Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 059 (The devil, murderer and liar)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
1. Алачык майрамындагы Ыйсаны сөздөрү (Жакан 7:1 – 8:59)

е) Шайтан - киши өлтүрүүчү жана жалганчы (Жакан 8:37-47)


Жакан 8:37-39
37 «Ыбрайымдын урпактары экениңерди билем. Ошондой болсо да Мени өлтүргүңөр келет, анткени Менин сөзүмө жүрөгүңөрдө орун жок. 38 Атамдан эмнени көрсөм, Мен ошону айтып жатам. Силер болсо атаңардан эмнени көрсөңөр, ошону кылып жатасыңар». 39 Ошондо алар Ага: «Биздин атабыз – Ыбрайым», - деп жооп беришти. Ыйса аларга: «Эгерде силер Ыбрайымдын уулдары болсоңор, анда Ыбрайым кылгандай иштерди кылат элеңер».

Жүйүттөр Ыбрайымдын тукумунан болгондуктан, өздөрүн Кудайдын момун кызматчысы жана ишенимдин атасы болгон Ыбрайымга берген убадаларын биз мурастап калганбыз деп эсептешчү.

Ыйса муну четке каккан эмес, бирок Ыбрайымдын балдарында ата-бабаларындагыдай рухтун болбогондугуна Ыйсанын жаны кейиди. Ушунун өзү Ага Кудайдын үнүн укканга жана Анын Сөзүн аткарганга күч берген. Бирок натыйжада, жүйүттөр Ыйсанын Сөздөрүнө жүрөктөрүн жаап алышты. Сөздөр алардын жөрөктөрүнө киребегендиктен, алардын жүрөктөрүндө жарык болбоду. Алар кайдыгер мамиле кылышып, ишенишкен жок.

Ыйсанын сөздөрү бул көпчүлүктүн арасында жек көрүү жана баш тартуудан башка эч жемиш алып келген жок. Элде ошол маалда Ыйсаны өлтүрүүгө ойлору али жете элек болчу, бирок Ыйса алардын жүрөктөрүндөгү жек көрүү Аны өлтүрүүгө алып барарын билген. Бир аз убакыттан кийин жүйүттөр: «Ал айкаш жыгачка кадалсын!» (Матай 27:21-23; Жакан 19:15) - деп кыйкырышмак.

Ыбрайым Кудайдын сөзүн угары менен, Ага баш ийди. Баарынан кереметтүүсү, Ыйса Атасынын үнүн гана укпастан, Анын иштерин жана кереметтерин да көргөн. Анын аяндары Кудай менен болгон бекем мамилесинен келген. Ыйса Кудайдын Рухунун Руху, Анын сүйүүсүнүн сүйүүсү.

Бирок жүйүттөр Атадан төрөлгөн Уулду кабыл алышпады. Бул алардын чыныгы Кудайды ээрчишпегендигин аныктады. Алардын ойлорунун булагы асмандан эмес эле. Бул жердеги келишпестик аркылуу Ыйса алардын атасы ким экендигин аныктай турган ойго алып келген. Алардын атасы Ыбрайым эмес болчу.

Жакан 8:40-41
40 «Бирок азыр Мени – Кудайдан уккан чындыкты силерге айткан Адамды өлтүргүңөр келет. Ыбрайым болсо мындай кылган эмес. 41 Силер өз атаңардын кылганын кылып жатасыңар», - деди. Ошондо алар Ага: «Биз ойноштон туулган эмеспиз. Биздин бир эле атабыз бар, Ал - Кудай», - дешти.

Жүйүттөр Ыйсанын сөздөрүнө кыжырданышты, себеби Ыйса аларда Ыбрайымдын рухунун жок экендигин айтып, аларды ашкереледи. Жүйүттөр Ыбрайымдын тукуму болгондугу үчүн сыймыктанышчу; бул алардын үмүтү жана ишенимдеринин негизи болгон. Ошентип Ыйса алардын Ыбрайымга болгон үмүттөрүн жокко чыгарды.

