Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 070 (Jesus across the Jordan)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
4. Лазардын тирилиши (Жакан 10:40 – 11:54)

а) Ыйса Иордан дарыясынын боюнда (Жакан 10:40 – 11:16)


Жакан 10:40-42
40 Ыйса кайрадан Иордан дарыясынын наркы өйүзүнө – мурун Жакан элди сууга чөмүлдүрүп жүргөн жерге барып, ошол жерде калып калды. 41 Ага көп адамдар келишип: «Жакан эч кандай керемет көрсөткөн эмес, бирок анын бул Адам жөнүндө айткандарынын баары чындык экен», - дешти. 42 Ошентип, ал жерден Ага көптөгөн адамдар ишенип калышты.

Ыйса менен фарисейлердин ортосунда келишпестик күчөй берди; Ыйса Бетездадагы (5-бөлүм) шал болуп ооруган адамды айыктыргандан кийин, фарисейлер эл башчыларын Ыйсага каршы тукура башташты. Ыйсанын Иерусалимге болгон үчүнчү сапарынын акырында каршылык күчөп, чегине жетти. Жарык караңгыда жаркырайт, караңгы жарыкты жеңе албайт. Бардык убакта Ыйса өлүм коркунучуна туш болгон. Душмандарынын жек көрүүсү күчөп жатса дагы, Ыйса шакирттеринин билимге бекемделип, ишенимде тереңдеши үчүн, Ыйса Ийбадатканага кайра-кайра бара берген.

Ыйыктоо майрамынын соңунда, Ыйса Иерусалимден чыгып, Иордандын аркы өйүзүндөгү аймакка барды. Ал жакта Жогорку Кеңешме сот жүргүзүүгө укугу жок болчу. Ушул жерде, жүйүттөрдүн бийлигине таандык болбогон, бирок Ироддун падышаларынын бирине караган жерде Жакан Чөмүлдүрүүчү Кудайдын Сөзүн жар салган. Ошол аймакта Чөмүлдүрүүчү Жакан элге таанымал болуп, ал болсо Ыйсанын келерин жар салган болчу.

Чөмүлдүрүүчү аркылуу ишенимге келгендер дагы эле ишенимдин жашоосу менен жашап жатышкан. Кийинчерээк алардын окутуучусу Жакан Чөмүлдүрүүчү өлүм жазасына тартылган. Качан Ыйса келгенде, ал жактагы эл Ыйсанын момундугун, улуулугун жана кудуретин көрүшүп, Ага карай умтулушту. Ыйса Кудай жана адам тууралуу чындыкты айтып берип, элге ар кандай кереметтерди көрсөттү. Көптөгөн адамдар жүрөктөрүн Жакшы Кабарга ачышты. Чөмүлдүрүүчү өзүнүн кызматын кереметтерди көрсөтүү менен аныктабаса да, алар анын пайгамбарчылык кызматына толук ишенип жашап жүрүшкөн эле жана качан Ыйса келгенде, алар Ыйсага Теңири жана Куткаруучусу катары ишенип калышты.

Жакан 11:1-3
1 Эже-сиңди Мариям менен Марта жашаган Бетания деген айылда Лазар деген бир адам ооруп жатты. 2 Ыйсаны жыпар жыттуу май менен майлаган, Анын бутун чачы менен аарчыган ушул Мариям болчу. Ооруп жаткан Лазар анын бир тууганы эле. 3 «Теңир, жакшы көргөн адамың ооруп жатат», - деп эже-сиңди Ыйсага айттырып жиберишти.

Ыйса Иордан аймагында жакшы кабар айтып жүргөнүндө, Лазар аттуу бир адам катуу илдетке чалдыкты. Ал Зайтун Тоосундагы айылдардын биринде жашачу. Ыйса анын үйүнө тез-тезден барып турчу. Лазардын бир тууганы Марта менен болгон Ыйсанын сүйлөшкөнү баарыбызга таанымал эмеспи. Бул тууралуу башка жакшы кабарчылардын китептеринде айтылгандыктан, Жакан бул тууралуу баяндаган эмес. Бирок ал Ыйсанын бутун жытту май менен майлаган Мариям тууралуу жазган. Муну менен жакшы кабарчы бул сырдуу аялдын Теңирдин Сөзүнө зар экендигин айткысы келген. Ал Ыйсанын бутун май менен майлаган соң, аны чачы менен арчыды (Жакан 12:1-8). Бул аял өзүнүн момундугун, ишенимин жана Кудайдын Уулуна болгон сүйүүсүн көрсөттү.

