Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 021 (Cleansing of the Temple)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
В - Машаяктын Иерусалимге биринчи келиши (Жакан 2:13 - 4:54) -- Тема: Чыныгы табынуу деген эмне?

1. Кудайдын үйүн тазалоо (Жакан 2:13-22)


Жакан 2:13-17
Жүйүттөрдүн Пасах майрамы жакындаганда, Ыйса Иерусалимге келип, ийбадаткананын короосундагы өгүз, кой, көгүчкөн саткандарды жана акча алмаштырып отургандарды көрдү. Аркандан камчы жасап алып, алардын баарын кой, өгүздөрү менен кошо ийбадаткананын короосунан кубалап чыкты. Акча алмаштыруучулардын акчасын чачып, үстөлдөрүн көңтөрүп салды. Анан көгүчкөн саткандарга: “Буларыңарды бул жерден алып кеткиле! Атамдын үйүн базарга айландырбагыла!” – деди. Ошондо шакирттери Ыйык Жазуудагы “Сенин үйүңө болгон кызганыч мени жеп жатат” деген сөздөрдү эстешти.

Ыйса Пасах майрамына карата Иерусалиге барды. Дүйнөнүн булуң-бурчунан миңдеген жүйүттур бул шаарга келишчү. Күнөө үчүн Кудайдын төгүлгөн каарын Курмандык Козуну курмандыкка чалуу аркылуу алынып салынчу. Кан төгүлмөйүнчө, күнөө кечирилбейт. Тынчтыкка кемейинче, табынуунун эч кажети жок. Ошентип Ыйса алардын күнөөлөрүн Иордандан символдук түрдө алып салды. Күнөөкөрлөр үчүн Ал өлүмдүн чөмүлүүсүн кабыл алды. Бул Кудайдын каарын Ыйса тарткандыгынын белгиси. Ыйса Өзүн Кудайдын тандалган Козусу экендигин жүрөгүнүн түпкүрүндө билчү.

Качан ал шаарга кирип, табынуу үйүнө бара жатканда, Ал шаардын кооз имараттарына таң калган жок. Ал адамзатты Өзүн курман кылуу менен куткарып алуусу тууралуу ойлонуп жатты. Ийбадатканага киргенде, унчукпай калууга себеп тапкан жок. Ал жактан Ыйса ызы-чуу, чаң-тополоң, уйдун мөөрөгөнүн, сатуучулардын наалып жаткандыгын жана кан аккан жаныбарларды көрүп турду. Башка өлкөлөрдөн келгендердин акчаларын жүйүттөрдүн акчасына алмаштып жаткан акча алмаштыруучулардын кыйкырыктарын, табынууга келген келгиндердин салык төлөп жаткандагы чаң-тополоңун көрдү. Ийбадатканадагы ызы-чуу адилдикти акча менен же кандайдыр бир өзгөчө иш менен сатып алса болот деген түшүнүктү аныктап жатты. Алыс өлкөлөрдөн келген табынуучулар адилдикти жана ырайымды ырым-жырымдар аркылуу жана салым кошуу аркылуу сатып алса болот деп ишенишчү. Алар куткарылууну жакшы иштер менен сатып алуу мүмкүн эмес экендигин түшүнүшкөн эмес.

Бул жердеги Ыйсанын ачуулануусу эп болчу. Ыйсанын чыныгы табынууга болгон кызгануусу сатуучулардын малдарын кубалап, акчаларын жерге чачууга алып келди. Бул жерден биз Ыйсанын кимдир бирөөгө кол көтөргөнүн окуган жокпуз, бирок Ыйсанын үнү Кудайдын улуулугунан коркпогондорго Кудай ушундай кыларын айтып турду. Кудайга арналган момун жүрөк болмоюнча, бул дүйнөдө Кудайга жага турган адилдик жок.

Кудайдын ыйыктыгына адамдардын кайдыгерлигин көрүп, Ыйса кайгырды. Мыйзам бир миң үч жүз жыл мурда берилсе дагы, үстүртөн динчил болуудагы көңүл коштук жана кенебестик жүрөктү жана акылды чырмап алган караңгылыкты көрсөтүп жатат. Ушул учурда Ыйса Кудайдын каарынын ыйык кызгануусун көргөзүү менен бул табынуунун борборун тазалады. Негизинен алганда, борбор ошол коомдун акыбалын чагылдырат. Ал диндин өзөгүн жана адамдын Кудайга болгон мамилесин түп-тамырынан бери өзгөртүүсүн талап кылды.

