Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 118 (Jesus appears to Mary Magdalene)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
Б – Ыйсанын тирилүүсү жана шакирттерине көрүнүшү (Жакан 20:1 - 21:25)
1. Пасах майрамы маалындагы окуя (Жакан 20:1-10)

в) Ыйсанын магдалалык Мариямга көрүнүшү (Жакан 20:11-18)


Жакан 20:17-18
17 Ыйса ага: «Мага колуңду тийгизбе, анткени Мен али Атама көтөрүлүп кете элекмин. Бир туугандарыма барып, Менин Өз Атама – силердин да Атаңарга, Менин Өз Кудайыма – силердин да Кудайыңарга көтөрүлүп кетеримди айт!» - деди. 18 Магдалалык Мариям шакирттерге барып, Теңирди көргөнүн жана Анын ушул сөздөрдү айтканын айтып берди.

Жүрөгүндө Ыйсаны кастарлаган Мариям Анын бутунан өбүүга аракет кылып, Анын жанынан эч качан кетпечүдөй болуп жатты. Ошондо Ыйса Ага тийбөөнү сурады, себеби Анын сүйүүсү рухий сүйүү болчу. Ыйса Мариямга Өз үнүн жана жанында болуусун арнады; Мариямдын ишеними Ыйык Үч Бирдик менен бирге өсүүсүн каалады. Бул тууралуу мурдараак Ыйса шакирттери менен коштошуу түнүндө да түшүндүргөн эле. Ыйсага тийүү, же кармоо Аны менен биримдикти түзөт, бирок Анын Рухий Табиятына болгон ишеним бизди Аны менен бир кылат.

Ыйса өлүмүнөн кийин бул жерде калбай тургандыгын Мариямга айтты; Анын келип көрүнүшү кыска гана убакытка болчу, анткени Анын бара турган жери - асман эле. Анын максаты асманга көтөрүлүп, Атасына кайтып баруу эле. Айкаш жыгачтагы крумандыгынан кийин, Атасына бара турган жол эми ачык болчу. Башкы Ыйык Кызмат Кылуучу кандуу Курмандыкты Ыйык Кудайга сунуш кылууну чечти. Ал Мариямга: «Мага тийбе, себеби Мен адилеттикти ишке ашырышым керек; Мен сен үчүн арачылык кылам, жана сени Рухтун күчү менен толтурам», - деп жатты.

Ыйсанын сөздөрү ошол эле маалда Анын бир гана Мариямга эмес, бирок бүтүндөй адамзатка тийиштүү экенин айтып жаткансыйт. «Шакирттериме бар да, Менин бар экенимди, максатымды жана жогоруга көтөрүлүп кетүүм тууралуу айт!»

Мариям аркылуу бул кабарды жиберүү менен Ыйса шакирттерин тынчтандырды. Ал шакирттерин бир туугандарым деп атады. Анын айкаш жыгачтагы өлүмүнө, тирилүүсүнө жана түбөлүк өмүрүнө болгон ишеним аркылуу, биз Ага бир тууган болобуз. Ал бизди сүйүктүүлөрүм дебестен, бир туугандарым деп чакырды. Куткарылуу ишке ашты, эми биз Кудайдын балдары болуу укугу ишке ашты. Ал Өз каны аркылуу бизди Кудайдын балдары деген чечимге мөөр басты. Эми, Мариямдын шакирттерге ооз эки сөз менен жеткире турган кабардын түпкүрү эмне эле? Биринчиден бул Ыйсанын тирүү экенин кабарлайт. Мариямдын Ыйса менен жолугуусу бул тарыхый далил. Экинчиден, Анын Атасы - биздин да Атабыз; бул убада аркылуу Ыйса шакирттерин Атасы менен болгон жеткилеңдүү мамилеге тартты. Ал алыс, күчтүү жана соттоочу Кудай тууралуу айткан жок, бирок Ал жакын жана сүйүүчү Ата тууралуу айтты. Ал Машайактын гана Атас эмес, Ал ошондой эле биздин дагы Атабыз. Ыйса Атаны «Менин Кудайым» деди. Качан бүтүндөй дүйнө күнөөнүн айынан Кудайдан ажырап калганда, Ал Атасына ишенимдүү бойдон турат. Эми мындан ары күнөөлөрүбүз үчүн Ал бизге душман болбойт, анткени ал бизди сүйүп, айкаш жыгачтагы курмандыгы аркылуу бизди сатып алды, күнөөлөрүбүздү кечирди. Ал Атасы менен бирдикте жашагандай, Ыйык Рухту бизге төгүп берүү менен, биз дагы Үч Бирдик менен биримдикте жашашыбызды, жана бизден сүйүү ташкындап агып туруусун каалайт.

Өлүмдү жеңип чыккандан кийин биринчи жолуккан аялдын оозуна Машайак биримдиктин убадасын салып берди. Мариям бутунун чарчаганына карабай, ошол замат чуркаган бойдон шакирттерине жетип, алар Ыйса менен бир тууган болуп калышкандарын, жана ырайым аркылуу Кудай Атанын Өзү менен биримдикте экендерин кабарлады. Бул кабар бүгүнкү күндө дагы кайгыга баткан жүрөктөрдү кубанычка бөлөйт. Кудайды кабыл алгандагы кубанычты, жаңы жашоону башыңан өткөрүп жатасыңбы? Мариямдын кабары Машайактын тирилүүсүн жар салган сүйүнчү кабар экенине ишенесиңби?

Сыйынуу: Теңир Ыйса, өлүп тирилгениңе, бизге келгениңе жана бизди бир тууган кылып алганыңа рахмат. Сени менен биримдик жашоого биз татыксызбыз болчубуз. Биздин күнөөлөрүбүздү кечиргениңе рахмат. Сени издеп жүргөндөргө бизди кубанычыңдын жарчысы кылсаң экен.

СУРООЛОР:

  1. Машайактын Магдалалык Мариямдын оозу аркылуу жар салган кабары эмне эле?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 10:06 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)