Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 105 (Jesus intercedes for the church's unity)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
Д – Ыйсанын арачылык кылып сыйынуусу (Жакан 17:1-26)

4. Ыйсанын жыйындын биримдиги тууралуу арачылык кылуусу (Жакан 17:20-26)


Жакан 17:24
24 Ата! Сенин Мага бергендериң да Мен болгон жерде Мени менен бирге болушун жана Мага берген даңкыңды көрүшүн каалайм. Анткени Сен Мени дүйнө жаратыла электе эле сүйчүсүң.

Ушул бөлүмдөгү сыйынууда Ыйса алты жолу Кудайды «Ата» деп, бир жолу «Чыныгы Кудай» деп чакырды. Бул өзгөчө наамдар менен Ыйса Атасына болгон чыныгы ишенимин жана Ага болгон кусалануусун билдирип жатат. Ыйса табиятында Атасы менен бирге болгон, бирок бизди сатып алуу үчүн момундук менен Өзүнүн даңкын таштады. Анын атак-даңкка же байлыкка ээ болууга эч каалоосу болгон эмес.

«Сен Мага бердиң», - деп Ыйса он үч жолу айткан. Муну менен Ал адамзат, шакирттери, Анын иштери жана бийлиги Өзүнүкү эмес, бирок Кудайдан келген белек деп эсептеген. Ал улуулукка азгырылган эмес, бирок Атасынын улуулугуна жана урматына таазим этип, баш ийген. Атасынын ойлорун жана иштерин ишке ашыруу үчүн мына ушул момундук үзгүлтүксүз гармонияны сактап турду.

Мына ушундай толук баш ийүүнүн эсебинен улам Ыйса «...каалайм» деп Өз эркин жокко чыгаруу менен сыйынды. Бул жерде Кудайдын Уулунун каалаганы эмне? Бул Ал болгон жерде жана убакытта Анын шакирттери да ошол жерде болуусу. Ушундан улам, Пабыл Машайак менен бирге айкаш жыгачка кадалып, тирилүүсүнө ортоктош болушу үчүн, Аны менен бирге көргө коюлганын жана Ыйса Машайактын назиктиги менен Кудайдын мол ырайымынын ыракатын көрүү үчүн, асманда Анын жанына отургузуларын күбөлөндүргөн (Римдиктерге 6:1-11; Эфестиктерге 2:4-7).

Биздин Машайак менен бирдикте болуубуз Анын азабына, сүйүүсүнө жана Анын даңкына ортоктош болуудан билинет. Ал бизди Өзүнүн даңкын көрүүбүздү жана Аны менен түбөлүккө терең мамиледе жашообузду каалайт. Мына ушул биздин үмүтүбүздүн максаты экенин шакирттер билишкен. Качан биз Аны көргөнүбүздө, сөз менен айтып бүткүс, түбөлүктүү кубаныч менен кубанабыз. Ошондой эле Ага окшош болуу менен, Анын даңкын чагылдырабыз, себеби ошондой жаркыраган нуру биздин жүрөктөрүбүзгө Кудайдын сүйүүсү менен куюлган болчу (Римдиктерге 5:5 жана 8:29). Ал жөнөкөй адамдын денесинде дагы даңктуу болуусу аркылуу бизге Өз даңкын арнады. Ыйсанын даңкы дүйнө жарала электе эле Атасы экөөнүн ортосундагы өчпөс сүйүүдөн келип жатканын шакирттери түшүнгөн. Ыйык Үч Бирдиктеги мына ушул сүйүү биздин жашообуздун жана куткарылуубуздун булагы болду.

Жакан 17:25
25 Оо, адилеттүү Ата! Бул дүйнө Сени тааныган жок, бирок Мен Сени тааныйм. Ал эми булар Мени Сен жибергендигиңди түшүнүштү.

Бул дүйнө Кудайды барктабаса дагы, Кудай дайыма адилеттүү. Кудай табиятында эле ыйык жана анда эч караңгылык жок. Машайактагы Кудайдын сүйүүсүн таткан адам башкалардын Уулуна ишенбегени, куткарылууга ээ болбогондугу Кудайдын эмес, бирок адамдын өзүнүн күнөөсү экенин түшүнөт.

Машайак Атасын түбөлүктүүлүктө эле билчү. Ал Атасын бетме-бет көргөн. Анын табияты жана ысымдары Уулуна белгилүү болчу. Кудайдын терең сырлары Уулунан жашырылган эмес.

Уулун кабыл алгандардын баарына Кудай Өзүнүн балдары болууга укук берген. Ыйса шакирттерине Кудайдын Аталык табиятынын жашыруун сырларын ачып берген. Жогорудан төрөлгөн ар бир адам Машайактын Кудайдан келгендигин түшүнөт; Ал жөнөкөй гана пайгамбар же шакирт болбогондугун, бирок Кудайдан келген чыныгы Кудай экенин шакирттери түшүнүшкөн. Анын адамдык денесинде толук кудайлык касиет бар болгон. Аны менен жана Аны жиберген Атасы менен бир болуубуз үчүн, адамзаттагы Ыйсанын кудайлык табиятын түшүнүшүбүз үчүн, Ыйык Рух биздин акылыбызды ачат. Ошентип Ыйса адамзат менен Кудайдын арасындагы байланыштыруучу болуп калды.

Жакан 17:26
26 Сенин Мага болгон сүйүүң алардын ичинде болушу үчүн, Мен алардын ичинде болушум үчүн, Мен Сенин ысымыңды аларга ачып бердим жана ачып бере берем.

Ошентип Ыйса бизге Атабыздын ысымын ачты. Мунун бирден-бир ачык мисалы бул биз дагы уулдук укукка ээ болушубуз үчүн, Ата Өзүнүн ыйык Уулун курмандыкка чалган айкаш жыгач. Качан бизге Ыйык Рух келип түшкөндө, биз жан-дилибиз менен: «Ата», «Атаке» деп чакырабыз.Теңирибиздин сыйынуусу бул сыйынуулардын эң күчтүүсү, себеби бул Атасын, Анын Падышачылыгын жана эркин даңазалайт. Теңирибиз Ыйса Машайактын Атасы Уулу экөөнүн ортосундагы түбөлүктүү сүйүүнү биздин жүрөгүбүзгө куйгусу келет. Ыйса Атасынан биздин жүрөктөрүбүзгө сүйүүнүн толуктугу болсо деп суранды. Бизге Атабыз гана келген жок, бирок ошондой эле Ыйса дагы биздин ичибизде болуусун каалады. Жакан өзүнүн катында: Кудай – сүйүү, сүйүүдө жашаган ар бир адам Кудайдын ичинде болот жана Кудай анын ичинде болот деп күбөлөндүргөндөй, арачылык сыйынуусунда кудайлык касиет толугу менен бизге келип түшсө деп Ыйса сыйынган.

СУРООЛОР:

  1. Бул бөлүмдөгү Ыйсанын Башкы Ыйык Кызматчы катары сыйынуусунан кандай тыянак чыгарса болот?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 09:43 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)