Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 127 (Miraculous catch of fishes; Peter confirmed in the service of the flock)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
Б – Ыйсанын тирилүүсү жана шакирттерине көрүнүшү (Жакан 20:1 - 21:25)
5. Ыйсанын көлдүн жанында көрүнүшү (Жакан 21:1-25)

а) Балык кармагандагы болгон керемет (Жакан 21:1-14)


Жакан 21:7-8
7 Ошондо Ыйсанын сүйгөн шакирти Петирге: «Бул Теңирибиз», - деди. Шымон Петир Анын Теңир экенин укканда, кийимин кийе калып (анткени ал жылаңач эле), сууга секирди. 8 Калган шакирттер балыкка толгон торду сүйрөп, жээкке сүзүп келишти. Анткени алар жээктен анча алыс эмес жерде жүрүшкөн. Алар менен жээктин ортосундагы аралык эки жүз чыканактай эле.

Көп сандаган балыктын кармалышы бул кырдаалдын дал келиши эмес экендигин жакшы кабарчы түшүнгөн. Ал кайыкта болчу, ал эми жээктеги адам Ыйсадан башка бир адам болуусу мүмкүн эмес эле. Жакан Ыйсанын атын атаган жок, бирок урматтоо менен: «Бул Теңирибиз», - деп атады.

Ыйса экинчи жолу балык кармоо аркылуу сабак үйрөтүп жатканын Петир түшүнгөндө, ал жаны алып учуп, Теңирине жылаңач барбас үчүн, кийимине тез жетип, кийинди. Ал сууга секирип түшүп, Теңирди көздөй сүзүп жөнөдү. Мына ушинтип ал кайыгын, досторун жана жаңы кармаган балыктарын таштады. Ал баарын унутту, анткени анын жүрөгү Теңирди тандады.

Жакандын сүйүүсү Петирдикиндей чын жүрөктөн болсо дагы, ал кайыкта калды. Бул жаш жигит жолдоштору менен жээке карай 100 метрдей кайык менен сүзүп барышты.

Жакан 21:9-11
9 Жээкке чыгышканда, жагылган оттун чогун жана анын үстүндөгү балык менен нанды көрүштү. 10 Ыйса аларга: «Азыр кармаган балыгыңардан алып келгиле!» - деди. 11 Шымон Петир барып, чоң-чоң балыктарга толгон торду жээкке тартып чыгарды. Тордо жүз элүү үч балык бар экен. Балыктын көптүгүнө карабастан, тор айрылбаптыр.

Качан шакирттери жээкке жетишкенде, алар чоктун үстүндө бышып жаткан балыкты көрүштү. От, балык жана нан кайдан келди? Ыйса аларды 100 метирлик аралыкта чакырды, анткени аларда жегенге тамактары жок болчу. Алар келгенде, балык бышып жаткан. Ошондо Ыйса аларды тамакка чакырды. Ыйса бир эле маалда Теңир дагы, Кожоюн дагы. Ал бышып жаткан тамактан мээримдүүлүк менен аларга берди. Ыйса бизге Өзүнүн ишине дагы, жемишине дагы ортоктош болууга мүмкүнчүлүк берет. Эгерде шакирттери Анын сунушун кабыл алышпаганда, алар эч нерсе кармамак эмес. Эми болсо Ыйса аларды тамакка чакырып жатат. Жердик тамакка муктаж болбогон Ыйса шакирттерине сүйүүсүн билдирүү үчүн, Өзү ийилип, аларга тамак берди.

153 саны ошол мезгилдеги белгилүү болгон балыктардын түрүнүн саны болчу. Мунун өзү, Ыйса: «адамдардын бир түрүнө гана балык улабагыла, бирок бүт улуттарга балык улагыла», - дегендей болду. Баары тең Кудайдын жашоосуна ээ болуу үчүн кун төлөнгөн. Басым чоң болсо дагы тор тытылбагандай эле, Жыйындын кээ бир мүчөлөрү өзүмчүл жана сүйүүчү болбосо дагы, ал талкаланбайт, же Ыйык Рухтун биримдигин жоготпойт.

Жакан 21: 12-14
12 Ыйса аларга: «Келип, тамактанып алгыла!» - деди. Шакирттердин эч кимиси: «Сен кимсиң?» - деп суроого батынышкан жок. Анткени алар Анын Теңир экенин билишти. 13 Ыйса басып келип аларга нанды жана балыкты берди. 14 Бул Ыйсанын тирилгенден кийин шакирттерине үчүнчү жолку көрүнүшү эле.

