Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 088 (The Holy Trinity descends on believers)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
В – Шакирттери менен коштошуу (Жакан 14:1-31)

2. Ыйык Үч Бирдиктин ишенгендерге Сооротуучу аркылуу келиши (Жакан 14:12–25)


Жакан 14:21
21 «Ким Менин осуяттарымды билсе жана аткарса, ал Мени сүйөт. Ал эми Мени сүйгөн адамды Атам сүйөт. Аны Мен да сүйөм жана ага Өзүмдү ачып берем».

Машайактын батасы жана ырайымы Жыйынга ар дайым кенен төгүлүп турат. Ишенгендердин баарына ырайым өтө мол төгүлсө дагы, Ыйсада деңизден кенен ырайым ашып-ташып жатат. Ыйса душмандарынын алдында Өзүнүн Машайак жана Кудайдын Уулу экендигин далилдеши керек болчу. Ал эми акыркы саатта болсо, шакирттерине Атасы менен болгон биримдиктин тереңдигин ачты. Машайактын кудайлык касиетине толушубуз үчүн, жүрөктөрүбүз кенен ачылсын.

Шакирттеринин Ыйсага болгон сүйүүсү жакшы маанайдан чыккан сезимдер эмес, бирок Анын буйруктарына болгон тил алчаактык жана ишке негизделген сүйүүдөн болушу керек экендигин Ыйса айтты. Табийгый адам Ыйсанын сүйүүсүнүн табиятын түшүнө албайт. Ал бизге асман кенчтерин ачып берип, адашкандарды издеп тапканга, аларды рухий жактан багып чоңойтуу үчүн жиберет; Анын бизге берген тапшырмасын түшүнгөнгө жардам берет. Чындыктын Рухунун жетеги менен кылган адилетсиздикти же жалганчылыкты моюнга алып кечирим сурап, кубанычтын рухуна толуп жашасак, анда Анын буйруктарын аткаруу оор эмес. Ушул Рух бизге Ыйсанын буйруктарын арткарганга жардам берет, себеби Ыйса бизди сүйгөндүктөн, бизди келечектеги зор кубаныч үчүн куткарып алды, ошондуктан биз да Аны сүйүп, Рухта жашайлы.

Сен Ыйсаны сүйөсүңбү? Кубаныч менен «Ооба» деп жооп берүүгө ашыкпа же кабагыңды түйүп: «Жок» деп да айтпа. Эгерде сен жогорудан төрөлгөн болсоң, анда сендеги Ыйык Рух: «Ооба Теңир, мен Сени улуулугуң жана момундугуң үчүн, Сенин курмандыгың жана чыдамдуулугуң үчүн сүйөм; мендеги сүйүү жөндөмүн Сен жараттың», - деп жооп бересиң. Ыйык Рух менен болгон мындай баарлашуу курулай үмүт же чындыкка жатпаган нерсе эмес, бул сүйүү иштерин кылууну тандаган чечимге негизделген нерсе. Ыйса Өзүнүн сүйүктүү балдарынын жүрөктөрүнө сүйүүнү жаратат жана ырайымы менен аларды ошол сүйүүдө бекемдейт.

Ыйсаны сүйгөндөрдү Кудай да сүйөт. Кудай адамзатты куткаруу үчүн бардык күчтү жана мээримди Уулуна берген. Ыйсаны кабыл алган Кудайды да кабыл алган болот, ал эми Ыйсаны кабыл албаган адам Кудайды да кабыл албайт. Кудай сени «Менин сүйүктүүм», - деп чакырганын түшүнүп жатасыңбы? Машайактын Руху сени өзгөртүп, сени сүйкүмдүү адам кылды. Биз баарыбыз тең табиятыбызда жакшылардан эмеспиз, бирок Кудайдын сүйүүсү бизди жаңы адам кылды. Сендеги Машайактын иштери сен үчүн Атанын алдында арачылык кылат жана ал сени түбөлүктүүлүккө сактайт. Ал сенин рухуңду бекемдеп, сага Өзүн ачып берет. Канчалык Сен Куткаруучуң тууралуу көп билген сайын, ошол билим алсыз бойдон кала берет, себеби билимден баш ийүүчүлүк, сүйүү, курмандык жана өзүнөн баш тартуу өсүп чыгат.

Жакан 14:22-25
22 Ошондо Жүйүт (Искариот эмес) Ыйсадан: «Теңир, эмне үчүн Сен Өзүңдү дүйнөгө эмес, бизге тааныткың келип жатат?» - деп сурады. 23 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ким Мени сүйсө, ал Менин сөзүмдү аткарат. Ошондо аны Атам сүйөт. Биз ага келип, анын ичинен орун алабыз. 24 Мени сүйбөгөн адам Менин сөздөрүмдү аткарбайт. Силер уккан сөз Меники эмес, Мени жиберген Атамдыкы. 25 Мен бул сөздөрдү силердин араңарда жүргөндө айттым».

Ыйсанын Жүйүт Искариоттон башка дагы бир Жүйүт атту шакирти бар болчу. Чыккынчы кеткенден кийин, Ыйсанын кепти башка жакка бурганын бул шакирти байкады. Ал кандайдыр бир чечүүчү окуя болчудай сезип жатты.

Ыйса анын суроосуна түздөн-түз жооп берген жок. Ал биринчи Жыйындын негизги максатын, Өзүнүн бул дүйнө үчүн курман болуусу керек экендигин айтты. Ыйса аларды Кудайдын чыныгы билимине жетектей турган баскычтарды көрсөттү. Ыйсаны билүү жана Аны кабыл алуу Ага болгон ачыктыкты жана жаңы жашоону кабыл алууну өндүрүп, Кудайдын сүйүүсүн, бакытын көрүү үчүн, Өзүнүн осуяттарын аткаруу үчүн, бизге Ыйык Руху аркылуу күч берет. Анан Ыйса: «Биз ишенген адамга келип, анын ичинде жашайбыз», - деген жүрөктү кубанткан сөздөрдү айтты. Бул жерден Ыйса жалпы жыйын тууралуу айткан жок, Ал ар бир жеке ишенген адам тууралуу айтып жатат. Ыйык Үч Бирдик ар бир ишенген адамга келип, анын ичинде жашайт. Куткарылуу процессине кирген адам Кудай Аны толук кучагында кысып турганын, аны өзгөчө коргоп турганын билет. Машайакка ишенген ар бир адам ушул чыныгы сырдан кубаныч алып, жаны жай табат.

Сыйынуу: Ата, Уул, Ыйык Рух, Сага табынып, Сени көкөлөтө мактайм. Сен мендей күнөөкөргө келип, менин ичимде жашап жатасың. Күнөөлөрүмдү кечирчи. Менин жүрөгүмө берген сүйүүңдүн күчү үчүн, сүйүүнүн Руху үчүн рахмат. Мени Өзүңдүн ысымыңда сакта.

СУРООЛОР:

  1. Биздеги Машайакка болгон сүйүү кандайча өсөт жана Ыйык Үч Бирдик бизге кандайча келет?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 01:14 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)