа 40:3) каршы бул суроолор эч нерсе кыла албады. Бул аятты Чөмүлдүрүүчүнүн жүрөгүнө Рух салып берди. Ал өзүн чөлдө жар салган үн экендигин, Теңирге жол даярдоочу экендигин түшүндүрдү. Эгерде ал Ыйык Жазуунун негизинде жооп бербесе, аны өзүнүн бийлиги менен аян ачып жатат деп айыптап, Кудайды мазактап жатат деп күнөөлөшмөк. Ошондуктан Жакан момундук менен Байыркы Келишимдеги эң төмөнкү абалды кабыл алуу менен, ал болгону гана чөлдө жар салган «үн» экендигин айтты.

Баарыбыз тең бул дүйнөнүн чөлүндө жашайбыз. Тегерегибиз ызы-чууга, баш-аламандыкка толгон. Бирок Кудай бул байкуш дүйнөнү жана андагы бузулган адамдарды жардамсыз калтырган жок. Ал адамзатты куткаруу үчүн келди. Асмандан жерге келген бул кыймыл – улуу ырайым. Биз талкаланууга татыктуу болсок дагы, Кудай бизди жок кылбай, тескерисинче Ал жоголгон, адашкан бизди издейт. Анын бизге болгон сүйүүсү акылыбыз түшүнө алгандан да бийик. Анын куткаруусу биздин бозоргон чөлүбүздү жапжашыл бакчага айландырат.

Чөмүлдүрүүчү Жакан Ыйык Рух аркылуу Кудайдын Машаяктын ичинде бул дүйнөгө келе жаткандыгын түшүнгөн. Ошондуктан ал адамдарды эсине келип, Келе Жатканды тосуп чыгууга даяр болууга чакырган.

Анын Машаякка жол даярдоосуна болгон чын дилинен умтулуусу биздин дүйнөнүн чөлүндө чакырып жаткан үн кылып койду. Ал өзүн пайгамбар же кабарчы деп атаган жок. Болгону ал үн экендигин айтты. Күнөөгө ылайыкташтырылып калган абийирди ойготуу үчүн, бул үн ага Кудайдан берилген.

Бул үн эмнени айтып жатты? Анын кабарынын мааниси: Ойгонгула! Падышачылык жаныңарга келгенин түшүнгүлө! Жашооңорду ирээтке келтиргиле. Кудай ыйык жана Ал силерди соттойт. Кудай силерди ар бир жалган үчүн, уурулук үчүн, кемчилик жана дене кумарларыңар үчүн жооп берүүгө чакырат жана силерди тозок оту менен жазалайт. Кудай күнөөлөрүңөргө көз жумду кылбайт. Жаман адам бүт күнөөлөрүнүн айынан Анын алдында жамандык. Атүгүл, жакшы адам да жаман адамдан эч нерсеси менен артык эмес. Себеби Анын алдында айыпсыз адам жок.

Жакандын мындай таамай айтылган сөздөрү ар бир адамды өзүн өзү текшерип, бузулган адам экендигин түшүнүп, текебердигин талкалап, оюн өзгөртүүгө алып келген. Бир тугандар, силер өзүңөрдү жакшымын, татыктуумун деп ойлойсуңарбы? Чынчылдык менен айыбыңарды мойнуңарга алгыла! Эгерде бирөөнүн бир нерсесин алдап алсаңар, ал тургай кенедей нерсе болсо дагы, аны өз ээсине кайра кайрып бергиле. Текебердик үчүн өлүк болгула, Кудай үчүн жашагыла. Жүрүм-турумуңардагы туура эмес кемчиликтерди оңдогула, чөгөлөп жыгылгыла. Анткени жамандык кылдыңар.

Синедриондон келгендердин көбү фарисейлер болгон. Алар Чөмүлдүрүүчүнүн тайманбастыгына ызырынышты. Себеби фарисейлер өзүлөрүн адил, кудайчыл жана жакшыбыз деп көрсөтүшчү. Алар Мыйзамды абдан кылдаттык менен жана коркунуч менен сакташкан. Бирок алар өздөрүн өздөрү алдашты. Алар калп эле кудайчыл болушкан, бирок чындыгында алар ичинен бузулган эле. Алардын ички көздөрүнүн алдынан ыплас иштери өтүп жатты, жүрөктөрү болсо өч алууга толгон. Алар жыландын уюгу болчу.

Чөмүлдүрүүчү Жакан ашкерелеп жатканда, фарисейлердин каардуу жүздөрүнөн корккон жок. Ал баарыбыз тең Кудайга кайрылып барууга өтө муктаж экенибизди эскертти.

Сыйынуу: Кагылайын Теңирим, Сен менин жүрөгүмдү, өткөндөгү жашоомду жана күнөөлөрүмдү билесиң. Мен ачык жана жашыруун кылган кылыктарым үчүн Сенин алдыңда уят болдум. Менин бардык кылган ыплас иштеримди мойнума алам жана мени кечирүүңдү суранам. Сен жок жерден мени сууруп ал. Башкалардан алдап алган нерселерди кайрып бергенге, мен таарынткан адамдардын ар биринен кечирим сураганга жардам бер. Боорукердин Боорукери! Мендеги текебердикти талкала, Өзүңдүн боорукерлигиң менен мендеги бүт күнөөнү тазалай көр.

СУРООЛОР:

  1. Чөмүлдүрүүчү Жакан Теңтрге жол даярдоо үчүн элдерди кантип чакырды?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:43 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)