Ыйса шакирттерин сүйүүсүнүн отунун тегерегине чогултту. Анын ким экенин эч ким сураган жок. Анткени бул адам Теңирдин өзү экенин баары билишкен эле. Алар Ыйсаны кучактап жыгылышмак, бирок аларда ыйык коркунуч менен Аны кастарлагандыктан, өздөрүн кармап турушту. Ошондо Ыйса аларга тамак берип жатканда, аларга батасын берип жатты. Муну кылуу менен Ал шакирттерин кечирди, аларды кайраттандырды. Бардык шакирттер дайыма Теңирдин кечирими алдында жашашат; Анын келишимге болгон ишенимдүүлүгү болбогондо, шакирттеринин баары тең жок болмок. Ыйса аларды ашкерелеген жок, тескерисинче аларды ажайыптуу тамак менен тойгузду. Демек сенин күнөөкөр экениңе карабай жана жүрөгүңдүн жайлыгына карабай, Ыйса жана Кудай сенин жакшы кабар таратышыңды каалайт. Керемет тирилүүдөн кийинки Ыйсанын берген үлгүсү мына ушул болду.


б) Петирдин үйүргө кызмат кылуучу катары бекитилиши (Жакан 21:15-19)


Жакан 21:15
15 Алар тамактанып бүтүшкөндөн кийин, Ыйса Шымон Петирден: «Жунус уулу Шымон, сен Мени буларга караганда көбүрөөк сүйөсүңбү?» - деп сурады. «Ооба, Теңир, Сени сүйөрүмдү Өзүң билесиң», - деп жооп берди Петир. Ошондо Ыйса ага: «Козуларымды кайтар!» - деди.

Ыйса шакирттерине биринчи көрүнгөндө, аларга тынчтыкты жолдоо менен Ал шакирттеринин күнөөлөрүн, жана ошондой эле Петирдин да баш тартуусун кечирди. Бирок Петирдин баш тартуусу өзгөчө айыгууга муктаж эле. Жүрөктөрдү билген Теңирдин боорукердиги Анын сөздөрүнөн билинип турду. Ыйса Петирди өз жүрөгүн текшерүү үчүн, эмне кылгандыгын түшүнүшү үчүн баш тарткадыгы тууралу эч кеп козгогон жок. Ал Петирди Жунус уулу Шымон деп анын мурунку жашоосуна кайрылып, мурунку ысымы менен чакырды.

Дал ушул суроону бүгүнкү күндө Ыйса сага дагы берет: «Сен Мени сүйөсүңбү? Менин сөздөрүмдү сактадыңбы? Менин убадаларыма ишенесиңби? Сен Менин маңызымды түшүнүп, Мага жакындадыңбы? Менин ысымым үчүн байлыгыңды, убактыңды жана күч-кубатыңды таштап, Менин балдарыма кошулдуңбу? Сенин ойлоруң дайыма Мендеби? Мени менен бир болдуңбу? Жашооң менен Мени урматтай аласыңбы?»

Ыйса Петирден: «Мени буларга караганда көбүрөөк сүйөсүңбү?» - деп сурады. Петир: «Жок, Теңир, Мен Сени булардан артык сүйө албайм; мен Сенден баш тарттым», - деп жооп берген жок. Петир дагы да болсо өзүнө ишенип, ооба деп жооп берди, бирок ал өзүнүн сүйүүсүн Ыйык Рухтан жана бекем ишенимден ташкындап чыккан Кудайдын сүйүүсү менен эмес, бирок грек тилиндеги жакшы көрүү деген сөз менен өлчөдү.

Петир алсыз сүйүүсү үчүн ашкереленген жок, тескерисинче Теңиринен шакирттер үчүн кам көрүүсүнө буйрук алуу менен, анын сүйүүсү чыңдалды. Ыйса мүдүрүлгөн шакирттерин ишенимде жаш болгондорго көз салуу жоопкерчилигин берди. Кудайдын Козусу жанын берүү менен Өзүнүн козуларын сатып алды. Мына ушундай адамдарга кызмат кылууга, алар менен кыйынчылыкты бирге өтүүгө, чыдамдуулук менен аларды жетектөөгө, рухий жетилгенге чейин аларды күткөнгө даярсыңбы? Же алар көтөрө алгандан да көп нерсени алардан күтөсүңбү? Же аларды үйүрдөн бөлүнүп, таландыга калсын деп таштап салдыңбы? Ыйса Петирден эң биринчи ишенимде жаңы адамдар үчүн кам көрүүсүн сурады.

