Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 004 (The word before incarnation)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
А - Кудайдын Сөзүнүн Ыйса аркылуу келиши (Жакан 1:1-18)

1. Сөздүн денеде келгенге чейинки мааниси жана кызматы (Жакан 1:1-5)


Жакан 1:5
Жарык караңгыда жаркырады, караңгы болсо жарыкты жеңе албады.

Кудай менен болгон ар бир нерсе жарык жана таза. Ал ачык жана сулуу. Анын таасиринин сферасында эч кандай караңгылык жок. Андагы ар бир нерсе таза, туура, чын жана ыйык. Таза эмес нерсе анын жанынан орун таба албайт. Ыйык Рух таза жана Теңирдин жарыгы көздү уялткан жарык сыяктуу жаркырабайт, тескерисинче, Анын жарыгы назик жаркырайт. Ал жарык тынчтандырат, айыктырат.

Машаяктын жарыгынын нуру асман менен гана чектелбейт. Анын нуру жердеги караңгылыкка сүңгүп кирип, куткарылууга таасир берет. Бүтүндөй караңгылыктын дал ортосунда бүгүн Машаяктын жарыгынын жанып турушунун өзү эле укмуштуудай ырайым эмеспи. Ал адашканды таштабайт, тескерисинче аларды бошотот жана жарыктандырат.

Биз бул караңгылыктын дүйнөсү жарыктын дүйнөсүнө дайыма каршы турарын билишибиз керек. Караңгылык кандайча келерин биз так билбейбиз. Жакшы кабарчы Жакан бул сырды ачып берген эмес. Себеби ал жарык жөнүндө көбүрөк билүүнү каалаган. Ал эми караңгы жөнүндө көбүрөк билүүбүзгө макул болгон эмес. Бүтүндөй адамзат жана жаратылыш караңгалакка батып, бузукунун таасири астында калган. Балким сен: «Эгерде Машаяк дүйнөнү Кудай менен таттуу мамиледе кылып жаратса, андан бул дүйнөгө караңгылык кантип кирген?» - деп сураганы жаткандырсың. Кудай адамзатты Өзүнүн бейнесинде жаратса, анда эмне үчүн бизде бүгүн Кудайдын даңкы жетишпейт?

Теңирге баш ийбеген жана Анын жарыгын өчүргүсү келген Шайтандын ысымын Жакан атаган эмес. Шатан дайыма Машаякка каршы чыккан. Ошондуктан ал өзүнө берилген жарыктан куру калган. Шайтан текеберленип, улуулукту Кудайсыз издеген. Ал Кудайды жеңүү үчүн Андан чоң болууну каалаган. Ошондон улам ал караңгылыктын падышасы болуп калган.

Урматтуу бир тууганым, жашоодогу сенин максатың эмне? Улуулукту, атак-даңкты жана сыйлыкты Кудайсыз издеп жаткан жоксунбу? Эгерде ошондой болсо, анда сен караңгыда жүргөндөрдүн бирисиң. Шайтан жалгыз калбашы үчүн караңгылыкка миллиондогон адамдарды азгырат. Көчөдө жаныңдан өтүп бара жаткан адамдардын жүздөрүн карасаң. Алардын көздөрүнөн жарыкты көрүп жатасыңбы, же караңгыны көрүп жатасыңбы? Алардын жүрөктөрүндө Кудайдын кубанычы жанып турабы же Шайтандын кайгысы көрүнүп турабы?

Шайтан Кудайды жек көрөт, себеби Кудайдын жарыгы Шайтанды соттойт. Шайтан өзүнүн мыкаачылыгын Кудайдын жарыгына жеңдиргиси келбейт. Ошол себептеп ал өзүн жашырып, Машаякты жана анын жарыгын ээрчигендерди жеңүүгө аракет кылат. Теңирдин жарыгын бул Жалганчы эч качан алып жүрө албайт, ал жарыкты жек көрөт. Ал жарыкты кабыл албагандыктан өз бетип жаап алат. Машаяктын күнү адамдардын күнөөлөрүнүн түнүнө нурун чачып турса дагы, миллиондогон адамдардын ушул жарыкты көрө албагандыгы абдан коркунучтуу. Жарык эмне экендигин баарыбыз билебиз. Аны түшүндүрүүнүн кажети жок. Ал көрүнүп, жаркырап, тунук суудай жанып турат. Ар бир кичинекей бала күн бул өмүрдүн булагы экендигин түшүнөт.

Тилекке каршы миллиондогон адамдар Машаяктын даңкын жана Анын күчүн кабыл алышпайт. Себеби алар муну түшүнгүлөрү келишпейт. Машаяктын кудайлык табияты тууралуу чындык кабарды четке кагуу үчүн жалган идиологиялар алардын көздөрүн жаап койгон. Чындыгында алар күнөөлөрүн ачкылары келишпейт, күнөөлөрүн моюндарына да алышпайт жана жарыкка чыгууну каалашпайт. Алар караңгыда калууну артык көрүшөт. Алардын көздөрү Машаяктын жарыгынын ырайымын көрбөй, текебер болушат. Караңгы жарык менен атаандашат, бирок жарык караңгыны сүйүү менен жеңет. Эми сен кимсиң? Теңирдин жарыгысыңбы же Шайтандын караңгылыгысыңбы?

Сыйынуу: О, Теңир, Сен бул дүйнөнүн жарыгысың. Биз Сени сүйүүңдүн ишеними менен ээрчийбиз. Биз караңгыда эмеспиз, биз өмүрдүн жарыгын кабыл алганбыз. Биз Сага ыраазыбыз, анткени бизди Кудайдын каарына калгандан сактап, өзүңдүн жарыгыңа чакырып алдың. Бизде Сенин жарыгың жаркырап турса дагы, көрбөй жүргөн көптөгөн адамдарды жарыктандыра көр. Жарыктандыруучу Кудай, бизге боорукерлигиңди төгө көр жана жарыгыңды бере көр.

СУРООЛОР

  1. Рухий дүйнөдөгү жарык менен караңгынын ортосунда кандай айырмачылык бар?

«Караңгыда жүргөн эл улуу жарыкты көрөт. Өлүм сөлөкөтү өкүм сүргөн өлкөдө жашагандардын үстүнө жарык жаркырайт» (Ышайа 9:2).

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:38 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)