Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 095 (The world hates Christ)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
Г - Гефсиманияга бара жаткандагы коштошуу (Жакан 15:1 - 16:33)

3. Дүйнө Ыйсаны жана Анын шакирттерин жек көрөт (Жакан 15:18 – 16:3)


Жакан 16:1-3
1 Буларды Мен силерге азгырылып кетпешиңер үчүн айттым. 2 Силерди синагогалардан кууп чыгарышат, атүгүл, силерди өлтүрүп жаткан адам: «Кудайга кызмат кылып жатам!» - деп ойлогон күндөр келет. 3 Алар Атамды да, Мени да тааныбагандыктан, ушундай кылышат.

Шакирттери үч себеп боюнча жек көрүндү болорун Ыйса эскертти:

Себеби, алар дүйнөдөн эмес, бирок Кудайдан төрөлүшкөн.

Себеби, адамдар Машайакты, Кудайдын Уулун, Кудайдын бейнесин таанышкан жок.

Себеби, ошол көздөрү сокур динчилдер чыныгы Кудайды билишпейт, алар белгисиз, түшүнүксүз кудайга табынышат

Тозоктун ишенгендерди жек көрүүсү эч шексиз. Теңир Ыйса Машайактын Атасына бурулган адамды чыккынчы катары көздөрү сокур динчилдер өлтүрүшүп, анан Кудайга жаккан иш кылдык деп ойлошот. Бирок чындыгында, алар шайтанга кызмат кылып жатышат. Алар чыныгы Кудай бул Ыйык Ата экенин түшүнүшпөйт; алар Машайактын чыныгы күчүн сезишкен жок. Ошентип, алар башка рухтун жетегине түшүп, Ыйык Үч Бирдикти күбөлөндүргөндөрдү куугунтукташат, өлтүрүшөт жана башка көптөгөн кыйынчылыктарды туудурушат. Мына ушундай азаптарды жүйүттөр кылышкан жана мындай азаптар Ыйса кайтып келгенге чейин боло берет. Адамдар билимдүүрөөк болуп, акылына келип, келечектеги жашоо жакшыраак болуп калар деп үмүттөнбө. Бири-бирине карама-каршы келген рухтар дүйнөнүн акырына чейин күрөштө болот: бул рухтун бирөөсү жогорудан келген рух, экинчиси болсо төмөндөн келген рух. Бейиш менен тозокту байланыштырган көпүрө жок. Сен, же Ата, Уул жана Ыйык Рух менен мамилелешүүгө киресиң, же болбосо тозокко түшүп, өз күнөөлөрүңдүн түрмөсүндө каласың. Эгерде Ыйсаны ээрчисең, анда күбөлөндүрүүң менен Атаны урматтаган сүйкүмдүү адам болосуң. Бирок эгерде Анын баласы болбосоң, анда башка рухтарга жана ойлорго чырмалып, Кудайдын душманына айланасың. Ыйса сени Кудайдын баласы болууң үчүн кун төлөгөн. Качан тозок Машайакка жана Анын жолдоочуларына каршы жарылганда, сенин келечегиң татаалдашып, көп кыйынчылыкка туш болосуң. Дүйнө Машайактын ар бир ишенимдүү элчисин жек көрөт; ошентип, сен же Кудайды Ата катары тандап алып, бул дүйнөгө жек көрүндү болосуң, же Кудайдын душманы болуп кала бересиң жана бул дүйнө сени өзүнүкү катары кош колдоп тосуп алат. Ошондуктан же өмүрдү, же түбөлүк өлүмдүү тандоого туура келет.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, биз үчүн өлүмдү тандаганыңа рахмат; Сен Атага болгон ишенимдүүлүгүңдөн кайткан жоксуң. Бизди бул дүйнөнүн рухунан ажыратып, Кудайдын балдары катары жашашыбыз үчүн, Өзүңдүн сүйүүңө бизди тереңдет. Сенин сүйүүң бизге күч жана жарык шам.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн дүйнө Машайакка ишенгендерди жек көрөт?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 09:34 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)