Жакан 2:18-22
Жүйүттөр Ыйсадан: “Ушундай кылууга укугуң бар экенин кандай жышаан менен көрсөтө аласың?” – деп сурашты. Ыйса аларга: “Бул ийбадаткананы бузгула, Мен аны үч күндүн ичинде кайра тургузам”, - деп жооп берди. Жүйүттөр Ага: “Бул ийбадаткана кырк алты жылда курулуп бүткөн. Сен аны үч күндүн ичинде тургузуп коөсуңбу?” – дешти. Ыйса болсо “ийбадаткана” деп Өзүнүн денеси жөнүндө айткан эле. Ыйса өлүп кайра тирилгенден кийин, шакирттери ушул жөнүндө айтканын эстешип, Ыйык Жазууда жазылгандарга жана Анын сөзүнө ишеништи.

Ыйык кызмат кылуучулар Ийбадатканадагы окуяны жана сатуучулардын арызданууларын угуп, Ыйсага келишип: “Муну кылганга Сага ким укук берди? Сени ким жиберди? Өзүңдүн бийлигиң тууралуу кандай далил бере аласың?” – дешти. Алар ийбадаткананын тазалануусуна каршы чыгышкан жок; алар Ыйсанын бул ишти адамдык ачуулуктан кылып жатпагандыгын, бирок муну Кудайдын үйүнүн намысы үчүн ыйык кызганычта болуп жатканын, адамдарга чындыктын табынуу рухун кайрып келип жатканын сезишти; алар Ыйсанын мындай кылууга түрткү берген себептерди жана максаттарын билүүнү каалашты. Ошентип Ыйса алардын көзүнө душман болуп калды. Себеби Ыйса ыйык кызматчылардын уюмуна жардам сурап кайрылбай эле, ийбадаткананы кайра курмак.

Ыйса аларды эки жүздүү табынуулары үчүн ашкерелеген. Үстүртөн табынуунун жана көңүл коштуктун натыйжасынан ийбадаткана талкаланарын Ыйса алдын ала билген. Диний ырым-жырымдар адамды куткарбайт, бирок жүрөктү өзгөртүүчү Кудайдын куткаруу чындыгы гана куткарат.

Денеде келген Куткаруучунун Өзү алардын арасында турду. Ыйса - Өзү чыныгы Ийбадаткана. Ошол жакта Кудайдын катышуусу Машаяк аркылуу болду. Ыйса айткан: “Менин денемдин ийбадатканасы болгула, бирок силер Менин Кудайга болгон кызганычыма каршы тура албайсыңар. Силер мүмкүн болбогон нерселерди кыласыңар жана ошол Ийбадаткананы талкалайсыңар, бирок ал денени үч күндүн ичинде кайра тургузамын; Мен ал денени мүрзөдөн тирилтемин. Мен өлгөндөн тирилемин. Силер Мени өлтүрөсүңөр, бирок Мен тирүүмүн, себеби Өмүрдүн Өзү Менмин. Мен денедеги Кудаймын. Силер Мени өлтүрө албайсыңар”. Ошентип бул аркылуу Ыйса Өзүнүн тирилүүсү тууралуу айткан. Бул тирилүү бүгүнкү күндө дагы эң чоң жана кереметтүү ажайып.

Ыйык кызмат кылуучулар бул ийбадаткана жөнүндөгү үлгүлүү аңгеменин маанисин түшүнүшкөн эмес. Алар мрамордон жасалган ийбадаткананы карашып, Ирод кырк алты жылда куруп бүткөн, Кудай жашаган жерди Ыйса шылдыңдап жатат деп түшүнүшкөн. Алар таш жөнүндө сүйлөшсө, Ыйса Өзүнүн денеси тууралуу айтып жатты. Ыйсанын кызматынын башталышында болуп өткөн ушул маанилүү сүйлөшүү кийин жалган күбөлөндүрүүчүлөр табарынан Синедриондун алдында сотто турганда дагы кайталанып айтылган.

Байыркы Келишимдин элдери Ыйса алып келген жаңы ишенимдин маанисин түшүнбөгөндөрү көрүнүп турат. Ал тургай шакирттери да Ыйса өлүп, тирилгенге чейин, бул жаңы ишенимдин терең маанисин түшүнүшкөн жок. Кийин алар Уулдун кантип күнөөдөн сатып алгандыгын жана кайрадан тирилгендигин түшүнүштү.

Бүгүн Ал биз менен бирге тирүү таштардан турган рухий Ийбадатканада. Байыркы Ыйык Жазуунун маанисин жана Ыйсанын айткандарын түшүнүүсү үчүн, Ыйык Рух шакирттерди жарыктандырды. Алар ишенимде бекемделишип, бирдиктүү болуу менен, Кудайдын ыйык Ийбадатканасы болуп калышты.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, Сен Кудайдын жашай турган жерисиң. Сен Кудай менен күнөөкөрлөр кездеше турган жерсиң. Баарыбыз биригип Ыйык Рухтун Ийбадатканасы болушубуз үчүн жана ар дайым Атаны даңктоо үчүн бизге тобо кылууга, табынууга жана Сенин толуктугуңа толгонго үйрөт.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн Ыйса Ийбадатканага барды жана ал жактагы соодагерлерди кубалады?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:49 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)