Лазардын ооруп жаткандыгы тууралуу кабар Ыйсаны кайгыга салды. Лазардын карындаштары Аны үйүнө чакырышты. Алар Ыйсадан тез келип, досун айыктырса деп жалбарып суранышкан жок. Алар Ыйса алыстан эле айыктырып коёруна ишенишип, Ага Лазар тууралуу кабар жиберишти. Ыйсанын Лазарга болгон сүйүүсү аны айыктыруу үчүн кандайдыр бир чара колдоноруна эже-сиңди ишенишкен болчу. Ошентип бул керемет Жакандын Жакшы Кабарында айтылган Ыйсанын акыркы керемети болгон.

Жакан 11:4-10
4 Ыйса муну укканда: «Ал бул оорудан өлбөйт, бул Кудайдын даңкталышы үчүн берилген оору. Бул аркылуу Кудай Уулу даңкталат», - деди. 5 Ыйса Мартаны, анын сиңдисин жана Лазарды жакшы көрчү. 6 Ал Лазардын ооруп жатканын укса да, жүргөн жеринде дагы эки күн болду. 7 Андан кийин шакирттерине мындай деди: «Жүрүгүлө, жүйүт аймагына кайра баралы». 8 Шакирттери Ага: «Устат, жүйүттөр жакында эле Сени таш бараңга алып, өлтүргөнү жатышпады беле? Анан кайра ошол жакка барганы жатасыңбы?» - дешти. 9 Ыйса аларга: «Бир күндө он эки саат жарык болот эмеспи. Күндүз жүргөн адам мүдүрүлбөйт, анткени ал бул дүйнөнүн жарыгын көрүп турат. 10 Ал эми түн ичинде жүргөн адам мүдүрүлөт, анткени анын ичинде жарык жок», - деп жооп берди.

Качан бул кабар Ыйсага жеткенде, Ыйса Лазардын өлүмдүн күчтөрү менен алышып жатканын билчү. Ал Лазарды өлүмдүн курмандыгы болбосун, бирок ал аркылуу Кудайдын даңкы жаркырай тургандыгын алдын ала эле билген. Ыйык Рух аркылуу Ал досу каза болгонго чейин эмне кылуу керектигин билген. Иерусалимдин босогосунун алдындагы өлгөн адамды тирилтүү аркылуу Ыйсанын даңкы чыкмак. Ошондо Иерусалим эли Ага ишенип калмак.

Кудайдын даңкы жана Машайактын даңкталуусу бир. Даңкка Татыктуу даңазаланды, себеби ал өлүмгө каршы туруп, аны жеңди. Адамзат өзүнүн күнөөкөр табияты менен өлүм алдында турат. Өлүм жок болууну алып келет. Биз барыбыз муну билебиз. Бул тууралуу Ыйса Атасынын эркин билген жана ал залакалуу дүйнөгө өмүрдү септи.

Ыйса Лазар тууралуу угар замат эле Бетанияга барган жок; ал жакта Ал дагы эки күн болду. Ал досун өлүм басканга чейин күтө турду. Ыйсанын Иудеяга бара тургандыгын шакирттери угуп, кабатыр болушту. Алар Ыйсаны таш бараңга алууга аракет кылгандарды көрүшкөн болчу. Шакирттер Лазарды ойлошкон жок, алар Кудайдын даңкын ойлогондун ордуна өз жандары үчүн коркушту.

Ошондо Ыйса аларга жарыкта жүргөн адам коопсуз болорун, ал эми караңгыда жүргөн адам мүдүрүлөрүн айтты. Айкаш жыгачка асуу сааты жакындап калган эле. Ошентсе дагы, алар Кудайдын коргоочу колдорунун астында акыры Иерусалимге барышты.

Кудайдын кам көрүүсүнө ишенбеген адам Ыйсанын душмандары сыяктуу караңгылыкта жашашат, себеби аларда ишеним тирилген эмес. Ошондуктан Ыйса шакирттерин Өзүнө ишенүүгө жана жетегинде болууга чакырды. Антпесе, ишенбестик аларды караңгылыкка тартып кетмек. Бул качан жашоонун караңгы сааттары келгенде, Теңирдин эрки болмоюнча, бизге эч жамандык болбой тургандыгын түшүндүрүп, бизди тынчтандырат. Бир гана Ыйсада биз тынчтык табабыз.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, жашоонун Устаты болгонуң үчүн рахмат; Сенин жарыгыңда биз өмүр жолун көрөбүз. Душмандарыбыз биздин талкалоону каалаган учурларда, бизди Өзүң түз жол менен жетеле. Сенин ысымың үчүн кыйынчылыкка жана өлүмгө даяр болгонго бизге жардам бер. Сенин бизге болгон кам көрүүң биздин ишенимибизден көрүнсүн.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн Ыйса Лазар каза болсо дагы, Кудайдын даңкы жөнүндө айтты?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 12:52 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)