Жакан 21:16
16 Ыйса андан экинчи ирет сурады: «Жунус уулу Шымон, сен Мени сүйөсүңбү?» - деп сурады. «Ооба, Теңир, Сени сүйөрүмдү Өзүң билесиң», - деп жооп берди Петир. Ошондо Ыйса ага: «Койлорумду кайтар!» - деди.

Ыйса Петирге: «Мен Сени сүйөм», - деп Мага шашылып жооп берген жоксуңбу? Сенин сүйүүң адамдык сүйүү жана ал жеткилең эмес да. Сенин сүйүүң сезимдерге негизделгенби же чыныгы эркке негизделгенби?

Бул суроо Петирдин жүрөгүнө таасир этип, Петир момундук менен: «Теңир, Сен баарын билесиң. Сен менин чектелүү экенимди, мүмкүнчүлүгүмдү билесиң. Менин сүйүүм Сенден жашыруун эмес. Мен Сени чындап сүйөм; жашоомду Сага арнаганга даярмын. Мен жыгылдым, дагы да жыгылам. Бирок Сенин сүйүүң менде түбөлүктүү сүйүүнү жандырды», - деп жооп берди.

Ыйса Петирдин сөзүн четке какпастан: «Мени кандай сүйсөң, анда Жыйындын мүчөлөрүн да ошондой сүй. Жыйын үчүн кам көрүү оңой эмес. Алардын көбү кежир, ишенимден артка кайтып, өз жолдору менен кетишет. Менин койлорумду жонуңа көтөрүп, Мен үчүн чаалыгууну каалайсыңбы? Сен алар үчүн жоопкерчиликтүүсүң».

Жакан 21:17
17 Ыйса андан үчүнчү ирет: «Жунус уулу Шымон, сен Мени сүйөсүңбү?» - деп сурады. «Сен Мени сүйсөңбү», - деп Ыйса үчүнчү ирет сурагандыктан, Петир капа болуп: «Теңир, Сен баарын билесиң, Сени сүйөрүмдү да билесиң», - деди. Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Койлорумду кайтар!»

Петир Ыйсадан үч жолу баш тарткандай эле, Ыйса дагы үч ирет Петирдин жүрөгүнүн эшигин каккылоо менен андагы чыныгы сүйүүнү текшерди. Ыйса Ыйык Рух аркылуу келе турган Кудайдын сүйүүсүнө боло турган муктаждыкты баса белгиледи. Бул тууралуу Петир кийин түшүнмөк: Элүүнчү күнү Ыйык Рух түшкөнгө чейин Петир мунун ала алмак эмес. Ыйса андан: «Дүйнөнүн куткарылышы үчүн сен эч нерсеге карабай, чындып эле Мага байландыңбы? Чындап эле өмүрүңдү Мага арнадыңбы?» - деп сурай берди. Үчүнчү жолкусунда Петир капаланып, уялганынан Теңир анын жүрөгүн билерин айтты.

Ыйса Петирдин үч жолу баш тартарын алдын ала айткандыгын Петир мойнуна алган жана бул тууралуу Ыйса барын билген. Ошондуктан Петир Ыйсаны адамдын жүрөгүнүн түпкүрүндөгү болуп жаткан нерселердин барын билген чыныгы Кудай деп атады. Петирдин чакырыгы, Петир аткара турган иш – койлор үчүн кам көрүү эле.

Сен Кудайдын койлорун кайтаруучу Койчусуңбу? Жакындап келе жаткан карышкырларды, шайтандын рухтарын көрүп жатасыңбы? Биз баарыбыз Кудайдын элин кайтарганга татыксыз, күнөөкөр экенибизди эсиңден чыгарба. Күнүмдүк жашоодо Койчулар койлорго караганда көбүрөөк кечиримге муктаж; алар көп учурда өз жоопкерчиликтерин этибар албай коюшат.

Сыйынуу: Теңир Ыйса Машайак, Сен Улуу Кайтаруучусуң. Сен мени койчу болууга чакырдың. Мен буга татыксызмын. Мен Сени жана Атамды жолдойм. Сен койлоруңду сүйүүң менен мага аманат кылдың. Мен да аларды сага аманат кылам, алар үчүн кам көрүп, түбөлүк өмүрдү убада кылууң менен, аларды Өз колуң менен сактооңду суранам. Аларды эч ким уурдап кетпесин. Аларды ыйыкта жана ошондой эле сүйүүңдө бекемделишибиз үчүн бизге да чыдамдуулук, момундук, ишеним жана үмүт бер. Сен мени эч качан таштабайсың жана мени чексиз сүйөсүң.'

СУРООЛОР:

  1. Ыйса менен Петирдин ортосундагы сүйлөшүүдө сени эмне таң калтырды?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 10:15 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)