Ыйса Ыбрайымдын башка мамлекетке көчкөнү аркылуу, Кудайга тил алуу менен ишенгендигин жүйүттөргө көрсөткүсү келди. Ыбрайымдын Кудайдын ишенимдүүлүгүнө таянгандыгын качан ал уулу Ыскакты курмандыкка чалганга даяр болгондугу аркылуу көрсөттү. Анын момундугу тууганы Лотко кылган мамилесинде көрүндү. Ыйса жүйүттөрдүн кежирлигин, моюн сунбас жана ишенбестигин түшүндүрүп жатты. Алардын руху Ыйсаныкына каршы болгон. Ошентип алар ортодо келип чыккан чындыкты талашып-тыртышып, Ыйса аркылуу келген Кудайдын үнүн угушпады. Ыйса Кудайдын Уулу катары даңк менен периштелердин коштоосунда келген жок. Тескерисинче Ал сөзү менен таасир берүү үчүн жөнөкөй адам катары келди. Ал элдерге Жакшы Кабарды таңуулаган жок. Ал жөн гана Кудайдын сүйүүсүн, ырайымын жана ысымын ачты. Жүйүттөр болсо Аны жек көргөндүктөн, бул кабарды кабыл алышкан жок. Тескерисинче алардын ойлорунда Ыйсаны кантип өлтүрүү керек деген ой ойноп турду. Мунун өзү Ыбрайымдын сапаттарына жана иштерине карама-карша келди. Ыбрайым болсо Кудайдын эркин укту, моюн сунду, жашады жана иш кылды.

Жакан 8:42-43
42 Ыйса аларга мындай деди: «Эгерде Атаңар Кудай болсо, анда Мени жакшы көрмөксүңөр. Анткени Мен Кудайдан келдим. Өз атымдан келген жокмун, Мени Ал жиберди. 43 Менин сөздөрүмдү эмнеге түшүнбөйсүңөр? Анткени Менин сөздөрүмдү уга албайсыңар».

Ыйса жүйүттөргө Ыбрайымды алардын атасы эмес экендигин аныктап, алардын ээрчиген чыныгы атасы ким экендигин айырмалоого түрткү берди.

Ыйса жүйүттөр менен Өзүнүн ортосундагы айырмачылыкты көрсөткөндүгүн алар сезишти. Алар өздөрүн ойноштуктун балдары эмес экендигин, мааптыктар менен амондуктардай кан аралаштырбагандыгын айтышты (Башталыш 19:36-38). Алар самариялыктардай башка элдер менен никелешпегендигин, Мисирден Чыгуу 4:22, Мыйзамды Кайталоо 32:6 жана Ышайа 63:16-аяттарда айтылгандай Кудай алардын Атасы экендигин айтышты. Качан Ыйса Кудайды Атасы экендигин айтканда, ыйык Жазууда жазылгандай Кудай алардын да Атасы экендигин айтып, кызаңдашты. Бул алардын ишенимдеринин негизи экендигин, жана бул үчүн күрөшүп, азап тартып келишкендигин эскертишти. Бирок бул күбө жалган болчу.

Ыйса жүйүттөргө өздөрүн алдап жатканын көрсөттү. Ал: «Эгерде силер Кудайды сүйсөңөр, арда Мени да сүймөксүңөр, анткени Кудай – сүйүү, Анда жек көрүү жок. Ал Өзүнөн чыккан Уулун сүйөт, ал эми Уулу болсо Анын табиятын алып жүрөт». Ыйса көз ирмемге дагы Атасынан көз карандысыз боло алган эмес, Ал тил алчаак шакирттей Ага момундук менен баш ийип турчу.

Анан Ыйса көпчүлүктөн: «Кандайча силер Менин тилимди түшүнө албайсыңар? Мен чет тилде сүйлөгөн жокмун, жөнөкөй сөз менен Мен Өзүмдүн Рухумду сунуш кылдым, муну кенедей бала деле түшүнмөк», - деди. Ыйса: «Силер уга албайсыңар; силер эркин эмессиңер, кулсуңар; рухий жашооңорду жоготконсуңар. Силер чакырыкты уга албаган дүлөй адамга окшошсуңар», - деп душмандарына жооп берүү менен, берген суроосуна Өзү жооп берди.

Урматту бир тууганым, сенин рухий угуу жөндөмдүүлүгүң кандай? Жүрөгүңдө Кудайдын үнүн угуп жатасыңбы? Ички дүйнөңдү тазартып, ирээтке келтирүү үчүн, Анын Сөзүн ынтызаарлык менен угуп жатасыңбы? Же кайсы бир рухка кармалып, текебер жана укпас болуп калдыңбы? Кудайга кызмат кылуу үчүн, Жакшы Кабардын күчүндөсүңбү же сени жаман рух ээлеп алдыбы? Сен ошол жаман рухту ээрчип жатасыңбы?

СУРООЛОР:

  1. Жүйүттөр Ыбрайымдын балдары эмес экендигин Ыйса кантип далилдеп берди?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 12:41 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)